Menu

Доллардын курсу

Депутат өлкөгө рубль ташылып келип, доллар мүшөктөп чыгып жатканын айтты

Чайкоочулар Кыргызстандан долларды көп өлчөмдө чыгарып кетип жатышканын 29-декабрда Жогорку Кеңеште банктардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселе каралып жатканда депутат Коргонбай уулу Жусупбек билдирди. Ал Улуттук банктын жетекчилигине кайрылып, буга каршы чара көрүүгө чакырды:

“Аэропортто чемодан менен рубль алып келип, долларды алып кетип жатышат спекулянттар Түркияга, Москвага, Кытайга жана башка мамлекеттерге. Накталай түрдө чемодан, мүшөк менен… Доллардын таңкыстыгы, курстун өсүп кетиши ушунун айынан болуп жатат, түздөн-түз экономикага таасирин тийгизүүдө”.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков депутатка: “Ал бизге караштуу жумуш эмес. Көбүнчө Министрлер кабинетине караштуу” деп жооп берди.

Кыргызстандын валюта базарындагы абал быйыл февралда Орусия Украинага согуш ачканы үчүн бир катар санкцияларга кабылгандан кийин түзүлгөн. Ошондон бери доллар кымбаттап, сырттан которгон акчасын Кыргызстандагы банктардан өтө көп комиссия төлөп алууга мажбур болгонун кардарлар айтууда. Долларды мурдагыдай каалаган суммада сатып алуу мүмкүн болбой калды. Ал кымбаттап, ошого жараша баалар да жогорулоодо.

Санкциялардын айынан орус рублине мурдагыдай суроо-талап болбой калды.

Улуттук банк доллардын курсун дээрлик үч сомго чейин жогорулатты

Улуттук банк 8-июлга карата АКШ долларынын курсун 82,37 сом деп белгиледи. Бир күн ичинде ал дээрлик үч сомго кымбаттады.

Муну менен акыркы айда доллардын наркы биринчи жолу расмий түрдө жогорулады. Июндун башынан бери ал 79,50 сом деңгээлинде сакталып келген.

Соңку күндөрү доллардын базардагы баасы да көтөрүлүп жатат. 7-июлда алмаштыруу жайларында АКШ валютасы 84 сомдон сатылып, сатып алуу 83 сомду түздү.

Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден кийин Европа өлкөлөрү жана АКШ Орусияга бир катар экономикалык санкцияларды салып, валюта базарында туруксуз кырдаал жаралды.

Марттын ортосунда бир доллар 105 сомго чейин көтөрүлүп, апрелдин башында 81,5 сомго түшүп калган.

Ошол эле маалда өлкөдө нак доллар тартыштыгы жаралып, банктар чектөө киргизди.

Учурда айрым банктар кардарлардын эсебинен накталай доллар алууда 5% чейин комиссия кармап калып жатат.

Өлкөдө накталай доллар тартыштыгы ишкерлерге кошумча түйшүк жаратууда. Өкмөт жана Улуттук банк муну Орусиядагы кырдаалга байланыштырган.

Бул арада накталай доллар Орусияга чыгарылып жатканы айтылууда.

Меню