Menu

Бегалы Наргозуев

Режиссер Бегалы Наргозуев: "Жылкычы чымчык - бул башкы каарман Алтындын духу..."

Тасма – бул жан дүйнө! Тасманын сценаристи, режиссёпу, оператору жана каарманын жылдын төрт мезгилиндей бир-биринен ажыратып кароого такыр болбойт. Эгер көрүүчү тасма менен кошо жашай алса, анда ошол таланттын актёрдук зор чеберчилиги деп билели. Ал эми мыкты режиссёрго камера Николла Паганнини, Витторио Монти, Эннио Морреконе сыяктуу улуу композиторлордун кыягындай, баа жеткис курал. Канткен менен ийгилик – мүмкүнчүлүктү ишке ашыруудан көз каранды. Бу каарманымдын почеркине күбө болуңуздар. 

-“Жылкычы чымчык” жан дүйнөңүздө канча убакыт жашады?

-1986-87-жылдары “Кыргызфильм” киностудиясында белгилүү актриса жана режиссер Клара Жусупжанованын “Өрөөн жана адамдар” аттуу даректүү фильмине деректир болуп иштеп калдым. Ал киши менин чыгармачылыгыма кызыгып, “жазган аңгемелериң болсо алып келчи, мен окуп көрөйүн” деп калды. Мен онго жакын аңгемемди алып келип бердим. Клара Жусупжанованын күйөөсү белгилүү авангард жазуучу Кубатбек Жусубалиев болчу. Ал киши Москвадан сценаристтердин 2 жылдык жогорку курсун бүтүрүп келип, жазгандары көп адамдарды тамшантып турган учуру. Мен да ал кишинин чыгармачылыгын аябай сыйлачумун. Бир күнү үчөөбүз жолукканда Клара эже “Кубат, бул жигиттин аңгемелерин окуп көрчү, мага аябай жакты, өзүнчө эле кыргыздын Шукшини экен” деп мактап, менин аңгемелеримди мага эмес, Кубат акеге берди. Ал киши  бир жумага жетпей эле окуп чыгып “Бегалы, сен эмнеге бизди колдоп, бирге иштешип жүргөнүңдү эми түшүндүм. Аңгемелериң жакты. Ошолордун ичинен бирөөсү – алиги мыкты күйөө издеп, жигиттен жигит тандап, акырында төрөп койгон кыз тууралу аңгемең аябай жакты. Ошол аңгемеңди кыска метраждуу көркөм фильмдин сценарийи кылып кайра жазбайлыбы, мен жардам берем. Анан өзүң тартасың” деп калды. Мен албетте дароо макул болдум. Ошол күндөн баштап мен күн сайын жумуштан кийин Кубат акенин үйүнө келип, түн бир окуумга чейин сценарийди талкуулайбыз. Кубат аке менден студенттик күндөрдөгү кызыктуу окуяларды айтып берүүмдү сурайт. Мен студенттик жатаканадагы кыздардын балдарды шейшеп менен тартып алган окуяларын же кыздардын ашканада бышып жаткан тамагын уурдап кетишкен жигиттер кастрюлдун капкагын ачса анда тамак эмес эле башка нерсе чыкканы сыяктуу күлкүлүү окуяларды айтып берем. Анан Кубат аке аны кантип сценарийге айлантууну көрсөтүп берет. Ошентип эки жумадай убакытта баягы менин орточо аңгемемден кыска метраждуу көркөм фильмдин жакшы сценарийи жазылып бүттү. Албетте таланттуу жана тажрыйбалуу жазуучу, кесипкөй сценарчы Кубат аке менин чыгармамды өз таланты менен бийик деңгээлге көтөрүп салды. Сценарийдин атын “Чоң жолду бойлоп бир өттүм” (“Вдоль дороги большой я прошла”) деп атадык. Мен аны тартам деп оолугуп киностудияга чуркадым. Ал жакта “сен тургай ВГИКтин режиссердук факультетин бүтүргөндөргө каражат жетишпей жатат” деп кыялымды суу сепкендей муздатып салышты. ВГИКтин оператордук факультетин бүтүргөн ыраматылык Бекжан Айткулуев ушул сценарийибиз тууралу угуп калып, “мага бер, мен тартайын” деп көпкө суранып жүрдү. “Өзүм тартам” деп кызганып бербей койдум. ВГИКтин дагы бир бүтүрүүчүсү Бекболот Айдаралиевге “Кыргызфильм” киностудиясынын редакциялык куржунунда жаткан менин “Кызыл уйдан чыккан өрт” аттуу аңгемем жагып калып, ал да аны тартам деп бир топко аракеттенип, бирок каражат таба алган жок.

