Menu

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоорун жактырды

15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.

Документ эми парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.

Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо боюнча мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрүү боюнча документке добуш берер алдында комитеттин жыйынынан төрт депутат – Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков, Чыңгыз Айдарбеков жана Нилуфар Алимжанова чыгып кетишти. Ал эми Эрулан Көкүлов жыйындын башында кетип калган. Депутаттар Айбек Осмонов менен Миргүл Темирбаева отурумга келген жок.

Мадумаров мындай кадам кворум түзүп бербөө үчүн кабыл алынганын айтты.

“Биздин абийирибиз ушуга түртүп атат. Урматтуу кыргызстандыктар, биздин күчүбүз жетпейт. Комитеттин беш мүчөсү добуш берердин алдында кворум кылбай чыгып кетүүнү чечтик”, – деди ал.

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 14 мүчөсү бар. Комитеттин юристи мыйзам долбооруна добуш берүүдө кворум бар экенин билдирип, натыйжада калган депутаттар аны ратификациялоого макул болушту.

3-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга, суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча макулдашуу тууралуу мамлекеттик “Кабар” агенттигине курган маегинде кош башкарууда “кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөй турганын” билдирген.

Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.

Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы, активисттер “массалык башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакка алынды. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.

Нурлан Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Бүгүн, 5-октябрдагы парламент жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлашты.

Төраганын кызмат ордуна Шакиев Нурланбек Тургунбековичтин талапкерлиги көрсөтүлүп, жашыруун добуш берүүнүн негизинде 80 депутат колдоду.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Нурланбек Шакиев 1977-жылдын 13-майында Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Жыгач айылында туулган. Билими жогорку. №17 Аксы шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Буга чейин “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери болуп келген.

Садыр Жапаров Кыргызстан орус-украин тирешинде калыс позицияны карманарын билдирди

Кыргызстан Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуяларда калыс позицияны карманат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 9-мартта парламентте Кумтөр маселеси талкууланган жыйында билдирди.

“Бүгүнкү күндө Орусия менен Украинанын ортосундагы болуп жаткан окуялардын кесепети дээрлик бардык мамлекеттерге терс таасир этип жатканын көрүп жатабыз. Кыскасы, дүйнөлүк деңгээлде соода-экономикалык, коопсуздук, алака-катыш жана башка чөйрөлөрдө абал кыйын. Айрыкча акыркы күндөрү эл аралык жагдай жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаал кескин курчуп баратат, буга баам салып байкап турасыздар. Албетте биз кичинекей эле өлкөбүз, согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт, ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек”.

Президент доллардын куну көтөрүлүп, күйүүчү майдын, азык-түлүктүн баасы кымбаттап баратканын, мындай абалда амбицияларды артка калтырууга, негизсиз сын-пикирден карманууга чакырды.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинанын бир катар шаарларында аткылоолор жана бомбалоолор уланууда.

Москва кошуна өлкөгө басып кирген 14 күндөн бери БУУнун адам укуктары боюнча кеңсеси 400дөн ашуун карапайым кишинин каза болгонун каттады. Кеңсе ошол эле маалда жоготуулар мындан эселеп көп болушу мүмкүн экенин кабарлады.

Эң оор абал Кара деңиздеги Мариупол шаарында түзүлдү. Бир нече күндөн бери калк таза суу, жылуулугу жок отурат, канализация системасы керектен чыкты. 430 миң калкы бар калаанын жарымынан көбү чыгып кетүүгө аракет көрүүдө.

Киевдин жака белиндеги Ирпендин тургундарын да коопсуз жерге көчүрүү аракети уланууда. Жергиликтүү тургундар шейшембиге караган түнү катуу аткылоого дуушар болгонун айтып беришти.

Президент Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында сүйлөгөн сөзү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты.

Мамлекет башчысы салтанаттын катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Жогорку Кеңештин урматтуу депутаттары!

Кадырлуу эл өкүлдөрү!

Эң алды менен кечээ жакында эле белгиленген Мамлекеттик туубуздун 30 жылдыгы менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер. Мыйзам чыгаруу бийлиги мындан туура отуз жыл мурун кыргыз элинин байыркы тарыхын, тарыхында мамлекетүүлүгү болгонун, анын далили катары кызыл байрагы желбиреп келгенин дүйнө элине жеткирип, Мамлекеттик туу жөнүндө мыйзам кабыл алып берген эле. Мына ошондуктан, ошол кездеги эл өкүлдөрүнө жана алардын мураскору катары бүгүнкү Жогорку Кеңеш депутаттарына ыраазычылык билдирем.

