Menu

Акылбек Жапаров

Акылбек Жапаров: Азыр 4 тилди, анын ичинде IT тилин билүү зарыл болгон мезгил

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Жаш лидерлер» долбоорунун катышуучулары менен жолугушту, алар менен пикир алышууда жаштарды тилдерди үйрөнүүгө, алга умтулуп, билим алуу үчүн күч үрөөгө чакырды.

«Азыр кеминде 4 тилди, анын ичинде IT тилин билүү зарыл болгон мезгил. Кыйынчылыктарга баш ийбестен, алга кадам таштай берүү керек, ал адамдын мүнөзүн калыптандырып, адамды күчтүү болууга үйрөтөт. Китепти көп окугула, алдыга чоң максаттарды коюп, ата-энеңерге жардам бергиле», – деп кайрылды долбоордун катышуучуларына Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Белгилей кетсек, иш-чара эркин микрофон форматында өтүп, ар бир катышуучу аны кызыктырган суроолорун берди.

Эң кызыктуу суроолордун ичинде Акылбек Жапаровду шыктандыруунун булагы катары эмне саналары тууралуу суроо берилди.

«Мени шыктандыруучу нерселер китептер жана менин неберелерим болуп саналат. Алар мага өсүүгө күч-кубат берет», – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана бала кездеги эскерүүлөрү менен бөлүштү.

Акылбек Жапаров ошондой эле долбоор катышуучуларына билим берүү тутумун реформалоо жана таланттуу жаштарды колдоо боюнча пландары тууралуу айтып берди.

Акылбек Жапаров Орусиянын «Сколково» фондуна Ысык-Көлдө IT айылын ачууну сунуштады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров “Заманбап санариптик банк жана экосистема” форумунда сөз сүйлөдү.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз сөзүндө маалыматтык технологиялардын өнүгүшү банк бизнесине таптакыр жаңы мамилени алып келгендигин белгиледи.

«Финансы продуктуларын заманбап IT тармагынын  мүмкүнчүлүктөрү менен айкалыштыруу бүтүндөй экономиканын өндүрүмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун олуттуу түрдө жогорулата алат жана Кыргыз Республикасы бул дүйнөлүк тенденциялардан четте калган жок. Биздин өлкөдө финансылык технологияларды өнүктүрүүнүн негизги багыттары болуп электрондук коммерция, финансылык жана банктык кызмат көрсөтүүдө аралыктан тейлөөнү активдүү өнүктүрүү саналат. Биз муну менен эле токтоп калбастан, өлкөнүн каржылык-экономикалык процесстерине накталай эмес инновациялык продукцияны киргизүүнү тездетип жатабыз”-деп белгилеген Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасы мындай чечимдерди мүмкүн болушунча тез арада кабыл алууга мүмкүндүк берерин айтты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле министрлер кабинети жалпысынан санариптик экономиканы өнүктүрүүдө санариптик инновацияларды адам жашоосунун бардык чөйрөлөрүнө, мейли банктык же мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө активдүү киргизүүнү колдоого даяр экенин баса белгиледи

Өз кезегинде, «Сколково» Фондунун компетенттүүлүк борборунун директору Павел Новиков санариптик индустрияны өнүктүрүүдө мамлекеттик колдоону көрө турганын белгилеп, каржы-экономикалык чөйрөдө, ошондой эле жергиликтүү стартаптарды жана санариптик инновацияларды киргизүүдө, мындан ары илгерилетүүдө кызматташууга даяр экенин билдирди.

Форумга Орусиянын 8 ири IT компаниясы катышууда.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.

Жогорку даражалуу мейманды «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Расмий сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүлөрү жүрүп, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Евразиялык экономикалык биримдиктин пленардык жыйынына өлкө лидерлери видеоконференция аркылуу да катышат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кабыл алууга жазылган жарандарды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров “Коомдук кабылдама” аркылуу кабыл алууга жазылган жарандарды кабыл алды.