Мен болсо “Чоң жолду бойлоп бир өттүм” сценарийибизди толук метраждуу фильмге ылайыктап кайра жазууну чечтим да Кубат акеге кайрылдым. Ал киши макул болду. Бирок такыр колу бошобой койду. Колу бошобосо илхому келбей жатты. Ошондуктан мен өзүм жазып кирдим. 2008-жылы Актан Арым Кубатты жардамга чакырдым, 2021-жылы кайрадан Актан Арым Кубатты, Марат Сарулуну, Жамбы Жусубалиеваны чакырып,  акыры бүтүрдүк.  Албетте Кубат аке менен жазгандарыбыздан көп сценалар кийин кыскарып кетти. Ошентсе да мени бул кадамга Кубат аке сүрөп чыгарды.

-Эмнеге атын мындай атадыңыз?

-Атын аябай көп жолу өзгөрттүк. Кубат аке менен жазганда сценарийдин атын “Чоң жолду бойлоп бир өттүм” (“Вдоль дороги большой я прошла”) деп атаганбыз. Менин аңгемемдин каарманынын аты Сейдеке болчу. Кубат акенин сунушу боюнча Алтын деп өзгөрткөнбүз. Анан Актан Арым Кубат менен иштеп жатканда ал сценарийди да, башкы каармандын атын да Жанай деп өзгөртүүнү сунуштады. Ал эми Марат Сарулу “Мөнгү-Ата” же “Тоонун жылкычы чымчыгы” деп атоого үндөдү. Быйыл фильмдин монтажы аяктап баратканда Актан Арым Кубат биздин тасманы “Эне мээрими” деп атоо ылайыктуу деп ишендирди. Бирок мен жөн эле “Жылкычы чымчык” атоону чечтим. Анткени бул ат менин оюмча фильмдин ички мазмунуна төп келет. Жылкычы чымчык фильмдин визуалдык жана моралдык символу катары негизги сюжетти жана башкы каармандын балалык кезден тартып, шаардагы алгачкы сүйүүсүн, турмуштук сыноолор менен чыккынчылыктарды, акырында ак кар көк муз баскан Мөңгү-Атага кайтып келгенге чейин коштоп жүрүп олтурат. Жылкычы чымчык – бул башкы каарман Алтындын духу.

-Тасма кайсы чөлкөмдө тартылды, канча убакытта толук бүттү?

-Алгач, 2021-жылы августта кино тартуучу топ Алайдын Сары-Могол айылынын жайлоолорундагы топозчуларга барып, ошол жерде тартабыз деп чечип келгенбиз. Бирок ноябрда, биз жолго чыгарда, бизге саай турган, мине турган топоздорун берип, жардамдашам деп убада кылган Замир деген топозчу жигит биздин телефон чалууларыбызды такыр албай, байланышпай туруп алды. Анан башкы ролдордун бириндеги актриса эжебиз да “Алай алыс, мен ооруп калсам эмне болот, жакыныраак жерге барбайлыбы” деп туруп алганынан Ысык-Көлдүн Сырт аймагына чыгып кетип, Кумтөр тараптагы Арабелде, Ак-Шыйрак тараптагы Караколкада, кийин Нарындын Кара-Кужур өрөөнүнө, Ысык-Атага барып, шаардагы сценаларды албетте Бишкектен эле тарттык. Жалпысынан фильм тартууга жана монтаждоого бир жарым жылдай убакыт кетти. Анткени биздин сюжетте төрт сезон: жаз, жай, күз жана кыштагы сценалар бар болчу. Сезондорду күтүп, консервацияга да чыгып жаттык. Бирок биз монтажер экөөбүз тынбай бир жарым жыл иштедик десем болот.

