Menu

Баткен

Бакыт Төрөбаев финансы институттарын Баткен облусун калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө чакырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин жыйынын өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Тажикстан Республикасы тараптын куралдуу агрессиясынын натыйжасында жабыркаган Баткен облусунун ишкерлерине колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) социалдык объектилерди каржылоону демилгелегендигин белгиледи.

Ал мамлекеттик банктарды жана өнүктүрүү фонддорун бизнес чөйрөсүн калыбына келтирүүгө жигердүү катышууга жана Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда иш менен камсыз кылууга жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү бизнес долбоорлорду тез арада каржылоого киришүүгө чакырды.

Жыйында Улуттук банкка коммерциялык банктар тарабынан бизнес-долбоорлорго кредит берүүнүн форматын жана механизмдерин кайра карап чыгуу, же өзгөртүү сунушталды, мында көпчүлүк мекендештерибиздин күрөөгө коюлчу мүлкү жана чет элдик валютада кредиттерди алууга мүмкүнчүлүгү жок экендигин эске алуу менен долбоорлорду каржылоо механизмине басым жасалды.

Ошондой эле жыйында көпчүлүк мекендештерибиздин күрөөгө коюучу мүлкү жок экендигин жана чет элдик валютада насыя ала албай жаткандыгын эске алып, Улуттук банкка коммерциялык банктар тарабынан бизнес долбоорлорго насыя берүүнүн форматын жана механизмдерин кайра карап чыгуу, же өзгөртүү сунушталды.

Буга катар Айыл чарба министрлигине дыйкандар өстүргөн картошканын түшүмүн сатуу, кошумча көлөмдө кумшекер, май сатып алуу маселелерин тез арада колго алуусу тапшырылды.

Өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин жыйынтыгы боюнча Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондуна, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондуна жана Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондуна, ошондой эле «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фондуна бир жуманын ичинде Лейлек эркин экономикалык аймагын өнүктүрүү боюнча долбоорду карап чыгууну сунуштоо чечими кабыл алынды ,  «Айыл банк» ачык акционердик коомуна “Тазаланган күн карама майын өндүрүү” долбоорун ишке ашырууга катышуу сунушун киргизүүсү, “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомуна “Базальт ташын, базальт буюмдарын кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк комплексти уюштуруу” долбооруна катышуу жана «Золотой орех» жоопкерчилиги чектелген коомуна “Грек жаңгагын кайра иштетүү” долбоорун ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизүүсү тапшырылды.

КР Юстиция министрлиги Баткендеги чек арачыларга 1000 жуп жылуу камуфляждык күрмѳ жана шым белекке берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Баткен облусундагы чек арачыларга 1000 комплект кышкы форма берет.

Комплектке бекитилген технологиялык талаптарга жооп берген, талаада кийиле турган жылуу камуфляждык күрмѳ (бушлат) жана шым кирет.

Бардык 1000 комплект Баткен облусуна октябрь айынын ичинде өткөрүлүп берилмекчи.

Өндүрүштү КРнын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын алдындагы «Келечек» МИсы даярдоодо.

Чек ара жаңжалында талкаланган 134 үйдүн орду урандыдан тазаланды

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта талкаланган турак жайлардын ордун тазалоо иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2-октябрдагы маалыматына караганда, облус боюнча 134 үйдүн орду урандылардан тазаланды.

Анын 67си Баткен районунун Капчыгай, Достук айылдарында, 19у Лейлек районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан.

Буга чейин ӨКМ Баткенде калыбына келтирүү иштерине 205 куткаруучу жана 70 техника тартылганын кабарлаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 640 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү такыр жашоого жараксыз болуп калган, 217 үй оңдоп-түзөлүшү керек.

Андан сырткары, 11 административдик, стратегиялык объектилер, 323 мал сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт зыян тарткан. 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик унаа өтүүчү көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылууда.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган.

