Menu

Баткен

Баткенде 1000 гектар жерге суу жеткире турган Кара-Кол каналынын курулушу жүрүүдө

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагындагы Кара-Кол каналынын курулушунан кабар алды.  

Узундугу 14 км болгон каналды куруу, калыбына келтирүү иштери аткарылууда.

Бул ири долбоор үчүн  республикалык бюджеттен 27 млн сом каралса, Агахан эл аралык уюумунан 26млн сом грант берилген. 

Ирригациялык обьекттин курулушу менен 1000гектар жер сугат суу менен камсыз болуп, жакынкы айылдарга кошумча  суу берүү жакшырат. 

Азыркы учурда  тоо арасындагы капчыгайдын  ичиндеги Сары-Таш, Таңги участкасында темир суу түтүктөрүн сваркалоо, монтаждоо иштери жүрүп жатса, Ак-Терек участкасында каналды бетондоо жана даярдоо иштери жасалууда. 

Тийиштүү адистер белгилегендей,  Советтер союзу мезгилинде бул  долбоорду ишке ашыруу  аракеттери болгон, бирок курулуштун татаалдыгынан  толук ишке ашпай, канал пайдаланылбай калган. 

Аба ырайына байланыштуу каналды кум, шагыл, таштар басып калып, “Алтын-Бешик” тоолорунан агып түшкөн мөңгү суусунун нугу жоголуп, узак жылдар бою жерге сиңип жаткан. 

Бул каналды куруу зарылчылыгын изилдеп чыккан облус башчысы  Абдикарим Алимбаев, аймактын сугат суу муктаждыгын чечүүдө каналдын зор маанисин эске алып, курулушту колго алган. 

Натыйжада каналдын курулушу башталып, суу көбөйгөн учурда 1 куб көлөмдөгү сууну пайдаланууга шарт түзүлүүдө.  

Облус башчысы курулуштан жума сайын кабар алып, өз мөөнөтүнө бүтүрүү үчүн бардык аракеттер көрүлөөрүн, зарыл болсо  ашар ыкмасы менен болсо да жумушчу күч маселеси чечилээрин белгиледи.

Каналдын курулушун 2023-жылдын ноябрь айына  бүтүрүү пландалган.

Баткен: курулуш материалдарын саткан ишкерлер нааразылыкка чыкты

Баткен шаарында облустук администрациянын алдында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөр үчүн курулуш материалдарын саткан ишкерлер нааразылыкка чыкты.

Алар Достук айылын калыбына келтирген өзбекстандык ишкер алардан 7 миллион сомдон ашык акчага курулуш материалдарын алып, төлөбөй качып кеткенин айтып, аны менен келишим кандай шартта түзүлгөнү тууралуу түшүндүрмө берилишин талап кылышты.

Нааразылыкка чыккандар менен президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев жолугуп, эки күн убакыт берүүнү, Өзбекстан менен байланышып ишкерди табууга аракет жасаларын убада кылды.
Өткөн айда бул маселе Жогорку Кеңеште Баткендеги курулушка байланыштуу маселе көтөрүлгөн. Депутат Нурлан Ражабалиев анда президенттин жана өкмөтүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, чара көрүлүшү керектигин билдирген.
“Баткенде калыбына келтирүү жумуштарынын абалы жакшы эмес. Жалпы жумушту “Аманат курулуш инвест” компаниясы алган. Ал “Доор курулуш” деген субподрядчыга берген. Өз маалында алар бештен-ондон кылып дагы башка жалданма компанияларга таратып салган. Эки айда бүтүрөбүз деген жумуш мына жетинчи айга кетип жатат, бүтө элек. Биздин жарандарыбыз үйлөрүнө кире албай жүрөт. Куруучулар айлык-маяналарын бүгүнкү күнгө чейин алалбай жүрөт. Ошол жердеги дүкөндөрдөн канчалаган материалдар алынган экен. Тамак бышырып иштеген ашпозчулар бар экен. Субподрядчы менен ал жалдаган суб-субподрядчынын ортосундагы мамиледен биздин эл кыйналып атат. Андан сырткары Өзбекстандан дагы жумушчулар келип иштеген экен, алар дагы акчасын күтүп кете албай жүрүшөт”,-деген Ражабалиев.
Анын алдында “Ишеним” фракциясы Баткенде курулуп жаткан үйлөр боюнча Мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун орун басары Азирет Акимовдун маалыматын уккан. Анда бир катар депутаттар курулуш кечеңдеп жатканын сынга алышкан.
2022-жылы 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта Кыргызстан тарап 8 млрд. сомдон ашуун зыян тартканы маалымдалган. Баткен облусу боюнча жалпысынан 426 үй жашоого жараксыз абалга келген. Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Достук жана Капчыгай айылдары дээрлик толугу менен өрттөлүп, тонолгон. Турак жайларды калыбына келтирүү үчүн өкмөт 1 млрд. 300 миллион сомдон ашык каражат бөлүп, октябрда иш башталган.
Кан төгүү менен коштолгон соңку жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.
Кыргызстан кандуу кагылышта 60тан ашуун жаранынан айрылган. 200дөн ашуун адам жарадар болгон. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун расмий билдирген. “Озоди” чек арада каза тапкан делген 80 ашуун кишинин тизмесин жарыялаган. Эки тарапта тең каза болгондор арасында балдар бар.

