Menu

Динара Кутманова

Экология министри Динара Кутманова "Жаратылышты өнүктүрүү фондунун" акчасынан өз кабинетине 1 миллион 500 миң сомго мебель сатып алдыбы?

2017-жылы Кыргыз өкмөтү жана “Центерра Голд Инк.” , “Кумтөр голд компани”, “Кумтөр Оперейтинг Компани” компаниялары биргеликте 50 млн доллар уставдык капиталы менен “Жаратылышты өнүктүрүү фондун” түзүшкөн. Андан сырткары “Кумтөр голд компани” бул фондго жыл сайын $2.700.000  взнос төлөп турмак  болуп, натыйжада фонддун эсебине $65.000.000 каражат топтолгон.

Ал фонд министр Динара Кутманова жетектеген КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине эч кандай тиешеси жок коомдук фонд болуп, Юстиция министрлигинен өз алдынча юридикалык жак катары катталган.

Бул фонддун негизги максаты – айлана-чөйрөнүн абалын калыбына келтирүүгө жана жакшыртууга багытталган жаратылышты коргоочу долбоорлорду каржылоо болгон. Экология жана жаратылыш байлыктарын колдоо, Кумтөр кенинин аймагына жакын жайгашкан жерлерде жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында айлана-чөйрөнү коргоо боюнча дареметти өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга колдоо көрсөтүү эле.

Бул фондду түзүү боюнча Кыргыз өкмөтүнүн токтомунда “Фонддун Уюштуруучусу, кызмат адамдары, башка кызматкерлери жана башкаруу органынын мүчөлөрүнүн ортосунда пайданы бөлүүгө жол берилбейт” деп ачык жазылган.

Бирок Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология  жана техникалык көзөмөл министри болуп Динара Кутманова дайындалгандан бери бул фонддун акчасына суук колун салгандар көбөйгөнүн фонддун айрым өкүлдөрү ар кандай инстанцияларга маалымат таратып, коңгуроо кагышууда.

Алардын айтымында, министр Динара Кутманова “Жаратылышты өнүктүрүү фондунун” эсебинен өзүнүн кабинетине 1 миллион 500 миң сомго мебель сатып алыптыр. Эмне министрдин кабинетине ушундай кымбат баадагы эмеректерди сатып алуу ушунча эле зарылбы же бул да жаратылышты коргоо, колдоо болуп эсептелеби?

5 миллион 800 миң сомду сыйлык кылып алышкан.

1 миллион 200 миң сомду компьютердик жабдыктарды сатып алууга коротушкан.

1 миллион 200 миң сомду командировкаларга чыгымдашкан.

Мындай мыйзам бузуулардын тизмеси узун болуп тизмектелген. Анын баарын санап отуруунун азыр зарылчылыгы жок. Ошол эле учурда Кыргызстанда экологиялык чоң катастрофалар катталып, мөңгүлөрүбүз эрип, абабыз бузулуп, түтүнгө ышталып, сууларыбыз ууланып жатат. Бул багытта экеологиялык чоң долбоорлорго каражаттар жок деп каржыланбай келет.

Динара Кутманова оппозицияда жүргөн кезинде жаратылышты коргоо боюнча чакырыктарды жасап кыйкырса жанына адам чыдап уга алчу эмес, баарыбыз бул айымды колдочубуз, эми мансапка жетип, министрлик кызматка олтургандан бери өзүнчө чиновниктик мүнөз күтүп, 2 жылдан бери жаратылышты коргоо багытында бир чоң долбоорду ишке ашыра алган жок. Жаратылышты колдоого жыйналган каражаттарды минтип максатсыз пайдаланып олтурганы бул министрдин жаратылышка жана экологияга болгон чыныгы мамилесин ачыктайт.

Коомдук фонндун акчаларын мамлекеттик органдын жетекчилери өз каалагандай чачканы эч бир мыйзамга дал келбейт. Ошондуктан азыр коррупция менен күрөшүп жаткан КР Генпрокурору Курманкул Зулушев менен КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бул фактыларды текшертип, коомчулукка жообун айтып койсо жакшы болот эле. Кыңыр иш мурункудай кырк жылда эмес азыр кырк күндө эле билинип калат.

