Menu

Владимир Путин

Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Жолугушуу жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-орус эки тараптуу өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин, түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу байланыштарды өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер эки тараптуу негизде да, эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында да жогорку динамикасы менен өзгөчөлөнөрүн белгиледи.

Ал Россия салттуу түрдө Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгиледи. Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында өз ара сооданын олуттуу– өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе өсүшү катталганын белгиледи.

«Инвестициялык долбоорлор, анын ичинде Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ийгиликтүү жылып жатат. Бүгүнкү күндө Фонд 440 миллион долларга жакын 3200дөн ашык долбоорду жактырды», — деди ал.

Кыргыз-орус кызматташтыгынын дагы бир приоритеттүү багыты гуманитардык тармак экенин белгилеп, Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын аймагында орус тилинде окутуулар менен жалпы билим берүүчү мектептердин курулушунун башталышы күтүлүп жатканын кошумчалады,

Президент Садыр Жапаров бүгүнкү жолугушуу кыргыз-орус көп кырдуу кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого жана эки тараптуу күн тартибинде турган маселелерди иш жүзүндө ишке ашырууга көмөктөшөөрүнө ишеним билдирди.

Өз кезегинде Россиянын президенти Владимир Путин Россия менен Кыргызстан жакын өлкөлөр, стратегиялык өнөктөштөр жана бир катар регионалдык уюмдардын алкагында биргелешип иш алып барган союздаштар экенин белгиледи.

«Россия Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөшү бойдон калууда. Өткөн жылы товар жүгүртүүнүн өсүшү байкаларлык болсо, быйыл көлөмү өсүүдө жана абдан жакшы темпте. Өткөн жылы ал 46,6% өскөн. Бул абдан жакшы көрсөткүч», — деди ал.

Владимир Путин орус тарап Кыргызстанга экономикалык колдоо көрсөтүүнү улантып жатканын жана өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктарды жоюу жаатында техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи. Ал ушул жылдын июлунда Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасына өрт өчүрүүчү жана тик учак техникаларын жеткирүү боюнча токтомуна кол коюлганын, бул максаттарга орус бюджетинен дээрлик 1,5 миллиард рубль бөлүнгөнүн билдирди.

Владимир Путин ошондой эле Россия менен Кыргызстандын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө көңүл бурду.

Сүйлөшүүнүн соңунда мамлекет башчылары биргелешкен күн тартибин мазмундуу толтуруу үчүн ар кандай багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Москванын муниципалдык депутаттары Владимир Путиндин отставкасын талап кылышууда

Москванын муниципалдык Ломоносов округунун депутаттары президент Владимир Путинге кайрылып, анын отставкасын талап кылышты. Алар өлкөнүн бакубаттуулугу үчүн бийлик алмашып турушу керек деп эсептешет. Алар “Путин экинчи мөөнөткө шайланып келгенден кийин “баары бузулганын” да белгилешкен. Депутаттардын президентке кайрылуу жасаганы боюнча протоколдук чечими округдун расмий сайтына жарыяланды.

Кайрылууда депутаттар Путин жана анын кол алдындагылардын агрессивдүү риторикасы Орусияны кайра “кансыз согуш” дооруна алып келгенин, ички дүң өнүм кыскарганын, минималдуу айлык акы мурда айтылган көрсөткүчкө чейин көтөрүлбөгөнүн, акылдуу жана жумушка жарамдуу адамдар өлкөдөн кетип жатканын белгилешкен. Орусияда убада кылынган туруктуулуктун дайыны да жок экенин айтышкан.

Буга байланыштуу алар президенттин кызматтан кетүүсүн суранышууда.

“Сиздин көз карашыңыз, башкаруу моделиңиз эскирип, Орусиянын өнүгүшүнө жана анын адамдык потенциалына тоскоол болууда”, – деп жазган муниципалдык депутаттар.

Муниципалдык депутаттар Москва шаарынын мэри Сергей Собянинге да кайрылышкан. Кайрылууда Москвада жергиликтүү өзүн өзү башкаруу системасы факт түрүндө иштебей жатканы, райондук деңгээлде жергиликтүү тургундардын кандай гана демилге болбосун аны ишке ашырууга тоскоол кыла тургандай кош бийлик түзүлүп калганы айтылган.

7-сентябрда Санкт-Петербургдун Смольнинское муниципалитетинин депутаттары Мамлекеттик Думага Владимир Путинди мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыптоо жана аны кызматтан алууну талап кылуу боюнча кайрылуусун жарыялашкан.

