Menu

Евробиримдик жана Борбордук Азия

Токаев Германияга орус мунайын казак мунайына алмаштырууну сунуштады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Германияга ташылган мунайдын бир жылдык көлөмүн 200 миң тоннадан 1,2 млн. тоннага чейин жеткирүүнү сунуштады. Бул тууралуу казак президенти Чолпон-Ата шаарында өткөн “Борбор Азия – Европа Биримдиги” саммитинде билдирди.

Казакстан 2023-жылдын беш айында Германиядагы мунайды кайра иштетүүчү “Шведт” заводуна 90 миң тонна мунай жеткирген. Астана жыл соңуна чейин бул көлөмдү 200 миң тоннага чейин жеткирүүнү пландаган. Бирок Токаев саммитте бул көлөмдү эң аз дегенде алты эсеге көбөйтсө болорун белгиледи.

“Бул көрсөткүчтү жыл ичинде 1,2 млн. тоннага жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар”, – деди казак президенти.

“Шведт” заводу Украинадагы согуш башталганга чейин Орусиянын “Роснефти” компаниясына таандык болчу.

Казакстан Европа Биримдигине (ЕБ) мунай жеткирүү көлөмүн 2023-жылы көбөйттү. Улуттук статистика бюросунун маалыматына караганда, өлкө Евробиримдикке быйылкы жылдын биринчи кварталында 71% мунай экспорттогон. Өткөн жылы бул маалдагы көрсөткүч 65% айланасында болгон.

Германиядан башка казак мунайын Италия да сатып алат. Бул өлкөгө мунай жеткирүү быйылкы жылдын биринчи кварталында жалпы экспорттун 38% түздү. Өткөн жылы бул көрсөткүч 28% болчу. Францияга ташылган казак мунайынын экспортунун көлөмү 5 пайыздан 7%, Румынияга 4 пайыздан 7% өскөн.

“Ведомости” басылмасы 2023-жылы январда Германия Орусиядан 1 млн. тонна мунай алганын жазган. Эгер Казакстан көлөмдү көбөйтсө, ал орусиялык мунайды толук алмаштырышы мүмкүн.

Бирок казак мунайы Германияга Орусиянын аймагынан өткөн “Достук” кууру аркылуу жетет. Көлөмдү көбөйтүү үчүн Казакстан Орусиянын Энергетика министрлигинен уруксат алышы керек болот.

Орусиянын мунайдан түшчү кирешеси 2023-жылы январь-февраль айларында 52% кыскарган. Март айынан апрелге чейин мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 2,4 триллион рублдан 3,4 трлн. рублга көбөйгөн.

Евробиримдик өлкөлөрү 2022-жылы декабрда орус мунайынын баасына атайын чек койгон. Эки жумадан кийин алар орус газынын баасына да чектөө киргизген. Жаңы эрежеге ылайык орус мунайынын бир баррели 60 долларга бааланган. Чек кирген алгачкы жумада орус мунайынын экспорту 54% төмөндөгөн.

Мунай баасын чектөө Украинага басып киргени үчүн Орусияга салынган санкциянын бир бөлүгү болгон. Мындан тышкары Орусия “Ямал-Европа” жана “Түндүк агым-1” долбоорлору токтогону үчүн газын куур аркылуу алып турган европалык базарды жоготкон.

Орусиянын президенти Владимир Путин жооп катары баага чек койгон өлкөлөргө мунай жана мунайзаттарын жеткирүүгө тыюу салган.

Евробиримдик Борбор Азия өлкөлөрүнө каршы санкция киргизбөөгө убада кылды

Европа кеңешинин президенти Шарль Мишел Чолпон-Атадагы саммитте Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлерине Россиянын согуштук аракеттерине байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрүнө санкцияларды киргизбөөгө убады кылды.

Саммиттен кийинки маалымат жыйынында да журналисттердин “Евробиримдик Кыргызстанга, Казакстанга же Өзбекстанга санкция салышы мүмкүнбү?” деген суроосуна жооп берди.

Ал Европа Биримдиги Орусиянын согуш машинасын колдогондорго чара көрүп жатканын, жаңы санкциялар учурда талкууланып жатканын белгиледи.

“Биз буга чейин Орусиянын согуш машинасын колдогондорго көп чараларды көргөнүбүз анык. Биз санкциялардын 10 пакетин макулдашканбыз. Учурда санкцияларды буйтап өтүү тобокелдигин азайтуу үчүн болжолдуу санкциялардын 11-пакетин талкуулап жатабыз. Так айтып койгум келет, мындай чараларга Орусиянын согуш машинасын колдогондор түрткү берди. Биз эч кандай экстратерриториалдуулук принцибин колдонбойбуз”, – деди Мишел.

Ал кошумчалагандай, Евробиримдик бир жагынан өз өнөктөштөрүн Орусияга Батыштын санкцияларын буйтап өтүүгө көмөктөшпөөгө чакырат, экинчи жагынан санкцияларга байланыштуу ал өнөктөштөрдүн суроолорун же кандайдыр бир көйгөйлөрүн угуп, талкуулоого даяр.

Май айында АКШ Орусиянын 69 компаниясын “кара тизмеге” киргизген. Мындан тышкары Армениянын бир, Кыргызстандын бир компаниясына санкция салынган.

Март айында Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан Бишкекке келип, сүйлөшүү жүргүзгөн. Ал биримдиктеги өлкөлөр менен Борбор Азиянын ортосундагы товар сатуу 300% өскөнүн белгилеп, Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүшүнө жол бербөө маселесин койгон.

Чолпон-Атада "Европа Биримдиги - Борбордук Азия" Экинчи Саммити өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 2-июнунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” Экинчи Саммити өтөт.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Саммитке Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель катышат.

Эки региондун ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун учурдагы абалы жана келечек пландары талкууланат, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана Борбордук Азия мамлекеттери менен Европа Биримдигинин өз ара аракеттешүүсү боюнча пикир алмашуу болот.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров делегация башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Эртеси, 3-июнда, Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишелдин Кыргыз Республикасына расмий сапары болот.

Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Тар жана кеңейтилген форматтарда тараптар кыргыз-европалык өнөктөштүк маселелерин талкуулашат”, – деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Меню