Menu

ЖКнын VII чакырылышына шайлоо

Президент Садыр Жапаров электрэнергия тарифи, Кумтөр алтын кени, парламенттик шайлоо жана кымбатчылык боюнча фейсбукка пост жазды

Коомдо кызуу талкууланып жаткан маселелер боюнча маалымат жана түшүндүрмө берип коеюн деп чечтим.
1. Электр энергиясы боюнча.
Азыр электр энергиясын Түркмөнстандан алып жатабыз. Кечээ Тажикстан да өз сунуштарын берип, алардан да ала баштадык. Казакстан менен Өзбекстан да мурдагы келишимдерге ылайык Электроэнергия берип жатышат.
Биз кошуна өлкөлөрдөн бүгүн эле электро энергияны импорт алып жаткан жокпуз.
2010-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин электр энергиясын импорттоп келе жатат экенбиз.
Буга чейин импорттун баасы канча экен дебейсиздерби?
2014-жылдан бери бир киловатты 5 сомдон алып, элге 0,77 тыйындан берип келишкен экен. Ортодогу айырма элдин эсебинен, тагыраагы казнадан кеткен чыгым болуп келген. Бир нече миллиарддаган сомдор чыгым болуп кеткен. Мен мындай кыянатчылыкка, шалаакылыкка жол берген жокмун.
Учурда эки сомдун тегерегинде алып жатабыз.
Менин тапшырмам менен Энергетика министри элден “Күндүз светти өчүргүлө, үнөмдөгүлө, “Токтогулдагы” суубузду сактап калалы” деп суранды.
Ал сууну биз сугатка пайдаланбайбыз. Өзбекстан менен Казакстан пайдаланат.
Биз электр кубатына гана пайдаланабыз.
Эгер өзүбүздүн жеке кызыкчылыгыбызга карап, электр кубатын алуу үчүн эле пайдалансак, Токтогулдагы суубуз кышка кеңири жетет.
Бирок жаздан баштап кайра кышка чейин сууну толтуруш үчүн “Токтогулду” толук жабышыбыз керек болот.
Андай кылсак, анда кошуна мамлекеттер жайында суусуз калышат.
Анда кошуна өлкөлөрдө кургакчылык болуп, бул жалпы баарыбыз үчүн оор кесепетке алып келет. Ошондуктан биз кошуна өлкөлөрдүн да камын ойлонушубуз керек. Ошого жараша алар да бизге электр энергиядан жардам берип жатышат.
Ал эми электр энергиясын сарамжал пайдаланбай, кайдыгер мамиле жасап жаткан жарандарыбыз жөнүндө сөз кылсак, алар үчүн электр кубаты арзан баада болуп жатат. Эгер кошуна өлкөлөрдөй бир килловаты биздегидей 0,77 тыйын эмес, 5 сомдон болгондо, башкача мамиле кылмаксыңар.
Министрлик рейд жасаган учурда көрдүк го. Унаа оңдоочу жайларда, кафе-ресторандарда, базарларда күндүз жарык жанып турат.
Бул эмнени билдирет?
Бул бизде электр энергиясы арзан дегенди билдирет.
“Ай, ошо да кеппи. Төлөп коем” дегендер демек колунда бар адамдар.
Ал эми колунда жоктор бир лампочкасын өчүрүп, үнөмдөп турушат.
Ошон үчүн жазда тариф маселесин көтөрүп, эки категорияга бөлөлү:
аярлуу катмарга 0,77 тыйын кылып калтырып, чекти алып, бай жашаган катмарга тарифти көтөрөлү дегенимде, ага да каршы чыккандар болушту “элди бай-кедей кылып бөлбө” деп. Макул, балким, бара-бара терең түшүнгөндөн кийин макул болорсуңар?
Убакыт керек.
И баса, акыркы 10 жылда бир дагы ГЭС салбаптырбыз. Элдин саны болсо өсүп атат. Албетте, электр кубатына болгон суроо- талап мурдагыдан 3 эсеге өстү. Азыр эми ГЭСтерди өз күчүбүз менен эле сала баштадык. Кудай буюрса, 2024-2025-жылдарга барып энергетикалык таңкыстыктан чыгып, экспорттоого жетишебиз.
2. “Кумтөр” маселеси боюнча.
Биздин сураныч менен эмес, “Центерранын” суранычы менен Женева шаарында сүйлөшүүлөр болуп өттү.
Бизден төрт киши барды. Жыйынтыгын алар келгенде угабыз. Ал эми LBMA биздин алтынды алуудан баш тартты. Эми алтындарыбызды сата албай калабыз деп ызы-чуу салып жаткан жарандарыбызга айтарым, сиздер эч кам санабаңыздар. Алтын жерде калбайт.
Сатып алам деген кардарлар кезекте турушат талашып.
“Эл аралык соттон утулуп калсак – эмне болот?” дегендер да бар экен.
Утулбайбыз, утабыз.
Макул, дүйнөлүк мафиянын таасирине салып бизди утуп алды дейли.
Эмне болот?
“Кумтөрдү” көчүрүп кетеби?
Жер биздики, тоо биздики, байлык биздики, акыры келип эл да биздики го?
Эл колдоп турса болду.
Казып атабыз, каза беребиз.
Эч ким тоскоол боло албайт.
3. Шайлоо боюнча.
Мындан ары бардык шайлоолор болушунча таза өтөт. Болгон күчүмдү жумшайм. Административдик ресурс таптакыр колдонулбайт. Ким кызматта туруп, кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, дароо кызматтан алынып, жоопко тартылат.
Ошого жараша эл дагы добушун сатпашы керек. Бул жолу сиздерге парламентти люстрациядан өткөрүүгө шарт түзүп бердим.
36 депутатты бир мандаттуу округдан өзүңүздөрдүн түздөн-түз өкүлүңүздөр кылып шайлап аласыздар.
Андан сырткары 54 депутатты партиялык тизме менен шайлайсыздар. Мурдагыдай партияга эле добуш берип коюу болбойт.
Партиянын ичинен өзүңүздөргө жаккан талапкерге дагы добуш бересиздер.
Тагыраагы, партиялык бюллетенге эки белги (галочка) коюлат. Партияга жана анын ичиндеги өзүңүздөргө жаккан бир талапкерге. Мына ошондо парламентке чыныгы элдин колдоосун алган депутат келет. Мына ушундай жол менен парламентти жалпы эл өзүңөр добуш берүү жолу менен люстрация кылып бересиңер.
Ал эми эскилер кайра келе жатышат деп чуу салып жаткандарга айтарым – каалабаган талапкерге добуш бербей койсоңуздар, ал келбейт.
Мурдагыдай “биринчи ондукка кирип алсам, депутат болом” деген заман жок.
Ал заман артта калды.
Азыр тизмеде канчанчы болуп турушуң маанилүү эмес. Тизмеде 54-болуп туруп көп добуш алсаң, биринчи болуп келе бересиң.
4. Кымбатчылык боюнча.
Коронавирус оорусу башталганы бир жарым жыл болду. Бардык өлкөлөргө эшиктер жабык. Соода-сатык жокко эсе. Ошон үчүн бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө кымбатчылык болуп жатат. Албетте, мындай учурда салыктан да, бажыдан да төлөмдөр аз түшөт. Казына толбойт. Ошентсе да кымбатчылыкты токтотолу, бир чекте кармап туралы деп күнү-түнү алпурушуп жатабыз. Ковид менен күрөшүү тынымсыз уланууда. Казынадан акча бөлүп, вакцина сатып алдык. Айрым өлкөлөрдө вакцинаны акчага эмдеп жатышат. Бизде бекер вакцинаны жапа тырмак алгандан эринип, кайдыгерлик кылгандар да жок эмес. Эртерээк коронавирус токтосо, анан дүйнө мамлекеттерине эшиктер ачылат эмеспи. Албетте, анан кымбатчылык да басаңдайт эле. Ушунчалык кыйынчылыктарга карабастан, пенсия-пособие, эмгек акыларды көтөрүп жатабыз. Куралдуу күчтөрүбүздү күчтөндүрүп жатабыз. Жолдор жасалып жатат.
Ар бир жасаган ишибиз элдин, мамлекеттин, урпактарыбыздын кызыкчылыгы үчүн гана болот. Кылымдар өткөндөн кийин да бүгүнкү жасаган иштерибизге уялбай тургандай болобуз. Баары жакшы болот. Кам санабаңыздар. Убакыт керек.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын биринчи отуруму өттү

