Menu

Ибрагим Жунусов

Бүгүн Ташкентте Курманжан Датка тууралу англис тилинде чыккан китептин бет ачары болуп өттү

Бүгүн, 16-декабрда Ташкент шаарында 10-Ачык Евразия адабий фестивалы жана китеп форумунун (OEBF) алкагында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери Бүбайша Арстанбекованын «Тоолордун ханышасы Курманжан» (Queen Kurmanjan of the Mountains) аттуу англис тилинде басылып чыккан Курманжан Датка жөнүндөгү китебинин бет ачарына катышты.

Чогулгандардын алдында сүйлөп жатып, Элчи И.Жунусов Алай ханышасынын эң бир маанилүү тарыхый ролун, анын XIX кылымдагы чыгыш аялы үчүн өзгөчө тагдырын, ошондой эле көп жагынан кыргыз элинин мындан аркы өнүгүүсүн алдын ала аныктаган Курманжан датканын оор кырдаалда даанышман жана көрөгөч башкаруусун белгиледи.

Ошондой эле Курманжан датка эки жолу «датка» наамын алган аймактагы жалгыз башкаруучу аял болгондугун баса белгиледи.

Сөзүнүн аягында Элчи И.Жунусов акын Б. Арстанбековага кыргыз элинин чыгаан кызы – Курманжан датканын өмүр жолу менен жалпы коомчулукту кеңири тааныштыруу максатында анын эмгеги жана аракети үчүн ыраазычылык билдирди.

Элчи Ибрагим Жунусов Өзбекстандын үч облусун кыдырды

2021-жылдын 3-сентябрынан 5-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов өзбек тараптын чакыруусу боюнча улуттар аралык ынтымакты жана достукту чыңдоо жаатында жүрүп жаткан иштер менен таанышуу алкагында иш-чараларга катышуу үчүн Өзбекстан Республикасынын Андижан, Фергана жана Наманган облустарында болду.

Аталган сапардын алкагында Андижан облусунда Элчи Ибрагим Жунусов «Үч муундун жолугушуусу» аттуу иш -чарага катышып, 450,000 тургуну үчүн 3 жылдын ичинде бүтүрүүгө пландалган заманбап «Янги Андижан» («Жаңы Андижан») шаарынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Элчи Фергана жана Наманган облустарында болгон учурунда Маргилан шаарындагы атлас жана адрас, ошондой эле  бут кийим өндүрүү ишканасына барып, жергиликтүү продукциялардын көргөзмөсүнө катышты.

Кыргыз делегациясынын курамында Президенттин Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана район акимдери да болду.

Каржы министри Акылбек Жапаров, элчи Ибрагим Жунусов Ташкентте «Борбордук жана Түштүк Азия: Аймактык өз ара байланыш. Тобокелдиктер жана Мүмкүнчүлүктөр» аттуу конференцияга катышууда

Бүгүн, 2021-жылдын 16-июлунда, Ташкент шаарында, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин орун басары – Кыргыз Республикасынын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев жана Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов «Борбордук жана Түштүк Азия: Аймактык өз ара байланыш. Тобокелдиктер жана Мүмкүнчүлүктөр» деген аталышта Эл аралык жогорку деңгээлдеги конференциясынын ачылыш аземине катышууда.

Ачылыш аземи Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Афганистандын Президенти Ашраф Гани, Пакистандын Премьер-министри Имран Хан, Борбор Азия, Россия, Кытай Эл Республикасынын Азербайжан, Беларуссия, Сауд Аравия Королдугу жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин, ошондой эле БУУ, КМШ, ЭКО, ТМКК, ШКУ, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча конференция, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши, ЕБ, БУУнун билим берүү, илимий жана маданий уюму сыяктуу эл аралык уюмдардын башчылары катышууда.

Жогорку деңгээлдеги Эл аралык конференциянын максаты – транспорттук жана логистикалык, энергетика, соода, өндүрүш, инвестиция, технологиялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө «Борбордук Азия – Түштүк Азия» өз ара пайдалуу стратегиялык байланыш моделин көп тараптуу талкуулоо үчүн саясий жана эксперттик аянтчаны түзүү.

Ташкентте Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов Польшанын элчиси Радослав Грук менен жолугушту

Кечээ, 30-июнда Польша тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусовдун Өзбекстан Республикасындагы Польша Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Радослав Грук менен жолугушуусу болуп өттү.

Сылык сапардын алкагында Польша Республикасынын Элчиси Радослав Грук Өзбекстанга дайындалганга чейинки ишмердүүлүгү жана Элчиликтин учурдагы иш багыттары жөнүндө кыскача маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Польшанын Өзбекстан менен кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулашып, экономика жана туризм чөйрөсүндө кыргыз-польша кызматташтыгын чыңдоонун мүмкүн болгон багыттары боюнча пикир алмашышты.

