Menu

Алымбек Датка

Алымбек датка Асан бий уулу - Молдо Нияздын "Санат дигарстарынын" каарманы тууралу баяндама

Кыргыз тарыхында, улуттук мамлекеттүүлүгүбүздү калыптоодо өзгөчө орунду жана ролду ойногон, айтылуу Алымбек датка Асан бий уулу болгону талашсыз. Дал ошол Алымбек датка, кадимки жазма акын Молдо Нияздын “Санат дигарстарында” абройлуу инсан, мыкты эл башы, чыгаан  уулдардын атасы катары бир нече  жолу  аталат (-6,73, 102-103,105106,108,129-бб.,). Албетте Алымкул аталык же Курманжан даткадай көптөгөн саптар арналган эмес. Ошентсе да ал аны, анын аброюн, кадыр-баркын билген адам катары нарктуу санат айткан жайы бар. Алымбек датка менен жакындан тааныш болушу да толук мүмкүн. Эл арасында, айрыкча биздин баргыларда, убагында Алымбек датка Молдо Ниязды аттап-тондоп, колуна ар бир уруу башчысына, эл башыларга көмөк көрсөтүүнү талап кылып, өтүнгөн жолдомо кат берип, кыргыз урук, урууларынын санжырасын кагазга түшүрүүнү, жаздырууну буюрган – дешчү биздин ата-бабалар.  Натыйжада, Молдо Нияз алгачкылардан болуп кыргыз элин, түштүк-түндүк чөлкөмүн түрө кыдырып. чындыкка жакын болгон кыргыз санжырасын жазган экен – деген аңыз кеп бар эле. Бирок тарыхый жактан бул факт далилдене элек. Бекер жерден элде кеп кылбайт, мүмкүн жанагы жарык көрө элек эмгектеринин арасынан чыкса чыгып калаар, үмүт кылып туралы. Бүгүнкү баяндама, мен көп жылдан бери изилдеп, тарыхый-саясий бейнесин тактап, толуктап жүргөн, Кокон хандыгынын тарыхый-саясий аренасында узак убакыт өкүм сүргөн, таланттуу акын Молдо Нияздын дагы бир каарманы – Алымбек датка Асан бий уулу тууралуу болмокчу. Ал инсандан мурда “Санат дигарстарында” сыпатталган Курманжан датка, Абыдлдабек, Камчыбек, Тайлак, Дыйканбай, Рыскулбек, Качыбек, Шабдандар  тууралуу айтууну тура көрбөдүк.

Алымбек датка Асан бий уулу – салттуу тарыхый инсан эле эмес, рационалдык-легалдык жана харизматикалык мүнөзгө ээ тарыхый инсан. Мындай касиетин, мүнөзүн ал бүт өмүр бою өз элине, мамлекетине кылган кызматы менен далилдей алган кыргыздын чыгаан инсаны. Демек биз Алымбек датканын тарыхый, саясий бейнесинин кээ бир маселелерин айта кетели.

Теги боюнча ата-бабасынан бери тектүү жердин, эл башкарган, эл арасында, коңшулаш мамлекеттерге кеңири маалым болгон, абройлуу ата уулу болгон.  Адыгененин Баргы уруусунан чыккан мыктылардын урпагы: Алымбек►►► Асан ►►► Шамурза ►►► Ажыбек ►►► Тилеке ►►► Байбөөчөн ►►► Бөкөй ►►► Мырзаке ►►► Сатыке ►►► Баргы ►►► Адыгине. Башканы айтпаганда да Адыгине. Баргыдан кийин, Тилеке, Ажыбек, Шамурза, Асан бий Баргы уруусунун эле эмес, бүт Ош, Алай, Фергана өрөөнүнө таанымал журт эгедерлери болгону, эл башы болгону тарыхта так айтылат. [1] 

