Menu

Бажы биримдиги

ЕАЭБ: Кыргызстан кайрадан биримдиктеги тоскоолдуктарды атады

Бүгүн, 26-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Кеңири форматтагы жыйындын башында сүйлөгөн Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биримдикте товарларды, жумушчу күчүн жана капиталды эркин жүгүртүүдө тоскоолдуктар болуп жатканын жана аны чечүүнүн механиздерин иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

2022-жылы Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылып жатат.

Жыйынга катышуу үчүн Азербайжандын премьер-министри Али Асадов, Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов, Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышууда.

ЕАЭБ өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынынын алкагындагы расмий иш-чаралар 25-августта башталып, уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары тар чөйрөдө жыйынга чогулушкан. Ушул эле күнү аларды президент Садыр Жапаров кабыл алып, эмгек миграциясы биримдиктеги өлкөлөрдө актуалдуу көйгөй экенин белгиледи. Мамлекет башчы артыкчылыктуу багыттардын бири уюмга мүчө өлкөлөргө каттаган жумушчулар үчүн тиешелүү шарттарды түзүү керектигине көңүл бурду.

Евразия экономикалык биримдиги 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

ЕАЭК Нур-Султанды кыргыз-казак чек арасындагы тоскоолдуктарды жоюуга чакырды

Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕАЭК) өкүлдөрү кыргыз-казак чек арасына барып, өткөрмө бекеттердин иши менен таанышып келишти. Бул тууралуу 9-июнда Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, сапардын жүрүшүндө “Кордай” жана “Карасуу” өткөрмө бекеттеринде Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери иштеп, бардык жүк ташуу унааларына карата салык чараларын көрүп жатканы аныкталган. Бул Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) тууралуу келишимдин бардык нормалары менен негизги принциптерине каршы келет.

Экономика министрлиги чек арадан өткөн жүк ташуучу автоунаалардын саны боюнча Казакстандын Чек ара кызматы менен Мамлекеттик кирешелер комитетинин маалыматтарында айырмачылыктар бар экенин аныкталганын билдирди.

“Делегация казак тарап берген маалыматтар туура эмес жана күмөндүү экенин, анын үстүнө алар кыргызстандык экспортерлордун беделин түшүрүү максатында фальсификация катары каралып жатканын белгиледи. Бул фактыларды эки тараптын жүк ташуучу айдоочулары да айтышкан”, – деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Сапардын жыйынтыгында делегация казак тарапты ЕАЭБ жөнүндө келишимдин нормалары менен жоболорун сактоого, ошондой эле чек арадагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө чакырышкан.

Казак-кыргыз чек арасында маал-маалы менен жүк ташуучу унаалардын кээде бир нече чакырымга созулган узун кезеги болуп турат. Көзөмөлдүн күчөтүлүшү эки элдин чыр-чатак бутасына айланып, эксперттер муну “соода согушу” деп атап жүрүшөт. Убагында талаш Дүйнөлүк соода уюмуна чейин жеткен. Ошол эле маалда эки өлкө тең ЕАЭБдин мүчөсү. Уюмдун жобосунда биримдикке мүчө мамлекеттер арасында эркин товар ташууга уруксат берилген.

Апрелде өкмөттүк топтордун сүйлөшүүсүнөн кийин Бишкек менен Нур-Султан Казакстан тарап электрондук эсеп-фактурасын текшербейт деген чечимге келген. Кыргыз тарап автоунааларды документи жок чыгарбайт деген милдеттенме алган.

Бирок майдын башында Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети айрым кыргыз ишкерлери жетишилген макулдашуулардан пайдаланып, Казакстанга аткез жүктөрдү алып кирүү боюнча “өз схемаларын” ишке ашырып жатканын билдирген.

Майдын аягында эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев Бишкекте жолугуп, чек арадагы тыгындарды болтурбоо үчүн болгон аракеттерди көрүүнү макулдашкан. Бирок андан бери өткөрмө бекеттердеги абал өзгөрбөй, кезек күткөндөрдүн саны кайра көбөйгөнү кабарланууда.

Кыргызстан менен Казакстан жүк ташуучулардын маселесин 19-апрелде талкуулайт

Кыргызстан менен Казакстандын тийиштүү мамлекеттик органдарынын катышуусунда эки өлкөнүн чек арасындагы кезекте турган жүк ташуучу машинелердин маселеси боюнча кескин чараларды кабыл алуу үчүн видео байланыш режиминде кеңешме өткөрүлөт.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын вице-премьер-министри, соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун жолугушуусунда макулдашылганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Алар 15-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынынын алкагында Москва шаарында жолугушкан. Анда Кожошев Казакстан менен болгон макулдашуу ишке ашпай жатканын айткан.

“Биз документтери туура эмес же такыр жок болсо, казак тарап мындай унааларды артка кайтарып берет деп макулдашканбыз. Иш жүзүндө жүк ташуучу унаалардын кезеги күн өткөн сайын көбөйүүдө”, – деди Кожошев.

15-апрелде Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Кыргызстандын ал өлкөдөгү элчиси Дастан Дуйшекеевди кабыл алып, кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучулардын маселеси талкууланган.

11-апрелде Казактандын чек арасындагы “Ак-Тилек-Карасу” өткөрмө бекетинде 300дөй жүк ташыган машиненин тыгыны пайда болгон. Казакстан тарап анын себебин түшүндүрө элек.

Импортко көз каранды Кыргызстан үчүн Казакстан башкы транзиттик жол болуп эсептелет. Казакстан тарап Кыргызстан аркылуу жүк алып киргендерге эрежелерди катаалдаштырып, түйшүк жараткан учурлар көбөйдү.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

Меню