Menu

Акылбек Жапаров

Акылбек Жапаров: Кытайдын кредитин төлөй албасак Бишкек ТЭЦи, Датка-Кемин электр түйүнү жана Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолу Кытай банкынын колуна өтөт

2021-2032-жылдарга учурдагы тышкы карызды тейлөө жана төлөө боюнча бардык төлөмдөрдүн 83% туура келет.

Анын 50%ын Кытай Эл Республикасынын Эксим банкынан алынган насыяларды тейлөө жана төлөө түзөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди.

Ал абдан маанилүү жана жоопкерчиликтүү мезгилге кирип жатканыбызды, 2023-жылга тышкы карыздын көпчүлүк бөлүгүн төлөөгө туура келерин кошумчалады.

«Мен эч кимди коркутпайм, бирок карызды төлөй албасак, Кытайдын Экспорт-импорттук банкы башкаруучу компанияны киргизип, Бишкек ТЭЦин башкаруу, Даткан-Кемин электр түйүнүн башкаруу жана Түндүк-Түштүк альтернативалу жолу сыяктуу стратегиялык объектилерибиз Кытай банкынын колуна өтөт. Биз ушундай моюнга илинген жиптен кутулушубуз керек. Кудай сактасын деп отура бербей, баарыбыз бир туунун астында биригип, бир багытта иштешибиз керек! Көз карандысыздыгыбызды сактап калалы! Мен экономикалык көз-караштан алып караганда туруштук бере алабыз деп ишенем”, — деди Акылбек Жапаров жана кытай компаниялары башка мамлекеттердеги объектилерди башкарууну көзөмөлгө алган мисалдар бар экендигин кошумчалады.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2011-2017-жылдарда, президент Алмаз Атамбаевдин учурунда Бишкек ТЭЦин модернизациялоого, Датка-Кемин электр түйүнүн жана Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолун курууга Кытайдан 1 млрд доллардан ашык кредит жогорку үстөк менен алынып, эгер төлөй албасак, аталган объектилер Кытай банкынын колуна өткөрүлүп берилет деп келишимге кол коюлган.

 

Акылбек Жапаров: Августтан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасы көбөйөт

Августтан тартып Кыргызстандагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасы көбөйөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-июнда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Өкмөт башчы айлык канча пайызга жогорулай турганын тактаган жок.

Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин саны 28 миңге чамалайт.

Кыргызстанда бюджеттен каржыланган жалпы билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы 1-апрелден тартып 50-80% чейин көбөйгөн. Анын ичинде педагогдуку 80%, административдик башкаруу кызматкерлериники 50%, техникалык жана кенже кызматкерлердин айлык акысы 80% жогорулаган.

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көбөйтүү максатында бюджеттен 26 млрд. сом кошумча бөлгөн. Анын 16 млрд. сому билим берүү тармагына кеткен. Андан сырткары дарыгердин айлыгына 50%, маданият чөйрөсүндө иштегендердин акчасына 80% кошулган.

Кыргызстанда бизнестин айрым түрлөрүн салыктан бошотуу каралууда

Үй-бүлө мүчөлөрү чогуу жүргүзгөн чакан жана орто бизнестин жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго жетпеген өкүлдөрүн салык төлөөдөн бошотуу каралууда.

Мындай чечим көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) системасын киргизүү маселесин талкуулоо үчүн түзүлгөн жумуш тобунун Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышкан жыйынында кабыл алынганын өкмөттүн басма сөз кызматы 26-июнда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, анда ККМ боюнча талап коюу менен катар ишкерлер үчүн эң ийкемдүү шарттар түзүлөрү, алардын арасында маалымдап түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги, себеби көпчүлүгү аппараттарды кантип иштетүүнү түшүнбөй жатышканы айтылды.

Акылбек Жапаров алкоголдук ичимдиктерди, курамында алтыны бар продукцияларды, мунай азыктарын сатуу менен алектенген ишкерлер ККМ аппаратын сөзсүз колдонушу жана эсеп-фактура менен иштөөсү керек болорун баса белгиледи.

