

Жогорку сот “Коррупция” беренеси менен кармалып, үй камагына чыккан “Дастан” трансулуттук корпорациясы ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшовдун соттуулугу жок экенин билдирди.
Маалыматка ылайык, Алексей Ширшов Биринчи май райондук сотунун 2015-жылы 19-январдагы чечими менен Кылмыш кодексинин 30-171-166-306-беренелери боюнча кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу акталган.
Кылмыш кодексинин 221-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, үч жылга эркинен ажыратылган. Бишкек шаардык сотунун 2015-жылы 19-марттагы чечими менен райондук соттун айыптоо өкүмү өзгөртүлүп, он миң сом айып салынган. Айып пул 2015-жылы 25-августта төлөнгөн. Жогорку сот 2021-жылы 26-июлдагы чечими менен шаардык соттун 2015-жылы 19-марттагы чечими күчүндө калтырылган.
Кылмыш кодексинин 76-беренесине ылайык, түрмөгө кесилбеген жеңил жаза менен соттолгон адамдардын соттуулугу бир жылдын ичинде жоюлат.
Алексей Ширшовго козголгон дагы бир кылмыш иши боюнча чечим 2018-жылы чыккан. Бишкектин Октябрь райондук соту 2018-жылы 9-октябрдагы өкүмү менен Алексей Ширшовду Кылмыш кодексинин 309-беренесинин негизинде беш эпизод боюнча күнөөлүү деп тапкан. Бирок кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. Октябрь райондук сотунун чечими 2019-жылы 17-майда жана 18-ноябрда шаардык жана Жогорку сот тарабынан күчүндө калтырылган.
Жогорку соттун маалыматына ылайык, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган адам соттолгон деп эсептелбейт.
Президент Садыр Жапаров 11-майда Алексей Ширшовдун үй камагына чыкканына байланыштуу үн катып, укук коргоо органдары ага карата 2010-жылдан бери кылмыш иштери ачылбаганы тууралуу маалымат бергенин билдирген.
2010-жылы 7-апрелден кийин сот-прокуратура тармагына куратор болгон Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров Алексей Ширшовго карата 4-5 кылмыш иши ачылганын айткан.
“Дастан” трансулуттук корпорациясы” ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшов кармалып, бөгөт чарасы 10-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Соттун чечими менен ал 26-майга чейин үй камагына чыгарылды.
Алексей Ширшов үй камагына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчү менен чыкканы маалым болду. Аталган орган бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.
Энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн делген адамдын кармалып, кайра тез эле эркиндикке чыгып кетиши коомчулукта сынга кабылууда.
Мурдараак маалымдалгандай, УКМК “Аврора плюс” эс алуу борборунун аймагындагы мамлекеттик менчиктен кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз чыгарып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин териштирүүдө.
Териштирилип жаткан иштин алкагында бизнес өкүлдөрүнүн мамлекеттик жана сот органдарынын айрым кызмат адамдары менен кылмыштуу сүйлөшүү фактылары аныкталып, Ысык-Көл райондук жана областтык сотторунун, Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын райондор аралык сотторунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын, ошондой эле Президенттин Аппаратынын, мамлекеттик Мүлк фондунун жана Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдарын тартуу менен татаал коррупциялык схеманы түзүшкөн, натыйжада 56 кымбат баалуу батирлер жана 27 коттедждер жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен.
Тергөө учурунда бул иш боюнча буга чейин кармалган адамдардан тышкары аталган кыймылсыз мүлктү мамлекеттин менчигинен чыгаруунун негизги уюштуруучуларынын бири белгилүү Алексей Ширшов экени аныкталды.
Бул топ өздөрүнүн кылмыш аракеттерин ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана сот органдарынын жогорку кызмат адамдарынынын камкордугун алуу максатында аларга акча каражаттарын жана кыймылсыз мүлктөрдү, анын ичинде “Аврора плюс” эс алуу борборунан беришкен, бул боюнча тергөөдө тиешелүү далилдер табылган.
Бул коррупциялык схеманы түзүүнүн натыйжасында Ысык-Көл облусунун эс алуу аймагында кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттин менчигинен чыгарып алуу түрүндө мамлекеттин кызыкчылыгына өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Иште топтолгон далилдердин негизинде 2022-жылдын 10-майында Алексей Ширшов КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө (Коррупция) каралган кылмышты жасаган деген шек менен кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Мыйзамда белгиленген мөөнөттө А.Ширшовго карата айып тагылып, сот тергөө мөөнөтүнө баш коргоо чарасын тандоо маселесин карайт.
Бул иш боюнча тергөө иштери уланып, анын алкагында башка айыпталуучулардын аракеттерине юридикалык баа берилип, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча комплекстүү чаралар көрүлөт.