Алымбек датка жаштайынан зирек, эс-акылдуу болуп, эрте атасы менен бирге эл аралап, ар нерсеге жөндөмдүү, сабаттуу, кыйтыр (кыйтырлык – акыл-эстүүлүктүн белгиси – авт.) болуп өскөн. Бабаларыбыздын, чоң аталарыбыздын айтымында ал жаштайынан соода кербендери аркылуу Самарканд, Бухарада, Кашгар, Стамбулда болуп келген (Римге барып, окуп келген деген бекер кеп – авт.). Ал жактагы жетишкендиктер ага абдан чоң таасир эткен. 15-17 жашка келгенде атасы эле эмес, бүткүл Баргы уруусу, аны ата жолун уланткан, өз уруусу эле эмес бүт элине, тутка боло турган башчы катары таанып, ынанып калышкан. Демек Алымбек датка жаштайынан эл башкарууга, чоң саясий оюндарга катыша баштаган. Өзүнүн жеке, өзгөчө сапаттарына, жөндөмүнө шайкеш, Кокон хандыгынын  саясий бийиктигине жетишкен.                  

Алымбек датка Асан бий уулу жашынан эле Кокон хандыгынын опурталдуу саясий оюндарына катыша баштаган. 27 жашында, 1827-жылы Мадали хан тарабынан Коконго мамлекеттик кызматка, расмий түрдө ордого чакыртылган. Ошол эле Мадали хан ага 31 жашында “датка” наамын ыйгарган. Бир жылдан кийин, 1832-жылы, 32 жашында ал Анжиян вилайетинин беги – башкаруучусу болуп дайындалган. Бул элеттик кыргыз үчүн ордодогу чоң ийгилик, жетишкендик болгон.[2] Ал кездеги Андижан вилайети азыркы Республика Өзбекстандын Анжиян вилайетин, коңшулаш Наманган вилайетинин кээ бир бөлүктөрүн, Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад областтарын камтыган чоң административдик аймак болгон. Эмне үчүн Мадали хан Алымбекти тандаган? Биринчиден, хандыкка Ош, Алай өрөөнүн тескеген абройлуу да, таасирдүү да өз адамы керек болгон. Ошол кезге Алымбектен өткөн таасирдүү адам болгон эмес. Мадали хандын максаты ошол таасирдүү адам аркылуу Ош, Алай өрөөнүнүн байлыгына, тоолоруна, жайыттуу жерине, малына, адам ресурстарына, Кашкарга кетүүчү жана келүүчү Улуу Жибек жолунун эзелтен келе жаткан бутагына көзөмөлдү орнотуу болгон. Мындай адам Алымбек экенин таамай тактап, анан ордого чакырган. Экинчиден, Алымбек Асан бий уулу хандын чакырыгына макул болгонунун себеби, ал кездеги хандыктын саясий аренасында негизги ролду ойногон кыргыздар, ири этносаясий күч катары, Кокон хандыгын өз мамлекети катары эсептешкен. Ошону эске алуу менен Алымбек Мадали хандын чакыруусун кабыл алуу менен өз күчүн, дараметин, аброюн хан ордосунун саясий оюндарында сынагысы келген. Дагы бир жагы өзүнүн эле уруулаштары эмес, бүткүл кыргыз элинин тагдыры аны саясаттан четте калтырган эмес. Ошондуктан хан ордосунун олуттуу саясий оюндарында кыргыз элинин кызыкчылыгын коргоо, колдоо максатында хан сарайына кызматка барган. 

 Алымбек датка Асан бий уулу Кокон хандыгынын саясий аренасында эң узак убакка турган, 7 хандын тушунда жашап, дээрлик 35 жыл өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жалгыз кыргыз төбөлү. Алар Алим хан (1798-1810-жж.), Омар хан (1810-22-жж.), Мадали хан (1822-42-жж.), Шерали хан (1842-44-жж.), Худояр хан (1844-75-жж.), Мала хан (1858-62-жж.) жана Султан Сеид хан (1862-ж.).[3]  Булардын ичинен айрыкча Омар хандын, Мадали, Шерали, Худояр, Султан Сеид хандын тушунда ал чоң саясатка аралашып, мамлекеттик ишмер, хандыктагы ири саясий фигура катары таанылды. 

