Menu

ЕАЭБ

Акылбек Жапаров Казакстанды соода саясатын кайрадан карап чыгууга чакырды

Кыргызстан менен Казакстанда эки тараптуу сооданы көбөйтүүгө бардык негиздер бар, ал үчүн өлкөлөр соода саясатын кайрадан карап чыгып, соода жана жүк транзити тармагында орун алып жаткан маселелерди чечүүсү керек.

Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алматыда өтүп жаткан Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча аймактык саммиттин алкагында Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов менен жолукканда билдирди.

“Эки өлкөнүн мамлекет башчылары ортодогу соода жүгүртүү деңгээлин 2 млрд АКШ долларына жеткирүү милдетин коюшту. Бул милдет биз төрагалык кылган Өкмөттөр аралык кеңештин 10-жыйынынын жыйынтыгы боюнча протоколдо да чагылдырылган. Бизде эки тараптуу сооданы жогорулатууга бардык негиздер бар, ал үчүн соода саясатыбызды кайрадан карап чыгып, соода жана жүк транзити тармагында орун алып жаткан маселелерди чечишибиз керек”, – деди Жапаров.

Казак-кыргыз чек арасында маал-маалы менен жүк ташуучу унаалардын кээде бир нече чакырымга созулган узун кезеги болуп турат. Көзөмөлдүн күчөтүлүшү эки элдин чыр-чатак бутасына айланып, эксперттер муну “соода согушу” деп атап жүрүшөт. Убагында талаш Дүйнөлүк соода уюмуна чейин жеткен. Ошол эле маалда эки өлкө тең ЕАЭБдин мүчөсү. Уюмдун жобосунда биримдикке мүчө мамлекеттер арасында эркин товар ташууга уруксат берилген.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 27-майда Бишкекте өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында ЕАЭБдин ички базарындагы тоскоолдуктар уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосунда ажырым жаратып, биримдиктин терс имиджин түзүп жатканын билдирген.

“Биздин изилдөөбүз көрсөткөндөй, үчүнчү өлкөлөрдүн товарын Орусияга жеткирүү иши уюмга мүчө Кыргызстандын айыл чарба товарларын жеткирүүгө караганда кыйла тез жана жеңил болууда. ЕАЭБдин ички чек араларында бажы көзөмөлү алынган, ага карабай тоскоолдуктар болууда”, – деген Жапаров.

26-майда эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев Бишкекте жолугуп, чек арадагы тыгындарды болтурбоо үчүн болгон аракеттерди көрүүнү макулдашкан. Бирок андан бери өткөрмө бекеттердеги абал өзгөрбөй, кезек күткөндөрдүн саны кайра көбөйгөнү кабарланып келет.

Кыргызстан менен Казакстан жүк ташуучулардын маселесин 19-апрелде талкуулайт

Кыргызстан менен Казакстандын тийиштүү мамлекеттик органдарынын катышуусунда эки өлкөнүн чек арасындагы кезекте турган жүк ташуучу машинелердин маселеси боюнча кескин чараларды кабыл алуу үчүн видео байланыш режиминде кеңешме өткөрүлөт.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын вице-премьер-министри, соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун жолугушуусунда макулдашылганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Алар 15-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынынын алкагында Москва шаарында жолугушкан. Анда Кожошев Казакстан менен болгон макулдашуу ишке ашпай жатканын айткан.

“Биз документтери туура эмес же такыр жок болсо, казак тарап мындай унааларды артка кайтарып берет деп макулдашканбыз. Иш жүзүндө жүк ташуучу унаалардын кезеги күн өткөн сайын көбөйүүдө”, – деди Кожошев.

15-апрелде Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Кыргызстандын ал өлкөдөгү элчиси Дастан Дуйшекеевди кабыл алып, кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучулардын маселеси талкууланган.

11-апрелде Казактандын чек арасындагы “Ак-Тилек-Карасу” өткөрмө бекетинде 300дөй жүк ташыган машиненин тыгыны пайда болгон. Казакстан тарап анын себебин түшүндүрө элек.

Импортко көз каранды Кыргызстан үчүн Казакстан башкы транзиттик жол болуп эсептелет. Казакстан тарап Кыргызстан аркылуу жүк алып киргендерге эрежелерди катаалдаштырып, түйшүк жараткан учурлар көбөйдү.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

Орусия: ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан азыктарын экспорттоого киргизилген тыюу алынды

Орусиянын өкмөтү Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөргө дан азыктарын экспорттоого киргизилген чектөөнү алып таштады. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Маалыматта Орусиянын Айыл чарба министрлиги берген уруксаттын негизинде ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан азыктарын экспорттосо боло турганы айтылат.

14-марта Орусия өкмөтү ички рынокту коргоо максатында Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө дан азыктарын жана кумшекерди экспорттоого 30-июнга чейин тыюу салган.

