Menu

Аткезчилик

УКМК: Таласта мыйзамсыз ташып келинген 3 миллион сомдук 36 тонна күйүүчү май кармалды

КР УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө күйүүчү-майлоочу майларды милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөстөн мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, 2023-жылдын 7-январында Талас районунун Кара-Ой айылында 1977-ж.т. Н.А.А. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы мамлекеттик номери 08 KG 874 AAN “ДАФ” үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Текшерүү учурунда тиешелүү документтери жана цистернанын капкактарында контролдук пломбалары жок 36 тонна (баасы 3 млн сомдон ашык) күйүүчү-майлоочу майлар бар экени аныкталган.

Учурда күйүүчү-майлоочу майлардын келип чыгышынын бардык жагдайларын изилдөө, ошондой эле милдеттүү салыктыкты төлөбөй коюу түрүндөгү зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Баткенде 30 тонна минералдык жер семирткичти контрабандалык жол менен коңшу өлкөгө алып өтүүгө аракет кылган аткезчилер кармалды

КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, И.Акыбаевдин башкаруусунда 08KG155AKT мамлекеттик номурлуу «Volvo FH» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа 30 тонна (карбамид) минералдык жер семирткич менен коңшу тарапка алып өтүүгө аракет кылган учурда кармалган.

  Айдоочунун айтымында, ал бул жүктү Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарында жайгашкан кампалардын биринен Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылына алып келген.

  Жүктү таразага тартууда «Кольцо» транспорттук контролдоо пунктунун кызматкерлерине ашыкча салмагы үчүн 113 миң 500 сом айып салынды.

  Көрсөтүлгөн жүктүн чыныгы ээси – Кулунду айылынын тургуну жана аткезчилик менен алектенген Жолчиев Артык Бакирдинович экендиги аныкталды.

  Аталган факты Автоматташтырылган маалымат системаларынын маалымат журналына катталып, ишти аныктоо боюнча тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Баткенде контрабандалык жүк ташыган «Тойота Превиа» жана «Хюндай Портер» үлгүсүндөгү 2 унаа мамлекетке конфискацияланды

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин контрабандага каршы аракеттенүү жаатындагы тапшырмаларын аткаруунун алкагында Баткен облусунун аймагында аткезчилик жүк ташыган 2 автоунаа конфискацияланды.

Алсак, КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы, «Баткен» бажысы жана КР УКМКнын чек ара кызматы менен биргеликте, 25-сентябры жана 15-октябрында контрабандалык жүк ташыган Т.М.А. башкаруусундагы «Тойота Превиа» жана «И.С.Р.» «Хюндай Портер» үлгүсүндөгү унаалар кармалган.

2022-жылдын 18-ноябрында Баткен райондук сотунун чечиминин негизинде, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандыгы боюнча эки автоунаа тең мамлекеттин эсебине конфискацияланды.

Бажычылар Ошто аткезчилик менен келе жаткан 2.000.000 сомдук импорттук тамекилерди кармашты

Түштүк-Батыш бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө Ош шаарында «Хонда Stepwgn» үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алышкан.

Унаа каражатын текшерүү учурунда акциздик маркалары жана жүк коштоочу документтери жок 20 кутуда 50 блок (10 000 пачка) көлөмүндө «111 Gold» маркасындагы тамеки табылган.

Баалоочу компаниянын экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын баасы 500 миң сомду түзгөн.

Ушундай эле контрабанда фактысы «Mercedes-Benz Atego» үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда аныкталган.

Жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда төмөнкү маркадагы акциздик маркалары жана жүк коштоочу документтери жок тамеки табылган:

– “Oris Hi Tech Hollow Filter”, 50 блоктон (4500 таңгак) 9 куту өлчөмүндө;

– “Oris Elite”, 50 блоктон 30 куту өлчөмүндө (15 000 таңгак);

– “MG Carbon”, 50 блоктон 10 куту өлчөмүндө (5000 таңгак);

– “Milano New York”, 50 блоктон 12 куту (6000 таңгак).

Баалоочу компаниянын экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын баасы 1 510 000 миң сомду түзгөн.

Көрсөтүлгөн фактылар КБР МЭЖ АМСта катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык караштуулуга боюнча өткөрүлүп берилген.

УКМК: Баасы 4.000.000 сомдон ашык контрабандалык дары-дармектер кармалды

 КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК чек ара кызматынын “Чоң-Капка унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкерлери менен биргеликте Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, 2022-жылдын 14-ноябрында “Чоң-Капка унаа жол” постунда Кыргыз Республикасынын жараны А.Б.А. башкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү  “02 KG 314 ABR” мамлекеттик номуру жүк ташуучу унаа кармалган. 

Айдоочу көрсөткөн документтерде жүк үй буюмдары катары көрсөтүлгөн. Бирок, жогоруда аталган унааны дыкаат текшерүүдө тиешелүү уруксат кагаздары жана коштоочу документтери жок болгон, болжол менен баасы 4 000 000 сомдон ашык дары-дармектер жана башка товарлар табылган.

Азыркы учурда бул факты боюнча салык төлөөдөн качуу түрүндөгү зыяндын өлчөмүн аныктоого багытталган сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

УКМК: Коңшу мамлекеттен аткезчилик менен алып келинген $2.750.000 мамлекеттин казынасына чегерилди

КР УКМК тарабынан контрабандага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш-чаралардын алкагында, 2022-жылдын 15-октябрында Баткен районунун Кара-Бак айылында Кыргыз Республикасынын жараны Т.А.М. (аткезчиликке тиешеси бар адам катары белгилүү болгон, Баткен райондук соту тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренеси “Милдеттүү түрдө акциз салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү” боюнча соттолгон.) башкаруусундагы “O 9240 AG” мамлекеттик номурлу “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа кармалган. 