УКМК: Баткенден Тажикстанга 10,5 тонна пиязды аткезчилик менен экспорттоп жатышкан үч жүк ташуучу унаа кармалды

Кечээ, 31-мартта КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Тажикстан Республикасынын аймагына жашылча-жемиштерди мыйзамсыз алып өтүү боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюлду.

Баткен областынын «Жаңы-Бак-Маргун-Арка» айланма унаа жолунда, жалпы салмагы болжол менен 10 500 кг болгон пияз түрүндөгү жашылча-жемиш жүктү Тажикстан Республикасынын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда, Баткен облусунун Лейлек районунун тургундарынын башкаруусундагы Кыргыз Республикасынын жарандары 1984-жылы туулган Т.А.А., 1993-жылы туулган А.Б.А. жана 1980-жылы туулган Б.Т.Т. «Мерседес Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү үч жүк ташуучу унаасы менен кармалышкан. 

Кармалган пияздын контрабандага багытталган баасы 500 миң сомдон ашык сумманы түзөт.

Жыйынтыгында, жүк ташыган бул унаалар «Орто – Боз» чек ара заставасынын №2022 Аскер бөлүгүнүн аймагына жайгаштырылып, бул факт документтештирилди.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жапония Баткен облусунда жолдорду салууга 5,3 миллион доллар грант берет

Жапониянын өкмөтү Баткен облусунда табигый кырсыктарга туруштук бере турган жолдорду салуу үчүн 5,3 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, гранттык келишимге Кыргызстандын каржы министри Алмаз Бакетаевдин, Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Годанын жана Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлү Кавамото Хироюкинин катышуусунда 23-мартта кол коюлду.

“Долбоордун негизги максаты – Баткен облусунун аймагында табигый кырсыктарга туруктуу жолдорду куруу жана Борбор Азия чөлкөмүндө логистикалык коопсуздукту камсыз кылуу”, – деп жазылган министрликтин сайтындагы билдирүүдө.

2022-жылы октябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кийин Жапония Баткен облусу үчүн 1 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлгөн.

Баткен облусунда 3 айыл аймактын жана 10 айылдын аталышы өзгөртүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 20-октябрында кабыл алынган.

Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан иштелип чыккан бул мыйзамда Баткен облусунун 3 айыл аймагы жана 10 айылынын аттары өзгөртүлдү.

Документтин максаты — айыл аймактарына жана айылдарга мурдагы жана азыркы учурда кеңири белгилүү болгон, учурда жашоочулар тарабынан колдонулуп келген, ошондой эле мамлекеттик, тарыхый жана улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен, аталыштарды кайтарып берүү болуп саналат.

