Menu

Жер сатуу

Баткен шаарынын экс-мэри С.С. 2007-жылы 1,50 гектар "айыл чарба" категориясындагы жер тилкесин Б.А. аттуу жаранга мыйзамсыз берип салгандыгы үчүн кылмыш иши козголду

Тергөө бөлүмүнө мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери тарабынан жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча ыкчам материал келип түшкөн.

2007-жылдын 22-декабрында Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун мурдагы башчысы С.С. Кыргыз Республикасынын Б.А. аттуу жаранынын наамына Баткен шаарынын аэропортунун кварталынын Туура-Таш массивинин аймагынан 1,50 га жер тилкесин берүү жөнүндө токтом чыгарган.

Ошону менен бирге, 2019-жылдын 16-августунда жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун негизинде Баткен районунун жергиликтүү каттоо органы тарабынан Б.А.нын наамына Ч сериясындагы айыл чарба багытындагы жер тилкенин мамлекеттик актысы түзүлүп берилген.

Баткен облустук мамлекеттик архивинин жообуна ылайык, жогоруда аталган токтом сактоого берилген эмес, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу “Кыргызмамжердолбоорлоо” жер жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту” мамлекеттик ишканасынын Баткен боюнча жер жайгаштыруу экспедициясынын жообуна ылайык бул жер 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жайыт жана башка категориялар катары саналып келет. 

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүмүндө (Кызматтык жасалмачылык) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголду.

Азыркы учурда тергөө иш-чаралары жүрүүдө, анын жыйынтыгында юридикалык баа берилет.

УКМК: Айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча КР жараны “И.Г.” абакка киргизилди

КР УКМК Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 2021-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын “И.Г.” аттуу жараны УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан тышкары, бул ишке тиешеси бар башка адамдын жашаган жери жана иштеген жери боюнча тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында 1000ден ашык жер тилкесине (үлүшкө) жеке менчик жөнүндө күбөлүктөрдүн жаңы бланкалары, паспорттордун көчүрмөлөрү, ар бир мыйзамсыз өзгөртүлгөн айыл чарба жерлеринин расмий жана азыркы ээлеринин тизмелери табылган.

Мурда бул факт боюнча Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы “Н.Х.”, анын шериги “М.С.”, ошондой эле Кара-Суу районунун “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчилери “Б.Б.” жана “Ш.С.” кармалган болчу.

Чүйдө жер тилкесин алып берем деп 8 адамды ири суммаларга алдап, качып жргөн 57-жаштагы жаран кармалды

2021-жылдын 8 май күнү Сокулук РИИБна арыз менен Бишкек шаарынын тургуну 60-жаштагы Т.Г. атту жаран кайрылган, себеби 2014-жылдын август айында Сокулук районуна караштуу Ново-Павловка айылында жайгашкан 10 сотых жер тилкесин О.Ч. аттуу жарандан 300 000 сомго сатып алып, бирок ал жер тилкени көрсөтүп бербестен изин суутуп качып кеткен.
Аталган факт Сокулук РИИБнун КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын ЖКнин 204-беренеси (алдамчылык) фактысы  менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Чүй ОИИББнын Криминалдык милиция кызматкелери жана Сокулук РИИБнүн кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары мурда сот жообуна тартылган 57-жаштагы О.Ч. кармалган. Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 95-беренесине ылайык Сокулук РИИБнун убактылуу кармоочу жайга  киргизилген.
Азыркы учурда О.Ч. карата жогоруда көрсөтүлгөн фактыдан башка 8 фактысы Сокулук РИИБнүн тергөө кызматында тергелип жатат.

Меню