-Өзүңүзгө жактыбы?

-Эми ага эл баа берсин, адистер баа берсин.

-Турмуштагы, Кыргызстандагы көп көйгөйлөрдү көзгө сайып көрсөтүптүрсүз…

-Киноискусствонун негизги милдеттеринин бири ошол да – кинонун тили менен, көркөм каражаттар аркылуу коомдогу көйгөйлөрдү көтөрүү…

-Кышында карда ат менен жүрүү, аны тартуу канчалык оор болду? Актёрлор ооруп калган жокпу тартып бүткүчө?

-Бийик тоолуу Сыртта жүргөнүбүздө алгачкы күндөрү аба жетишпей көбү кыйналышты, алтургай бир сүрөтчү-декораторубуз эси ооп жыгылып, тырышып жатып калды. Аны тезинен Бишкекке кетирдик. Эртеси экинчи режиссерубуз ооруп калып, аны да тез шаарга жөнөттүк. 2021-жылдын 23-ноябрынан 4-декабрына чейин Арабелде кечинде катуу суук түшүп, аябай эле жүдөтүп жатты. Бирок кино тартуучу топ да, актерлорубуз да тырышып жүрүп, чыдап беришти.

-Семичке саткан эже баарынын көңүлүн бурду окшойт…

-Ооба, ал персонаждын аты биздин картинада – Зарылкан. Ал каарман айылдагы бекер ВайФай орнотулган аялдаманын алдында майда соода кылып, айылдагы аялдарга “жарымы жалган, жарымы чын” маалыматтарды ыкчам жеткирип, ушак таратып турган “маалыматтык борбордун” ролун аткарат. Адистердин айтымында актриса Айнура Эсеналиеванын аткаруусундагы Зарылкан фильмдин олуттуу интонациясына ирониялык сүртүмдөрдү берип, картинанын фактурасын контрастуу нюанстар менен байытып, тасманын өзөгүнө кошумча эмоционалдык таасир берет.

Дегеле фильмдин актердук ансамблине адистер жакшы баа берип жатышат. Айрыкча Шекер тайэненин ролундагы КР Эл артисти Жамила Сыдыкбаеванын, Баялы таятанын ролундагы Асан Амановдун, Алманбеттин ролундагы Руслан Орозакуновдун, Сайранын ролундагы Таазим Үмөталиеванын Гүлнаранын ролундагы Албина Имашеванын, Эркиндин ролундагы Курманбек Мамыровдун жана экинчи пландагы персонаждарды аткарган Марат Ибраевдин, Айсанат Эдигееванын, Алтынай Муканбетованын, Жамила Дыйканбаеванын актердук чеберчиликтерине жогорку бааларды беришүүдө.

-Тасма тартууда кандай оорчулуктарга тушуктуңуз?

-Оорчулук көп деле болгон жок. Болгону мен өзүм режиссер-коюучу катары дебютант болгондуктан фильм кандай чыгып калат деп аябай коркуп, этияттык менен аракеттенип жаттым. Өзүмө-өзүм ишенбей, шектенип, айрым актерлор менен оператор-коюучу Хасан Кыдыралиевге таянып жаттым. Хасан мага мизансценаларды койгонго аябай жардам берди. Ал өмүр бою оператор катары кино тартып, бай тажрыйба топтогон КР Эл артисти эмеспи. Ошондой эле актерлор менен иштөөдө, кино тартуу процессин уюштурууда КР Эл артисти Бусурман Одуракаев досум да жакшы жардамын берди.

-Кино тартууну улантасызбы?

-Албетте, Кудай буюруса. Азыр мурун жазылган экинчи сценарийимди оңдоп-түздөп, тартууга даярдай баштадым. Ал бала менен эненин ортосундагы мамиле тууралу болот. Андан сырткары тарыхый окуялар, тарыхый каармандар боюнча пландарым бар. Жаңы кыргыз тарыхындагы 2005-жыл, 2010-жыл жана 2020-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөр темасы, Кутумчулар темасы кызыктырат. Кубат аке уруксат берсе анын эки-үч чыгармасын экрандаштырууга кызыкдармын. Бусурман Одуракаев досум бир кызыктуу теманы сунуштап жатат. Кыскасы пландар көп, калганын турмуш көрсөтөт.