Акылбек Жапаров балдарга жардам көрсөткөн, аларды дарылануусу жана реабилитациялоосу үчүн чет өлкөлөрдөгү медициналык мекемелерге жөнөткөн “Бирге ден соолук” коомдук фондунун жетекчиси Айнура Суванкулованы кабыл алды.

Айнура Суванкулова «Ден-соолукка бирге» коомдук фондунун алдында иштеп жаткан реабилитациялык борбор имаратка муктаждыгын айтты.

«Буга чейин реабилитациялык борбор үчүн коммерциялык жайды ижарага алганбыз, ал сатыкка коюлду. Мындан улам бизде дарыланып жаткан 92 бала көчөдө калышы мүмкүн. Биз буга жол бере албайбыз, анткени булар балдар, алардын көбү өз убагында жардам алышкан. Катуу күйүк алган баланын терисин толук калыбына келтирүү үчүн Германиядан операция жасатканга жетиштик. Мындай операциянын баасы болжол менен 1 миллион еврону түзөт. Ошондой эле аутизм менен ооруган балдардын социалдаштырууга жардам беребиз», – деди ал.

Өз кезегинде Акылбек Жапаров реабилитациялык борбор үчүн имарат маселеси көзөмөлгө алынарын баса белгиледи.

«Министрлер кабинети балдарга жардам көрсөтүүчү коомдук уюмдардын демилгелерин колдоого дайым даяр. Биз бул абалдан чыгуунун жолун издейбиз, мындан тышкары дагы башка жардам берүүгө даярбыз», – деп белгилеген министрлер кабинетинин башчысы мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмаларды берди.

Андан ары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров социалдык объектилерди куруу боюнча мамлекеттик тендерди утуп алган компаниянын жана башка курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Алардын кайрылуусунун негизги себеби: тендердик арыз берилгенден баштап бүгүнкү күнгө чейин курулуш материалдарынын кымбатташы.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамды аткаруу максатында министрлер кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыгып, анда баалардын өсүшү каралган. Ошону менен бирге министрлер кабинетинин башчысы курулушу 80-90% бүткөн объектилер ушул жылдын сентябрына чейин толук бүткөрүлүшү керектигин белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине тиешелүү чечим кабыл алууну тапшырам», – деди Акылбек Жапаров. Ал жакын арада узак мөөнөттүү курулуш объектилеринин маселесин чечүү үчүн жыйын өткөрөрүн кошумчалады.

Ошондой эле, министрлер кабинетинин башчысына 2011-жылы ат майданы курулган Сокулук районундагы жерлерди трансформациялоо маселеси менен ат майдандын директору Майор Райымкулов кайрылды.

Ал түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен көрсөтүлгөн объектти баланска өткөрүү мүмкүн эместигин, мамлекеттик колдоо болбосо жакын арада жараксыз абалга келиши ыктымалдыгын билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы ипподром турган объектини Чүй облусунун Сокулук районунун балансына өткөрүп берүү менен трансформациялоо маселесин чечүүнү тапшырды.

Акылбек Жапаров: Азыр дүйнөдө адамзат ынтымакты жана тынчтыкты тилеп жатат. Ысык-Көлдүн бул миссияны аткарууда мындай дарамети бар жана абдан ыңгайлуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 14-майда, Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (Run the Silk road) 10-Эл аралык Ысык-Көл марафонунун ачылыш салтанатына катышып, “Спорттун элди бириктирүү, элдештирүү жана ынтымакка чакыруу жөндөмдүүлүгү абдан күчтүү.Азыр дүйнөдө адамзат ынтымакты жана тынчтыкты тилеп жатат. Ысык-Көлдүн бул миссияны аткарууда мындай дарамети бар жана абдан ыңгайлуу”- деп айтты.

“Марафонду кубануу менен колдойбуз, анткени спорт аркылуу алыскы-жакынкы өлкөлөрдөн спортчуларды жана туристтерди чакыруу жана башкысы – “Таза суу, таза аба, таза инсан” деген ураан астында  Кыргызстаныбызды таанытуу. Жашоо – күрөш, ал эми спорт – чоң күрөш. Чоң күрөштүн каармандары – эч качан өлбөйт” – деди Жапаров.