Чыныгы тажрыйбалуу саясий, мамлекеттик  ишмер катары ал мамлекеттин ичиндеги үч этносаясий күчтүн – Миң сулалеси башында турган өзбектердин, кыргыздардын жана тажиктердин паритеттүүлүгүн сактоого аракет кылган. Анткени дал ушул үч этносаясий күчтүн арасында бийлик үчүн дайыма катуу тирешүү болуп турган. Ошондой эле ал башкарган аймактарда улуттар арасындагы араздашуу болгон эмес, ынтымак-ырашкердикте турмуш кечирүүгө үндөгөн, талап кылган жана турмушка ашырган. Албетте Алымбек датка кыргыз элинин аброюн жогорулатып, хандыктын коомдук, саясий, социалдык-экономикалык турмушундагы ордун дайыма баса белгилеп, кыргыздар менен эсептешүүгө мажбурлап келген. 

Алымбек датка Нүзүп бий, Мусулманкул, Алымкул аталык сыяктуу кыргыздын чыгаан төбөлдөрү менен бирдикте хан ордосунун чоң саясий оюндарына кириптер болуп, хандыктагы чоң саясий окуялардан, хандык төңкөрүштөрдөн четте калган эмес. Керектүү учурларда алар чечүүчү ролду ойногону да маалым. Айрыкча Шерали хандын, Худояр хандын, Мала хандын жана Султан Сеид хандын хан тагына олтурушунда Оштук, Алайлык жана башка жактардагы кыргыздардын колдоосуна түздөн-түз көмөктөш болгон. Тилекке каршы Алымбек датка кадимки Нүзүп бий менен жылуу мамиледе болуп бирин бири колдоп келсе, экинчи бир кыргыздын чыгаан уулдары Мусулманкул, Алымкул аталык менен алгач үзөңгүлөш болуп, кийинчерээк бийлик үчүн күрөштө  саясий каршылаш болуп, эки жакта болуп калышканын да эске алуу абзел. 

Кыргыз  элинин чыгаан уулу, Кокон хандыгындагы мамлекеттик ишмери Алымбек датка, ошол хандыкта кыргыздардын кызыкчылыгын коргоп, аброюн жогорулатып эле тим болбостон, тээ байыркы Барс-бег, Мухаммед Кыргыз бабаларыбыз сыяктуу кыргыз элинин Кокон хандыгынын курамынан чыгып, өз алдынча улуттук, эгемендүү жана көз карандысыз мамлекетин түзүүгө умтулган. Айрыкча Узун-Агачтагы окуядан кийин бул идеяны түндүктөгү ири төбөлдөр  кадимки Ормон хандын уулу Умөтаалы, Төрөгелди, Ажы бий, Шабдан, Байтик ж.б. колдогону маалым.

Алымбек датканын саясий ишмердүүлүгүнүн дагы бир жагы, Анжиян вилайетине башкаруучу болуп дайындалгандан кийин, Кокон эгедерлерин ынандырып, аталган вилайеттин саясий, социалдык-экономикалык жана маданий борборун Анжиян шаарынан Ош шаарына которгону чоң саясий эрдик болгон десек болот. Мындай иши менен ал Ош шарынын  тарыхый, аскердик-стратегиялык жана социалдык-экономикалык абалын, анын пайдасын туура түшүнгөн. Алымбек датканын Ак өргөсү азыркы этномаданий борбордо эмес, төмөнүрөөк эски Алай мейманканасынын, Автотресттин, Арак заводунун, ага жакынкы Шайит төбөнүн башында жайгашкан. Дал ошол жерде, бабалардын айтуусунда, Ак өргөсүн айланта 40 боз үй тигилип, Алымбек датка, Курманжан датка Кокон, Бухара эгедерлерин, Чыгыш Туркестандын жана Россиянын өкүлдөрүн, элчилерди, окумуштуу саякатчыларды, аалым дервиштерди, ири кербен башчыларын, ар түрдүү тыңчыларды жана чалгынчыларды кабыл алып турушкан.