Төлөбүбү Касымалиева, журналист

“Жетиген журналынын 12-саны.

Бегалы Наргозуев, кинорежисcер: “Киностудияда жыйнаган тажрыйбам аябай жардам берди”

-Бегалы мырза, “Жылкычы чымчык” деп аталган жаңы тасмаңыздын бет ачаары болду. Көрүүчүлөр аябай жакшы кабыл алышты. Тасма канча убакта, кайсыл жерлерде  тартылды?

-Бул мен эчактан бери эле кыялданып жүргөн кыялдагы чыгарма  болчу. Ал эми кинону тартууга болсо бир жарым жыл убакыт кетти. Адегенде Алайда тарталы дегенбиз, кино тартуучу топтун айрым мүчөлөрүн алып алып, атайын кыдырып келгенбиз, Кубат акенин үйүндө да болгонбуз. Сары-Могол айылынан жогору Ленин чокусуна кеткен жолдо атайын жерлерди тандаган болчубуз. Бирок, башкы ролду ойногон эжебиз “ден соолугума байланыштуу алыска бара албайм, кан басымым жогору” дегени кайра башка жактарды издөөгө туура келди. Анан Кумтөрдүн жанында Ара-Бел деген жер бар. Ошол жерде тарттык алгачкы сьемкаларды. Алгач бизге бир топозчу 300 топозун киного тартууга  бермек болгон. Бирок, кээ бир “достор” айнытып коюп, ал тартуу үчүн келгенибизде топозун бербей койгондуктан, башка  бир жакшы топозчуну  таптык. Ошол киши аялы экөө жардам беришти. 2022-жылы март-апрелде толуктоочу эпизоддор Кара-Кужурдан тартылды. Себеби, топоз тууп-төлдөгөн маал ошого туш келет экен. Бийик тоонун шартында иштедик. Бир-эки кишибиз кычкылтек жетишпей, түтөктөн жыгылып калган күндөр болду. Дагы бир  нерсе, ошол жылы кар аз түшүп, ал да бизди бир топ түйүшүккө салды.

-Буга чейин кино чөйрөсүндө 10 жыл иштегенсиз да. Ошол кезде жыйнаган тажрыйбаңыз жардам бергендир?

-Албетте. Мен киностудияга барганда Океев, Шамшиевдердин чыгармачылыгы гүлдөп турган маалы эле, каалаган киносун тартышчу. Алардын артында Убукеев, Базаров, Замир Эралиев, Шамил Жапаровдор кезекке турган мезгил эле. Ондон ашуун ВГИКтин режиссерлук факультетин бүтүрүп келгендер бар болчу. Ошон үчүн бизге режиссердун жардамчысы, ассисенти деген сыяктуу гана кызматтар тийчү. Бирок, ошого да кайыл болуп, мэтрлердин кино тартканын көрөм, үйрөнөм деген ниет менен  жүрдүк. Ошол кишилердин жакшы нерсесин алганга аракет кылып, актерлор менен иштешкенди үйрөндүк. Бизди киностудия СССРдин Госкиносунун, ВГИКтин, Жогорку режиссердук курстардын алдындагы киночулардын квалификациясын жогорулатуучу 3 айлык же 6 айлык курстарына жиберип турчу. ”Мосфильмге”, “Ленфильмге” көп жолу командировкаларга бардым. Дүйнөлүк кинолорду ошол жерден көрүп, чыныгы киноискусство деген эмне экенин ошондо түшүндүм. Ошон үчүн кинодо жыйнаган тажрыйбам аябай жардам берди деп ойлойм.

Сыр болбосо, кино тартканга каражат көп кетет бекен?