Өз сөзүндө министрлер кабинетинин башчысы кыргыз спортунун тарыхындагы атактуу марафончулар, советтик марафончу, 1980-жылдагы Олимпиадалык оюндардын коло медалынын ээси, легендарлуу Сатымкул Жуманазаровду жана жөө күлүк Дарья Маслованы белгилеп өттү.

Бул марафон Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өткөрүлүп, ага 22 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышып жатат.

Белгилеп кетүүчү жагдай Ысык-Көл марафону гана Эл аралык марафондордун ичинен Борбордук Азияда “эл аралык” деген статуска ээ. Мында жеңишке жетишкен спортчулар Азия оюндарына, дүйнөлүк чемпионатка жана олимпиада оюндарына катышуу жолдомосуна ээ боло алышат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров: Республикадагы 20 шаарда эң жогорку талаптарга жооп берген ооруканаларды куруу пландалууда

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын адамдык өнүгүү тобунун директору Фадия Саада менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттин социалдык саясатынын негизги милдеттери, анын ичинде адамдык өнүгүү маселелери, калктын жакыр жана аялуу катмарын колдоо үчүн зарыл болгон чаралар жана реформалар талкууланды

Акылбек Жапаров белгилегендей, Кыргыз Республикасы рыноктук экономикага социалдык жактан багыт алган өлкө бойдон калууда.

«Үстүбүздөгү жылдын апрель айында бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысын эң көп жогорулатуу жүргүзүлдү, социалдык төлөмдөр көбөйтүлдү. Бул багытта министрлер кабинети чоң пландарды коюп жатат. Анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен республиканын 20 шаарында эң жогорку талаптарга жооп берген ооруканаларды куруу пландалууда», – деди Акылбек Жапаров. Учурда бул долбоорду ишке ашыруу максатында техникалык жардам көрсөтүүгө даяр эл аралык адистер изделип жатканын кошумчалады.

Ошондой эле билим берүү тармагын реформалоо иштери жүрүп жаткандыгы, анда кесиптик-техникалык билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулары айтылды.

Өз кезегинде Фадиа Саада Дүйнөлүк банк министрлер кабинетинин адамдык потенциалды өнүктүрүү боюнча демилгелерин кубаттай тургандыгын баса белгилеп, пландарды ишке ашырууда системалуу көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Министрлер кабинети: Акылбек Жапаров жүрөк оорусунан Улуттук кардиология борборуна жаткырылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн эртең менен М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөк оорусу жана кан басымынын төмөндөшүнө байланыштуу келип түшкөн.

Өткөрүлгөн электрокардиография жана коронарография процедуралары инфаркт миокардды тастыктаган жок, бирок жүрөк-кан тамыр спазмы аныкталган.

Учурда Министрлер Кабинетинин башчысынын ден соолугунун абалы туруктуу, канааттандырарлык.

Дарыгерлердин консилиумунда Акылбек Жапаровдун ден соолугун ооруканада жатуу шартында калыбына келтирүү чечими кабыл алынды.

Кыргыз Республикасында 2022–2026-жылдарга креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы бекитилди

Кыргыз Республикасында 2022–2026-жылдарга креативдүү  экономиканы  өнүктүрүү концепциясы бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Кыргыз Республикасында 2022–2026-жылдарга креативдүү  экономиканы  өнүктүрүү концепциясы креативдүү экономиканы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018–2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Концепциянын максаты болуп креативдүү индустриянын комплекстүү мамлекеттик саясатты калыптандыруу аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасына кошкон салымын көбөйтүү саналат.

