Menu

Байрактар

УКМК: Тажик тарап түркиялык “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарын сатып алган эмес

Тажик тарап түркиялык “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарын сатып алганы тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан маалыматтын алкагында, алынган ишенимдүү маалыматтарга караганда, тажик тарап “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарды чыгаруучу “Байкар Макина” компаниясы менен, ошондой эле башка түркиялык ушуга окшогон өндүрүүчүлөр менен учкучсуз учуучу учактарды сатып алуу боюнча келишим түзбөгөндүгүн маалымдайбыз.

Буга байланыштуу тажик тарап түркиялык “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарын сатып алганы тууралуу маалымат такталбаган маалымат.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасы Борбордук Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо үчүн бардык күч-аракетин жумшап, тынчтык жана жакшы коңшулук саясатын жүргүзүп жатканын маалымдайбыз. Кыргыз тарап сатып алган түрк учкучсуз учуучу учактары Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Борбордук Азия мамлекеттерине террордук жана диний-экстремисттик коркунучтун жогору болуп жаткандыгына байланыштуу коргонуу максатында гана алынган. Кыргыз тарап коңшу мамлекеттерге карата агрессивдүү саясатты эч качан карманган эмес жана карманбайт.

КР УКМКнын Чек ара кызматын куралдануусуна «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттар келип түштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын куралдануусуна берилген «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттарды көрүп чыкты.

Мамлекет башчыга бул аппараттарды башкаруу системасы тууралуу айтып, алардын ишин көрсөтүштү.

Аталган аппараттар толугу менен республикалык бюджеттин каражаттарына сатылып алынды   жана өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик чек араларды кайтаруу үчүн колдонулат.

Кыргызстан Түркиядан жана Орусиядан учкучсуз учактарды сатып алууда

Кыргызстан Түркиядан “Байрактар”, ал эми Орусиядан “Орлан-10” деп аталган учкучсуз учактарды сатып алууда. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 21-октябрда журналисттерге билдирди.

“Биз бул техникаларды мамлекеттик бюджеттен сатып алып жатабыз. Жакында Түркиядан “Байрактар” алып келинет, андай курал дүйнөдө беш эле мамлекетте болсо, анын бири биз болобуз. Орусиядан дагы “Орлан-10″ деген аталыштагы учкучсуз учак сатып алдык. Аны башкаруучу адистерибиз да ошол жактан окуп келишти. Мындан ары биз курал-жаракты өзүбүздүн акчабызга өзүбүз сатып алууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлдү. Президент тапшырма берди, биз аткарып жатабыз”.

Камчыбек Ташиев аскердик техника сатып алууга бюджеттен канча акча сарпталганын ачыктаган жок.

21-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматына жаңы аскердик техникалар тапшырылды. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты. Зооттолгон 40 даана транспорт Чек ара кызматынын өздүк курамын чыңдоо жана өлкөнүн мамлекеттик чек арасын бекемдөө үчүн сатылып алынган.

Президент Садыр Жапаров быйыл жайында Түркияга расмий иш сапар менен барган. Сапар алкагында түрк тарап Кыргызстандын Коргоо министрлигине гранттык негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтүү ниети бардыгы кабарланган.

Меню