Анжиян вилайетинин борборун Ош шаарына которгондон баштап шаар куруу маселесине өзгөчө көңүл буруп, шаардын көчөлөрүн оңдоп, түзөп, иретке келтирип, элге керек болгон жаңы базарларды, кербен сарайларды иреттеп, мечит, медреселерди курдуруп, шаар көчөлөрүн жашылдандырган. Бабалардын эскерүүсүндө Алымбек датка Ош шаарындагы алгачкы 4 көчөнү иреттетип, түздөтүп, иш жүзүндө жаңыдан курдурган. Алар азыркы Курманжан датка көчөсү – Анжиян көчө, Ленин, Раззаков проспектиси жана мурдагы Гагарин көчөсү. Булардын курулушуна, жаш чагында Бухара, Самарканд, Чыгыш Туркестандын шаарларына барганы да түрткү болушу мүмкүн.

Алымбек датканын Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга кошкон салымы да зор. Ак-Буура дарыясынын эки жээгин байланыштыруу мамксатында 9 көпүрө салдырган. Аксакалдардын айтымында алардын 3 Кеңеш доорунда кайрадан оңдолуп, азыркыга чейин элге кызмат кылууда. Шаар жана шаарга жакынкы калктын мүдөөсүн аткарып, аларга шарт түзүү максатында Ош шаарын айланта 9 канал салдырган. Алардын Кеңеш доорунда кеңейтилген нугу, бүгүнкү күнгө чейин элге кызмат кылууда. Алар: Төлөйкөн, Жапалак, Жоош, Жаннат (Баргы – авт.), Увам, Анжиян, Сабай, Конурат и Кыдырша арыктары, азыр каналдар.[4] Болгондо да аларды казууга кеткен чыгымды өзү төлөп, бирок аталышына кайсы уруунун эли көп салым кошсо, ошолордун атын берген. Булардан башка 9 ак жуубаз, майжуубаз жана тегирмендерди салдырган. Бул чоң жоомарттык, эл үчүн кызмат кылуунун, элге кам көрүүнүн чоң үлгүсү болот. Кана эми, бүгүнкү кыйындар мамлекет менен элдин колун карап олтурбай, өз каражаттарынын эсебинен, Алымбек даткадай болуп, элге керектүү социалдык обьектерди куруп беришсе.

Биз көп убакта Алымбектин саясий ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу менен анын агартуу тармагындагы ишмердүүлүгүн көмүскөдө калтырып келебиз. Чын-чынында бул таризде да опол тоодой эмгеги өткөн. Ош шаарынын өзгөчө абалын эске алуу менен шаардын ичинен 1000 танап же 1825 га. жер үлүшүн алып,[5]  ал жерге атактуу Ак медресесин, бир катар мечиттерди салдырып, аларды тейлөө максатында соода түйүндөрүн ачтырып, алардан түшкөн кирешеге шаардагы, айланадагы айыл кыштактардагы, элет жериндеги дээринде бар балдарды чогултуп, Ак Медреседе акысыз билим берип, алардын сабатсыздыгын жойдуруп, өз элине кызмат кылууга жолдогон. Бул да өз эли үчүн кылган чоң эмгек экени талашсыз. Алымбек датканын бул ишин кийинчерээк анын балдары улантканы да тарыхый так көрүнүш.[6]

Алымбек датканын саясий бейнесин толуктаган дагы бир штрих, ал 1845-жылкы оштук, алайлык кыргыздардын Кокон хандыгынын зордук-зомбулуктарына каршы көтөрүлүшүнүн түздөн-түз жетекчилеринин бири болгон. Анын аталган көтөрүлүшкө жетекчи болгонун ферганалык «Миротуул-фтух», «Тарих-и-джахан намаи» аттуу тарыхый булактарда баяндалат. Кийинчерээк Узун-Агач окуясынан кийин, Ч.Валихановдун маалыматы боюнча нарындык кыргыздардын көтөрүлүшүнүн жетекчилеринин бири болгон.[7]  