Санкт-Петербургдун депутаттары Путиндин Украинага каршы согуш баштап, бастырып кириши Орусиянын жана анын жарандарынын коопсуздугуна зыян келтирет деп эсептешет. Кайрылууга кол койгон депутаттар 9-сентябрда милицияга чакырылып, аларга “орус армиясын каралоо” беренеси боюнча протоколдор түзүлгөн.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Петербург депутаттары Мамдумага Владимир Путинди мамлекеттик чыккынчылыкка айыптап, импичмент жарыялоону сунушташты

Санкт-Петербургдагы Смольнинск муниципалдык кеңеши Мамлекеттик думага Орусиянын президенти Владимир Путинди кызматынан ажыратуу үчүн мамлекеттик чыккынчылыкка айыптоону сунуштады. Бул тууралуу депутат Дмитрий Палюга билдирди.

Петербург депутаттары Путиндин Украина аймагына кол салуу жөнүндө чечими Орусиянын жана анын жарандарынын коопсуздугуна зыянын тийгизет деп эсептешет. Палюга чечим Смольнинск кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынганын белгиледи.

Депутаттар Украинадагы согуштан жаш жигиттер өлүп, майып болуп, согуштан Орусия экономикасы жабыркап жатат деп эсептешет. Алар Орусия согушту баштагандан кийин НАТО блогу чыгышты көздөй активдүү түрдө кулачын жайып, Украина ири көлөмдө курал-жарак ала баштаганын белгилешти.

Орусия Украинага согуш ачкандан кийин – март айында Смольнинск муниципалдык кеңеши Путинге кан төгүүнү токтотуу, Украина аймагынан аскерлерди чыгарып кетүү жана отставкага кетүү чакырыгы менен депутаттык өтүнмө жолдогон.

5 орус олигархы Путинге 583 миллион долларлык суперяхтаны Жаңы жылга белекке беришкен

Документтер боюнча “Роснефть” компаниясынын мурдагы президенти Эдуард Худайнатовго таандык Италияда камакка алынган “Шехерезада” суперяхтасы 583 миллион еврого курулган. Аны орус олгархтары президент Владимир Путинге Жаңы жылга белек катары беришкен.

Бул тууралуу “Досье” иликтөө борборунун материалында жазылган.

Суперъяхта быйыл май айында Италиянын Марина ди Каррара деген портунда камакка алынган. Анда ал санкциялык тезмеге киргизилген орусиялыктардын бирине таандык болушу мүмкүн экени айтылган. Яхтанын ээси тууралуу Италиянын бийлигине жөнөтүлгөн катта ага Худайнатов ээлик кылары жазылган. Ошол эле маалда Худайнатов АКШ санкциялык тизмедеги миллиардар Сулейман Керимовго таандык деп эсептеп жаткан 106 метрлик “Амадея” суперяхтасына жана Испаниянын бийлиги Игорь Сечиндин менчиги катары камакка алган 135 метрлик “Кресент” яхтасына да ээлик кылат.

Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен иликтөөсүнүн материалдарында Худайнатов жогоруда айтылган яхталардын баарына ээлик кылгыдай бай эмес экени белгиленген. ЕБ яхталардын курулушун беш компания каржылаганын аныктап чыккан.

“Досье” борборунун маалыматына караганда, аталган офшорлордун бери дегенде эле бирөө орус бизнесмендерине түздөн-түз байланыштуу болушу мүмкүн. Иликтөөчүлөр компаниянын ээси катары “Сумма” тобунун ээлеринин бири Зиявудин Магомедовду атап жатышат. Долбоордун аты-жөнүн айтпаган булагы Магомедов Путинге “Шехерезаданы” белек кылган олигархтардын бири экенин айткан.

Басылма жаңы жылдык белекке акчаны миллиардер Геннадий Тимченко чогултканын жазды. Ошол эле маалда белек берүүчүлөрдүн башкаларынын аты-жөнү айтылган эмес.

Буга чейин “Шехерезада” суперяхтасына Орусиянын президенти Владимир Путин ээлик кылары башка иликтөөлөрдө да айтылып, анын экипажы Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнөн тураары белгилүү болгон. Кремль азырынча “Досьенин” бул материалы боюнча комментарий бере элек.

7-сентябрда Путин орусиялыктардын чет өлкөлөрдөгү активдеринин камакка алынышы – “бардыгы үчүн сабак” экенин билдирди. Анын айтымында, эгер орусиялык ишкерлер яхталарын Орусияда кармап, акчасын чет өлкөлүк активдерге салбаганда, “эч нерсе жоготпой болчу”.

