Menu

Алдамчылык

УКМК: “Бишкектеги курулушчулардын биргелешкен жогорку штабынын” төрагасы жер алып берем деп ири суммадагы акчаларды алдап алып жүргөндүгү үчүн кармалды

КР УКМК тарабынан кылмыштардын бирдиктуу реестерине катталган кылмыш ишинин алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту («Алдамчылык») жана 379-беренесинин 3-бөлүгү («Документтерди жасалмалоо») менен  Кыргыз Республикасынын “Т.А.” жана Т.М.Т. аттуу жарандарынын ишенимдерине кирип, өзүн Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкеримин деп тааныштырып, борбор калаадан жер тилкелерин бөлүп берүүнү убада кылып, ири суммадагы акча каражатын алган кыргыз Республикасынын жараны «А.М.М.» кармалды. 

“А.М.М.” жабырлануучуларга турак жайларды куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча жасалма документтерди бергендиги аныкталган.

Кылмышты жашыруу максатында “А.М.М.” деп аталганды жаран “Бишкектеги курулушчулардын бириккен жогорку штабы” Бишкек шаарынын калктуу конуштарындагы талаштуу жер тилкелеринин маселелерин чечүүгө шылтоолоп, жабыр тарткан жарандарды алардын кылмыштуу иштерин саясатташтыруу менен адаштыруу, борбор калаада системалуу түрдө ар кандай нааразылык акцияларын уюштуруп, кысым көрсөтүү жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин функционалдык милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылуу.

Белгилей кетсек, тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү учурунда А.М.М. соттун санкциясы боюнча анын жогоруда аталган фактыларга катыштыгы бар экендигин тастыктаган төгүндөлгүс далилдер табылган. Ошол эле учурда акыркысы кылмыш ишине тиешеси бар документтерди өрттөп жок кылууга аракет кылган.

Учурда кылмышка шектүүнүн ушул сыяктуу башка фактыларга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

«А.М.М.» кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жарандар. жана кандайдыр бир маалыматка ээ болсо, төмөнкү ишеним телефондоруна кайрылыңыз: 0312 62-05-85 жана 0312 64-04-75.

Камчыбек Ташиевдин уулунун атын сатып, "Спекулянт" дүкөнүнүн директорунан ири суммадагы доллар алып кетишкен эргулдар кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгүндө («Алдамчылык») каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кыргыз Республикасынын жарандары “Д.М.С.” жана “С.А.К.” кармалды. Алар жеке кызыкчылыгын көздөп, жеке баюу максатында “Спекулант” ЖЧКсынын башкы директору, Россия Федерациясынын жараны “Ш.В.” ишенимине кирип, анын маселелерин укук коргоо органдарында чечүүгө көмөктөшүүнү убада кылып, чет элдик валютадагы ири суммадагы акча каражатын алып алышкан.

Белгилей кетсек, “Д.М.С.” жана “С.А.К.” убадаларын аткарбай, алынган акча каражатын өзүлөрүнө ыйгарып алуу максатында “Спекулант” ЖЧКсынын башкы директору Ш.В. жакындарына кысым көрсөтүшкөн. Ошондой эле, коркутуу менен, республиканын жогорку жетекчилиги менен жеке байланышта экендигин, ошондой эле УКМКнын төрагасы К.Ташиевдин уулу менен жеке тааныштыгы бар экендигин айтышкан.   

Сотко чейинки текшерүү иштин жүрүшүндө «Д.М.С.» жана «С.А.К.» кылган ишин мойнуна алды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын УКМК, республиканын жарандарына укук коргоо жана башка органдар менен маселелерди чечүүдө кандайдыр бир жол менен көмөк көрсөтүүнү көздөгөн, ошондой эле республиканын жетекчилиги же өкөнүн башка жогорку кызмат-адамдарынын атын сатып, жеке байланыштарым бар деп пайдаланып жүргөн адамдарга ишенбөөнү өтүнөт.

УКМК: "Баткен күчү" лотереясын өткөргөндөр катышуучуларды алдап, автоунааларды жана башка байгелерди өздөрүнө ыйгарып алышкан

Үстүбүздөгү жылдын 24-25-августунда уюштуруучусу КР жараны Х.у.Н. болгон, «Баткен Күчү» лотереясын мыйзамсыз өткөрүү фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин 2-бөлүгүндө (Мыйзамсыз ишкердик кылуу) каралган кылмыштын негизинде 2022-жылдын 25-июлунда козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы Баткен облустук прокуратурасы менен биргеликте шектүү адамдардын иштеген жана жашаган жеринде тинтүү иштерин жүргүзүштү.

Тинтүү иштеринин натыйжасында 800 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттары, банктык карталар, транспорт каражаттарын пайдаланууга ишеним каттар табылып алынды, ошондой эле байге катары ойнотулат делген 7 автоунаа унаа токтоочу жайга коюлду. 

