Menu

баңгизат

ИИМ: Кыргызстан жана Казакстандын биргелешкен аракеттердин жыйынтыгында баңгизат сатуучулардын эл аралык тобу жок кылынды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Казакстан Республикасынын  Улуттук коопсуздук комитети менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын аймактарында өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенүүчү, чек ара аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.
Алдын ала малыматтарга ылайык, баңгизат каражаттары Тажикстан Республикасынан Кыргыз Республикасына жана Казакстан Республикасына, андан ары кылмышкерлер тарабынан аталган мамлекеттердин аймактарына таркатылган.
Кылмыштуу топ бир нече түзүмдүк бөлүнүштөрдөн туруп, алардын функциялары так бөлүштүрүлгөн. Баңги дилерлери конспирациялык чараларды кылдаттык менен сактап, атайын нускамалардан өтүшсө да, баңгизаттарга каршы күрөшүүчүлөрдүн кесипкөйлүүлүгүнүн аркасында, натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыгында, Кыргызстандын жана Казакстандын криминалдык коомдоштуктарынын уячаларынын катышуучулары, алардын инсандыктары аныкталган.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан үстүбүздөгү жылдын жай айында башталган атайын операциянын жыйынтыгында, Чүй облусунун аймагынан
жогоруда аталган баңгилик топтордун мүчөлөрү кармалып, аларга тинтүү жүргүзүү учурунда Ооганистанда өндүрүлгөн 736 грамм “апийим” жана 4 кг жакын “гашиш” баңгизат каражаттары алынган.
Казакстан Республикасынын аймагында мындан аркы биргелешкен иш-чараларды жүргүзүү учурунда баңгилик топтун мүчөсү жана ал топтуу уюштуруучу Тажикстан Республикасынын жараны кармалып, андан Ооганистанда өндүрүлгөн 7 кг 200 грамм “апийим” жана 1 кг 100гр “гашиш” баңгизат каражаттары алынган.
Азыркы учурда коомдоштуктун бардык катышуучуларын, баңгизаттарды ташып киргизүү каналдарын аныктоого, издөө жарыяланган укукка каршы ишмердүүлүктү уюштуруучуларды кармоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

ИИМ: Баңгизаттарды «Интернет» аркылуу жайылтуу схемасына бөгөт коюлду

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБнын кызматкерлери менен биргеликте Биринчи май райондук ИИБнын Кылмыштардын бирдиктүү реестрине (КБР) катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча атайын тергөө аракеттерин өткөрүү учурунда «Интернет» тармактары аркылуу баңгизаттарды сатуу боюнча туруктуу каналы аныкталып, бөгөт коюлду.
Тактап айтканда, 2021-жылдын 22-ноябрында болжол менен саат 05:45тер чамасында Бишкек шаарынын 7-Апрель көчөсүндөгү Ботаникалык бакчасына жакын жайгашкан каналдын жээгинде, термопакеттерге 1 граммдан салынган психотроптук затты алып жаткан учурда 1991-ж.т. А.Б. аттуу Ысык-Көл облусунун тургуну кармалып, ал барсеткасындагы 15 даана термопакеттерди өз ыктыяры менен тапшырып берген.
Алынган психотроптук заттар салынган термопакеттер жашыруун жерге салуу үчүн дайындалган.  Алдын ала тергөөнү өткөрүү учурунда аталган фигурант Бишкек шаарынын аймагында интернет дүкөндүн операторунун тапшырмасы боюнча психотроптук заттар салынган термопакеттерди жашыруун жерлерге салып, ал үчүн акчалай сыйлык алып турган. 🔹А.Б. аттуу жаран тергөө менен кызматташууну каалаганын билдирип, буга чейин психотроптук заттар салынган термопакеттерди жашыруун жерлерге салган даректерин көрсөтүп берген.
Андан ары, А.Б. аттуу жаран көрсөткөн даректерге милиция кызматкерлери барган учурда жашыруун жерлерге салынган даректерден психотроптук заттар салынган 40 термопакет алынган. Соттук-медициналык экспертизасынын корутундусу боюнча алынган заттын салмагы 50 граммды түзүп, «мефедрон» жана «альфа п-в-п» заты болуп аныкталган.
Азыркы учурда, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар болгон жарандарды аныктап, кармоо боюнча атайын тергөө аракеттери жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Баткенде коңшу өлкөнүн жараны ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Баткен облус боюнча башкармалыгы тарабынан баңгизатын саткан чет элдик жаран кармалган.

Шектүү Баткен облусунун Жаштык айылынын аймагында Тажикстан менен чектешкен башкы жолдо баңгизаттарды жеткирүүнү уюштуруп, сатууну көздөгөн. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ыкчам иликтөө иш-чаралары маалында кармалган киши Тажикстандын жараны экени аныкталган. Тинтүү учурунда жанынан 9,5 килограмм салмактагы өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Соттук-химиялык экспертиза жүргүзүлүп, алынган зат Ооганстанда өндүрүлгөн нашаа болуп чыккан.

Кармалган жаран Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Кыргызстан маңзат ташылган жолдун боюндагы мамлекет экени айтылып жүрөт.

Адистер бул жолду “Түндүк маршрут” деп атап, Ооганстандын героини Тажикстандан Кыргызстан аркылуу тонналап, Орусия менен Европа өлкөлөрүнө жашыруун каналдар аркылуу тарай турганын белгилешет.

УКМК: Салмагы 13 кг болгон баңгизат каражаты (гашиш) менен КР жараны кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы ыкчам жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, КР жараны “К.К.” камалды.

2021-жылдын 14-октябрында Ош областына караштуу Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылынын аймагында кармалган жарандын автоунаасынан салмагы 13 кг болгон баңгизат каражаты (гашиш) табылган.   

  Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кармалган жаран Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы учурда ушул баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүү каналына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралар жүрүп жатат.

УКМК: Баңгизаттын туруктуу каналынын ишине бөгөт коюлду

КР УКМК сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында баңгизаттарды жеткирүү жана сатуу каналын түзгөн тобу аныкталды.

2021-жылдын 4-сентябрында  ыкчам-тергөө тобу тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылынан 1 кг өлчөмдөгү баңгизатты сатууну көздөгөн КР жараны “Ю.Б.У.” кармалды.

Кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан баңгизаттар менен алектенген башка адамдарды аныктоого, ошондой эле транзиттик жана баңги аткезчилигинин башка каналдарына бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

ИИМ: Чүй облусунда баңгизаттарды өстүрүү менен алектенген жергиликтүү жаран кармалды

Жүргүзүлгөн комплестүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында КР ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан каннабис тобундагы баңгизаттарды өстүрүү менен алектенген жактын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Чүй облусунун Сокулук районунан 45 жаштагы жергиликтүү жаран жашыруун шарттарда өсүмдүк баңгизаттарын өстүрүү жана өндүрүү менен алектенген.

Кыргыз  Республикасынын КЖКнын 268-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун максатын көздөбөй сатып өткөрүү жана мыйзамсыз даярдоо) алкагында ыкчам кызматкерлери тарабынан  ЧЧКнын (БЧК) ылдый жагындагы фермада тинтүү жүргүзүү учурунда, жети жүз жыйырма эки даана көчөттөр табылып алынган.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 177 кг 900 грамм баңгикаражаттарды камтуучу өсүмдүктөр алынган.

Учурда шектүү УКЖга киргизилип, сотко чейинки өндүрүү иштери уланууда.

Меню