Өкмөт ККМ системасын милдеттүү түрдө киргизүү аракетин көрүүдө. Бирок буга каршы ишкерлер бир топтон бери түрдүү нааразылык акцияларын өткөрүп келе жатышат. Алардын талаптарын талкуулоо үчүн курамына Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын жана ККМди милдеттүү түрдө киргизүүгө каршы чыккан ишкерлердин өкүлдөрү кирген жумуш тобу түзүлгөн. Топтун кезектеги жыйыны бир жумадан кийин өтөрү кабарланды.

Акылбек Жапаров: Бюджеттин салыктан башка да киреше булактары болуш керек - видео

“Биздин бюджет бир гана салыктан көз каранды болбошу керек. Казино ачуу, туризмди өнүктүрүү сыяктуу киреше беренелерин диверсификациялоо зарыл. Бюджеттин салыктан башка да киреше булактары болушу зарыл”, – деп билдирди КР Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 22-июндагы КР ЖКнын отурумунда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып.

 

Акылбек Жапаров: Келерки жумада жаңы финансылык технологияларды колдонуу менен бирдиктүү төлөм мейкиндигин ишке ашыруу боюнча жол картасы менин столумда болушу керек

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Элкарт» улуттук төлөм системасынын операторунун материалдык-техникалык базасы жана иш принциптери менен таанышты.
«Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коому башкармалыгынын төрагасы Эрмек Уманкулов белгилегендей, оператордун инфраструктурасы эл аралык стандарттарга туура келет жана төмөнкү 4 негизги милдетти чечүүгө багытталган:
– финансы рыногун өнүктүрүүнү жана аны санариптештирүүнү тездетүү;
– накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүнүн жогорулатуу;
– калктын финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн жөнөкөйлөтүү;
– мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.
Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасынын аймагында мобилдик төлөм системаларын өнүктүрүүнүн маанисин белгиледи. «Бирдиктүү төлөм системасы ыңгайлуу, көп функционалдуу, бирок ошол эле учурда жөнөкөй болушу керек, бир баскычты басуу менен каалаган курактагы адам дүкөндө нан үчүн, же коммуналдык кызматтар үчүн төлөй алуусу керек. Апам – 80 жашта, ал мобилдик тиркемелерди колдонгонду жакшы билет. Дүйнө күн сайын өзгөрүүдө жана биз аны менен бирге өзгөрүшүбүз керек. Эки айдан бери мен сиздерден жаңы финансылык технологияларды колдонуу менен накталай эмес төлөмдөрдүн бирдиктүү системасы боюнча долбоорду күтүп жатам. Келерки жуманын соңуна чейин аны ишке ашыруунун жол картасы менин столумда турушу керек», – деп белгиледи Акылбек Жапаров.
Министрлер Кабинетинин башчысы кошумчалагандай, Кыргыз Республикасындагы ыкчам төлөмдөр системасы жана бирдиктүү төлөм мейкиндигин калыптандыруу QR-код аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүнү гана камтыбастан, ошондой эле финансылык билдирүүлөрдү берүү мүмкүнчүлүгүн, төлөм системаларынын өз ара аракеттенүүсүн жана интеграциясын, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин алкагында технологиялык стандарттарды унификациялоо жана шайкеш келтирүүнү камтуусу тийиш.
Акылбек Жапаров белгилегендей, «Элкарт» улуттук төлөм системасына өлкөдө инновациялык жана алдыңкы долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу жана андан ары өнүктүрүү үчүн көмөк көрсөтүлөт.

