Menu

Жанар Акаев

Жанар Акаев: "Кемпир-Абад боюнча Өзгөндүн тургундары президентке өтө ачуу суроолорду берди. Депутаттардын талабы - жерибиз, суубуз, өзгөчө Кемпир-Абад эч кандай башка өлкөгө берилбеши керек"

Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу эл менен жолугушуусуна Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери, айрым комитеттин төрагалары дагы катышты.

Парламенттеги “Альянс” фракциясынын лидери, депутат Жанарбек Акаев журналисттерге билдиргендей, элдин суроолоруна президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жооп берди.

“Жолугушуу эмоционалдуу абалда өттү. Кемпир-Абад боюнча Өзгөндүн тургундары президентке өтө ачуу суроолорду берди. Алар бир метр дагы жерибиз башкаларга кеткен жок деп жооп беришти. Тескерисинче, 1965-жылы картада Өзбекстанга карап калган учурлар бар. Ошол жерлердин баары сүйлөшүү жолу менен, утуш менен чыктык деп айтылды. Эми ратификацияга келсек, бардык документтерди карап көрөбүз. Азыр биз дагы ак же көк деп айта албайбыз. Анткени колубузда бир дагы кагаз жок. Бирок жалпы алганда мен дагы чек ара маселеси чечилиш керек деген ойдомун. Анткени буга чейинки бийликтегилердин баары сүйлөшүүлөр, делимитация, демаркация иштери болуп атат деп убакыт созулуп, анан алар бийликтен кетишкен. Ошол эле убакта депутаттардын талабы – жерибиз, суубуз, өзгөчө Кемпир-Абад эч кандай башка өлкөгө берилбеши керек. Расмий бийлик суу дагы, жер дагы биздики деп айтты”, – деди Акаев.

Эл өкүлү парламентте бул маселе ийне-жибине чейин карала турганын кошумчалады.

Жолугушууга катышкан “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров журналисттердин суроосуна жооп берип жатып “Кемпир-Абад” суу сактагычы Өзбекстанга өткөнүн билдирди.

“Кемпир-Абад кетти. Ошондой болуп 4000 гектардан ашыгыраак жер кетти. Биз компенсациясын 1965-жылы алганбыз дейт. Ошондуктан мындай жыйын ачык-айкын өткөндө жакшы болмок. Тилекке каршы мындай жыйындарды кандай өткөрүшөрүн билесиңер да”, – деди Мадумаров.

Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу Өзбекстан менен болгон келишим тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Президенттин басма сөз кызматы жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат бере элек.

Аймактагы кабарчылардын билдиришинче, Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук акимчиликтеги жолугушуу этап-этабы менен өттү. Чогулган айрым тургундар президенттен жабык эмес, ачык жыйын өткөрүүнү, бардык суроолорго ачык жооп беришин, сыртка чыгышын талап кылышты.

Былтыр мартта Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өткөн, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.

Ташиев эки өлкө анда Кемпир-Абад суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстандын аймагы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашканын билдирген. Ал кыргызстандыктар Кемпир-Абаддын суусунан толук пайдалана аларын белгилеген жана чек арада жер берүү деген эми болбой турганын, алмашуу гана болорун белгилеген.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча соңку кадамдарды тарыхый мааниге ээ деп эсептей турганын айткан.

Бийликтин бул билдирүүлөрүнөн кийин бир катар нааразылык акциялары өткөн.

Ошол эле жылдын апрель айында Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушканда Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер Өзбекстанга берилбей турганын билдирген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

ИИМ: Бийликти күч менен басып алуу кылмышына шектелип, бир нече жарандын үстүнөн тергөө амалдары жүрүүдө

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын өндүрүшүндө  КЖБРге катталган Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 309-беренесинде (Бийликти күч менен басып алуу) көрсөтүлгөн  кылмыштын курамы боюнча  материал  иликтенип жатат.
2021-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жазык –процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык бул кылмышты жасоого шектүү катары К.А. кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына  киргизилген.
2021-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык жогорудагы кылмышты жасоого шектүү катары А.С. дагы кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкы
башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Андан сырткары, сотко чейинки өндүрүштү тергөө учурунда   күбө катары бир нече Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  мурдагы жана азыркы депутаттары, мурда иштеп кеткен мамлекеттик кызматчылар суракка алынган.
Бүгүнкү күндө бул сотко чейинки өндүрүш боюнча дагы бир катар тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Депутаттар Абдывахап Нурбаев менен Жанар Акаев шайлоо алдында 10 жылдан кем эмес иштеген мугалимдерге 1 млн сомдон сыйакы төлөп берүүнү сунуштап чыгышты

Депутаттар Абдывахап Нурбаев менен Жанарбек Акаев “Мугалимдин макамы тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунушташты. Документ Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга чыгарылды.

Мыйзам долбооруна ылайык, республикалык же эл аралык олимпиадаларда жеңишке жеткен окуучуну даярдаган мугалимдерге үч айлык маянасы өлчөмүндө сыйакы берилет.

Мындан тышкары жалпы билим берүү мектептеринде 10 жылдан кем эмес иштеген мугалимге 1 миллион сом (10 миң эсептик көрсөткүч же 12 миң доллар) өлчөмүндө бир жолку сыйакы төлөп берүү сунушталууда.

Документте сыйакыларды берүүнүн тартиби министрлер кабинетинин чечими менен аныктала турган белгиленген.

Демилгечилер сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун кабыл алынышы мектептердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, мугалимдерге турак-жай маселесин чечип алууга жардам берет деп эсептешүүдө.

Буга чейин Кыргызстандагы мектептерде жалпысынан 2 миң мугалим жетишпей турганы кабарланган.

Меню