Бүгүн, 23-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун төрагалыгында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүдө көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын биринчи отуруму өттү.

Жыйынга Республикалык штабдын курамына кирген министрлик жана ведомстволордун, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жетекчилери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери катышты.

Марат Иманкулов Республикалык штабдын негизги тапшырмасы – парламенттик шайлоону таза жана ачык-айкын жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн шайлоо комиссияларын уюштуруучулук-техникалык камсыздоодон турарын белгиледи.

Ал ошол эле учурда эч кандай шылтоо менен комиссиялардын ишине кийлигишүүгө жол берилбесин айтты. Коопсуздук кеңешинин катчысы шайлоолорду мыйзамдарды бузуу менен өткөрүү, шайлоочуларды массалык сатып алуу жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо бир нече жолу элдик толкундоолорго алып келгенин эске салды. Анын айтымында, бардык мамлекеттик органдар адилеттүү жана таза шайлоолорду өткөрүүгө болгон күч-аракетин жумшап, шайлоо жараянынын мыйзам бузууларына өз убагында жана ыкчам реакция кылып, мыйзам бузуучуларга мыйзам чегинде тийиштүү чараларды көрүш керек.

Коопсуздук кеңешинин катчысы мамлекеттик бийликтин органдарынын өкүлдөрү кайсыл деңгээлде болбосун, үгүт өнөктүгүнө жана шайлоо жараянына кийлигишпеши керектигин баса белгиледи.

«Мамлекеттик кызматкерлер өз ыйгарым укуктарын добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этүү же кол алдындагыларды тигил же бул талапкердин пайдасына мажбурлоо максатында пайдаланса, анда алар ээлеген кызматына карабай иштен кетирилип, ал эми алардын аракеттеринде кылмыштын курамы болсо – кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга эч кимге уруксат берилбейт», – деп билдирди Марат Иманкулов.