Алымбек датканын тарыхый-саясий бейнесин толуктаган дагы бир штрих, анын орустарга, Орус империясына карата мамилеси. Биздин пикирде, келечекке кенен карай алган Алымбек датка, кыязы улуу Орус державасына жакындашуу, алар менен мамиле түзүү керек экендигин туура түшүнгөн. Буга Узун-Агачтагы Канат шаа баштаган Кокон хандыгы менен полковник Колпаковский жетектеген Орус империясынын армиясынын согуш талаасындагы Алымбектин аракеттери күбө. Орус армиясынын генерал-лейтенанты М.А.Терентьев көрсөткөндөй согушкандар арасында 12 миңден ашуун аскери бар Алымбек датканын армиясы катышпагандыгы айтылат. Экинчиси, Батыш Сибир генерал-губернатору Дюгамелдин баамында Алымбек датка орустар менен жакындашууга аракет кылган. Ошондуктан  Дюгамель эгер кыргыз Алымбек жактан ымала түзүүгө аракет болсо тоскоолдук кылбагыла деген буйуртма  берген.[8] Буга негизги себеп, ошол эле Алымбек датка көзөмөл кылган Ош, Алай өрөөнү, бул багытта Кытайга кетчү байыртадан калыптанып калган Улуу Жибек жолу. Орус империясынын Орто Азиядагы төбөлдөрү деле Алымбек датка аркылуу Кытайга кетчү кыска, коркунучсуз жана бажы пошлинасыз жолго ээ болууну көздөшкөн. Демек Ош, Алай өрөөнүн басып алаардан мурда эле Орус бийликтери Алымбек датка менен тил табышууга аракет кылганы байкалууда. 

Жогорудагыларды эске алуу менен убагында Алымбек-датка Асан-бий уулу Алай, Фергана өрөөнү эле эмес Кокон хандыгында, Бухара эмиратында, Кытайда, Орус империясында таанымал, абройлуу, чыгаан мамлекеттик ишмер, дипломат, мыкты эл башы болгону маалым. Соода кербендери, өзүнүн кабарчылары, тыңчылары аркылуу ошол аталган өлкөлөрдүн баардык саясий, коомдук, социалдык-экономикалык жана маданий турмушунан кабардар болгон кыргыз элинин чыгаан уулу болгону талашсыз көрүнүш.

Алымбек датканын эл-жерине кызмат кылуу вазыйпасын анын балдары уланткан. Бакма уулу Жаркынбайды кошпогондо беш уулу Абдылдабек (1837-1876-жж.), Баатырбек (1939-1985-жж.), Маамытбек (1843-1913-жж.), Асанбек (1849-1909-жж.), Камчыбек (1852-189-жж.) ата жолун жолдоп, өз элине өмүр бою кызмат кылышкан. Мисалы, Алымбек датка өлгөндөн кийин  бакма уулу Жаркынбай 1865-жылга чейин Оштун беги болгон. 1865-жылы Черяевдин армиясы менен салгылашта курман болгондон кийин, анын ордуна Оштун беги, саркери болуп Абдылдабек дайындалган. Баса көпчүлүккө белгисиз дагы бир жагдай, мусулманча жыл эсеби боюнча 1279-ж. же 1865-жылы кадимки Худояр хан Абдылда бекти датка атап, инаятнамэ бергени маалым. Демек Алымбек датканын үй-бүлөөсүнөн чыккан үчүнчү датка – Абдылдабек болуп эсептелет.[9]  Ошол эле Абдылдабек кадимки Полот хандын жакын, ишенимдүү адамы катары, ал хан тагына олтургандан кийин 1875-жылдын 10-октябрынан 1876-ж. 30- январына чейин Кокондун беги, азыркыча айтканда Кокон шаарынын мэри болгон. Анын тагдыры баарыңыздарга маалым, иниси Маамытбек баштаган жакын адамдары менен памирге, андан ары Ооганстанга барып, ошол жакта каза болгон.[10] Экинчи мисал, бүгүнкү күнгө чейин шаарыбызда эл кызматында турган Камчыбектин кербен сарайын (азыркы СИЗО – авт.) салдырган Алымбек датканын кенже уулу Камчыбек кыргыз журтуна белгилүү инсан. 