Унааны тинтүү учурунда КР аймагына коңшу мамлекеттен мыйзамсыз алып келинген 6 брикет желим баштыктарга скотч менен оролгон 2 млн 750 миң АКШ доллары өлчөмүндө накталай акча каражаты табылган. 

Бул факты боюнча КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 2022-жылдын 16-октябрында кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында экономикалык аткезчилик менен алектенген адамдар аныкталып, Баткен шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

2022-жылдын 10-ноябрында Баткен райондук сотунун өкүмү менен бул акча каражаттарын ташууну уюштурууга катышкан Кыргыз Республикасынын жарандары К.Р.О., К.Н.Б., К.К.К., С.Ж.Н., Б.Е.А. жана Т.А.М. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, ар бирине 150 000 миң сомдон айып салынган жана 2 миллион 750 миң АКШ доллары (227 миллион 186 миң 850 сом) мамлекетке чегерилген.

УКМК: Контрабандалык насвай ташыган “Хонда-Фит” унаасы конфискацияланды

УКМК тарабынан Баткен облусунун аймагында контрабандага каршы күрөшүүнүн алкагында 2022-жылдын 7-октябрында Кара-Бак айылынын чек ара тилкесинде Кыргыз Республикасынын И.К.А. аттуу жаранынын башкаруусундагы  “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаа кармалып, анын ичинен көп сандагы “насвай” табылып алынган.

Аталган фактынын негизинде КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын “Баткен” бажысы тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 372-1-беренесинин 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголгон.

2022-жылдын 9-ноябрында Баткен райондук соту Кыргыз Республикасынын Президентинин улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргоого жана контрабандага каршы күрөшүүгө багытталган чараларды күчөтүү боюнча тапшырмасына ылайык, И.К.А. күнөөлүү деп таап, унаасын мамлекетке чегерүү чечимин чыгарды.

УКМК: Тажикстандан аткезчилик менен Кыргызстанга алынып келе жаткан 2160 бөтөлкө "Ягуар" алкоголдук ичимдиги кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК Баткен облусунун аймагында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында, 2022-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын аймагына Тажикстан Республикасынан аткезчилик жол менен алынып келинген 2160 бөтөлкө көлөмүндөгү “Ягуар” ичимдиги алкоголдук продукция аныкталган.

Көрүлгөн чаралар менен жогорудагы мыйзамсыз аракетке катышкан Кыргыз Республикасынын жараны К.А.А. бул алкоголдук продукцияны мыйзамсыз алып келүү фактысын тастыктаган, ошол эле учурда кылмышка шектүү дагы бир шериги жүк ташуучу унаада Тажикстан Республикасынын аймагына качып кеткен.

Учурда бул факты боюнча процессуалдык документтер түзүлүп, тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

«Баткен» бажысы 247.000 сомдук 310 кг марлини ташып бараткан аткезчини кармады

«Баткен» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кадамжай шаарынын аймагындагы бажы эрежелерин бузуу фактыларына  жана контрабандага бөгөт коюга жана аныктоого багытталган пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө, КР жараны «А.Б.Т.у.» башкаруусундагы «ДЭУ-Дамас» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган.

Автотранспорт каражатынын салонунан текшерүү учурунда, ЕАЭБ бажы аймагында сатуу үчүн бажыга тиешелүү товар коштоочу документтери жок түрмөктөлгөн марли табылган.

Жүктүн жалпы салмагы 310 кг, ал эми кармалган жүктүн баасы 247 000 сомду түзгөн. Бул факты боюнча айып салынып, 60 000 сом өндүрүлгөн, 30 258 сом зыяндын орду толтурулган.

«Баткен» бажысы Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 15 тонна карбамид жана аммиак селитрасын кармады

«Баткен» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте бажы эрежелерин бузуу фактыларына бөгөт коюуга жана аныктоого багытталган бажы көзөмөлүнүн жүрүшүндө Баткен районундагы «Развилка» мобилдик постунда КР жараны «З.Ж.К.» башкаруусундагы «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган. Бул тууралу КР Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү учурунда автоунаанын салонунан Өзбекстан Республикасында өндүрүлгөн «Карбамид» жана «Аммиак селитрасы» үлгүсүндөгү минералдык жер семирткичтер табылган. Кармалган жүктүн жалпы салмагы 7000 кг, баасы 300 000 сомду түзгөн. Жүктүн ЕАЭБ аймагына алып кирүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган эч кандай коштомо документтери жок болгон.

Бул факты боюнча 60 000 сом айып салынды жана өндүрүлдү, 45 486 сом суммасында зыяндын орду толтурулган.

Ушундай эле кармоону Баткен бажысынын кызматкерлери КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Баткен-Ош унаа жолунда да жүргүзүшкөн. КР жараны «Г.К.Я.» башкаруусундагы «Mercedes-Benz» маркасындагы жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда «Карбамид» жазуусу бар 177 кап минералдык жер семирткичтер табылган. Товардын жалпы салмагы 8850 кг, баасы 424 800 сомду түзгөн.

Бул факты боюнча 60 000 сом айып салынды жана өндүрүлдү, 82 964 сом суммада зыяндын орду толтурулган.

Меню