Аны менен бирге ал, кайсыл бир партия жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин пайдасына бийлик өкүлдөрү бюджеттик тармактын кызматкерлери – мугалим, дарыгер, социалдык кызматкерлер жана квартал башчыларын пайдаланган фактылар аныкталган учурда, укук коргоо органдары тарабынан катаал чаралар көрүлөрүн эскертти. Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысы саясий партияларды жана депутаттыкка талапкерлерди мыйзамдарды аткарууга, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчутпоого жана өздөрүнүн дымагы, жеке кызыкчылыгы үчүн элди бөлүп-жарбоого чакырды.

Мындан сырткары ал, уланып жаткан коронавирус пандемиясынын шарттарында добуш берүү жүрүшүндө тилкелерде шайлоочулардын саламаттыгы үчүн бардык санитардык-эпидемиологиялык чараларды сактоонун маанисин белгиледи. Жыйында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын, саламаттыкты сактоо, тышкы иштер жана ички иштер министрликтеринин жетекчилеринин жалпы элдик добуш берүүгө даярдык жөнүндөгү баяндамалары угулду.

Жыйындын жыйынтыгында берилген сунуштарды эске алуу менен республикалык штабдын иш планы бекитилди.

БШК: Шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары (карта)

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык мажоритардык шайлоо тутуму боюнча шайлоо округдарынын расмий схемасын жана чек араларын жарыялоодо.

Мыйзамдарга ылайык шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкү талаптар сакталды:

  • шайлоо округдарынын шайлоочулардын саны боюнча болжолдуу теңдиги, мында шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 20 пайыздан ашпаган четтөөгө жол берилет;
  • шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, шайлоо округун өз ара чектешпеген аймактардан түзүүгө жол берилбейт.
  • ушул көрсөтүлгөн талаптарды сактоодо, эреже катары, республиканын администрациялык-аймактык бөлүнүшү эске алынат.

Бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүү үчүн БШК калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдарга ылайык берилген маалыматтарга негизденди.

Ар бир округ 100 миң 476 +/- 20% шайлоочу болжолдуу саны менен түзүлөт.

Жогоруда баяндалганга байланыштуу округдардын санын облустар боюнча бөлүштүрүү схемасы төмөнкүдөй:

карта.png

 

Облус Шайлоочулардын саны Округдардын саны
Бишкек шаары 428 599 4
Ош шаары, Ош облусу 898 569 9
Баткен 305 053 3
Жалал-Абад 686 364 7
Талас 163 109 2
Чүй 609 774 6
Нарын 209 101 2
Ысык-Көл 316 572 3
Баардыгы: 3617141 36

Шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары ушул шилтеме боюнча көрсө болот

 

Кыргыз элчилиги Орусиядагы мигранттарды 30-сентябрга чейин каттоого турууга чакырды

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргыз жарандарын 30-сентябрга чейин бардык документтерин тууралап алууга — миграциялык каттоого туруп, эмгек келишимин түзүүгө чакырды.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, Орусия президентинин 16-июндагы жарлыгы менен мигранттарга документтерин ирээттеп алуу үчүн берилген мөөнөт 30-сентябрга чейин узартылган.

Апрелдин башында орус бийлиги Орусияда 115 миңден ашуун кыргызстандык жаран миграция эрежесин сактабай жүргөнүн эскерткен.

Расмий маалыматтарга караганда, ушу тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден (ред: расмий эмес маалыматтарда 1 миллиондон ашык) ашат. Административдик эреже бузуу жана миграциялык талаптарды сактабаганы үчүн 43 780 кыргыз жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынган.

БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 5-сентябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти.

  1. Саясий партиялар көрсөткөн талапкерлердин тизмелери боюнча Жогорку Кеңештин 54 депутатын пропорционалдык тутум боюнча шайлоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы бирдиктүү шайлоо округу болуп саналат. Мында Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган шайлоочулар бирдиктүү шайлоо округуна катталган болуп эсептелет.
  2. Жогорку Кеңештин 36 депутатын мажоритардык тутум боюнча шайлоо өткөрүү үчүн бир мандаттуу шайлоо округдары түзүлөт.

Бир мандаттуу шайлоо округдарын аныктоо маселесин ар тараптуу талкуулоо үчүн бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүү маселелери боюнча Ведомстволор аралык жумушчу тобу түзүлгөн. Талкууларга облустардагы жана райондордогу мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Мыйзамдарга ылайык шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкү талаптар сакталууга тийиш:

  • шайлоо округдарынын шайлоочулардын саны боюнча болжолдуу теңдиги, мында шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 20 пайыздан ашпаган четтөөгө жол берилет;
  • шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, шайлоо округун өз ара чектешпеген аймактардан түзүүгө жол берилбейт.
  • ушул көрсөтүлгөн талаптарды сактоодо, эреже катары, республиканын администрациялык-аймактык бөлүнүшү эске алынат.

Бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүү үчүн БШК мыйзам талаптарына ылайык калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген маалыматтарга негизденди.

Санариптик ѳнүктүрүү министрлигинин (СӨМ) 2021-жылдын 4-сентябрына карата маалыматтарына ылайык шайлоочулардын саны жалпысынан 3 686 921 адамды түзөт, КР ТИМдин чет өлкөлөрдөгү шайлоочулар тууралуу КР ТИМдин маалыматтарын эсепке албагандагы сан – 3 617 141 адам.