Кыргызстандын Элчиси Ибрагим Жунусов, өз кезегинде, маектешине Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде өлкөнүн тарыхый жана маданий кооз жерлери жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле, ага мындан аркы Өзбекстандагы ишине ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда кыргыз-поляк мамилелерин кеңейтүүгө ар тараптуу салым кошууга даяр экендиктерин билдиришти.

Элчи Ибрагим Жунусов Румыниянын Өзбекстандагы элчиси Даниэль Кристиан Чобану менен жолугушту

Кечээ, 16-июнда, сылык сапардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси  Ибрагим Жунусов жаңыдан дайындалган Румыниянын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Даниэль Кристиан Чобану менен жолугушту.

Жолугушуунун башында Румыниянын Өзбекстандагы элчиси Даниэль Кристиан Чобану дипломатиялык ишмердүүлүгү жөнүндө кыскача маалымат берип, саясий, соода-экономикалык чөйрөдөгү румын-өзбек кызматташтыгынын учурдагы абалы жөнүндө маалымдады.

Өз кезегинде элчи Ибрагим Жунусов кыргыз-өзбек кызматташуусун өнүктүрүүдөгү негизги багыттары жөнүндө айтып, ага Өзбекстандагы жаңы дипломатиялык ишине ийгиликтерди каалады.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Румыниянын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Фото - Ташкентте «Борбордук Азияда жана Афганистанда туруктуу өнүгүү үчүн аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» аттуу Эл аралык бизнес форуму ачылды

Бүгүн, 15-июнда Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенаты жана БУУнун Өнүктүрүү Программасы тарабынан уюштурулган «Борбордук Азияда жана Афганистанда туруктуу өнүгүү үчүн аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» аттуу Эл аралык бизнес форумунун ачылышына катышты. Ошондой эле, иш-чарага кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов жана «Борбордук Азия аялдар лигасы» коомдук фондунун директору Асел Атабекова катышты.

Форумдун алкагында Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрагасы Танзила Нарбаева, Улуттук массалык маалымат каражаттарын колдоо жана өнүктүрүү коомдук фондунун Камкорчулар кеңешинин Төрагасынын орун басары Саида Мирзиёева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, белгилүү эл аралык уюмдардын, ошондой эле Борбордук Азия жана Афганистандын өкүлдөрү саламдашуу сөздөрү менен кайрылышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева өз сөзүндө Борбордук Азияда жана Афганистанда гендердик теңчиликке жетишүү тармагында аймактык жана эл аралык кызматташуунун учурдагы көйгөйлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоодо, аялдардын ишкердүүлүгүнүн потенциалын жогорулатууда мындай иш-чаралардын жогорку маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандагы аялдардын учурдагы абалы, анын ичинде алардын бизнестеги ролу жөнүндө кыскача маалымат берип өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар аялдар бизнесин өнүктүрүү боюнча тажрыйбалары жана ой-пикирлери менен алмашышып, Афганистан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын ишкер аялдарынын бизнес чөйрөсүндөгү кызматташуусунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

Форум ошондой эле ишкер аялдар жетектеген ишканалардын продукцияларынын көргөзмөсүн, ишкер байланыштарды жана ишкер өнөктөштүктү орнотуу жана өнүктүрүү боюнча B2B жолугушууларын өзүнө камтыйт.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар Биргелешкен Билдирүүнү жана Борбор Азия менен Афганистандын аял-ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыктын «Жол картасын» кабыл алышты.

Белгилей кетсек, Форумга катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрагасы Танзила Нарбаева менен өзүнчө жолугушуу өткөрөт.

Элчи Ибрагим Жунусов Египеттин Өзбекстандагы элчиси Амира Фахми айым менен жолугушту

Бүгүн, 9-июнда Египет тараптын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусовдун Египет Араб Республикасынын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Амира Фахми айым менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Египет Араб Республикасынын, Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) диалог боюнча өнөктөш катары кирүү маселеси талкууланды.

Ушуну менен катар, Кыргыз Республикасы менен Египеттин ортосундагы кызматташуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө пикир алмашуу болду.

Ошону менен бирге Египеттин Тышкы иштер министри С.Шуркинин Кыргызстанга боло турган иш сапары талкууланды.

Тактап айтканда, Египет Республикасынын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Амира Фахми Египеттин тышкы иштер министри эпидемиологиялык кырдаал турукташкандан кийин Кыргыз Республикасына иш сапар менен бараарын белгиледи.

Меню