Өнөр жай көлөмүндө масштабын кеңейтүүгө жөндөмдүү болгон инновациялык идеялар менен иштеп чыгууларды акчага айландыруу аркылуу Кыргызстандагы креативдүү индустриялардын сектору жогорку кошумча нарктуу жана жогорку экономикалык натыйжалуу ишкердик ишинин акселераторуна айланат, капиталдык салымдарды рационалдаштырат, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет жана жумуш менен камсыз кылуунун өсүшүн шарттайт.

Келечекте креативдүү экономика инновацияларга дем берүүгө, инвестициялык жагымдуулукту арттырууга түрткү берип, улуттук экономиканын тоо-кен өнөр жайы тармагына жана мигранттардын акча которууларына болгон көз карандылыгын азайтат, ошондой эле маданий мурастардын кайра жаралуусу менен глобалдашуу шартында мамлекеттин өзүн-өзү идентификациялоосуна көмөктөшөт.

Министрлер Кабинети май айындагы эс алуу күндөрүн которуу жөнүндө чечим кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин кезектеги кеңешмесин өткөрдү, анын жүрүшүндө 20 ашуун маселе каралды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча үстүбүздөгү жылдын май айындагы эс алуу күндөрүн которуу жөнүндө чечим долбоору жактырылды. Документке ылайык, беш күндүк иш жума графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2022-жылдын 1-9-май күндөрүн эс алуу күнү катары орнотуу, ал эми 2022-жылдын 30-апрелиндеги дем алыш күнү (ишемби) – 2022-жылдын 4-майындагы (шаршемби) иш күнүнө; 2022-жылдын 14-майындагы дем алыш күнү (ишемби) – 2022-жылдын 6-майындагы (жума) иш күнүнө которуу сунушталды.

Буга катар кызматкерлердин дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында беш күндүк иш жума графиги боюнча иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине 2022-жылдын май айындагы эс алуу күндөрүн Министрлер Кабинети кабыл алган чечимге ылайык которуу сунушталды.

Министрлер Кабинети республика боюнча электр энергиясын керектөөчүлөрдөн келип түшкөн кайрылууларды кабыл алууну жана аны иштеп чыгууну, аларды талдоо жана көзөмөлдөөнү жакшыртуу, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан иштерди оптималдаштыруу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында бардык энергетикалык ишканалар үчүн бирдиктүү ишеним телефонун (call-борбор) түзүү чечимин кабыл алды.

Акылбек Жапаров кеңешменин жүрүшүндө белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан акы төлөө негизинде унаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүүнү караган «Айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Мыйзамга, Бузуулар жөнүндө кодекске, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Мыйзамдын мындан аркы иштөө тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды киргизүүсү тапшырылды.

«Ушул Мыйзамды колдонуудан түшкөн финансылык каражаттарды Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга, калктын социалдык жактан аялуу катмарына кирген үй-бүлөлөрдүн турак-жайына күн батареяларын орнотууга жана башка социалдык багыттарга жумшоого болот», – деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров мамлекеттик органдардын жетекчилерин электрондук документ жүгүртүүгө өтүү процессин тездетүүгө чакырды.

Акылбек Жапаров ИИМге автоунааларды видеорегистраторлор менен камсыздоо жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын берди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбековго республиканын аймагында катталган автоунааларды милдеттүү түрдө видеорегистраторлор менен жабдуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап чыгууну тапшырды.

Унааларды видеорегистраторлор менен жабдуу жол кыймылы катышуучулары арасындагы тартипти күчтөндүрүүгө, коомдук коопсуздукту чыңдоого мүмкүндүк берет, себеби, видеокамералардын саны жогорулап, тийиштүү түрдө, көпчүлүк укук бузуулар видеокамералар аркылуу катталып турат. Ошондой эле видеорегистратордогу жазуулар жол кырсыгынын себебин талдоодо маанилүү курал болуп берет.

Аталган ченемди 2025-жылга карай ишке киргизүү сунушталууда, бул унаа ээлерине көрсөтүлгөн убакытка чейин видеорегистратор алууга өз бюджетин пландаштырууга мүмкүндүк берет.

Меню