14-17-сентябрда чек арада кан төгүлгөн окуя үчүн Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптоодо.

Акылбек Жапаров Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан айылдарындагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунун Баткен районунун Капчыгай, Ак-Сай, Миң-Өрүк жана Достук айылдарында болду.

Министрлер Кабинетинин башчысы чек арага чектеш айылдардын тургундары менен жолугушуп, Тажикстан Республикасынын куралдуу агрессиясынан жабыркаган турак жайларды, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди көрүп чыкты.

Учурда жеринде объекттерди баалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Калыбына келтирүү иштерине куткаруучулар, волонтерлор, атайын техникалар тартылган.

«Капчыгай айылында дээрлик бардык үйлөр талкаланган. Биз жаңы үйлөрдү курабыз, анда тийиштүү инфраструктура каралып, таза суу, асфальт жолдор менен камсыз болуп, көчөлөр жарыктандырылат. Бул жаңы айыл болот, тиешелүү башкы планды иштеп чыгуу керек», – деди Акылбек Жапаров жана тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди.

Ак-Сай айылында Министрлер Кабинетинин Төрагасы талкаланган мектептин имаратын көрүп чыкты.

Балдардын коопсуздугун камсыздоону эске алуу менен жаңы мектеп куруу маселесин иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров талкаланган канаттуулар фермасын көрүп чыкты.

Ал белгилегендей, мамлекеттик финансы институттары өндүрүштү калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө жеңилдетилген кредиттик каражаттарды бөлөт.

Баткен шаарында Министрлер Кабинетинин башчысы куралдуу кагылыштын натыйжасында каза болгондорду эскерди. Курман болгондорго арналып куран окулду.

Белгилей кетсек, эртең, 1-октябрда куралдуу баскынчылыктын натыйжасында жабыркаган жана талкаланган Баткен жана Ош облустарындагы административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын биринчи отуруму өтөт.

Акылбек Жапаров чек арачылардын айлыгы 76 миң сомго чейин көтөрүлгөнүн билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 1-октябрдан тарта чек арада иштеген аскерлердин айлыгы эки эсе көтөрүлөрүн айтты.

Ал Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылында болду. Жапаров менен жолуккан жергиликтүү тургундар чек арачылардын айлыгын көбөйтүү маселесин көтөрүштү.

“16 миң сом айлык алып жаткандар эми 38 миң сом алат. Лейлек менен Баткенге эки коэффициент кошулат, ошондо алар 76 миң сом алышат, – деди Жапаров.

Акылбек Жапаров 29-сентябрда Лейлек районуна барды. Ал куралдуу кагылышта жабыркаган аймактар менен таанышууда. 30-сентябрда Баткен районунда болору расмий кабарланган.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстан “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атоодо. Тажикстан да ушундай турумду карманууда.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады, алардын 13ү балдар, 14ү аялдар. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди, “Озоди” радиосу 74 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты көз каранды эмес башка булактардан тактоо мүмкүн эмес болууда.

УКМК: Баткен облусунун Капиталдык курулуш башкармасынын жетекчилерине коррупция боюнча кылмыш иши козголду

Үстүбүздөгү жылдын 29-июнунда КР УКМК тарабынан Баткен облусунун Капиталдык курулуш башкармасынын жетекчилери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, республикалык бюджеттин каражаттарын максатсыз пайдалануу жана КР мыйзамдарын бузуу менен тендер өткөрүү түрүндөгү коррупциялык көрүнүштөр фактысы боюнча кылмыш иши козголду. 

2015-жылы Капиталдык курулуш башкармалыгы Баткен шаарында 250 орундуу поликлиниканы курууга тендер өткөргөн. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Баткен облусу боюнча Капиталдык курулуш башкармалыгынын айрым кызмат адамдары “Юг-Мак” ЖЧКсынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, поликлиниканы курууда материалдык пайда алуу максатында сатып алууларды жогорулатылган баада, жумуштун көлөмдөрүн жогорулатып көрсөткөнү, ошондой эле башка мыйзам бузууларга барганы аныкталды.