Акырында дагы бир маселе, мен бул тууралуу Алымбек датканын 120 жылдыгында айттым эле бирок майнап чыккан жок. Ошондуктан дагы бир жолу назарыңыздарды бургум келет. Биздин тарыхый адабияттарыбызда бүгүнкү күнгө бир эле Алымбек датканын ар түрдүү сүрөтү жүрөт. 

Албетте ал кезде фотоаппарат болгон эмес, ошондуктан кийинки мундар алардын урпактарына карап туруп орток бейнени чыгарат. Мени пикиримде Алымбекке окшошураак бейне Т.Кенесариев тарбынан түзүлүп, коомчулукка сунушталагн. Ошентсе да бүгүнкү күнгө ар түрдүү авторлор ар башка бейнелерди – портреттерди берип жүрүшөт.[11]

       Колдонулган булактардын жана адабияттардын тизмеси:

  • Автор бул маалыматтарды бабалардын санжырасын, Алымбек датканын теги тууралуу мыкты билген чоң атасы Абыт, өз уруусундагы абалары Айткул, Абдрай ж.б. угуп, жазып алган.
  •  Абытов Б.К. Ош: факты, события и личности. –Ош, 2000. –С.156-173; Его же Выдающиеся личности города Ош. –Ош, 2000. –С.20-36.
  •  Автор аталган хандарды “Тарих-и Шахрухи” эмгеги боюнча эсептеп чыккан. Караңыз: Бейсембиев Т.К. “Тарих-и Шахрухи” как исторический источник. -Алма-Ата: Наука, 1987.-С.159-161.
  • Эркебаев М. Алымбек-датка// Кыргыздар. -Бишкек: Кыргызстан, 1991. -С. 118-122.
  •  РУз. БМА. -Ф. И.-19. Оп. 1. Д.34947. Л. 2-3,4-8. Д.33514. Л.13-14. Д. 36602. Л. 7-10; Д.33337. Л.39-40; Плоских В.М. Вакф медресе Алымбека //Страницы истории и материальной культуры Киргизстана (досоветский период).-Фрунзе: Илим, 1975.. -С.46.
  • Плоских В. М. Вакф… -С.50-52; Плоских В., Галицкий В. Старинный Ош. –Фрунзе, 1979. -С. 73; Захарова Е.А. Историко-архитектурное наследие города Ош. Конец XIX – нач. ХХ вв. -Дубай: Микросоник, 1997. -С. 7; Автор бул маалыматтарды бабалардын санжырасын, Алымбек датканын теги тууралуу мыкты билген чоң атасы Абыт, өз уруусундагы абалары Айткул, Абдрай ж.б. угуп, жазып алган; РУз. БМА. -Ф. И. -19. Оп. 1. Д.34947. Л. 2-3.
  • Материалы по истории киргизов и Киргизии. –М., 1973. -Вып.1.-С. 233-234; Бабабеков Х. Народные движения в Кокандском ханстве и их социально-экономические и политические предпосылки (XVIII-XIX вв). -Ташкент, 1990. –С.63-65; Валиханов Ч.Ч. //Собрании сочинений. В 5-ти томах. -Алмата, 1962. – Т. 2. – С. 200, 255.
  • Терентьев М.А. История завоевания Средней Азии. -СПб., 1906. – Т.1. – С. 252-259; Бабабеков Х. Народные движения… – С. 80.
  1. РУз. БМА. -Ф. И. -19. Оп. 1. Д.34947. Л.2-5; Плоских В.М. Вакф медресе…-С.49.

 Кенесариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы. -Б.,1998. -281-282,296,304-бб.

Меню