Февраль айында Гамбург портунан Калининградга Путинге байланышы бар экени айтылып жүргөн 82 метрлик “Грейсфул” деген суперяхта жеткирилген. Андан эки апта өткөндөн кийин Путин Украинга согуш жарыялаган.

Евробиримдик 2022-жылдын аягына чейин Россиядан нефть импортун 90%га кыскартуу чечимин кабыл алды

“Москва тандоо алдында турат: согушту колдоо же элине кам көрүү”, – деп билдирди кечээ, 4-июлда Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Жозеп Боррел. 

“Россияга каршы санкциялар пайдалуубу? Ооба, алар Владимир Путинге жана анын жан-жөкөрлөрүнө азыртадан эле катуу сокку урууда жана алардын орус экономикасына тийгизген таасири убакыттын өтүшү менен күчөйт”, – деди ал.

“Россия Украинага басып кирип, эл аралык мыйзамдарды атайын бузгандыктан, ЕБ Москвага каршы алты санкция пакетин кабыл алды. Азыркы учурда биздин чаралар Россияда дээрлик 1200 жеке жана 98 юридикалык жактарына, ошондой эле Россиянын экономикасынын бир топ секторлоруна багытталган. Бул санкциялар G7 мүчөлөрү менен макулдашуу боюнча кабыл алынган. Алардын натыйжалуулугу кырктан ашык башка өлкөлөрдүн (анын ичинде салттуу нейтралдуу өлкөлөр да) кабыл алышы же ушуга окшогон чараларды көрүү менен жогорулайт”, – дейт Боррел.

“2022-жылдын аягына чейин биз россиялык нефть импортун 90% кыскартабыз жана газ импортун тездик менен азайтып жатабыз. Бул чечимдер акырындык менен бизди Владимир Путиндин агрессиялуулугуна каршы саясий тандообузга тоскоол болгон көз карандылыктан арылтууда. Ал Европа энергетикалык көз карандылыгынан улам санкция салууга барбайт деп эсептесе керек. Бул жаңжал учурунда россиялык режиминин көптөгөн жаңылыш эсептөөлөрүнүн эң азы эмес. Албетте, Россиянын энергетика тармагынан мындай тездик менен ажыратуу ЕБнин көптөгөн өлкөлөрү жана экономиканын айрым тармактары үчүн да олуттуу кыйынчылыктарды жаратат. Бирок бул биздин демократияны жана эл аралык укукту коргоо үчүн төлөшүбүз керек болгон баа жана бул маселелерди толук тилектештик менен чечүү үчүн зарыл кадамдарды жасап жатабыз”, – деп жыйынтыктайт Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү жана Европа комиссиясынын вице-президенти Жозеп Боррел.

Путин Тажикстанга барды

Орусиянын президенти Владимир Путин 28-июнда Тажикстанга барды. Бул орус лидеринин Москва украинага кол салгандан берки алгачкы чет өлкөлүк сапары. Дүйшөмбүдө Путин тажик президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Буга чейин Кремл Путин тажик башкалаасына Рахмондун чакыруусу менен бара турганын, “орус-тажик стратегиялык өнөктөштүгүнөн” тышкары Ооганстандагы кырдаал сыяктуу “регионалдык маселелер” да кеп болоорун билдирген.

Тажикстан президентинин басма сөз катчысы Абдуфаттох Шарифзода “Озоди” радиосуна ырастагандай, бул сапарда эч кандай документке кол коюлбайт.

ТАСС агенттиги орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаковго шилтеме берип кабарлагандай, президенттердин сүйлөшүүсүндө Дүйшөмбүнүн Москва лидерлик кылган Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө болушу тууралуу маселе козголушу мүмкүн.

Ушаковдун айтымында, Дүйшөмбүдө Тажикстан менен Орусиянын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык жана Ооганстандагы кырдаал талкууланат.

29-июнда Путин Ашхабадда Азербайжан, Казакстан, Иран жана Түркөмөнстан лидерлери менен Каспий саммитине катышмкчы. Анын жүрүшүндөгү эки тараптуу жолугушуулар тууралуу суроого Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жооп берген жок.

Түркмөнстандын жаңы президенти Сердар Бердымухаммедов кызматка шайлангандан кийинки алгачкы сапары менен Москвага барган.