Мыйзам улуттук идеологияны бекемдөөгө жана жарандарды патриоттук духта жана улуттук, тарыхый салттар менен баалуулуктардын негизинде рухий-адептик тарбиялоону андан ары жакшыртууга багытталган.

Айыл аймактарынын жана айылдардын атын кайра атоо боюнча чечимдер ошол айылдардын тургундарынын чогулуштарында кабыл алынып, тиешелүү айылдык кеңештердин чечимдери, райондук мамлекеттик администрациялардын жана Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечимдери менен бекитилип, Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген.

Мыйзамга ылайык, төмөнкү айыл аймактарынын жана айылдарынын аталыштары өзгөртүлдү:

— Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айыл аймагы Айрыбаз айыл аймагы деп;

— Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Марказ айылы Айрыбаз айыл аймагынын Айрыбаз айылы деп;

— Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Валакиш айылы Үч-Коргон айыл аймагынын Тегирмеч айылы деп;

— Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл аймагы Исхак-Полотхан айыл аймагы деп;

— Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылы Исхак-Полотхан айыл аймагынын Ак-Өргө айылы деп;

— Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Халмион айылы Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылы деп;

— Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айыл аймагы Кең-Талаа айыл аймагы деп;

— Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Даргаз айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Кереге-Таш айылы деп;

— Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Дархум айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Жети-Таш айылы деп;

— Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Маргун айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Мурас айылы деп;

— Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Чурбек айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Үч-Булак айылы деп;

— Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарынын Мурза-Патча айылы Раззаков шаарынын Ак-Босого айылы деп;

— Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын Коммуна айылы Сумбула айыл аймагынын Сары-Дөбө айылы, деп кайра аталды.

Мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Жапония Баткенге жардам катары бир миллион доллар бөлөт

Жапония өкмөтү Кыргызстанга гранттык негизде бир миллион доллар жардам бөлүүгө ниеттенүүдө. Бул маалыматты журналисттерге Жапониянын Бишкектеги элчилигинин басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка караганда, гуманитардык жардам Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалда жабыркаган тургундарына жардам катары берилет.

“Жапон өкмөтү БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссариатынын жардамы менен тамак-аш, баш калкалоочу жай жана башка гуманитардык жардам көрсөтөт”, – деп айтылат билдирүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үй оңдоп-түзөлүшү керек. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылган.

“Озоди” радиосу жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Дүйшөмбү канча турак жай талкаланганы тууралуу расмий билдирүү жасай элек. Көз карандысыз башка булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат.

Руслан Сүйүналиев: Финансы министрлиги Баткен облусун жана жабыркаган аймактарды каржылоого даяр

КР Финансы министринин биринчи орун басары, Руслан Сүйүналиев: “Баткен облусунда болуп өткөн акыркы окуяларга байланыштуу жабыр тарткан тургундарга ыкчам жардам көрсөтүү максатында КРдин Министрлер кабинетинин токтому жана буйругу чыккан. Республиканын Министрлер Кабинети тарабынан коюлган милдеттердин негизинде Финансы министерствосу олуттуу иштерди жүргүздү. Быйылкы жылга Баткен облусуна бекитилген бюджет 4 миллиард 197 миллион сомду түзгөн. Быйыл сентябрь айынан баштап өнүктүрүү программасына тескеме чыккан, анын негизинде 500 млн сом Баткен облусуна бекитилген. Бүгүнкү күндө Баткен облусуна жардам көрсөтүү үчүн жергиликтүү тургундарды колдоого, турак жайларды калыбына келтирүүгө ж.б. 100 миллион сом которулду. Чек ара аймактарына 110 млн. сом.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругунун негизинде капиталдык салымдардын беренесинин көлөмү 3 миллиард сомго көбөйтүлгөн. Бүгүнкү күндө КР Финансы министрлиги тарабынан 1 млрд. бөлүндү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөру ал сумманы  пайдалануунун жыйынтыгын эсептеп бизге сунушу менен кайрылат. Анын негизинде кошумча каражат бөлүнөт.  Финансы министрлиги Баткен облусун жана жабыркаган аймактарды каржылоого даяр. 