Акылбек Жапаров «Сбербанк России» ААК тарабынан уюштурулган эртең мененки бизнес тамакка катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Сбербанк России» ачык акционердик коому тарабынан уюштурулган «Россия экономикасы: келечекке карай көпүрөнү кантип куруу керек?» темасындагы эртең мененки бизнес тамакка катышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы дүйнөлүк тенденцияларды өз учурунда так аныктоо жана биргелешип алга үчүн жүрүү үчүн Петербург эл аралык экономикалык форуму сыяктуу абройлуу аянчаларда жаңы бириктирүүчү идеяларды жаратуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

 

Акылбек Жапаров Казакстанды соода саясатын кайрадан карап чыгууга чакырды

Кыргызстан менен Казакстанда эки тараптуу сооданы көбөйтүүгө бардык негиздер бар, ал үчүн өлкөлөр соода саясатын кайрадан карап чыгып, соода жана жүк транзити тармагында орун алып жаткан маселелерди чечүүсү керек.

Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алматыда өтүп жаткан Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча аймактык саммиттин алкагында Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов менен жолукканда билдирди.

“Эки өлкөнүн мамлекет башчылары ортодогу соода жүгүртүү деңгээлин 2 млрд АКШ долларына жеткирүү милдетин коюшту. Бул милдет биз төрагалык кылган Өкмөттөр аралык кеңештин 10-жыйынынын жыйынтыгы боюнча протоколдо да чагылдырылган. Бизде эки тараптуу сооданы жогорулатууга бардык негиздер бар, ал үчүн соода саясатыбызды кайрадан карап чыгып, соода жана жүк транзити тармагында орун алып жаткан маселелерди чечишибиз керек”, – деди Жапаров.

Казак-кыргыз чек арасында маал-маалы менен жүк ташуучу унаалардын кээде бир нече чакырымга созулган узун кезеги болуп турат. Көзөмөлдүн күчөтүлүшү эки элдин чыр-чатак бутасына айланып, эксперттер муну “соода согушу” деп атап жүрүшөт. Убагында талаш Дүйнөлүк соода уюмуна чейин жеткен. Ошол эле маалда эки өлкө тең ЕАЭБдин мүчөсү. Уюмдун жобосунда биримдикке мүчө мамлекеттер арасында эркин товар ташууга уруксат берилген.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 27-майда Бишкекте өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында ЕАЭБдин ички базарындагы тоскоолдуктар уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосунда ажырым жаратып, биримдиктин терс имиджин түзүп жатканын билдирген.

“Биздин изилдөөбүз көрсөткөндөй, үчүнчү өлкөлөрдүн товарын Орусияга жеткирүү иши уюмга мүчө Кыргызстандын айыл чарба товарларын жеткирүүгө караганда кыйла тез жана жеңил болууда. ЕАЭБдин ички чек араларында бажы көзөмөлү алынган, ага карабай тоскоолдуктар болууда”, – деген Жапаров.

26-майда эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев Бишкекте жолугуп, чек арадагы тыгындарды болтурбоо үчүн болгон аракеттерди көрүүнү макулдашкан. Бирок андан бери өткөрмө бекеттердеги абал өзгөрбөй, кезек күткөндөрдүн саны кайра көбөйгөнү кабарланып келет.

Акылбек Жапаров: Тышкы иштер министрлиги экономикалык дипломатия боюнча ишти күчөтүшү зарыл

Тышкы иштер министрлиги экономикалык дипломатия боюнча ишти күчөтүшү зарыл. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Тышкы иштер министрлигинде өткөн жумушчу кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жактырылган 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасына ылайык, экономиканын ар жылдык реаалдуу өсүү темпин ИДП карата 13% кем эмес көлөмдө (жылына болжол менен 1,0 млрд АКШ долл) чет элдик түз инвестицияларды тартуу менен орточо 5%дык деңгээлде камсыздоо максаты коюлган.

«Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги алдына экономикалык дипломатияны активдештирүү жана биринчи кезекте үч негизги багыт: чет элдик инвестицияны тартуу, туристтик агымдын кеңейишине көмөктөшүү жана ата мекендик продукцияны экспорттоого көмөктөшүү боюнча ишти активдештирүү милдети тапшырылган. Биз сиздерден социалдык-экономикалык маселелерди жана алдыга коюлган милдеттерди чечүүдө конкреттүү жыйынтыктарды күтөбүз», – деди ал жана дипломаттардын көңүлүн текстиль өндүрүшүн жана бөтөлкөдөгү суу чыгарууну илгерилетүүгө бурду.

