Menu

Евразия экономикалык биримдиги

ЕАЭК Нур-Султанды кыргыз-казак чек арасындагы тоскоолдуктарды жоюуга чакырды

Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕАЭК) өкүлдөрү кыргыз-казак чек арасына барып, өткөрмө бекеттердин иши менен таанышып келишти. Бул тууралуу 9-июнда Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, сапардын жүрүшүндө “Кордай” жана “Карасуу” өткөрмө бекеттеринде Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери иштеп, бардык жүк ташуу унааларына карата салык чараларын көрүп жатканы аныкталган. Бул Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) тууралуу келишимдин бардык нормалары менен негизги принциптерине каршы келет.

Экономика министрлиги чек арадан өткөн жүк ташуучу автоунаалардын саны боюнча Казакстандын Чек ара кызматы менен Мамлекеттик кирешелер комитетинин маалыматтарында айырмачылыктар бар экенин аныкталганын билдирди.

“Делегация казак тарап берген маалыматтар туура эмес жана күмөндүү экенин, анын үстүнө алар кыргызстандык экспортерлордун беделин түшүрүү максатында фальсификация катары каралып жатканын белгиледи. Бул фактыларды эки тараптын жүк ташуучу айдоочулары да айтышкан”, – деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Сапардын жыйынтыгында делегация казак тарапты ЕАЭБ жөнүндө келишимдин нормалары менен жоболорун сактоого, ошондой эле чек арадагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө чакырышкан.

Казак-кыргыз чек арасында маал-маалы менен жүк ташуучу унаалардын кээде бир нече чакырымга созулган узун кезеги болуп турат. Көзөмөлдүн күчөтүлүшү эки элдин чыр-чатак бутасына айланып, эксперттер муну “соода согушу” деп атап жүрүшөт. Убагында талаш Дүйнөлүк соода уюмуна чейин жеткен. Ошол эле маалда эки өлкө тең ЕАЭБдин мүчөсү. Уюмдун жобосунда биримдикке мүчө мамлекеттер арасында эркин товар ташууга уруксат берилген.

Апрелде өкмөттүк топтордун сүйлөшүүсүнөн кийин Бишкек менен Нур-Султан Казакстан тарап электрондук эсеп-фактурасын текшербейт деген чечимге келген. Кыргыз тарап автоунааларды документи жок чыгарбайт деген милдеттенме алган.

Бирок майдын башында Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети айрым кыргыз ишкерлери жетишилген макулдашуулардан пайдаланып, Казакстанга аткез жүктөрдү алып кирүү боюнча “өз схемаларын” ишке ашырып жатканын билдирген.

Майдын аягында эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев Бишкекте жолугуп, чек арадагы тыгындарды болтурбоо үчүн болгон аракеттерди көрүүнү макулдашкан. Бирок андан бери өткөрмө бекеттердеги абал өзгөрбөй, кезек күткөндөрдүн саны кайра көбөйгөнү кабарланууда.

Казакстан 11-апрелден тарып Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусия менен чек ара чектөөлөрүн алат

Казакстан 11-апрелден тарып өз жарандары менен чет өлкөлүктөр үчүн кургакта жайгашкан чек ара чектөөлөрүн жоёт. Жергиликтүү басылмалар казак өкмөтүнө шилтеме берүү менен бул чечим туруктуу эпидемиологиялык жайдайга байланыштуу кабыл алынганын кабарлашты.

Маалыматка караганда, Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстан менен чек ара көзөмөл-өткөрмө бекеттериндеги чектөөлөр алынат.

Мындан тышкары Казакстандын мамлекеттик чек арасынан аба жолдору аркылуу өтүүгө коюлган бардык чектөөлөр да жоюлат. Бирок коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнү, ревакцинация тууралуу документ же ПЧР тесттин терс натыйжасы талап кылынат.

6-апрелде президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу чек ара маселесин талкуулаган. Жапаров Токаевден чек араны Кыргызстандын жарандары үчүн ачуу маселесин оң жагына чечүүнү өтүнгөн. Казак президенти бул жаатта тийиштүү органдарга тапшырма бере турганын билдирген.

Эки өлкөнүн чек арасындагы өткөрмө бекеттери коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын жаз айынан бери жабык турат. Кыргызстандын жарандары коңшу өлкөгө учак менен гана бара алышат. Ошол эле маалда Казакстандын жарандары Кыргызстандын чек арасынан ээн-эркин өтүшөт.

Бажы кызматы бажы алымдары көтөрүлбөгөнүн билдирди

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бажы алымдары эки эсе көтөрүлгөнү тууралуу маалыматты четке кагып, 9-сентябрда түшүндүрмө берди.

Бажы кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоодо товардын бажы наркынын 0,25% бажы төлөмү, ЕАЭБдин ставкалары боюнча импорттук бажы алымы жана 12% кошумча нарк салыгы төлөнөт.

Ташып кирүү бажы алымынын белгиленген чендери Евразия экономикалык биримдиктин беш мүчө мамлекети – Кыргызстан, Беларус, Казакстан, Орусия жана Армения үчүн бирдей.

“Тиешелүү бажы алымдарын төлөөдөн качуу максатында, тышкы экономикалык ишмердиктин айрым ак ниеттүү эмес катышуучулары товарлар тууралуу жалган маалымат беришет. Мисалы, бажы алымдарынын кыйла жогору чендери коюлган “кийим, бут кийим” товарларынын ордуна, ташып кирүү бажы алымынын төмөн чендери берилет. Ошентип, мындай кырдаал ташуучу фирмалар товарларды базарлардын сатуучуларына иш жүзүндө бажы жагынан таризделген товарларга ылайык келбеген товарларды беришет”, – деп айтылат маалыматта.

8-сентябрда “Дордой” базарынын соодагерлери бажы төлөмдөрү эскертүүсүз эки эсе көбөйтүлгөнүн айтып, базардын аймагында пикетке чыгышкан. Алар бул маселе боюнча Бажы кызматына кайрылышканын, бирок түшүндүрмө берилбегенин айтышкан.

Меню