Ар бир округ 100 миң 476 шайлоочу +/- 20% болжолдуу саны менен түзүлөт.

Жогоруда баяндалганга байланыштуу округдардын санын облустар боюнча бөлүштүрүү схемасы төмөнкүдөй:

Облус Шайлоочулардын саны Округдардын саны
Бишкек 428 599 4
Ош, Ош облусу 898 569 9
Баткен облусу 305 053 3
Жалал-Абад облусу 686 364 7
Талас облусу 163 109 2
Чүй облусу 609 774 6
Нарын облусу 209 101 2
Ысык-Көл облусу 316 572 3
Баардыгы: 3617141 36

Бир мандаттуу шайлоо округдарынын катар номуру расмий тилдеги алфавит тартибинде жүргүзүлөт: адегенде Баткен облусу, андан кийин – Ош облусу, Жалал-Абад облусу, Талас облусу, Чүй облусу, Бишкек шаары, Нарын облусу, Ысык-Көл облусу.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 15-бөлүгүнө ылайык шайлоо округдарынын тизмелери, алардын чектери жана округдук, аймактык шайлоо комиссияларынын даректери көрсөтүлүү менен, алардын графикалык сүрөттөлүшүн кошуп алганда, округдар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде б.а. 2021-жылдын 10-сентябрына чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрына чейин (кошуп алганда) аяктайт.

Парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларынын көбөйүшү күтүлүүдө

БШКда 2021 -жылдын 28 -ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынан сырткары жүргөн же жашаган жарандарынын шайлоо укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.

Жыйында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Н.Шайлдабекова, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаев, Санариптик өнүктүрүү министри Догоев Д.Д., Чет өлкөдө жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча БШКнын топ башчысы А.Дубанбаева, КР БШК мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

  1. Жыйында Кыргыз Республикасынан тышкары жүргөн же жашаган жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо боюнча Иш-аракеттердин планы бекитилди. Аталган планды ишке ашыруунун алкагында Чет өлкөдө убактылуу жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо жөнүндө” Жобосу конституциялык Мыйзамдын жаңы редакциясына ылайыкталды.

Иш-чаралардын планы БШКнын, Тышкы иштер министрлигинин жана ЭКККнын чет өлкөлөрдө шайлоо участкаларын түзүү, чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын тизмеси, биометрикалык маалыматтарды жеринде чогултууну уюштуруу, жабдуулар камсыздоо (АЭУ, шайлоочуларды идентификациялоочу жабдуу ж.б.)  менен  камсыздоо, маалыматтык иштер, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары түзүлгөн УШК мүчөлөрү үчүн окутууларды жүргүзүү боюнча уюштуруучулук, маалыматтык жана техникалык чаралардын комплексин камтыйт.

  1. Андан соӊ, чет өлкөлөрдө шайлоо участкаларын түзүү маселеси каралды. Мыйзамга ылайык, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкалары Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча, тиешелүү өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдары менен макулдашуунун негизинде түзүлөт.

Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн чет өлкөлөрдө шайлоо участкаларын түзүү боюнча Тышкы иштер министрлигинин сунуштары тууралуу маалымат берди.

Буга чейин болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоо жана 2021 -жылдын 10 -январындагы референдум учурунда дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 48 шайлоо участогу түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн шарттарды кеңейтүү максатында Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого карата  алдыдагы парламенттик шайлоодо өлкөдөн тышкары жашагандар үчүн чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларынын санын. 57 участокко чейин көбөйтүү сунушталууда.

Ошентип, төмөнкү шаарларда 9 жаңы шайлоо участкаларын түзүү каралып жатат: Россия –Казань, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск шш.; АКШ – Нью -Йорк жана Чикаго шш.; Түркия – Анталия ш.; Италия – Кальяри ш..

Жумушчу топтун мүчөлөрү чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун көбөйтүү зарылдыгын колдоого алды жана бул маселе боюнча Тышкы иштер министрлигинин сунуштарын айтышты. Ошол эле учурда БШКнын Төрайымы Россиянын шайлоо участкаларын уюштуруу маселесинде Россия Федерациясынын БШКсынын көмөгү тууралуу Кыргыз Республикасынын БШКда иштелип жаткандыгы  жөнүндө маалымат берди.

Бардык зарыл макулдашуулар жана процедуралар өткөрүлгөн учурда, Россиядагы участоктордун саны 20га жетиши мүмкүн, анын ичинде Москвада – 5 сайт; Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Владивосток, Красноярск, Иркутск, Якутск, Южно-Сахалинск, Сургут, Тюмень, Краснодар, Самара, Казань, Томск жана Хабаровск шш. -1сайт.

3-участок боюнча: Германияда – Берлин, Франкфурт-на-Майне жана Бонн шш.; АКШда – Вашингтон, Нью -Йорк, Чикаго шш.; Түркияда – Анкара, Стамбул жана Анталия шш..

2-участок боюнча: Италияда – Рим менен Кальяри шш., Казакстанда – Нур-Султан жана Алматы шш.; Кытайда – Пекин жана Гуанчжоу шш.; БАЭде – Абу -Даби жана Дубай шш.;

1-участок боюнча: Ашхабад, Баку, Брюссель, Вена, Доха, Душанбе, Женева, Исламабад, Киев, Куала -Лумпур, Лондон, Минск, Нью -Дели, Париж, Сеул, Ташкент, Тегеран, Токио, Кувейт, Эр-Рияд шш..

