Menu

Алымкадыр Бейшеналиев

КР Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Германиядан кыргыз элине кайрылуусу

«Урматтуу, Кыргызстандыктар!

Менин үч орун басарым кызматтан кетүүмдү талап кылган маалыматтарынан кийин, алар боюнча туура чечим кабыл алууга убакыт келип жеткенине ишендим. Буга чейин алардын үстүнөн коомчулуктан келип түшкөн арыз даттануулар канчалык деңгээлде чын экенине көзүм жетти.

Кудай буюруп, иш сапардан келсем биринчи кезекте үч орун басардын ээлеген кызматтарына ылайыктуулугу тууралуу маселени карай турган болдум. Анткени, алар боюнча менин божомолдорум, шек саноолорум туура чыкты. Себеби, Ташиев, Бектурганов жана Рахматуллаевдер жүрүп жаткан реформаны саботаж кылып, анысы аз келгенсип бут тосушту. Жети-Өгүздөгү пара «спектаклинин» артында кимдер турганы азыр ачыкка чыкты. Анткени, алар билим берүү мекемелеринин ээлерине маалыматтарды ачыкка чыгарып, сулуулук салондордун иши боюнча сын-пикирлерге көңүл бурбай, фармацевтика тармагындагы мыйзам бузуулар, жеке клиникалардын жана лабораториялардын ишиндеги мыйзамсыз иш аракеттер, коомдук тамактануучу жайларындагы антисанитариянын сакталбагандыгынын натыйжасында массалык адамдардын уулануусу катталып жатат.

Бирок, санитардык тармагын караган орун басар буга өз учурунда көңүл бөлбөй «кайдыгер» мамиле жасап келген. Саламаттыкты сактоо системасын санариптештирүүнүн ишке ашпай калышы, донордук каражаттардын натыйжасыз пайдаланышы жана башка көптөгөн фактылар — медицина тармагынын кыйрашына алып келди, бул өңдүү жагдайлар системадагы коррупцияны жоюуга жолто болуп келе жатат. Ошол себептен, жарандар Мамлекеттик клиникаларда болобу же жеке ооруканаларда болобу медициналык кызматты толук алалбай жатышат.

Буга дал ушул үч орун басардын кайдыгер мамилеси, тажрыйбаларынын жетишсиздиги таасирин тийгизди. Учурунда тааныш-билиштин аркасы менен кызматка келип жаратылуу иш бүтүрбөй, эми анын жыйынтыгын коомчулук көрүп жатат. Орун басарлар иш бүтүрбөй коллектив арасында интрига, ички чыр-чатактар менен жана мени каралоо менен гана күн өткөрүп калышты. Ага карабай, мен акыркы учурга чейин алар менен иштешип, реформага жигердүү катышат, алдыдагы жооптуу иштерде бири-бирибизди түшүнүп, чогу иш алып барабыз деп үмүттөндүм.

Бирок андай болгон жок. Мен орун басарларымды тура эмес түшүнүп алыпмын. Сыягы, пандемия учурундагы коррупция боюнча жетекчилердин жазасыз калганы алардын мындан ары да өз кызыкчылыгы үчүн гана иштей аларына ишеним жараткан окшойт. Бүгүнкү арыздангандардын баары Саламаттыкты сактоо министрлигинде 10-20 жылдан ашык иштегендиктен, медицина тармагынын кыйрашына алардын тиешеси бар деп ишенимдүү айта алам. Демек, алардын Саламаттык сактоо министрлигинен бошотулушу бүтүндөй саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери үчүн да, жарандар үчүн да жеңилдик болот.

Эми таза абийир менен 2020-жылдагы пандемияда каржы жана гуманитардык жардамдын уурдалышын иликтеп, бардык маалыматты коомчулукка жеткирүүгө болот. Биз баштаган реформабызды аягына чейин чыгарабыз. Азыркы бут тосуулары, кайсы бир топтун мага карата кааралоосу. Бирок, мен буга сынбайм! Элим, Президентибиз колдоп турса медицина тармагына өзгөрүүлөрдү алып келебиз»

Министр Бейшеналиев УКМК эки жолу суракка алганын, азыр чет өлкөдө экенин билдирди

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) эки жолу суракка алганын 16-майда билдирди.