БУУнун эксперттеринин божомолдору боюнча Украинадагы согуш айыл чарба азыктарынын тартыштыгына алып келиши мүмкүн. Себеби Украина менен Орусия өсүмдүк майы менен буудай рыногунда басымдуу үлүшкө ээ.

ЕАЭБ алкагында "Евразия агроэкспресси" долбоору талкууланууда

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер айыл чарба продукциясын темир жол аркылуу контейнер менен тез мөөнөттө жөнөтүп туруу боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатышат.

Бул маселе 19-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕАЭК) видеоконференция режиминде өткөн жыйынында көтөрүлдү. Ага Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев төрагалык кылды.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жалпысынан жыйында 27 маселе каралды, арасында уюмдун интеграцияланган маалымат системасын өнүктүрүү, уюм ичинде жарандардын COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөнү тууралуу сертификатын таануу маселелери бар.

Жыйынтыгында жыл сайын 29-майда ЕАЭБ күнүн белгилеп туруу жөнүндөгү чечим жактырылып, уюмдун өкмөт башчыларынын быйыл 24-25-февралда Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өтө турган жолугушуусунун күн тартиби бекитилди.

2021-жылы күзүндө Орусия менен Өзбекстан Ташкент–Москва “Агроэкспресс” поездин ачууну көздөп жатканын маалымдашкан. Бул долбоорго Казакстан да кошулары, Өзбекстандын айыл чарба продукциясы адегенде Казакстанга, андан кийин Орусияга жөнөтүлүп турары айтылган. Кийин долбоорго катышуу ниетин Кыргызстан да билдирип, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын “Коммерсантъ” басылмасына курган маегинде өлкө “Агроэкспресстин” мүмкүнчүлүктөрүн колдонгусу келерин айткан.

2022-жылы ЕАЭБдин уюмдарында төрагалык кылуу кезеги Кыргызстанга тийген.

ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган. Бирок ортодогу экономикалык тоскоолдуктар жоюлбай, ишкерлер өндүргөн продукциясын уюмдун ичиндеги өлкөлөргө жеткирүүдө кыйынчылыкка дуушар болуп келатканын айтып жүрүшөт.

Тажикстан ЕАЭБге (Бажы союзуна) кирүүгө шашылбайт

Тажикстан Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирүү маселесин иликтөөнү улантат.

Тажикстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Завки Завкизода 2-августта өткөн маалымат жыйынында ЕАЭБге кирүү боюнча алдын ала эч кандай макулдашуу жок экенин айтты.

“ЕАЭБ –жаш бирикме. Кандай гана өлкө болбосун, кайсы бир уюмга кирерден мурун “плюс” жана “минустарын” анализдеп чыгат. Ушул тапта биз коңшулардын тажырыйбаларын эске алуу менен талдоо гана жүргүзүп жатабыз. ЕАЭБге кирүү боюнча азырынча чечим кабыл алынган жок”, – деди министр.

Буга чейин Орусия Тажикстандын ЕАЭБге кирүүсүнө кызыктар экенин бир нече жолу билдирген.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар – жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.

Уюмдун ичинде фитосанитардык нормалар жана талаптар бар.

Соңку жылдары ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени тууралуу пикирлер парламентте айтылып, уюм ичиндеги пикир келишпестиктер тууралуу өкмөт да билдирген.

Эсиңиздерге сала кетсек, Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы Алмаз Атамбаев президент жана Темир Сариев премьер-министр болуп турган учурда чоң убадалар менен киргизилген. Бирок ал убадалар аткарылган жок.

Тиллаев: ЕАЭБ мүчөсү Казакстан кыргыз айдоочуларынан ар бир фуранын транзити үчүн 5 миң долларга чейин талап кылып жатышат

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев өкмөттү Казакстан менен чек арадагы өткөрүү бекеттеринде жүк ташуучу унаалардын кезегине байланыштуу маселени чечүүнү тапшырды. Анын айтымында, казак тарап чек арадан өтүү үчүн кыргыз айдоочуларынан акы талап кылууда.

“Казакстан аркылуу транзитке байланыштуу мага жүк ташуучулар кайрылышты. Алар коңшулар ар бир фура үчүн 4-5 миң доллар талап кылып жатканын айтышууда. Мен ЕАЭБ линиясынын алкагында сүйлөшүү өткөрүүнү сурайм. Силер азыр “Дордой”, “Кара-Суу” базарларындагы абалды жакшы билесиңер”, – деди Тиллаев 10-июндагы парламенттин жыйынында.

Май айынын аягында “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде Казакстанга кирүү үчүн 80-90 автоунаа кезекте турган күндөр болгон. Чек ара кызматы мындай узун тыгын экономика жанданып, оор жүк ташыгандар көбөйгөнүнө байланыштуу экенин билдирген.

Казакстан аркылуу жүк ташыган кыргызстандык айдоочулардын чек арадан өтүү маселеси 3-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушуусунда да талкууланган.

Меню