Азыркы учурда бул факты боюнча тиешелүү тергөө амалдары башталды.

Садыр Жапаров Баткенде курулушу башталган Медакадемиянын 200 орундуу окуу корпусу, жатаканасы жана 500 орундуу ооруканасына капсула салды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда, Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен шаарында Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын Окуу жана дарылоо комплексин куруу үчүн капсула салды.

Мамлекет башчысы жергиликтүү жашоочулардын алдында сүйлөп жатып бул окуянын Баткен облусунда жашаган мекендештер үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаровдун айтымында, бүгүн Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-дарылоо комплексинин курулушу баштадууда.

Бул борбор кѳп профилдүү дарт аныктоочу жана дарылоочу стационар катары курулат. Бейтапкана заманбап жабдуулар менен жабдылып, рентген кабинети, ультра добуштук изилдѳѳ (УЗИ), МРТ, ЭЭГ аппараттары менен камсыз болмокчу. Ошону менен бирге 200 орундуу конференц-зал, 200 орундуу студенттик жатакана жана 500 кишиге ылайыкталган күндүзгү дарылоо жайы салынат. Окуу-дарылоо комплекси курулуп бүткөндөн кийин 90 адис жумуш орду менен камсыз болот.

КММА бюджетинин эсебинен каржылана турган долбоордун болжолдуу баасы — 603, 5 млн сом. Жатакананын курулушуна сырткы инвесторлор тарабынан дээрлик 93 млн сом бөлүндү, мындан сырткары сырткары 100 млн сомго акыркы үлгүдөгү аппараттар менен камсыздоо милдети турат.

«Кыргызстандын бардык жеринде мындай комплекстерди куруу зарыл болуп турат. Кудай буюрса ар бир облусубуздун борборунда ушундай студенттик шаарчалар курулат. Облустарыбыздын инфратүзүмүн жакшыртуу менен катар эле калкыбыздын саламаттыгына кам көрүшүбүз кажет.

Мына ушундай максатты көздөп, эң жаш облус катары, Баткен облусунан баштап олтурабыз. Баарынан мурда аталган комплекстин максаты келечекте жергиликтүү элдин ден соолугуна кам көрүү жана кесипкөй адистерди даярдоо болуп саналат», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы мындай заманбап окуу-дарылоо комплексинин курулушу Баткен жергесиндеги медицина кызматкерлеринин демине дем болуп берерине жана борбордун бүтүрүүчүлөрү ак халатчандардын катарын толуктарына ишеничин билдирди.

Президент келечекте бул комплекс Баткен жергесине кызмат кылып, ийгиликтин башатына айлануусун каалады. Илимге, билимге суусаган баткендик жаштарга билим уясы болуп берсин.

Капсула салгандан кийин Садыр Жапаров чогулган жергиликтүү жашоочулар менен баарлаштыю алар аймактын социалдык-экономикалык абалын, инфрастуктурасын өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди көтөрүштү.

Ошону менен бирге тургундар Мамлекет башчысына алардын аймагына көңүл бургандыгы жана колдоосу үчүн, ошондой эле эмгек акылар менен жөлөкпулдардын сезилээрлик жогорулоосу үчүн ыраазычылык билдиришти.
Садыр Жапаров Баткен облусуна мамлекет тараптан өзгөчө көңүл бурулуп жатканын жана мындан ары да бурула берерин белгиледи. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн бардык күч, ресурстар улуттук максаттар менен тапшырмаларды ишке ашырууга багытталууда.
Жолгушуу соңунда Президент Садыр Жапаров тийиштүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө айтылган маселелерди чечүү үчүн тийиштүү тапшырмаларды берди.