Ал арада украин президентинин администрация башчысынын кеңешчиси Алексей Арестович тажик жана түркмөн бийликтерин Орусияга Батыштын санкцияларын кыйгап өтүүгө жардам бербөөгө үндөдү.

Назарбаев Путин менен жолукту

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуп, аны Орусия  күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Назарбаевдин расмий сайты кабарлады.

Билдирүүдө Назарбаев менен Путин эки өлкө ортосундагы мамлелердин түптөлгөнүнүн 30 жылдыгына байланыштуу бири-бирин куттукташты.

“Тараптар бири-бирине бекем ден соолук, амандык тилеп, ортодогу достук байланышы мындан ары да Казакстан менен Орусия элининин жыргалчылыгы үчүн улана берерине ишеним артышты”, – деп белгиленген кабарда.

Казакстан Кремлди “Орусия күнү” менен куттуктаганы тууралуу маалымат Акордонун сайтына жарыяланган жок.

Назарбаев менен Путиндин жолугушуусу мурдагы президенттин мамлекеттик башкаруудагы таасири алсыраган учурга туш келди. Өткөн аптадагы референдумдан кийин күчүнө кирген Конституцияда туңгуч президент жөнүндөгү бардык сөздөр алынган. Мындан тышкары парламент сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев азыркы өлкө башчы эми Нурсултан Назарбаев менен “акылдашпай” турганын маалымдаган.

Ал ортодо ушул аптада Касым-Жомарт Токаев Орусияга барат деп күтүлүүдө. Акордонун билдиришинче, 17-июнда ал Владимир Путиндин чакыруусу менен 25-ирет өтө турган Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышат.

АКШ чалгыны Путин апрелде рактан дарыланганын аныктады

Орусия президенти Владимир Путин апрелде  рактын акыркы стадиясынан дарыланган. Бул тууралуу Newsweek үч анонимдүү жогорку кызматтагы өз булагына таянуу менен билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, апрелдин аягынан баштап, майдын ортосуна чейин америкалык атайын кызмат Путин катуу ооруп жатканын, өлүп калышы мүмкүн экенин айткан. Сыягы, коронавируска каршы обочолонуу анын чыныгы абалын жашырууга жардам берген.

Апрелдин башында “Проект” басылмасы 69 жаштагы президенттин сапарларын калкан бездеги ракка адистешкен лор менен хирургдар коштоп жүрө баштаганын жазган.

Кремль президенттин саламаттыгы боюнча билдирүүлөргө адатта комментарий бербейт. Бирок Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “Проекттин” макаласына жооп берип жатып, материал ойдон чыгарылганын жана президенттин дени сак экенин айткан.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Канада Владимир Путиндин көңүлдөшү экени айтылып жүргөн Алина Кабаевага жана 22 орусиялыкка санкция салды

Канада Орусиянын 22 жаранына жана төрт компаниясына каршы жаңы санкцияларды киргизди.

Жаңыланган санкциялык тизмеде орус президенти Владимир Путин менен жакын мамиледе экени айтылып жүргөн Олимпиада чемпиону Алина Кабаева, “Альфа-групп” компаниясына ээлик кылган миллиардер Михаил Фридмандын эки кызы, “Новикомбанктын” башкармалыгынын төрайымы Елена Георгиева, Урал тоо-металлургиялык компаниясынын башкы директору Андрей Козицын, Орусиянын түз инвестициялар фондунун башкы директорунун биринчи орун басары Анатолий Браверман, “Сбербанктын” башкармалыгынын мурдагы төрага орун басары Сергей Мальцев, “ВТБ банктын” төрагасынын орун басары жана башка жарандар бар.

Мындан тышкары санкциялык тизмеге “Орусиянын түз инвестициялар фондунун башкаруу компаниясы”, “РВУнын башкаруу компаниясы”, “Россельхозбанк” жана “Инвестторгбанк” киргизилген.

20-майда Канада Орусиянын 14 жаранына санкция салган. Алардын арасында да “орусиялык олигархтар, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана Путинге жакын адамдар” болгон.

Андан мурдараак Алина Кабаевага каршы Улуу Британия да санкция киргизген.

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары бийликтеги өз булактарына таянуу менен Алина Кабаеваны Путиндин жубайы жана эки баласынын атасы деп жазып келишет. Швейцариялык SonntagsZeitung гезити Кабаева 2015-жылы жана 2019-жылы эки балалуу болгонун маалымдаган. Кремл бул маалыматтарды ырастаган да, төгүндөгөн да эмес.

Меню