Ошону менен бирге депутат айымдарыбызды дагы кечээги Аялдардын эл аралык күнү — 8-март майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Элибиз эзелтеден эле кыз кишиге өзгөчө мамиле, сый-урмат көрсөтүп келгени белгилүү. Бүгүн дагы жалпы аялзатына, анын ичинде сиздерге бардык жакшылыктарды каалайм. Бар болуңуздар!

Ал эми бүгүнкү Жогорку Кеңеш жыйынында мыйзамга ылайык, эл өкүлдөрүнүн жана президенттин алдында ант берген жаңы министрлерибизге тилегим, эл үчүн кызмат кылам деп берген антыңыздарды эстен чыгарбасаңыздар. Бийликтин жүзү аткаруу бийлигинин, башкача айтканда, мына урматтуу министрлер, сиздердин ишиңиздер аркылуу ачылат. Ишеним артылып, бүтүндөй бир тармактын жүгүн тартам деп иштөөгө белсенип келген соң, бул милдетти аткара албасаңар мамлекеттин жалпы ишине жооптуу катары мага — Президентке, анан силерди ишти жөндөп кете алат деп макулдугун берип шайлап берген мыйзам чыгаруу органына сөз тиет. „Эл тараза, эл сынчы“ дегендей, иштеген ишиңер, тарткан жүгүңөр элдин элегинен бат эле эленип, байкалып калат. Жигердүү иш алпарып, мыкты-мыкты демилгелерди көтөрүп таза иштеп берсеңер атыңар тарыхта жазылат. Иштемиш эткен түр көргөзүп, эч кандай жылыштар байкалбаса, ага кошумча ар кандай мыйзамсыз аракеттериңер байкалса, бүтүндөй министрликтин аброюна, ал тургай, жогоруда белгилегенимдей, бүтүндөй бийлик системасына объективдүү сын айтылары турган иш.

Урматтуу мыйзам чыгаруу органынын өкүлдөрү!

Ааламдашуу доорунда эл аралык коомчулуктан сырт эч бир мамлекет өз алдынча саясат жүргүзүп, өз алдынча өнүгө албастыгы белгилүү. Анын ичинде Кыргызстан дагы коңшу мамлекеттер менен, кайсы бир уюмдарга мүчө-мамлекет катары эл аралык коомчулук менен тыгыз байланышта иш алпарат. Бүгүн дүйнө жүзүндө өнүгүү процесстери ушундай тез ылдамдык менен бара жатканына күбөбүз. Коронавирус пандемиясынан кийин өнүккөн мамлекеттердин экономикасы дагы пандемияга чейинки деңгээлге али жете элек. Ошону менен катар бүгүнкү күндө Россия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуялардын кесепети дээрлик бардык мамлекеттерге терс таасир этип атканын көрүп жатабыз. Кыскасы дүйнөлүк деңгээлде соода-экономикалык, коопсуздук, алака-катыш жана башка чөйрөлөрдө абал кыйын. Айрыкча акыркы күндөрдө эл аралык жагдай жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаал кескин курчуп баратат, буга баам салып байкап турасыздар. Албетте биз кичинекей эле өлкөбүз. Биздин согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек.

Доллардын кунунун көтөрүлүшүн, күйүүчү майга карата баанын жогорулашын, азык-түлүктүн баалары да барган сайын өсүп жатканын элибиз менен чогуу баштан өткөрүп жатабыз.

Ушундай кыйчалыш убакта бизге эң оболу ынтымак керек болуп турат. „Ынтымак бар жерде ырыс бар“ деген накыл кеп бар элибизде. Бизге капшабы тийип жаткан сырткы таасирлерди жумшартуу максатында бийлик бутактарынын жасаган иши менен айткан сөзү айкалышып, бир багытты көздөп, бир муштумга бириккендей иш алпарышыбыз абадай зарыл болуп турган чак.

