Menu

ЖККУ – ОДКБ

Садыр Жапаров ЖККУ саммитинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча маселени көтөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Душанбе шаарында Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин (ЖККУ) сессиясында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча маселени көтөрдү.

Ал кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыңалуунун сакталышы кыргыз тарапты Уюмга мүчө бардык мамлекеттердин буга өзгөчө көңүл буруусуна басым жасоого милдеттендирерин белгиледи.

«Кыргыз Республикасы тынчтыкты сүйгөн, ачык жана демократиялуу мамлекет болуп саналат, өзүнүн көз карандысыздыгынын алгачкы күндөрүнөн тартып коңшу өлкөлөр жана дүйнөдөгү башка мамлекеттер менен жалпы ырааттуу, достук, ынак коңшулук жана тең салмактуу саясатты жүргүзүп келет. Өлкөлөр ортосундагы талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен жана саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен гана сүйлөшүү столунда чечүү зарылдыгы боюнча Кыргызстандын көз карашы өзгөрүүсүз калат», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Региондогу абалды эске алуу менен Садыр Жапаров бир катар сунуштарды, анын ичинде ЖККУга мүчө болгон мамлекетке уюмга мүчө башка өлкө тарабынан куралдуу кол салуу болгон учурда Уюмдун алкагында ыкчам чара көрүү жана чечим кабыл алуу механизмдерин иштеп чыгууну айтты.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын көңүлүн кыргыз тарап Уюмдун анын ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында өнөктөштөр менен өз ара кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча стратегиялык сүйлөшүүлөрдү улантуу ниети бар экенине бурду.

Душанбеде ЖККУ саммити жабык өтүүдө

Бүгүн, 16-сентябрда Тажикстандын баш калаасы Душанбе шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын жолугушуусу өтүүдө.

Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын президенттери, Армениянын премьер-министри жана Орусиянын тышкы иштер министри катышып жатат.

Жыйындын башында тажик президенти Эмомали Рахмон ЖККУнун алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу кыска сүйлөгөндөн кийин залдагы журналисттер сыртка чыгарылып, жолугушуу жабык уланды. Жыйындын соңунда ЖМК өкүлдөрү үчүн брифинг уюштурулат деп күтүлүүдө.

Буга чейин ЖККУ саммитиндеги негизги темалардын бири — Ооганстандагы абал болору кабарланган.

ЖККУ саммити Ооганстанда бийликке талибдер келген учурда өтүп жатат. 17-сентябрда Душанбеде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин жолугушуусу башталат. Мындан тышкары бул күнү ЖККУ жана ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлеринин Ооганстандагы кырдаал боюнча атайын жолугушуусу пландалууда.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) 1992-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ага Кыргызстан, Армения, Беларус, Орусия, Казакстан жана Тажикстан мүчө.

Президент Садыр Жапаров ЖККУнун жамааттык коопсуздук Кеңешинин сессиясына жана ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышат

Үстүбүздөгү жылдын 15-17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарына иш сапары менен барып, анын алкагында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жамааттык (ЖККУ) коопсуздук Кеңешинин сессиясына жана Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-ммалекет башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышат.

Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында, Тажикстан Республикасынын төрагалыгында өтүүчү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын жүрүшүндө мамлекет башчылары эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрү жана уюмдун сессия аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары жөнүндө пикир алмашышат. Ошондой эле алдыда Армениянын ЖККУдагы төрагалыгы мезгилиндеги уюм ишмердүүлүгүнүн алгылыктуу багыттары жөнүндө маалыматты угушат.

Жыйыныктоочу декларацияга, ошондой эле уюмдун ишмердүүлүгүнүн маселелерин жөнгө салган 13 документке кол коюлары күтүлөт.

Андан соң 17-сентябрда Тажикстан Республикасынын төрагалыгында ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги отуруму өтөт.

ШКУ отурумунун күн тартиби ШКУнун ишмердүүлүгүнүн 20 жылдагы негизги жыйынтыгы, уюм алкагында көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн абалы жана келечеги, пандемиянын кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен кадамдар, ошондой эле регионалдык жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин камтыйт.

Бул отурумдун жыйынтыгы боюнча ШКУнун 20 жылдыгына арналган мааракелик декларацияны кабыл алуу пландалууда, ошондой эле уюмдун ишмердүүлүгүнө тиешелүү 30дан ашуун документке, анын ичинде ШКУнун жаңы башкы катчысын дайындоо тууралуу чечимге кол коюлары күтүлүүдө.

Афганстанда болуп жаткан окуяларга, ошондой эле чөлкөмдөгү туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо боюнча чараларды кабыл алуунун зарылдыгына байланыштуу Президент Садыр Жапаров ШКУ жана ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин делегация башчыларынын Афганстандагы кырдаал боюнча жолугушуусуна катышат. Ошондой эле саммит талааларында эки тараптуу жолугушуулар өтөт.

«Аны менен бирге, Кыргыз Республикасы көрсөтүлгөн көп тараптуу аянтчалар алкагындагы кызматташууга чоң маани берээрин белгилейбиз.
Кыргызстандын ЖККУ жана ШКУга катышуусу өлкөнүн тышкы саясатындагы приоритеттүү багыттардын бири», — деп белгиледи Жээнбек Кулубаев.

ЖККУнун Кыргызстандагы машыгуусуна Тажикстан катышпайт

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Кыргызстанда өтө турган “Рубеж-2021” аскердик машыгуусуна Тажикстандын өкүлдөрү катышпайт.

Бул тууралуу 6-сентябрда Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында коргоо министринин орун басары Нурлан Кирешеев депутат Анвар Артыковдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын себеби айтылган жок. Кирешеев кыргызстандык аскерлер жакын арада Тажикстанда өтө турган кезектеги машыгууга бара турганын кошумчалады.

Комитет жыйынында депутаттар ЖККУнун ролу, уюмга мүчө мамлекеттер ортосундагы чатак чыккан маалдагы орду, Коргоо министрлигинин аракети кандай болушу керек экенине кызыкты.

“Рубеж-2021” деп аталган аскердик машыгуу 7-9-сентябрда “Эдельвейс” полигонунда өтөт. Ага Орусия баш болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин армиясы катышат. Иш-чара Ооганстанда курчуган кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда жана Тажикстанда өткөрүлүп жатат.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстандагы кырдаалга тынчсызданып, качкындардын агымынан чочулап турат.

ЖККУ: Кыргызстан менен Тажикстанда аскердик машыгуулар өтөт

Орусия баш болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттер Ооганстанда курчуган кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда жана Тажикстанда биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөт.

Бул тууралуу ЖККУнун өкүлү Владимир Зайнетдинов 27-августта “Интерфакс” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандагы биргелешкен аскердик машыгуу 7-9-сентябрда өтөт.

Мындан сырткары Владимир Зайнетдинов тажик-ооган чек арасына жакын тилкелерде дагы үч аскердик машыгуу уюштуруларын, төртүнчүсү быйыл ноюбрь айына пландаштырылып жатканын айтты.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет.

Ооганстандын Борбор Азиядагы кошуналары бул өлкөдөгү коопсуздукка бушайман болуп, ал жактагы кырдаал дагы курчуса качкындардын агымы чөлкөмдү каптайбы деген тынчсыздануусун айтып чыгышкан.

Меню