Menu

Браконьер

Ысык-Көлдүн Сыртындагы "Ыштык" жайлоосунда тоо теке атып жүргөн 37 жаштагы браконьер кармалды

Кечээ, 15-февраль күнү мыйзамсыз аӊчылыктын алдын алуу жана болтурбоо максатында Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери, «Илбирс» коомдук фондунун өкүлдөрү жана жергиликтүү егерлер менен бирдикте рейддик иш-чарасын Жети-Өгүз районунун сырт өрөөндөрүндө өткөрүштү. Бул тууралу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын жүрүшүндө, рейддин катышуучулары сырт өрөөнүнүн «Ыштык» жайлоосунда 37 жаштагы Кызыл-Суу айылынын Т.Б. аттуу тургунунан бир даана атылган тоо текеси табылып алынган. Текшерүү учурунда, кармалган жаран текшерүүчүлөргө жапайы жаныбарды атууга эч кандай уруксат кагаздарын көрсөтө алган эмес.      

Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Нарында 1 тоо эчки, 1 улар атып алган браконьер колго түштү

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Д.А.Кутманованын тапшырмасынын негизинде тоолордун жана суулардын аймактарында жаратылышты коргоо мыйзамдарынын бузулушун алдын алуу жана аныктоо максатында рейддер жүргүзүлүүдө. Бул тууралу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 26-апрелде министрликтин мамлекеттик инспекторлору, «Илбирс» коомдук фондунун кызматкерлери менен биргеликте Нарын районунун Орук-Там айылынын тургуну А.у.С.дан мыйзамсыз аңчылык жолу менен алынган бир баш тоо эчки, бир баш улар жана  КО-91/30М калибрдеги №НЕ 5259 ок атуучу куралы ошондой эле ушул куралга тийиштүү 7, 62*54 калибрдеги 3-даана ок-дарысы менен кошо кармалган.

Бул иш боюнча документтер, ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана фото-видео материалдар чара көрүү үчүн Нарын ИИБге өткөрүлүп берилди.

Министрлик жарандарды жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн сактоого жана аяр мамиле кылууга чакырат. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө тиешелүү мыйзам бузууларга туш болсоңуз, анда Министрликтин биоресурстар башкармалыгынын начальниги Б.М. Бузурмановго 0220-911-911 же Министрликтин тиешелүү түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн тѳмѳнкү түз байланыш номерлерине кайрылыңыз:

– Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын – 0312-540-579 же 0990-447-212 (w/a);

– Бишкек регионалдык башкармалыгы – 0554-434-202;

– Чуй регионалдык башкармалыгы – 0707-466-225;

– Талас регионалдык башкармалыгы – 0509-101-911;

– Ыссык-Кѳл регионалдык башкармалыгы – 0550-270-681;

– Нарын регионалдык башкармалыгы – 0708-828-208;

– Ош регионалдык башкармалыгы – 0550-179-747;

– Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы – 0220-786-273;

– Баткен регионалдык башкармалыгы – 0995-301-410.

Ысык-Көлдө "кызыл китепке" кирген 2 күрөң аюуду атып алган браконьер кармалды

23-апрелде Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Каракол айыл аймагынын тургунунун үйүн тинтүү учурунда “кызыл китепке” кирген эки күрөн аюунун терилери табылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Азыркы учурда аюулардын кандайча атылганы такталууда. Алдын-ала маалыматтар боюнча аюулар Хан-Теңири мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында атылган.

Андан башка да шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда уруксааты жок ок атуучу куралдар жана ок-дарылар, табылган.

Азыр кылмыш материалдары Ак-Суу райондук милициясына өткөрүлүп берилген.

 

Меню