Menu

Жер саткычтар

УКМК: Жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп, каттап берип жүргөн Сокулуктун Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы кармалды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин коррупциялык көрүнүштөрүн жоюуга багытталган тийиштүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 17-мартында Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.А.М. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. 

Эске салсак, 2022-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 379-беренеси (Документтердин жасалмасын жасоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, жер тилкелерин жана ишеним каттарды берүү боюнча жасалма чечимдерди кабыл алуу каналына бөгөт коюу фактысы боюнча Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.А.М. жашаган жеринде издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында материалдар (жазуучу машина, жазуучу машинага керектүү эски түсү жок бир рулон кагаз, жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча даяр чечимдер, эски үлгүдөгү Орок айыл өкмөтүнүн жана Сокулук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын мөөрү басылган А-4 үлгүсүндөгү кагаз) жана буюмдар табылып алынган.

Учурда расмий документтерди мыйзамсыз даярдаган каналдын башка катышуучуларын аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен биригип алышып, коррупциялык схемаларды уюштурган Сокулук районунун “Кадастр” мекемесинин кызматкерлери кармалды

УКМК тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз берүү менен байланышкан коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Сокулук районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин филиалынын жооптуу кызматкерлери тарабынан кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу жана документтерди жасалмалоо фактылары аныкталган. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып,  кылмыш иши козголгон. Анын алкагында Сокулук районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын директорунун орун басары А.К.Ч, Сокулук районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин каттоо бөлүмүнүн кызматкери Т.у.Р жана ошондой эле, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Э.М.А менен А.К.А. кармалып, УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда бул кылмыштарга Сокулук районунун жооптуу жана кызмат адамдарынын жана кылмыштуу контингенттин өкүлдөрүнүн катыштыгы бар экендигин аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

УКМК: Сузак районунун архитектура жана шаар куруу бөлүмүнүн, "Кадастр" мекемесинин адистери айыл чарба жерлерин мыйзамсыз сатышкандыгы үчүн кармалды

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Сузак райондук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнүн адиси А.Н.Т., Сузак айыл өкмөтүнүн жер маселеси боюнча адиси О.С., “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук бөлүмүнүн адиси И.К. жана Сузак айыл өкмөтүнүн башчысынын мурдагы орун басары Х.У.Р., ошондой эле мыйзамсыз бүтүмдөрдү түзүүгө ортомчулук кылган Кыргыз Республикасынын жараны К.О.С. кармалды. 

Кармалгандар жасалма документтерди колдонуу менен Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен жеке турак-жай курууга айыл чарба өндүрүшүнө гана ылайыкталган жер тилкелерин мыйзамсыз сатышкандыгы аныкталган.

Жогорудагы кызмат адамдарынын жана жарандардын жашаган жеринде жана иштеген жеринде тинтүү иштеринин жүрүшүндө, Сузак районунун аймагындагы жер тилкелерине тиешелүү 500дөн ашык жасалма белгилери бар документтер табылып алынган.

Учурда жасалган кылмыштын бардык жагдайларын, ошондой эле кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мындан улам УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы Сузак районунун тургундарын жер тилкелери боюнча алдамчылык фактылар болсо, анын ичинде кызмат адамдары катышкан фактылар болсо Башкы башкармалыктын нөөмөт бөлүмүнүн: (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61 номерлери  аркылуу кайрылууну өтүнөт. 

Ошол эле учурда, Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы Сузак районунун тургундарына Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жана жайыт жерлерин жеке турак-жай куруу үчүн бөлүп берүү боюнча кабыл алынган токтомдор мыйзамсыз экенин маалымдайт.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундарын мурда алынган документтери менен УКМКнын облустук башкармалыгына келип, бул коррупциялык схемага тиешеси адамдарды жоопко тартуу боюнча тергөө иштерине көмөк көрсөтүүнү чакырат.

УКМК: Бишкек шаарынын эң баалуу муниципиалдык жер тилкелерин жалданма адамдарга жасалма документтер менен каттап алган "БишкекБашкыАрхитектуранын" адиси кармалды

КР УКМК тарабынан коррупциянын деңгээлин азайтуу жана жоюу иштеринин алкагында “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин  жана Аламүдүн райондук архитектура башкармалыгынын кызматкерлерине карата кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана документтерди жасалмалоо жолу менен муниципалдык менчиктен жерлерди чыгарып жана өздөштүрүү боюнча коррупциялык механизмин уюштургадыгы үчүн кылмыш иши козголду. 

Козголгон кылмыш ишинин алкагында шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык башкармалыктардын биринин башчысынын орун басары К.Б.К. жана “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин адиси А.Н.М. тарабынан жеке кызыкчылыктары үчүн  Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү эң баалуу муниципалдык жер тилкелерин жалданма адамдарга катталганы аныкталган. Ошону менен иш жүзүндө муниципалдык менчикти басып алышкан.     

2023-жылдын 6-мартында бул адамдар кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда коррупциялык схеманын бардык катышуучуларын аныктоо жана ушул сыяктуу фактыларды тактоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетчү нерсе, шаар куруу жана архитектура кызматтарынын айрым кызматкерлеринин мындай мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында имараттардын архитектуралык ансамбли бузулуп, материалдык гана зыян келтирбестен, борбордун эстетикалык көрүнүшү да бузулууда.

УКМК: Таласта бирөөнүн жер участогун билдирбей башка бирөөгө саткан "Кадастр" мекемесинин кызматкери кармалды

КР УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө Манас районунун Покровка айыл аймагынын ишмердигинде турак жайларды куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү менен байланышкан коррупциялык схема аныкталган. 