  1. Тышкы иштер министри Р.Казакбаев чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын маселеси боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Мыйзамга ылайык, добуш берүүгө 85 календардык күн калгандан кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин жетекчилери Тышкы иштер министрлиги аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн, консулдук (убактылуу консулдук) каттоого турган жана биометрикалык каттоого алынган шайлоочулар жөнүндө маалыматты беришет.

3-сентябрга карата берилген Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, биометрикалык каттоодон өткөн жана чет өлкөлүк мекемелерде консулдук кызматкерлердин каттоосунда турган чет өлкөдө катталган шайлоочулардын жалпы саны 60 миңден ашуун адамды түзөт, алардын ичинде, 26 миңге жакыны – Москвада .

Катталган жарандар автоматтык түрдө шайлоочулардын тизмесине киргизилет, анткени чет өлкөдө консулдук каттоого алуу каттоо функциясын аткарат. Р.Казакбаев консулдук каттоонун шарттары мүмкүн болушунча жагымдуу жана акысыз экенин маалымдады. Консулдук каттоого алынбаган же биометрикалык каттоодон өтпөгөн чет өлкөлүк жарандар муну чет өлкөлүк мекемелерде ишке ашыра алышат. Каттоого алуу  документтерди электрондук түрдө тапшыруу аркылуу да жүргүзүлүшү мүмкүн.

БШК төрайымы алдын ала шайлоочулардын тизмеси түзүлгөнгө чейин – 9-сентябрда, Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана БШКнын өз ара карым-катышуусунун негизинде  чет өлкөдөгү шайлоочулар тууралуу алынган маалыматты акуталдаштыруу жүргүзүлөт.

19-сентябрдан тарта тизмелер бардык шайлоо участкаларында, анын ичинде чет өлкөлөрдө илинет, жарандар 12-ноябрга чейин шайлоочулардын тизмесине кирүүгө, такталбаган учурда ал тизмеге оңдоолорду киргизүү үчүн арыз менен кайрылууга укуктуу.

Санариптик өнүктүрүү министри Д.Д.Догоев алынган маалыматты актуалдаштыруунун алкагында Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрине ылайык биометрикалык маалыматтын болушу, жарандыктан чыгуу жана башка параметрлер боюнча салыштырып текшерүү жүргүзүлөрүн маалымдады. Ал жарандардын өздөрү тууралуу маалыматын тактоонун маанилүү экендигин белгиледи, анткени пандемияга байланыштуу жана башка себептерден улам, учурда чет өлкөлөрдөгү тизмеге кирген, бирок республикага кайтып келген (консулдук каттоодон чыкпаган) ) жана өлкөдө туруктуу катталган жеринде жашап жаткан айрым жарандар бар экенин жана мындай жарандарды өз маалыматтарын тактоо үчүн калкты тейлөө борборлоруна, шайлоо участкаларына кайрылууга чакырышты.

  1. Жумушчу топ жакынкы арада БШКнын, Тышкы иштер министрлигинин жана ЭККнын – үч органдын өкүлдөрүнөн түзүлгөн “ыкчам топторду” Жогорку Кеңеш жана добуш берүүгө катышуу, шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү жарандарыбыз үчүн жер-жерлерде түшүндүрүү кызматтарын көрсөтүү үчүн – биометрикалык каттоодон өтүү, консулдук каттоодон өтүү, электрондук санарип кол тамганы каттоо, паспортторго арыздарды кабыл алуу ж.б. боюнча чет өлкөлөргө жөнөтүү графигин бекитишти. Чет өлкөдөгү шайлоочулар үчүн маалыматтык иштер ПРООНдун колдоосу менен жүргүзүлөт.
  2. Жумушчу топ ошондой эле чет өлкөлөрдөгү жарандарды шайлоого катышуу тартиби, парламенттин депутаттарын шайлоо тартибин түшүндүрүү, партиялардын программалары, партиялардын талапкерлеринин тизмелери, убактылуу чет өлкөдө жүргөн же жашаган КР жарандары үчүн дагы башка маалыматтык материалдарды сайттарга жана БШК, ИИМ, СӨМ, КР чет элдик мекемелеринин, мекендештердин коомдук уюмдарынын социалдык тармактарында жана ММКда жайылтуу тууралуу пландаштырылган иш-чараларды жактырды, алар чет өлкөдөгү шайлоочуларга маалымат берүүгө жана шайлоодо добуш берүүдө алага өбөлгө түзмөөкчү.

Казакбаев Р.А. Тышкы иштер министрлигинде жакынкы күндөргө пландаштырылган чет өлкөдөгү жарандар менен онлайн-конференциянын пландары менен тааныштырды, мында көптөгөн актуалдуу маселелер менен катар эле жарандар үчүн парламенттик шайлоону өткөрүүнүн тартиби жөнүндө суроолор да каралмакчы.

Шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча чет өлкөдөгү шайлоочулар менен онлайн жолугушуулар БШКнын Жумушчу тобунда да жума сайын өткөрүлүп турмакчы.

БШК: 75 саясий партия Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу ниетин билдирди

3-сентябрда саат 18.00дө 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча календардык планына ылайык саясий партиялардын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирмелерди берүү этабы аяктады.