Мен өткөндө Министрлер Кабинети тарабынан жогоруда тизмектелген каатчылыкка каршы иш-чаралар планы иштелип чыккандыгын айттым эле. Албетте, биздин биринчи приоритетибиз — экономикалык потенциалыбызды мүмкүн болушунча сактап калуу болууда. Сиздерде дагы жакшы ой-пикир, жакшы сунуштар бар экенине ишенем. Болгону бири-бирибизди сындап, „кылдан кыйкым издебей“, ишибизди илгерилетүүнүн үстүндө гана болсок деген тилек. Башкага убакыт жок. Дүйнөлүк экономикалык агым, баалардын өсүү темпи биздин сындашып, акыйлашып олтурганыбызга карабайт. Амбицияларыбызды жыйыштырып, оппозиция-позиция дебей, жалпы журтубуз менен бул сыноодон татыктуу өтүү үчүн колдон келгендин баарын ыкчам түрдө ишке ашыруу мезгил талабы болуп турат.

Мына бүгүн „Кумтөр“ маселесин колдоп бердиңиздер, терең ыраазычылык билдирем. Алдыда дагы бир топ маселелер — мамлекетибизди экономикалык каатчылыктан чыгарып кетүүчү эң чоң долбоорлор болот. Аларды дагы сиздерге алып келебиз. Сиздер менен биргеликте коркпой, эки жакты карап кылчактабай, чечкиндүү кадамдарга барып, тездик менен алдыга жылууну  уланта беребиз.

Кризистик абал бара-бара оорлошо бере турган болсо, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн болгон күчүбүздү, бар мүмкүнчүлүгүбүздү жумшоого туура келет. Андыктан, Министрлер Кабинети негизги басымды айыл чарбасына жасап, айдоо жерлерибизди кысыр калтырбай эгин эгип, жалпы эле айыл чарба продуктыларын өндүрүү менен аларды кайра иштетүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканы да ушундан.

Кудайга шүгүр, мээнеткеч, иштегенден талбаган дыйкан элибиз бар. Алар болгону сугат суу, таза үрөн, жер семирткич жана арзан насыя гана талап кылып келе жатат.

Биз колубузда болгон акчабыздын баарын бердик, 26 миллиард сом. Албетте, бул сумма бардык дыйкан-фермерлерди дүңүнөн камсыз кылып коюуга жетпейт. Ошондуктан эмдиги жылдарга дагы караштырып жатабыз. Биздин оюбуз боюнча үч-төрт жылда толук камсыз кылабыз. Албетте, казынабыз толтура болсо, быйыл эле толук камсыз кылып койсок жакшы болот эле. Бирок акыбалыбызды жакшы билесиздер. Пандемиядан кийин биз эмес өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасы да калыбына келе элек. Бирок ушундай кыйынчылыкка карабастан, 1-апрелден тартып бардык социалдык тармактагы кызматкерлердин эмгек акыларын 50 пайыздан 100 пайызга чейин көтөрөлү деп чечтик. Эмгек акылар бир гана салыктын эсебинен көтөрүлөт. Өткөндө бир депутат „кредит алып эмгек акы көтөрүп жатасыңар“ деди. Министрдин орун басары тыңгылыктуу жооп бере албай жатат, же өзү билбейт, же даяр эмес. Ал орун басар боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасына тапшырма бердим. Кызматка татыктуу эмес болсо бошотуш керек. Азыр биз кызматка тааныш билиши, же бирөөнүн көңүлү үчүн кармап турууга акыбыз да жок. Бизди убакыт күтпөйт.

Эми иштейм деген элдин мындай талабын орундатып, саясатын жөндөп бере албасак, бийлик бутактарында отуруп, элге кызмат кылып атабыз деп айтпай эле коелук.

Берекелүү түшүмдүн эң башкы себеби эле сугат суусу. Ошол үчүн „Суу — өмүр булагы“ деп айтылат эмеспи. Бул багытта Өкмөт жыл башынан бери эле ирригация системасын жолго коюуга, каналдарыбызды тазалоого тийиштүү каражат бөлүп, алардын натыйжалуу пайдаланылышына бекем көзөмөл жүргүзүп жатат. Тармактык министрликтердин дал ушул багытка жооп берген орун басарлары жүргүзүп жаткан иштери, бөлүнүп жаткан каражаттар тууралуу парламент жыйындарында маалымат берип, ар бир каражаттын кайда, кандай жумшаларын чечмелеп берип жатат деп ойлойм.

Кыскасы, эмгекчил элдин койгон талабын өз учурунда аткарып, „жаздын бир күнү жылга тете“ дегенди эстен чыгарбай, эл менен тыгыз иштешүүгө маани беришибиз зарыл.