Министрдин сөзүнө караганда, УКМК кызматкерлери алгач 12-майда Жети-Өгүздө Медайымдар күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чарага байланыштуу ага суроо берип, видеого тартып алышкан. Бул иш-чарага медайымдар өздөрү 100 миң сом акча чогултканын министр кошумчалады. 14-майда ошол эле маселеге байланыштуу коопсуздук кызматы “Манас” аэропортунда да аны суракка алып, видеого тартышканын айтты.

Бейшеналиевдин айтымында, Жети-Өгүздө акча чырына байланыштуу кармалган кыз УКМК кызматкерлеринин коркутуусуна кабылып, алар менен жалгыз калтырбоону суранган. Андыктан ал арачы болуп, кызды үйүнө жеткирип, ата-энесинин колуна тапшырган.

“Кармаса кармасын. Эч кандай күнөөм жок да. Бир кызды ата-энесине бергеним үчүн камап коебу? Же жанагы 100 миң сомду албай койгонум үчүн камайбы? Кафеде төлөп жатканда алар ойлоптур да Бейшеналиевге берет, ошондо кармайбыз деп”, – деди министр.

Бейшеналиев Жети-Өгүздө суракка алганда аны “эл алдында абдан кемсинтишкенин”, кийин Бишкекке келгенде кызматтык машинасынын айдоочусуна ишке чыгууга тыюу салып, машинасын базага токтоттуруп коюшканын, такси менен жүрүүгө мажбур болгонун, аны суракка алгандардын бири менен сүйлөшкөндө “өйдө жактан буйрук берилген” дегенин айтып берди.

Бейшеналиев азыр Германияда иш сапарда жүргөнүн, Кыргызстанда 1-июнга чейин болбой турганын ырастады.

УКМК Жети-Өгүздө 100 500 сом пара алып жаткан жеринен Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоо министрлигинин координатору, Каракол шаарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору кармалганын билдирген.

Ал эми Бейшеналиевдин суракка алынганы жана анын айткандары тууралуу УКМК азырынча комментарий бере элек.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Нью-Йоркто өткөн ВИЧ/СПИД боюнча Жогорку деңгээлдеги жолугушууга катышты

Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев виртуалдык режимде 2021-жылдын 8-10-июнунда Нью-Йоркто өткөн ВИЧ/СПИД боюнча Жогорку деңгээлдеги жолугушууга катышты.

А.Бейшеналиев өз сөзүндө Кыргыз Республикасы ВИЧ-инфекциясынын дүйнөдө жайылышынын алдын алуу боюнча Глобалдык Максаттарды жана Туруктуу Өнүгүү Максаттарын колдой тургандыгын белгиледи. Кыргыз Республикасында ВИЧ-инфекциясы көйгөйүн чечүү боюнча күчтүү саясий милдеттенме бар, ал ВИЧ-инфекция чөйрөсүндө беш Улуттук беш жылдык программаны кабыл алууда (1997-жылдан бери) жана акыркы Мамлекеттик Программа ВИЧ/СПИД боюнча 2016-жылдагы Саясий Декларациянын максаттарын жана сунуштарын эске алуу менен иштелип чыккан.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри белгилегендей, ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү боюнча улуттук иш-чара биринчи кезекте профилактикалык жана диагностикалык программаларды кеңейтүүгө, анын ичинде тез тестирлөөнү жана негизги топтордун жана калктын арасында ВИЧти жалпы дарылоону камтыйт. Буга байланыштуу, Кыргызстан өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен, жаңы Саясий декларациянын кабыл алынышын колдоду.

Жогорку деңгээлдеги жолугушуунун алкагында панелдик талкуулар жана презентациялар да өткөрүлдү.

Иш-чарага мүчө-мамлекеттердин,  эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун 140ка жакын өкүлдөрү катышты.

Меню