Саат 18.00гө карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына төмөнкү 75 саясий партиядан билдирме түштү:

к/н

С/П аталышы

Жетекчиси

Док. түшкөн дата

жана убакыт

1.

“Социал-демократтар “

Султанбеков Т.М.

30.08.2021-ж.,12:29

2.

“Улуттар Биримдиги”

Мырзакматов М.Ж.

30.08.2021-ж., 16:39

3.

“Ишеним”

Ибаков М,Т.

30.08.2021-ж.,

17:55

4.

“Альянс”

Закиров А.А.

31.08.2021-ж., 9:00

5.

“Кыргызстандын жашылдар партиясы”

Булекбаев Э.К.

31.08.2021-ж., 9:30

6.

“Жаратман Эл”

Тулеев Р.Д.

31.08.2021-ж., 11:47

7.

“Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия”

Осмоналиева А.А.

31.08.2021-ж., 15:41

8.

“Ата Мекен”

Текебаев Ө.Ч.

01.09.2021-ж., 11:40

9.

“Актив”

Иманалиев К.Б.

01.09.2021-ж., 13:31

10.

“Бийлик Элге”

Эрназарова К. С.

01.09.2021-ж., 13:36

11.

“Ыйман Нуру”

Кадырбеков Н.К.

01.09.2021-ж., 13:55

12.

“Эл Үмүтү” социалдык саясий партия”

Алмаз уулу А.

01.09.2021-ж., 15:07

13.

“Акыйкат Кыргызстан”

Таалайбек уулу А.

01.09.2021-ж., 16:22

14.

“Кыргызстандын саясий күчтөрүнүн альянсы”

Чекирбаева З.С.

01.09.2021-ж., 16:48

15.

“Ар-Намыс”

Кулов Ф.Ш

01.09.2021-ж., 17:14

16.

“Күч биримдикте” социалдык-саясий партиясы”

Абдивалиев К.О.

02.09.2021-ж.,09:10

17

“Азаттык” демократиялык партиясы”

Исаков И.И.

02.09.2021-ж., 09:15

18

“Ынтымак”

Маматалиев М.

02.09.2021-ж.,

09:26

19

“Аалам”

Малиев А.К.

02.09.2021-ж., 10:37

20

“Солидарность”

“Тилектештик”

Келдибаев Т.К.

02.09.2021-ж., 13:35

21

“Ак Асаба”

Кожомкулов Б.Б.

02.09.2021-ж., 13:55

22

“Ак Бата”

Асакеев С.Т.

02.09.2021-ж., 14:11

23

“Социалист”

Исаев Б.

02.09.2021-ж., 14:19

24

«Жаңы Мезгил»

Казакбай к. А.

02.09.2021-ж., 14.29

25

«Күчтүү регион»

Астаров Д. Б.

02.09.2021-ж., 14:38

26

“Бүтүн Кыргызстан”

Мадумаров А. К.

02.09.2021-ж., 15:03

27

“Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы ”

Медетбеков А.К.

02.09.2021-ж., 15:17

28

“Адилет”

Тарыкбаев А. Н.

02.09.2021-ж., 15:44

29

“Аруузат – Эл Куту”

Бекова А.

02.09.2021-ж., 16:05

30

“Ата-Журт Кыргызстан”

Маткеримов А. Т.

02.09.2021-ж., 16:21

31

“Мекенчил Эл”

Ибраев Б. Р.

02.09.2021-ж., 16:41

32

“Бирге-Вместе”

Чумакеева З. А.

02.09.2021-ж., 16:52

33

“Жаны ЭРА”

Жумаева Р. Р.

02.09.2021-ж., 17:11

34

“Биздин Эл”

“Наш Народ”

Расулов М. А.

02.09.2021-ж.,17:20

35

“Келечек-Будущее

Макешов Ч. Д.

02.09.2021-ж.,17:25

36

“Элдик Партия”

“Народная Партия”

Топчубаева Г. М.

02.09.2021-ж.,17:36

37

“Менин Мекеним” элдик партия”

Кулназаров Р. А.

02.09.2021-ж.,17:48

38

“Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы”

Таштанбеков А. Д.

02.09.2021-ж., 17:55

39

Асыл-Мурас Жаштар

Кемел уулу А.

03.09.2021-ж., 9:58

40

«Улутман» республикалык партиясы

Турдумалиев С.А.

03.09.2021-ж.10:23

41.

“Эмгек партиясы”

Мааткабылов Ы. Ш.

03.09.2021-ж.10:30

42.

“Аманат”

Казматов К. К.

03.09.2021-ж., 10:34

43.

“ОРДО”

Керимов М. И.

03.09.2021-ж., 10:53

44.

“Асаба” улуттук кайра жаралуу

Нусупов Д. А.

03.09.2021-ж., 11:21

45.

“Багыт” Кыргызстандын либералдык-демократиялык партиясы

Асанов С. А.

03.09.2021-ж., 11:51

46.

“Чоң Казат”

Мамытканов М. С.

03.09.2021-ж., 12:00

47.

“Замандаш”

Өмүракунов А. М.

03.09.2021-ж., 12:14

48.

“Жашасын Кыргызстан”

Уметалиева Т. Д.

03.09.2021-ж., 12:30

49.

“Ак шумкар”

Сариев Т. А.