-Союз тараганда киностудиядан баарыбыз эле “акча жыйнап келип, кино тартабыз” деген ниет менен кеткенбиз да. Ал кезде кино тартуу аябай кымбатка турчу. Мен андан кийин кино тартканга канча акча керек деп көпкө чейин сурап жүрдүм. Чоң суммалар айтылып аткан. Анан былтыр менин алым жете турган суммалар айтылып калды. Себеби, азыр санариптик кинолор келди. Пленка сатып алыштын кереги жок. Камерага флешка салып алып эле тарта бересиң. Пленка жуумай жок, брак болуп калыптыр,  кайра тартабыз деген жок. Азыр 100 миң долларга тартса болот. Мен киностудияда иштеп жүргөндө 1 млн.долларга тартылчу кинолор.

Тартуу процессинде сиз үчүн эң кыйын нерсе эмне болду?

-Мен  дебютант режиссер болгонум үчүн кандай болоор экен деген күдүктөнүү кыйнады. Сен өзүңө өзүң ишенбей жатсаң ал атмосфера жалпы кино тартуучу топко да таркайт экен. Режиссер негизинен мизансцена түзгөндү билип, актерлордун оюнун көзөмөлдөшү  керек. Мен бул маселени кантип чечтим? Өзү дүйнөлүк профессионал кинодо мизансценаны коюучу оператор менен сүрөтчү жасайт. Бирок, бизде сүрөтчү ооруп, катыша албай калгандыктан, мен көбүнчө кинооператорубуз Хасан Кыдыралиевдин тажырыйбасына таяндым. Ал эми актерлор менен иштешүүдө экинчи режиссер катары Бусурманкул Одуракаевди алгам. Ал иштеп атты. Өзүм дагы актерлорго “мен актерлук искусствону окуган эмесмин, силерге кыйын билем деп үйрөтө  албайм. Болгон суранычым, реалдуу турмушта адам ушундай кырдаалда өзүн кандай сезет, ошол образга кирип ойногула” дедим. Алар да дароо эле түшүнүшүп, образга кирип кетишти.

Дегеле биздин кинодо режиссерго аябай көп милдет жүктөлөт. Монтаж да режиссердун мойнунда. А дүйнөлүк практикада кинорежиссер тартып койгонду гана белет. Калганын бүт башка адистер жасайт.

Фильмге өзүңүз канчалык деңгээлде канааттандыңыз? Тасма тартылып бүткөндөн кийин эми жаңы пландар пайда болгондур?

-Мен өзүм каалагандын 70 пайызын гана аткара алдым деп ойлойм. Ага ар түрдүү себептер болду. Шартка, мүмкүнчүлүккө байланыштуу жасайбыз деп туруп жасай албай калып аттык. Бирок, көрөрмандар жакшы кабыл алгандан кийин, айрыкча Кубат аке “ишке ашыптыр” дегенден кийин санаам бир аз тынчып калды.

Пландар албетте, бар. Менин өзүмдүн бир сценарийим бар. Бала менен эненин мамилеси жөнүндө. Быйыл тартам деп ойлодум эле, бирок, үлгүрбөй калып, кийинки жылга өтүп кетет окшойт. Андан сырткары, Кубат акенин мен кызыгып жүргөн эки-үч чыгармасы бар, эгер өзү макул болсо ошону экрандаштырсамбы деп жүрөм. Кокон хандыгынын, Полот хандын, Алымбек датканын, Нүзүп бийдин тагдыры, дегеле хандыктагы кыргыздардын ролу  кызыктырат.

Тасма кеңири экранга качан чыгат?

-Биз  өзүбүз көрсөткөнгө шашып атабыз, бирок, дүйнөлүк кинофестивалдардын бир шарты бар: ар бир фестиваль жаңы кино кеңири тарап кетпесин, биринчи бизден көрсөтүлсүн деген талап коюшат. Экинчи талабы, интернетке чыкпашы керек. Бизге да кинофестивалдарга катышкыла деген сунуштар болуп атат, ошон үчүн бет ачаарын кинотеатрларда эмес, Кино үйүндө өткөрдүк. Алты айдан кийин, кинофестивалдарга катышып келген соң кинотеатрларга чыгарабыз.

Керим Мурас

Булак: “Азия ньюс” гезити

Меню