Баткендеги бир айлык аскердик кызмат эки ай деп эсептелет

Баткен облусундагы бир айлык аскердик кызматты эки ай деп эсептөө тууралуу чечим кабыл алынды. Бул тууралуу 22-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусундагы көчмө жыйында билдирди.

Өкмөт башчы быйыл бюджеттин эсебинен заманбап аскердик техника сатып алынып, аскер кызматкерлеринин маяналары жогорулаганын белгиледи.

“2021-жылдын май айынан баштап чек арачылардын жана аскер кызматкерлеринин маянасы дээрлик 50-70%га чейин жогорулатылды. Быйыл январдан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Жаза аткаруу кызматынын Коопсуздук жана коштоо департаментинин кызматкерлеринин айлыктары да көтөрүлүп, жыйынтыгында бардык күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын айлыгын теңдештирүүгө жетиштик”, — деди Жапаров.

Баткен облусу Тажикстан менен чектешет. Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Чек араларды тактоодо эки тарап кайсы карта жана кайсы юридикалык документ менен иштөө керектиги боюнча орток пикирге келе албай, көп жолугушууларда иш жылбай жатканы айтылып келген.

Эки мамлекеттин чек арасындагы тактала элек тилкелерде куралдуу кагылышуулар катталып турат.

ИИМ: Баткенде чек ара кайтарып жүргөн жоокер кокустан жанындагы жоокерди автомат менен атып алган

Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылында жайгашкан Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн жоокери Чек ара кызматынын жоокерлери менен биргеликте чек ара тилкесинде коомдук коопсуздукту сактоо боюнча Лейлек районундагы Сада айылындагы чегарага жакын нөөмөт пунктунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жаткан учурда кокустуктан чогуу кызмат кылган жоокерди ок атуучу куралдан атып алган.
Ок атуучу курал алып жүрүүдө коопсуздук талаптарын бузуп, бири-бирине ойноп курал кезегендиктен улам ички аскерлердин катардагы жоокери 2002-жылы туулган Н.у Т.  кокусунан бет маңдайда турган шериги ички аскердин жоокери тарапка ок чыгарып алган.
Жарадар болгон катардагы жоокер 2003-жылы туулган М.у.К. дароо ооруканага жеткирилген, тилекке каршы жаракат алган жоокер ооруканадан анын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ички аскер кызматкери АКСУ ок атуучу курал колдонууда коопсуздук талаптарын сактабастан, курал менен ойношуп, ок атуучу куралга этиятсыз мамиле кылуудан улам маңдайында турган чогуу кызмат өтөгөн ички аскердин жоокери тарапка ок чыгарып атып алган. Ички аскерлердин командачылыгы милиция кызматкерлери менен биргеликте окуянын бардык жагдайларына текшерүүнү жүргүзө баштады.

Баткенде акыркы 31 үй пайдаланууга берүү алдында турат

Көк-Терек, Таш-Тумшук жана Достук айылдарында дагы 31 үй жакынкы күндөрү толук бүтүп, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Азат Курбанбеков билдирди.

Курбанбековдун айтымында быйыл жазында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда жабыркаган үйлөрдүн ордуна жалпысынан 140 үй жаңыдан курулууда. Мунун ичинен 100 үй Лейлек районунда толугу менен бүткөрүлүп, ээлерине тапшырылган. Ал эми Баткен районундагы Ак-Сай айылында тогуз үй бүтүп, 18-октябрда пайдаланууга берилген.

Быйыл, 28-30-апрелден 1-майга чейин Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган. Аларды калыбына келтирүү үчүн атайын эсеп ачылып, карапайым тургундар, ишкерлер, алыс-жакынкы чет өлкөлөрдө жүргөн мигранттар жиберген акча атайын эсепке чогултулган. Натыйжада жалпы 119 млн. 695 миң 848 сом чогулган.

Куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала) каза болгон, 180ден ашуун адам жараат алган.

Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87си жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгогон.

Меню