Акылбек Жапаров белгилегендей, чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелердин иши тийиштүү деңгээлде аткарылбаса, үстүбүздөгү жылдын соңунда өлкө жетекчилиги тарабынан тийиштүү чечимдер кабыл алынат.

Анын айтымында Министрлик жана чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелердин алдына төмөнкү милдеттер коюлган:

– өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү;

– эки тараптуу инвестициялык фонддорду түзүү үчүн инвестицияларды, жеңилдетилген кредиттерди, кошумча финансылык ресурстарды тартуу;

– республиканын экспорттук потенциалын эске алуу менен “экспорттук корзинаны” иштеп чыгуу;

– 2022-жылдын соңуна карай конкреттүү максаттуу көрсөткүчтөр менен экспортту илгерилетүү боюнча Жол картасын ишке ашыруу;

– өз ара пайдалуу кызматташуу жөнгө салынган өлкөлөрдүн жарандарына виза берүүнү жөнөкөйлөштүрүү, виза саясатын өркүндөтүү маселесин иштеп чыгуу;

– туристтик визаларды алуу үчүн арыздарды кароо убактысын кеминде 36 саатка чейин кыскартуу.

Акылбек Жапаров жер амнистиясына түшкөн жер тилкелеринин документтерин кароо мөөнөтүн кыскартууну тапшырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын имаратына жерлерди трансформациялоо маселеси боюнча келген Чүй облусунун Военно-Антоновка айылынын тургундарын кабыл алды.

Жыйындын жүрүшүндө белгилүү болгондой, жарандар жерге мунапыс берүү жөнүндө жободо белгиленген мөөнөттөргө нааразы, ага ылайык, жер участогуна болгон менчик маселелерин чечүү үчүн 3 ай убакыт керектелет.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы жарандардын пикирин жана нааразычылыгын угуп, Айыл чарба министрлигине жер тилкелерине документтерди белгилөө мөөнөтүн кыскартуу бөлүгүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү тапшырды.

«Эл бекерчиликтен митингге чыкпайт. Бул жергиликтүү бийлик органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын аракетсиздигинен улам келип чыгат. Бирок биз ар дайым элдин үнүн угуп, элдин нааразычылыгын жаратпай турган чечимдерди кабыл алабыз», – деди Акылбек Жапаров жана жер амнистиясына түшкөн жер тилкелерине үй курууга укук белгилөөчү документтерди алуу механизмин жөнөкөйлөштүрүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Акылбек Жапаров контролдук-кассалык машиналар маселеси боюнча ишкерлер менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров борбор калаанын “Дордой Фуд” азык-түлүк базарында иш алып барган жеке ишкерлер менен жолугушту.

Конструктивдүү пикир алмашуу болуп, министрлер кабинетинин башчысы контролдук-кассалык аппараттарды орнотууга жана эсеп-фактураны киргизүүгө каршы чыккан ишкерлердин позицияларын жана сунуштарын укту. Алар адам факторун жокко чыгарып, эски патенттик системаны электрондук форматка өткөрүп берүүнү суранышты.

Акылбек Жапаров ишкерлерге көзөмөл-кассалык машиналарды киргизүү зарылдыгы боюнча мамлекеттик саясатты түшүндүрүп берди, бул министрлер кабинетине социалдык милдеттенмелерди аткарууга, ошондой эле көмүскө экономиканы жана контрабанданы кыскартууга жардам берет.

Муну менен катар министрлер кабинетинин башчысы ишкерлерди салыкты ак ниеттүүлүк менен төлөөгө жана калктын саламаттыгына терс таасирин тийгизген антибиотиктери бар шектүү азык-түлүктөрдү сатуудан баш тартууга чакырды.

Меню