Menu

Бакыт Төрөбаев

Бакыт Төрөбаев күз-кыш мезгилине карай даярдыктын жана Түндүк-Түштүк жол тилкелеринин курулушунун жүрүшүн көзөмөлдөдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Нарын жана Ысык-Көл облустарына жумушчу сапарынын алкагында күз-кыш мезгилине карай даярдыктын жана жолдордун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Жумгал районундагы Кара-Кече кенинде Бакыт Төрөбаев «Шарбон» жабык акционердик коомунун жана «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчилери менен жолугушту, алар көйгөйлүү маселелерди ортого салды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары мамлекеттик органдарга көмүр ишканалары көтөргөн маселелерди чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Буга катар Бакыт Төрөбаев өнөр жай жана экологиялык коопсуздук ченемдерин тыкыр сактоо менен жакын арада көмүр ташуу иштерин баштоо зарылдыгын белгиледи жана көмүр казуу ишканаларынын жетекчилерине Бишкек шаарынын ЖЭБине жана калкка көмүр ташуу боюнча өз милдеттенмелерин аткарууну сунуштады.

Андан соң Бакыт Төрөбаев Балыкчы шаарындагы отун базасында жеке ташуучулар менен жолугушту. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары алардын көйгөйлөрүн угуп, алдыдагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүүдө көмүр ташуучулардын ролу чоң экенин белгилеп, мамлекеттик органдарга жана «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына ташуучулар тараптан көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү боюнча тапшырмаларды берди.

Бакыт Төрөбаев ошондой эле Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу менен таанышты. «Кыргыз темир жолу» Улуттук Компания» Мамлекеттик Ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев темир жолдун курулушунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. 1 км темир жол салынган, учурда төмөнкү жолдор салынып жатат. Белгилей кетсек, «Кыргыз темир жолу» УК» МИ узундугу 63 чакырымды түзгөн «Балыкчы-Кочкор» темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатат.

Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары Жумгал жана Кочкор райондорундагы Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу менен таанышып, курулушчуларга сапатка басым жсоо менен ишти тездетүүнү сунуштады.

Бишкек-Жалал-Абад жолунун узундугун 150 чакырымга кыскарта турган “Бишкек – Белогорка – Суусамыр” автожолу салына турган болду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев болжол менен 6 км узундуктагы туннелди орнотуу менен “Бишкек – Белогорка – Суусамыр” (Бишкек шаарынын түштүк айланма жолу) автожолунун курулушун пландаган долбоор менен жеринде таанышты.

Долбоор ишке ашса, чукул бурулуштуу жолдордун тармакталышын жана калктуу конуштарды айланып өтүүчү жолдорду эске алуу менен жолдун узундугу 120 чакырымды түзөт. Бул жол Бишкек-Жалал-Абад жолунун узундугун 150 чакырымга кыскартууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, заманбап транспорттук инфраструктура ишкердикти жана жаңы туристтик маршруттарды өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзөт.

Долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында потенциалдуу инвесторлор арасында тиешелүү сынак өткөрүү менен ишке ашыруу пландаштырылууда.

Бакыт Төрөбаев бул автожолдун транспорт тармагы үчүн маанисин баса белгилеп, курулуштагы заманбап ыкмаларды, жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун жана жол жээгиндеги тийиштүү инфраструктураны эске алуу менен долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин өз убагында жана сапаттуу иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, транспорт тармагын өнүктүрүү боюнча милдеттер Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген 2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасында белгиленген.

Бакыт Төрөбаев «Санарип аймак» маалыматтык тутумун ишке киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Учурда бул маалыматтык тутум 484 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ишке киргизилип, иштеп жатат (бул 452 айыл өкмөт жана 32 шаар мэриясы).

Мамлекеттик колдоого муктаж үй-бүлөлөр жөнүндө маалыматтардын толуктугун, актуалдуулугун жана аныктыгын камсыз кылуу максатында «Санарип Аймак» автоматташтырылган маалыматтык тутумуна киргизилген «Аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспорту» функционалдык модулу иштелип чыккан.