Такталгандай, Покровка айыл аймагынын мурдагы жетекчиси Ж.А.Б. жана жер адиси Б.А.А. «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Манас райондук бөлүмүнүн кызматкерлери менен жең учунан сүйлөшүп алышып, жер тилкелердин чыныгы ээлерине билгизбей, жер участоктордун жасалма документтерин жасоо жолу менен, үчүнчү жактарга мыйзамсыз беришкен.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 346-берененин 2-бөлүмү  (Кызматтык жасалмалоо) боюнча Покровка айыл аймагынын мурдагы жетекчиси Ж.А.Б. жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Манас райондук бөлүмүнүн кызматкери Ж.Ж.Н. кылмыш белгилери боюнча айып тагылган.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары, анын ичинде аталган мыйзамсыз фактыга тиешеси бар болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

УКМК: Сокулукта 5,5 гектардан ашык жер тилкелерин жасалма документтер менен сатып жиберген Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкери кармалды

Кыргыз Республикасынын Чүй областынын УКМК учурда каза болгон деп саналган 18 жаранга жалган ишеним каттарды даярдоонун каналы аныкталды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары туруктуу жашоого кеткендер, алардын негизинде Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө мыйзам бузуулар менен жасалма токтомдор чыгарылган, ошондой эле «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сокулук районундагы филиалынын кызматкерлери тарабынан жогоруда аталган жер тилкелерине укук белгилөөчү документтерди андан ары сатуу максатында мыйзамсыз катташкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, А.А.М. аттуу Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын жашаган жерине тинтүү жүргүзүү учурунда, жер участокторун берүү жана сатуу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерди уюштуруу фактысы тастыктаган (басып чыгаруучу машина, басып чыгаруучу машинанын бир эски түстү кагаз рулону, жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө даяр токтомдор, эски үлгүдөгү Орок айыл өкмөтүнүн жана Сокулук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнүн мөөрү басылган А-4 форматтагы кагаздар, ири өлчөмдөгү чет элдик валюталар) материалдар жана буюмдар табылып алынды. Ошондой эле мыйзамсыз сакталган 15 даана ар кандай калибрдеги ок-дарылар алынган. Бүгүнкү күндө мыйзамсыз берилген жердин жалпы аянты 5,5 гектардан ашык.

Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Сокулук районунун мамлекеттик 3 жетекчи кызматкери турак-жай куруучуларга жер саткандыгы үчүн кармалды

КР УКМК тарабынан жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүштүрүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Сокулук районунун Шопоков шаарынын мурдагы мэри У.С.К., Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын мурдагы орун басары А.Б.Т. жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын жер бөлүмүнүн башчысы кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.

Бул адамдар алдын ала сүйлөшүп алып, жасалма документтердин негизинде жеке адамдарга белгилүү бир акчалай сыйлыкка муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин өткөрүп беришкен.

Азыркы учурда бул кылмыш иши боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Баткен шаарынын экс-мэри С.С. 2007-жылы 1,50 гектар "айыл чарба" категориясындагы жер тилкесин Б.А. аттуу жаранга мыйзамсыз берип салгандыгы үчүн кылмыш иши козголду

Тергөө бөлүмүнө мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери тарабынан жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча ыкчам материал келип түшкөн.

2007-жылдын 22-декабрында Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун мурдагы башчысы С.С. Кыргыз Республикасынын Б.А. аттуу жаранынын наамына Баткен шаарынын аэропортунун кварталынын Туура-Таш массивинин аймагынан 1,50 га жер тилкесин берүү жөнүндө токтом чыгарган.

Ошону менен бирге, 2019-жылдын 16-августунда жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун негизинде Баткен районунун жергиликтүү каттоо органы тарабынан Б.А.нын наамына Ч сериясындагы айыл чарба багытындагы жер тилкенин мамлекеттик актысы түзүлүп берилген.

Баткен облустук мамлекеттик архивинин жообуна ылайык, жогоруда аталган токтом сактоого берилген эмес, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу “Кыргызмамжердолбоорлоо” жер жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту” мамлекеттик ишканасынын Баткен боюнча жер жайгаштыруу экспедициясынын жообуна ылайык бул жер 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жайыт жана башка категориялар катары саналып келет. 

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүмүндө (Кызматтык жасалмачылык) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголду.

Азыркы учурда тергөө иш-чаралары жүрүүдө, анын жыйынтыгында юридикалык баа берилет.

УКМК: Сокулукта 13 млн сомдук жер аянты мамлекетке кайтарылды, жер саткан 4 кызмат адамы жоопко тартылып, 10 кызматкер жумушунан айдалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматкерлердин арасындагы коррупцияны жоюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө, КР Кылмыш0жаза кодексинин 320-береенсинин 2-бөлүмү ( Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 13 миллион сомдон ашык жер аянты мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Такталган боюнча, 2012-жылдын август айындагы Сокулук райондук мамлекеттик архивинин буйругу боюнча, Сокулук районунун Новопавлов айыл аймагынын жалпы аянты 1,7 га, айыл чарба багытындагы жер аянты, социалдык объектини курууга колдонула турганы документтештирилген. Жыйынтыгында, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын кызматкерлери жер тилкесинин баштапкы документтерин атайылап жасалма жол менен түзүп, анын аянтын жасалма түрдө көбөйтүп, жеке адамдарга мыйзамсыз берилген жана жер бөлүп берген.

Жогорудагы адамдардын атайылап жасаган кылмыш иш-аракеттеринин натыйжасында, 4 кызмат адамы жоопко тартылып, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын 10 кызматкери ээлеген кызматынан бошотулган.

Аталган адамдардын атайылап жасаган кылмыш иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 13 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилген.

2021-жылдын 2-июнунда жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында көрсөтүлгөн жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар сотко жөнөтүлдү.

Меню