03.09.2021-ж., 13:50

50.

“ТУРАН”

Молдакматов Ж. О.

03.09.2021-ж., 13:58

51.

“Улуу-Журт”

Орозбаев М. К.

03.09.2021-ж.,14:04

52.

“Адам укуктары”

Турсунбек Акун

03.09.2021-ж.,14:26

53.

“Либералдык-прогрессивдүү партия”

Кунакунов М. К

03.09.2021-ж., 14:38

54.

“Айкөл Кыргызстан”

Керимбеков Б. М.

03.09.2021-ж.,14:46

55.

“Кыргызстан элдеринин конгресси”

Медетбеков Ш. М.

03.09.2021-ж.,14:53

56.

“Элдик аракет партиясы”

Борошов Б. Б.

03.09.2021-ж.,14:57

57.

“Эгемен Кыргызстан”

Мейманкулов К. А.

03.09.2021-ж., 15:10

58.

“ЛЕГАЛАЙЗ”

Мадылбеков Э. Т.

03.09.2021-ж.,15:14

59.

“Нур”

Шамшидин у. А.

03.09.2021-ж., 15:24

60.

“ТЫНЧТЫК” Кыргызстандын элдик патриоттук партиясы

Аширбаев Э. Т.

03.09.2021-ж., 16:10

61.

“Элдик көзөмөл”

Умаров К. С.

03.09.2021-ж., 16:20

62.
“Кыргызстандын дыйкандар (фермерлер) партиясы”

Асылбеков К. Б.

03.09.2021-ж., 16:26

63.

“Чындык”

Кадыров К. Б.

03.09.2021-ж., 16:33

64.

” Кыргызстан жаштарынын прогрессивдүү партиясы”

Абдыкадыров З. Б.

03.09.2021-ж., 16:46

65.

“Реформа”

Сооронкулова К. С.

03.09.2021-ж., 16:53

66.

“Мурас”

Зайыров С. Т.

03.09.2021-ж., 17:04

67.

“Ак Санат” элдик өз алдынча башкаруу партиясы”

Турпанов М. К.

03.09.2021-ж., 17:12

68.

“Ак-Ниет”

Бекешев Д. Д.

03.09.2021-ж., 17:18

69.

“Баба Дыйкан” Кыргызстандын дыйкандар (фермерлер) партиясы”

Исаков Э. Б.

03.09.2021-ж., 17:47

70.

“Кыргызстан”

Исаев К. К.

03.09.2021-ж., 17:48

71.

“Ак-Шам” Мекен жана жаратуу”

Сапарбаев Э. Т.

03.09.2021-ж., 17:50

72.

“АШАР-Алтан”

Сеитов А. А.

(ишеним кат боюнча)

03.09.2021-ж., 17:52

73.

” Кыргызстан элдеринин шериктештиги”

Ладожинская Н. И.

03.09.2021-ж., 17:55

74.

«Эркин Кыргызстан»

Бакир уулу Т.

03.09.2021-ж., 17:57

75.

«Эне жүрөгү – Мекен»

Кадыракунова Ж. К

03.09.2021-ж., 17:59

Саясий партиялардан депутаттыкка талапкерлердин тизмесин көрсөтүү 2021-жылдын 13-октябрында (кошо алганда) аяктайт.

2-сентябрга карата БШКга 38 партиядан КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түштү

2-сентябрдын саат 18.00үнө карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 38 саясий партиядан 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түштү.

к/н

 

С/П аталышы

 

Жетекчиси

Док. түшкөн дата

жана убакыт

1. “Күч биримдикте” социалдык-саясий партиясы” Абдивалиев К.О. 02.09.2021-ж.,09:10
2. “Азаттык” демократиялык партиясы” Исаков И.И. 02.09.2021-ж., 09:15
3. “Ынтымак” Маматалиев М. 02.09.2021-ж.,

09:26

4. “Аалам” Малиев А.К. 02.09.2021-ж., 10:37
5. “Солидарность”

“Тилектештик”

Келдибаев Т.К. 02.09.2021-ж., 13:35
6. “Ак Асаба” Кожомкулов Б.Б. 02.09.2021-ж., 13:55
7. “Ак Бата” Асакеев С.Т. 02.09.2021-ж., 14:11
8. “Социалист” Исаев Б. 02.09.2021-ж., 14:19
9. «Жаны Мезгил» Казакбай к. А. 02.09.2021-ж., 14.29
10. «Кучтуу регион» Астаров Д. Б. 02.09.2021-ж., 14:38
11. “Бүтүн Кыргызстан” Мадумаров А. К. 02.09.2021-ж., 15:03
12 “Кыргызстандын элдик-демократиялык партия ” Медетбеков А.К. 02.09.2021-ж., 15:17
13.. “Адилет” Тарыкбаев А. Н. 02.09.2021-ж., 15:44
14. “Аруузат – Эл Куту” Бекова А. 02.09.2021-ж., 16:05
15. “Ата-Журт Кыргызстан” Маткеримов А. Т. 02.09.2021-ж., 16:21
16. “Мекенчил Эл” Ибраев Б. Р. 02.09.2021-ж., 16:41
17. “Бирге-Вместе” Чумакеева З. А. 02.09.2021-ж., 16:52
18. “Жаңы ЭРА” Жумаева Р. Р. 02.09.2021-ж., 17:11
19. “Биздин Эл”

“Наш Народ”

Расулов М. А. 02.09.2021-ж.,17:20
20. “Келечек-Будущее Макешов Ч. Д. 02.09.2021-ж.,17:25
21. “Элдик Партия”

“Народная Партия”

Топчубаева Г. М. 02.09.2021-ж.,17:36
22. “Менин Мекеним” элдик партия” Кулназаров Р. А. 02.09.2021-ж.,17:48
23. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” Таштанбеков А. Д.  