Буга чейин тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн электрондук социалдык паспортторун толтуруу иштин жыйынтыктоо тапшырмасы берилген. Бул иштердин жыйынтыгында бардык 219 миң 704 социалдык паспорт түзүлүп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жалпы санынын 100%ын түзөт.

Бакыт Төрөбаев жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмаларды берди, анын ичинде «Санарип аймагы» системасын толтурууну тездетүү жана «Санарип аймак» аркылуу кожолуктарды толтуруу, катталган тургундардын жана ал аркылуу берилген маалымкаттардын көрсөткүчтөрүн 2022-жылдын август айына карата 75% га чейин жеткирүү тапшырмасын берди.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн интерактивдүү социалдык картасын иштеп чыгуу тапшырылды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жумабек Абировго барды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жумабек Абировдон кабар алды.

Бакыт Төрөбаев ардагердин кандуу согушта көрсөткөн эрдигине жана баатырдыгына терең ыраазычылыгын билдирип, туулган күнү менен куттуктады.

«Сиздин 9-май – Улуу Жеңиш күнүндө төрөлгөнүңүз символикалуу. Бүгүн сиз 98 жаштасыз. Сизге чын дилимден чың ден соолук жана бакубат жашоо каалайм. Биз сиздерге жана согуштун бардык катышуучуларына, тыл эмгекчилерине алардын каармандыгы жана өздөрүнө берилгендиги үчүн терең ыраазыбыз.  Силер жана эр жүрөктүк менен каза болгондордун бардыгы бизге бейпил жана бактылуу жашоону тартууладыңар. Сиз менин чоң атам Мелебай Төрөбаевдей Сталинграддын жанында согушкансыз. Тилекке каршы, жыл өткөн сайын согуш ардагерлери азайып баратат, бирок алардын теңдешсиз эрдиктери түбөлүккө сакталат», – деди Бакыт Төрөбаев. Ал Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына карата ар бир ардагерге 100 миң сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн КР Президенти 10 млн 807 миң сом бөлүү тууралуу буйрукка кол койгонун кошумчалады.

Согуш ардагери Жумабек Абиров жылуу куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, келечек муун үчүн тынчтыктын маанилүүлүгүн белгиледи.

«Мен биздин балдарыбыз, неберелерибиз жана келечек муундарыбыз биз барган согуштун бардык коркунучтуу жана оор сыноолорун эч качан баштан кечирбесин каалайм. Элге тынчтык, биримдик гана керек. Элибиз, мамлекетибиз гүлдөп, өнүгүп-өссүн!», – деди ал.

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Абиров Жумабек 1924-жылы 9-майда туулган. Ал 1942-жылдан 312-аткычтар полкунун составында фронтто салгылашкан. Жумабек Абиров Жуков атындагы медалы жана көптөгөн юбилейлик медалдар менен сыйланган. Согуштан кийин айыл чарбасында иштеген.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын м.а. Бакыт Төрөбаев Президенттин Администрациясынын жамаатына тааныштырылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси  Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жамаатына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Бакыт Төрөбаевди тааныштырды.

Акылбек Жапаров анын ишине ийгиликтерди каалап, Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир нече чакырылыштагы депутаты болгондугун жана Министрлер Кабинетинде иштөө үчүн тийиштүү билимге жана тажрыйбага ээ экендигин белгиледи.

Министрлер Кабинетинин башчысы Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жаңы орун басарынын алдына азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, өнөр жайды жана реалдуу секторду өнүктүрүү, айыл чарбаны колдоого алуу  боюнча милдеттерди койду.

Бакыт Төрөбаев КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Төрөбаев Бакыт Эргешевич Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна дайындоого Төрөбаев Бакыт Эргешевичтин талапкерлигин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизүү токтом кылынат.

Меню