Исмаил Исаков, генерал: “Экология министри Динара Кутманова кечээ бирди сүйлөп, бүгүн бирди сүйлөп жатса, анан ушундай адамдарга биз кантип ишенебиз?”

“Бийлик “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстанга алганда кандай шарттар менен алды деген суроо туулат. Анын ичинде эң чоң маселе – бул экология маселеси. Мына ошол экологиялык маселе азыр кандай чечилди деген суроого жооп берели”, – деп билдирди кечээ, 26-июлда экс-коргоо министри, экс-депутат Исмаил Исаков “Арча медиа” басылмасына берген видеоинтервьюсунда.

“Биз өзүбүз Канадалыктарды биздин экологияга 3-4 миллиард доллар зыян келтирди деп доомат артып, соттон жеңип алдык эле. Эми ал акчаларды бюджетке ким төлөйт? Эгер эртең чатак болуп кетсе… Биз жаңы келишим боюнча анын баарын өз моюнубузга алып жаткан турбайбызбы. Зыянды “Центерра” компаниясы алып келсе биз аны кечирип жатабыз да. Мисалы менин үйүмдү сен талкалап, 3-4 миллиард доллар зыян келтирдиң дейли, анан кол коюп жатканда мен кечирдим дегендей болуп жатпайбы. Мен өзүм төлөйм деп. Анда эмнеге уруштум эле? Анда эмнеге кенди тартып алдың эле? Экологияны калыбына келтирүү үчүн 3-4 миллиард долларды эми биз кайдан табабыз? Кайсы булактан? Бийлик айтыш керек да мобу булактан биз ушундай акча таап койдук деп. Мына, Экология министри Динара Кутманова бир кезде экология  ошончо зыян тартты деп өзү кыйкырып жүргөн, эми болсо ушуга макул болуп жатат. Анан ушундай адамдарга биз кантип ишенебиз?  Кечээ сен бирди кыйкырып жүрдүң эле, бүгүн кайтып ал зыянды өзүңүн мойнуңа алып жатасын, анда эмнеге кыйкыргансын сен?  Бул биринчи маселе, муну туура эмес кылышты,” – деди генерал Исмаил Исаков.

Динара Кутманова: “Кумтөрдөгү” экологиялык зыян боюнча соттук териштирүүгө чекит коюла элек

“Кумтөргө” келтирилген экологиялык зыян боюнча маселеге чекит коюла элек. Бул тууралуу 19-июлда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Кутманова соттук териштирүү уланып жатканын айтып, ар бир инвестор иштеп жаткан өлкөнүн мыйзамдарын, анын ичинде жаратылышты коргоо боюнча мыйзамдарын сактоого тийиш экенин белгиледи.

«Мыйзам бузуулар бар экенин үч комиссия аныктаган. Бул жерде менин позицияма карата эч кандай бурмалоо, ошондой эле түрдүү чечмелөө болушу мүмкүн эмес: факт бар жана аны эч ким жокко чыгара элек. Соттук териштирүү уланууда, маселеге акыркы чекит коюла элек», – деди Кутманова.

Канадалык инвестор “Центерра” компаниясы иштетип келген “Кумтөр” алтын кенин 2021-жылдын май айында Кыргызстандын бийлиги өз алдынча башкарууга алган. Ошол учурда Бишкектин Октябрь райондук соту “Центерраны” Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. Ишкана мындай дооматтарды четке каккан жана Кыргызстандын өкмөтүнүн үстүнөн эл аралык сотко бир нече арыз менен кайрылган.

Кумтөр кениндеги жагдайды иликтеген мамлекеттик комиссия “Центерра” Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4,2 миллиард доллар төлөшү керек экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров быйыл 4-апрелде элге кайрылуу жасап, “Центерра” менен доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча макулдашууга кол коюлганын, Кыргызстан андагы 26 пайыздык акциясын өткөрүп, эки тарап доолордон баш тартарын жарыялаган жана мындан ары “Кумтөр Голддун” 100% акциясы Кыргызстанга таандык экенин билдирген.

“Бириккен демократиялык кыймыл” оппозициялык бирикмеси 13-апрелде Бишкекте жыйын куруп, бийликти бул макулдашуудан баш тартууга чакырган, аны менен өлкө экологиялык чыгымдарды өзүнө алганын утулуш деп атаган.

Меню