02.09.2021-ж., 17:55

Буга чейин КР БШКга 15 саясий партиядан – “Социал -демократтар”, “Улуттар биримдиги”, “Ишеним”,”Альянс”, “Кыргызстандын жашылдар партиясы”, “Жаратман Эл”, «Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия»,”Ата Мекен”,”Ыйман Нуру”,«Эл үмүтү социалдык саясий партия», “Актив”, “Бийлик элге”,”Акыйкат Кыргызстан”, “Кыргызстандын саясий күчтөрүнүн альянсы”, «Ар-Намыс» саясий партияларынан КР ЖК депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу жазуу жүзүндө билдирме түшкөн.

Календарлык планга ылайык Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар, конституциялык Мыйзамга ылайык саясий партиядан талап кылынуучу шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнүн жана маалыматтарын көрсөтүү менен, шайлоого катышары тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек экендигин эске салабыз. Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариус ырастаган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталууга тийиш.

Жазуу жүзүндө билдирме берүүнүн акыркы күнү – 2021-жылдын 3-сентябры, саат 18.00гө чейин

БШКга "Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу жөнүндө билдирме түштү

КР БШКга “Ата-Журт Кыргызстан”  саясий партиясынан 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түштү.

Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Бектемиров Келсинбек Базаркуловичти, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары– Болотакунова Саида Амановнаны дайындады.

  1. “Социал-демократтар”
  2. “Улуттар биримдиги”
  3. “Ишеним”,
  4. “Альянс”

     5.“Кыргызстандын жашылдар партиясы”

  1. “Жаратман Эл”
  2. «Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия»
  3. “Ата-Мекен”
  4. “Ыйман Нуру”
  5. «Эл үмүтү социалдык саясий партия»
  6. “Актив”
  7. “Бийлик элге”
  8. ”АкыйкатКыргызстан”
  9. «Ар-Намыс»
  10. “Кыргызстандын саясий күчтөрүнүн альянсы”
  11. “Күч биримдикте”социалдык-саясий партиясы”
  12. “Азаттык”демократиялык партия”
  13. “Ынтымак”
  14. “Аалам”
  15. “Тилектештик”
  16. “Социалист”
  17. “Ак Бата”
  18. “Адилет” саясий партиялардан КР ЖК депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу жазуу жүзүндө билдирме түшкөн.

1-сентябрга карата БШКга 15 партиядан КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түштү (тизме)

1-сентябрдын саат 18.00нө карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 15 саясий партиядан 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түштү.

к/н

С/П аталышы

Жетекчиси

Док. түшкөн дата

Жана убакыт

1.

“Социал-демократтар“

Султанбеков Темирлан Медетбекович

30.08.2021-ж.,12:29

2.

“Улуттар Биримдиги”

Мырзакматов Мелисбек Жоошбаевич

30.08.2021-ж., 16:39

3.

“Ишеним”

Ибаков Мирлан Таштандиевич

30.08.2021-ж.,

17:55

4.

“Альянс”

Закиров Азиз Адамович

31.08.2021-ж., 9:00

5.

“Кыргызстандын жашылдар партиясы”

Булекбаев Эркин Касымович

31.08.2021-ж., 9:30

6.

“Жаратман Эл”

Тулеев Расул Джумабекович

31.08.2021-ж., 11:47

7.

“Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия”

Осмоналиева Айдай Алмазбековна

31.08.2021-ж., 15:41

8.

“Ата Мекен”

Текебаев Өмүрбек Чиркешович

01.09.2021-ж., 11:40

9.

“Актив”

Иманалиев Курманбек Белекович

01.09.2021-ж., 13:31

10.

“Бийлик Элге”

Эрназарова Калдан Спабековна

01.09.2021-ж., 13:36

11.

“Ыйман Нуру”

Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович

01.09.2021-ж., 13:55

12.

“Эл үмүтү социалдык саясий партия”

Алмаз уулу Аскар

01.09.2021-ж., 15:07

13.

“Акыйкат Кыргызстан”

Таалайбек уулу Алтынбек

01.09.2021-ж., 16:22

14.

“Кыргызстандын саясий күчтөрүнүн альянсы”

Чекирбаева Зарина Сулаймановна

01.09.2021-ж., 16:48

15.

“Ар-Намыс”

Кулов Феликс Шаршенбаевич

01.09.2021-ж., 17:14

Календарлык планга ылайык Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар, конституциялык Мыйзамга ылайык саясий партиядан талап кылынуучу шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнүн жана маалыматтарын көрсөтүү менен, шайлоого катышары тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек экендигин эске салабыз. Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариус ырастаган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталууга тийиш.

Жазуу жүзүндө билдирме берүүнүн акыркы күнү – 2021-жылдын 3-сентябры, саат 18.00гө чейин.

Меню