Белгилей кетсек, ар бир турда орточо байге фонду 5 миллион сомдон 8 миллион сомго чейин болсо, ал эми ойнотулган билеттердин саны 2800 даананы түзгөн. Ошол эле учурда лотереянын уюштуруучулары алдамчылык ниетинен улам, автоунааларды жана башка байгелерди ойнотууда катышуучуларды алдашкан. Тактап айтканда, лотереянын жеңүүчүлөрү катары өздөрүнө тиешеси бар адамдарды колдонуу фактылары аныкталган, бирок чындыгында байгелерди уюштуруучулар өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Азыркы учурда башка мыйзамсыз лотереялык ишмердүүлүктү уюштуруучуларга карата тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

ИИМ: Мас болуп кармалган айдоочунун маселесин чечип берем деп, 30.000 сом алган Назира аттуу жалган милиционер кармалды

11-августа ИИМдин Ички иликтөө кызматына Сокулук районунун тургуну З.К. арыз менен кайрылган, анда ички иштер министрлигинде иштеген “Назира” аттуу кызматкерине чара көрүүнү суранган, себеби ал ушул жылдан төртүнчү августунда мас абалында унаасын башкарып жүрүп кармалып Бишкек шаардык ички иштер Башкы башкармалыгына караштуу айып короосуна  автоунаасы токтотулган.  Анан ушул ишти оң тарапка чечип берем деп 30 000 (отуз миң сом) акча каражатын алып, бирок айтылган убадасын аткарбай ар кандай шылтоолор менен качып жүргөндүгүн билдирген.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жаза Кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон жана атайын ыкчам-иш чара жүргүзүлгөн.
2022-жылдын 16-августунда саат 15:50 чамасында  жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Бишкек шаарынын Тыналиев жана Түштүк-Магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Глобус” соода түйүнүн астынан арыз ээси З.К.га мурда алган 30 000 сомдун 16 000 сомун кайтарып берип жаткан учурда, Бишкек шаарынын тургуну 40 жаштагы Назира С. кармалып, далил буюмдар жана акча каражаттар алынды.

Азыркы учурда кылмышка шектүү катары кармалган Н.С. милицияда тап-такыр иштеген эмес. Учурда кармалган Н.С.  ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди жана тергөөгө тиешелүү иш чаралар жүргүзүлүүдө. Эгерде кимдир бирөөлөр жогоруда кармалган кылмыш шектүү жарандан кандайдыр бир алдамчылыкка же кылмышка дуушар болгон болсо ички иликтөө кызматына төмөнкү телефон номери аркылуу 0500-892-344 чалып кайрылыңыздар.

Себеби кармалган жаран ушул сыяктуу бир катар алдамчылыкка шектелип жатат. Сиздердин арыз кайрылуууңузду угуп тиешелүү жардамдарын көрсөтөт.

УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиевди 2 млн долларга алдамчылык фактысы боюнча кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан мамлекеттик бийликтин бардык деңгээлдериндеги системалуу коррупцияны жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү, алардын негиздерин жоюу, аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча, ошондой эле өлкөдө инвестициялык климатты камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жасалган ири алдамчылык фактылары боюнча маалыматтар алынган.

Тактап айтканда, ошол кезде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон КР “А.А.” аттуу жаранынын алдамчылык аракеттеринен улам 2 млн АКШ доллар өлчөмүндө зыян тартканы тууралуу УКМКга ишкер арыз менен кайрылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, алынган материалдар бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болгон.

Иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде “А.А.” аталган кылмышка шектүү катары кармалып, ага ылайык айып тагылып, 2022-жылдын 10-февралында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

ИИМ: Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

Ош ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн  уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмчөсүнүн кызматкерлери автоунааларга байланышкан алдамчылыкка шектүү жаранды кармашты.
Ош ШИИБге арыз менен жаран Р.З. (аял киши) кайрылып, криминалдык түзүмдөрдүн укукка каршы аракеттери жөнүндө билдирген. Аныкталгандай, 2020-жылы “Сагыныч” аттуу чала тааныш адам  “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унааны арзан баада Кореядан алып келип берем деп ишенимге кирип, жабырлануучуну алдоо менен 125000 сомун алган. Андан соң, унааны алып келип бербей, же акчасын кайтарбай  койгон. Шектүү жабырлануучу коркутуп, милицияга кайрылбоосун айткан.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам кызматкерлер бул фактыга Баткен облусунун тургуну 1985-жылы туулган С.Сдин  тиешеси бардыгын аныкташкан. Мурда ал бир нече жолу оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон. Алынган маалымат боюнча шектүү уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
2022-жылдын 25-январь күнү Ош ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн  уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Ош шаарында жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1985-жылы туулган С.С. кармалды.
Кармалган жаран Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө жүрүп жатат.

