Menu

Владимир Зеленский

Киев Путин менен сүйлөшүүлөрдөн расмий баш тартты

Украинанын президенти Владимир Зеленский 30-сентябрда коопсуздук жана коргоо кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимди ишке киргизүү тууралуу буйрукка кол койду.

Документте Орусиянын азыркы президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүн эместиги айтылат. Чечим Орусиянын украин аймактарын аннексиялап алуусуна байланыштуу кабыл алынган.

Зеленскийдин буйругу 4-октябрда жарыяланды.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков украин президентинин чечими тууралуу комментарий берди.

“Азыркы мамлекет башчынын позициясындагы өзгөрүүлөрдү же украин элинин кызыкчылыгы үчүн өз позициясын өзгөртүүгө даяр Украинанын эмки президентин күтөбүз”, – деп айтты ал.

30-сентябрда Зеленский Украина НАТОго тездетилген тартипте кошулуу арызын тапшырганын билдирген. Ошондой эле Киев Орусиянын башында Путин турган кезде эч кандай сүйлөшүүлөргө барбасын белгилеген. Анын алдында орус президенти Украинанын төрт аймагынын аннексиясын жарыялаган.

Путин Москва Киев менен сүйлөшүүгө даяр деп бир нече ирет билдиргени менен өзү аларга түздөн-түз катышарын айткан эмес.

Владимир Зеленский Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогону үчүн Касым-Жоомарт Токаевге ыраазычылык билдирди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Украинанын лидери Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Акордонун сайты Токаев украин эгинин экспорттоодо Бириккен Улуттар Уюмунун аракети менен Түркияда кабыл алынган үч тараптуу келишимге оң баа бергенин кабарлады.

Владимир Зеленский Твиттердеги баракчасында Токаевге Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогону жана Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрү боюнча позициясын ачык айтканы үчүн ыраазычылык билдиргенин жазды.

Казакстандын президенти Токаев Владимир Путиндин көзүнчө расмий Нур-Султан Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы жикчил түзүмдөрдүн өз алдынчалыгын тааныбай турганын айткан.

Казак бийлиги Орусиянын Украинага кол салганын ачык айыптаган да, колдогон да эмес. Орусия менен мурдагы мамилесин улантууга аракет жасап, ошол эле учурда Киевге гуманитардык жардам жөнөткөнү, Украинаны колдогон акцияларга уруксат бергени маалым.

Токаев украин президенти Владимир Зеленскийге телефон чалган Борбор Азиянын алгачкы лидери. Буга чейин казак бийлигинин расмий өкүлү да Нур-Султан Донбасстагы жикчил түзүмдөрдү тааныбай турганын Брюсселде билдирген. Талдоочулар Казакстан мындай жолдор менен Батыштын туунду санкцияларынын алдын алууну көздөп жатканын айтышкан.

Уланып жаткан согуштук кырдаалда Украинадан дан жана башка азык-түлүк товарларын Кара деңиздеги украин порттору аркылуу ташып чыгуу жөнүндө макулдашуу 22-июлда Стамбулда кабыл алынган. Кепилдик берген тарап катары макулдашууга Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш да кол койгон.

Зеленский Украинанын Евробиримдикке кирүүсү тууралуу арызга кол койду

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө болуп кирүүсү тууралуу арызына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысы өзү “Телеграм-каналына” жазып, кол коюу жараянынын жана документтин сүрөтүн жарыялады.

Арыз Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйенге жазылды. Ал качан каралары жана өлкө уюмга качан кирери белгисиз. Мурдараак өлкөнүн премьер-министри Денис Шмыгал Украина уюмга атайын тартип менен кирерин билдирген.

Мунун алдында Зеленский видео кайрылуу менен чыгып, Европа Биримдигин “кечиктирилгис процедуранын негизинде” Украинаны кошуп алуусун өтүнгөн. Ал украин армиясы өз жери үчүн эле эмес, жалпы Европа үчүн согушуп жатканын белгилеп, “уюмга кошулууга татыктуу” экенин белгилеген.

Орус президенти Владимир Путиндин “Донбасстагы калкты коргоо” тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды.

Украиналык маалымат каражаттары Орусиянын аскердик кол салуусунан 352 украиналык жайкын тургун каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин жазды. Окуянын алгачкы күнү Киев 137 аскери курман болгонун маалымдаган, андан кийинки жагдай азырынча белгисиз.

Мунун алдында Украинанын Коргоо министрлиги Орусиянын армиясынын жоготуулары 5300 жоокерди түзөрүн маалымдаган. Бул категориянын ичинде өлгөндөр, колго түшкөндөр, жарадарлар кошо санала турганы кабарланган.

Орусия өлгөн же жараат алган аскерлери бар экенин моюнуна алганы менен алардын санын айта элек. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын 1000ге жакын аскердик объектисин талкалаганын гана маалымдады.

 

Меню