Ыкчам чечүүнү талап кылган калган маселелер боюнча, мен өткөндө да айттым эле, Министрлер Кабинетинин чоң жыйынына келип, өз маалында маселе коюп, жообун алсаңыздар болот. Министрлер Кабинетинин толук курамынын жыйыны ар бир бешинчи күнү саат 18-00до өтүп турат. Сиздер барып катышканга акылуусуздар.

Сөзүмдүн акырында ишибиздин ыкчам жүрүшү үчүн ийкемдүү делген ыкмалар, иш-аракеттер менен кызматташуу болсо деген тилегим бар.

Жогоруда белгилеп айтканымдай, ынтымагыбыз бекем болгондо гана көздөгөн максатыбызга жетебиз. Буга сиздер да макулсуздар деп ойлойм.

Ишиңиздерде ийгилик болсун!

Эл өкүлү катары эл үчүн иштейбиз деп келгендеги максатыңыздар ишке ашсын!

Кыргызстаныбызда тынчтык, өнүгүү болсун!».

Жогорку Кеңеш ЖККУнун Жамааттык тынчтык орнотуу күчтөрүнүн курамында Казакстанга аскер контингентин жөнөтүүгө уруксат берди

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши бүгүнкү 7-январдагы жыйынында, ЖККУнун Жамааттык тынчтык орнотуу күчтөрүнүн курамында Казакстан Республикасына Кыргыз Республикасынын аскер контингентин жөнөтүүгө уруксат берди.

Белгилей кетсек, 5-январда казак тарап ЖККУнун катчылыгына уюмдун жоболоруна жана юридикалык милдеттенмелерине ылайык, Казакстан Республикасына тиешелүү аскердик контингенттерди жөнөтүү аркылуу тараптардын жардам көрсөтүүсүн тез арада уюштуруу өтүнүчү менен кайрылган.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 6-январда Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытовго парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу жана Казакстан Республикасына ЖККУнун Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн курамына Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлерин жөнөтүү маселесин кароо сунушу менен кайрылган.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Казакстан Республикасынын аймагында кырдаалды турукташтыруу жана жөнгө салуу максатында тынчтыкты орнотуу иш-чараларына катышуу үчүн жамааттык күчтөрдүн курамында Кыргыз Республикасынын аскер контингентин жиберүүгө уруксат берди.

Кыргызстандык тынчтык орнотуучулар стратегиялык маанидеги объектилерди коргоону камсыздоого тартылат. Аны менен бирге алар Казакстан Республикасындагы акциялардын катышуучуларына карата эч кандай аракеттерге тартылбайт.

Жогорку Кеңеште Орхан Инандынын жоголуу фактысы боюнча мамлекеттик органдардын маалыматы угулду

Кечээ, 16-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын жараны, “Сапат” Эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын жоголуу фактысы боюнча мамлекеттик органдардын маалыматы угулду. Бул тууралу  парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйында баяндама жасаган ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Орхан Инандынын уулу Юсуф Косе атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин айтып, арыз менен кайрылганын белгилеп: “Натыйжада эл аралык жана ички издөө иштери жарыяланып, тиешелүү ыкчам иш-аракеттер көрүлүүдө”, – деди.

Талкуу маалында депутат Бурул Аманова Интерполго берилген маалыматтан кандай жооптор келип жатканына кызыкты.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бүгүнкү күндө Түркия, Казакстан, Грузиядан, Чехия, Румыния, Афганистан мамлекеттеринен 1-июндан бери аймактарынан өтпөгөндүгү тууралуу жооптор келгенин билдирди.

Ал эми депутат Айсулуу Мамашова “Өз жараныбызды коргой албай дүйнөгө уят болуп жатабыз” – деп сынга алды.

Ушундай эле пикирге токтолгон Саматбек Ибраев Президенттин көзөмөлүндө турган иштин эки жумадан бери бети ачылбай жатканы суроо жаратаарын кошумчалады.

Өз кезегинде Нурбек Абдиев бардык издөө жумуштары жүргүзүлүп жатканын айтып: “Бул кылмыш алдын-ала катуу даярдыктын негизинде жасалган. Андыктан, бардык маалыматтар жана варианттар каралууда”, – деди.

Ошондой эле депутат Абдывахап Нурбаев Билим берүү жана илим министрлиги окуя боюнча кандай чара көрүп жатканын сурады.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева Ички иштер министрлиги менен тыгыз байланышта иштеп жатышканын белгилеп: “Азыркы учурда “Сапаттын” 20 мектеби бар. Алар мурдагыдай эле туруктуу билим берүүдө”, – деп кошумчалады.

Меню