Мындан тышкары, жабыркаган аймактарга ыктыярдуу төлөмдөр үчүн атайын эсеп ачылган. Бүгүнкү күнгө 327 миллион сом түшкөн. Анын ичинен 84 миллион сом которулган. Бөлүнгөн каражатты Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тескейт”.

Баткенде өзүн атып алган жоокер ооруканага жаткырылды

Иллюстрациялык сүрөт

Баткен облусунда “Илбирс” атайын багыттагы бөлүгүнүн жоокери өзүн көкүрөк тушка атып алды. Бул тууралу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы ырастады.

Мекемеден билдиришкендей, жоокер учурда ооруканада. Окуя 5-октябрга караган түнү болгон. Жабырлануучунун абалы жана окуянын чоо-жайы азырынча айтыла элек.

Соңку эки айда кыргыз армиясында кызмат өтөп жаткан төрт аскер каза тапты.

Өткөн айда Акыйкатчы институту атайын жумушчу топ түзүп, акыркы беш жыл ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулукту иликтеп жатат.

Бакыт Төрөбаев финансы институттарын Баткен облусун калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө чакырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин жыйынын өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Тажикстан Республикасы тараптын куралдуу агрессиясынын натыйжасында жабыркаган Баткен облусунун ишкерлерине колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) социалдык объектилерди каржылоону демилгелегендигин белгиледи.

Ал мамлекеттик банктарды жана өнүктүрүү фонддорун бизнес чөйрөсүн калыбына келтирүүгө жигердүү катышууга жана Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда иш менен камсыз кылууга жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү бизнес долбоорлорду тез арада каржылоого киришүүгө чакырды.

Жыйында Улуттук банкка коммерциялык банктар тарабынан бизнес-долбоорлорго кредит берүүнүн форматын жана механизмдерин кайра карап чыгуу, же өзгөртүү сунушталды, мында көпчүлүк мекендештерибиздин күрөөгө коюлчу мүлкү жана чет элдик валютада кредиттерди алууга мүмкүнчүлүгү жок экендигин эске алуу менен долбоорлорду каржылоо механизмине басым жасалды.

Ошондой эле жыйында көпчүлүк мекендештерибиздин күрөөгө коюучу мүлкү жок экендигин жана чет элдик валютада насыя ала албай жаткандыгын эске алып, Улуттук банкка коммерциялык банктар тарабынан бизнес долбоорлорго насыя берүүнүн форматын жана механизмдерин кайра карап чыгуу, же өзгөртүү сунушталды.

Буга катар Айыл чарба министрлигине дыйкандар өстүргөн картошканын түшүмүн сатуу, кошумча көлөмдө кумшекер, май сатып алуу маселелерин тез арада колго алуусу тапшырылды.

Өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин жыйынтыгы боюнча Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондуна, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондуна жана Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондуна, ошондой эле «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фондуна бир жуманын ичинде Лейлек эркин экономикалык аймагын өнүктүрүү боюнча долбоорду карап чыгууну сунуштоо чечими кабыл алынды ,  «Айыл банк» ачык акционердик коомуна “Тазаланган күн карама майын өндүрүү” долбоорун ишке ашырууга катышуу сунушун киргизүүсү, “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомуна “Базальт ташын, базальт буюмдарын кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк комплексти уюштуруу” долбооруна катышуу жана «Золотой орех» жоопкерчилиги чектелген коомуна “Грек жаңгагын кайра иштетүү” долбоорун ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизүүсү тапшырылды.

КР Юстиция министрлиги Баткендеги чек арачыларга 1000 жуп жылуу камуфляждык күрмѳ жана шым белекке берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Баткен облусундагы чек арачыларга 1000 комплект кышкы форма берет.

Комплектке бекитилген технологиялык талаптарга жооп берген, талаада кийиле турган жылуу камуфляждык күрмѳ (бушлат) жана шым кирет.

Бардык 1000 комплект Баткен облусуна октябрь айынын ичинде өткөрүлүп берилмекчи.

Өндүрүштү КРнын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын алдындагы «Келечек» МИсы даярдоодо.

Меню