Сокулук районунда бирөөнүн жер тилкесин ээлеп алуу жана алдамчылык фактыларына шектүү аял кармалды

2021-жылдын 4-ноябрь күнү Сокулук РИИБүнө 1979-жылы туулган Т.Г. арыз менен кайрылып, бейтааныш аял башка адамдардын ишенимине кирип, Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы 295-контурдагы арыздануучуга таандык жер тилкесин мыйзамсыз сатып жибергенин билдирген.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси (Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба
багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу) жана 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1976-жылы туулган К.Ы. аттуу аял кармалган.
Териштирүү учурунда кармалган аял 2014-жылдан тарта  бир топ жаран менен биргелешип,  бирөөнүн 5,4 гектар жер тилкесин айыл чарба багытындагы жер экенин билип туруп, мыйзамсыз 2 гектар жерин башка жарандарга курулуш куруу максатында сатып жибергени маалым болгон.
Көз карандысыз эксперттер тарабынан жабырлануучуга келтирилген материалдык чыгым 40 000 000 сомдон ашык бааланган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин алкагында кылмышка шектүү аял үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында жогорудагы контурдан башка бирөөгө таандык 0,4 сотых жер тилкесин
мыйзамсыз башка бирөөгө сатып жибергени аныкталган. Келтирилген материалдык чыгым 200 000 сомго бааланган.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Чүй облусунда жарандардан ири суммадагы акчаларды алып, изин жашырып кеткен алдамчы кармалды

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө  алдамчылык фактысы боюнча ар кандай жарандардын 10дой  арыздары катталган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, өзүн «Фархад» аттуу тааныштырган адам ар кандай шылтоолор менен жарандардын ишенимине кирип, алардан акча алып жүргөн (ал жабырлануучулардан 33 000, 75 000, 130 000, 350 000 сом, 7 000 $ , 17 000 $, 19 000 $) ар кандай суммадагы акчаларды алып жүргөнү аныкталган, келтирилген зыяндын жалпы суммасы аныкталып жатат. Алган акчасын кайтарып бербей, убадасын аткарбай, из жашырып кеткен.
Бардык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иши  КР Кылмыш-жазык кодексинин 209 (Алдамчылык) беренеси менен катталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жогорудагы фактыларга тиешеси бар деп, Чүй ОИИББнын Криминалдык милиция кызматкерлери жана Аламүдүн районунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан
36-жаштагы К.Р. аттуу  Чүй облусунун тургуну кармалды.
Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.
Урматтуу жарандар!
Эгерде жогорудагы жарандын колунан жапа чеккен болсоңуз, анда Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө же 0 (701) 45-55-94, 0 (550) 33-65-80 телефондор аркылуу кабарлаңыз.

УКМК: Бирөөнүн $135 000 акчасын алдап алып, издөөгө алынган Бишкектин Октябрь райондук милицияынын кызматкери кармалды

КР УКМК тарабынан мамлекеттик органдар системасында, өзгөчө укук коргоо системасында мыйзамсыз көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштер улантылууда.

Мурда маалымдалгандай, УКМКга Кыргыз Республикасынын жараны “О.А.” Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери “С.Р” кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен, анын 135 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алып, ар кандай шылтоолор менен кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу арыз менен кайрылган.

Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту жана 4-пункту (Кызматтык абалынан пайдаланып, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Аталган “С.Р.” издөөгө алынып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы (сыртынан) тандалган.

2021-жылдын 12-декабрында КР УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чарасынын жүрүшүндө, издөөдө жүргөн жарандын жашаган жери аныкталып, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылынан тергөө органдарынан жашырынып жүргөн Бишкек шаарынын Октябрь районунун ИИБнын КМКнын кызматкери “Р.С.” табылып кармалды.

Азыркы учурда С.Р. аталган иш боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

УКМК “С.Р.” аракетинен жапа чеккендерди (0312) 66-04-75 нөөмөт кызматынын телефону, 0702233243 WhatsApp номери аркылуу байланышууну өтүнөт.

КР УКМК мамлекеттик органдар системасындагы, өзгөчө, укук коргоо системасындагы мыйзамсыз көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштерди улантат.

УКМК: Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери издөөгө алынды

КР УКМК тарабынан мамлекеттик органдар системасында, өзгөчө укук коргоо системасында мыйзамсыз көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштер улантылууда.

УКМКга Кыргыз Республикасынын жараны “О.А.” Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери “С.Р. кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен, анын 135 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алып, ар кандай шылтоолор менен кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу арыз менен кайрылды.

Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту жана 4-пункту (кызматтык абалынан пайдаланып өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

“С.Р.” издөөгө алынып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы (сыртынан) тандалды.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын УКМКсы бул адамдан жабыркаган жарандар болсо (0312) 66-04-75 нөөмөт кызматынын телефонуна, 0702233243 WhatsApp номерине, ошондой эле күнү-түнү иштеген аймактык башкармалыктарга (ишеним телефондору) кайрылууларын өтүнөт:

  • Чүй областы: (0312) 54-07 19:
  • Жалал-Абад областы: (03722) 5-60-49;
  • Ош областы: (03222) 2-30-78;
  • Ысык-Көл областы: (03922) 5-11-80;
  • Талас областы: (03422) 5-20-43;
  • Нарын областы: (03522) 5-08-49;
  • Баткен областы: (03622) 5-00-33.
Меню