Бүгүн, 17-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.
Жыйында белгилүү болгондой мыйзам долбоордун негизги максаты Кыргыз Республикасынын туристтик жагымдуулугун арттыруу, ошондой эле өлкөнүн чет өлкөлөрдөгү туристтик имиджин жакшыртуу экенин белгилеп: “60 күнгө чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасына визасыз киргенге уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмесине кошумча тогуз өлкөнү кошуу менен кеңейтүү сунушталууда”, – деди.
Алар :
Албания Республикасы,
Болгария Республикасы,
Вьетнам Социалисттик Республикасы,
Израиль Мамлекети,
Кипр Республикасы,
Түндүк Македония Республикасы,
Румыния Республикасы,
Таиланд Королдугу,
Мексикалык Кошмо Штаттары.
Талкуудан соң мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.