Menu

Ата-Мекен партиясы

Шаардык сот Кемпир-Абад иши боюнча кармоолорду мыйзамдуу деп тапты

Бишкек шаардык соту массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүүгө шек саналгандардын бөгөт чарасын жана алардын кармалышынын мыйзамдуулугун карап жатат.

Ага ылайык “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Перизат Суранованын, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин жана жарандык активисттер Али Шабдан, Атай Бейшенбек жана Таалай Мадеминовдун кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Ушул эле күнү аты аталгандардын бөгөт чарасы дагы каралары кабарланды.

Буга чейин сот Журабаева менен Мадеминовдун бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Алар Биринчи май райондук сотунун чечими менен 20-декабрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камалган.

Мындан сырткары 9-ноябрда активист Айбек Бузурманкуловдун, саясатчылар Клара Сооронкулова, Кубанычбек Кадыров, Нурлан Асанбековдун бөгөт чарасы каралары айтылган.

23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги аларды жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо.

Бир катар укук коргоочулар тынч жыйындар мыйзамга каршы келбей турганын айтып, камоолорду оппозицияга кысым катары баалады.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар буга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, кыргыз бийлигин жапырт камалгандарды тез арада бошотууга чакырды.

Нарындын экс-губернатору, экс-"Ата-Мекенчи" Адылбек Эсенбеков бирөөнү сабаганы үчүн камакка алынды

2010-жылдын апрелиндеги куралдуу мамлекеттик төңкөрүштөн кийин “Ата-Мекен” партиясы Нарын облусуна губернатор кылып дайындаткан “Камазист” каймана аты менен белгилүү атамекенчи Адылбек Эсенбеков июнь айында КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Ден соолукка оор залал келтирүү») боюнча камакка алынганы тууралу маалымат таратылды.

Азырынча анын кылмышы боюнча укук коргоо органдары кеңири маалымат бере элек.

Сот "Ата-Мекенчи" экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевди Кумтөрдөгү коррупция боюнча 30-сентябрга чейин камакка алды

Бүгүн, 18-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Кумтөр” алтын кениндеги коррупция фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 16-сентябрда кармалган “Ата-Мекен” партиясыныны мүчөсү, экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевди 30-сентябрга чейин тергөө абагына камакка алды.

Жоомарт Оторбаев “Ата-Мекен” партиясынын Саясый кеңешинин мүчөсү катары 2010-жылдагы парламенттик шайлоого аталган партиянын тизмесинин курамында катышкан. Шайлоодон соң  жеңүүчү партиялардын бири катары “Ата-Мекен” партиясына бир нече министрлик жана вице-премьер-министрлик кызматтары бөлүнгөндө Жоомарт Оторбаев 2011-2012-жылдарда вице-премьер, биринчи вице-премьер кызматтарын аркалаган.

2014-2015-жылдары Жоомарт Оторбаев Ата-Мекен” партиясынын атынан КР Премьер-министри болуп шайланып, кыргыз өкмөтүн башкарган.

Ошол жылдары КСДП жана “Ата-Мекен” партияларынын тымызын колдоосу менен Канадалыктарга Кумтөрдөгү Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн талкалоого парламент аркылуу мыйзам өткөрүп, жол ачып беришкен.

«Кумтөр» кылмыш иши боюнча экс-Премьер-министр, "Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү Жоомарт Оторбаев кармалды

УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу «Кумтөр» кенин иштетүү долбоорун ишке ашыруунун ар кандай этабындагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

2021-жылдын 16-сентябрында жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгына жана иште алынган далилдерге таянып, тергөө өлкөнүн экс-премьер-министри Жоомарт Оторбаев УКМКнын терөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайынын кармоо чечимин кабыл алган.

Тергөөдө аныкталгандай, Ж.Оторбаев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп турган кезде, КР Өкмөтүнүн алдындагы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Кумтөр кенинин башкы планынын алкагында айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо үчүн, Кыргыз Республикасынын “Суу жөнүндө” Суу кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен, Кумтөр Голд Компанинин («Центера Голд Инк.») чет элдик компаниясынын кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн мындан ары жок кылууга макулдук берген.

Кармалган Ж.Оторбаевди ведомстволор аралык тергөө тобу аны менен тергөө аракеттерин жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча жакынкы 48 саатта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан бөгөт коюу чарасы каралмакчы.

Меню