Соттун чечимине ылайык, Разаков 24-апрелге чейин №1 тергөө абагында болот. Бул тууралуу адвокат Айбек Өмүров билдирди.
Ички иштер министрлиги мурдагы вице-премьерди 24-январда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (“Алдамчылык”) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча айып тагылганы кабарланган.
Ал өзүнө козголгон кылмыш иштери тууралуу бөгөт чарасы каралган учурда (26-январда) комментарий берген эмес. Парламенттин мурдагы депутаты Арзыбек Буркановдун арызынын негизинде кармалганын гана ырастаган.
ИИМдин маалыматына караганда, экс-депутат Арзыбек Бурканов былтыр сентябрда Разаковго чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган.
Арызда Разаков 2017-жылдын ноябрь-декабрь айларында кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик ишмердүүлүк жүргүзөбүз деп 1 млн. доллар алып бербей койгонун көрсөткөн.
Жеңиш Разаков 2012-2016-жылдары Баткен облусунун губернатору, андан кийин өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган.
2017-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2018-жылы президенттин кеңешчиси, 2018-2020-жылдары вице-премьер-министр болуп иштеген. 2020-жылы февралда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу деген жүйө менен кызматтан кеткенин жарыялаган.