Мамлекеттик, партиялык чыгаан ишмер, эл уулу -Төрөгелди Балтагулов
2020-жылдын 20-февралындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык (№ 55-p) расмий түрдө мааракелери өткөрүлө турган кыргыз элинин чыгаан инсандарынын арасында, чыгаан мамлекеттик жана партиялык ишмер Төрөгелди Балтагулович Балтагулов да бар эле. Тилекке каршы дүйнөлүк пандемия, өлкөбүздөгү эпидемиологиялык абал, ал мааракенин кеңири мааниде жана масштабда өтүшүнө тоскоол болду. Ошол инсандын бейнесине кээ бир сүртүмдөрдү даярдап, анын ишмердүүлүгүнө, тарыхчы катары назар салып, изилдөөбүздүн натыйжасын калайык калкка, окурмандарга сунуш кылуудабыз. Тегин жерден атактуу жазуучу Аалы Токомбаев “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деген эмес. Мындай адамдар ар тараптан эскерүүгө татыктуу экени талашсыз көрүнүш.

Бүгүнкү абройлуу бейнесин сиздерге сунуш кыла турган инсан, ак калпак кыргыз элинин саясий, социалдык-экономикалык, маданий жана кесиптик кошундар кыймылынын өнүгүүсүнө өз салымын кошкон, аталган тармактардын ат көтөргүс түйшүгүн көтөргөн, калайык калкка таанымал болгон, өзүнүн талыкпас эмгеги, кажыбас кайраты менен турмуштун татаал жолун чаалыкпай баскан чыгаан саясий, мамлекеттик ишмер, кыска өмүрүндө көп ийгиликтерге жетишкен эл уулу Төрөгелди Балтагулович Балтагулов. Дал ушундай инсандар тууралуу эл арасында “Артыңда эстей жүргөн кишиң болсун, эл эскерип жүрөөр ишиң болсун” деп айтылат. Укурукту узун таштаган кыргыз эли «Калк айтса, калп айтпайт» – деген да накыл кепти бекеринен айтпайт. Анткенибиз биздин каарман өмүр бою, өзү аркалаган мамлекеттик, партиялык жетекчилик кызматтарда ак эмгекти сыйлаган, акыйкатты жактаган, адилеттүүлүктү барктаган, дайыма калыстыктан жазбаган, приципиалдуулуктан кайтпаган, ар дайым эл ишенимин актаган, улуу сапат адамгерчиликти даңктаган Адам болгон.
Менин жеке баамымда, Төрөгелди Балтагулович акылга да, күчкө да толуп, өзү жетектеген тармактардын майда-баратына чейин көзү жетип, иштесе ишке тойбой турган кезинде, болгону 46 жашында капыстан каза болгон. Мүмкүн өмүрү узунураак болгондо, кыргыз мамлекеттинин оор жүгүн көтөргөн, кыргыз элинин дагы бир мыкты уулу болоору шексиз эле. Тилекке каршы өмүрү кыска болду, ошентсе да бул адам өзү өкүнбөгөндөй байма-бай, үлгүлүү өмүр сүргөнү баамдалат. Бир айылдын, өрөөндүн эле эмес бүткүл кыргыз журтчулугуна таанымал болгон биздин каарман табиятынан таланттуу, ар нерсеге шыктуу жана жөндөмдүү, мыкты уюштуруучу, жакшы касиеттери көп чыгаан жетекчи, бир катар жаңы көз караштардын жана саамалыктардын демилгечиси, алардын ишке ашыруучусу катары да маалым. Балтагул абабыздын мындай асыл касиеттерин анын атактуу К.Кондучалова, А.Масалиев, Ж.Мавлянов, Ж.Каниметов, К.Дыйканбаев, айтылуу генерал М.Абдрахманов сыяктуу замандаштарынын, үзөңгүлөш жолдошторунун эскерүүлөрүнөн да байкап калдым. Анын жакын туугандарынан, кесиптеш замандаштарынан ал адам тууралуу угуп, жогорудагы абройлуу инсандардын пикирлерине таянып, өз дараметиме жараша көкүрөк сезимим менен ушул макаланы даярдоого бел байладым.
Өткөн Кеңеш доорунда, элибиз сыйлап, урматтаган абройлуу мамлекеттик жана партиялык ишмер тууралуу, анын бейнесине кээ бир штрихтерди жазуу мен үчүн бир жагы чоң жоопкерчилик, экинчи жагы зор ырахат. Анткени мен биздин коомчулуктун, азыркы жаш муундардын эсинен чыгып калган, көңүл чордонуну сыртында калып кеткен адам тууралуу жазууга бел байладым. Менимче улуу муундардагы чыгаан инсандардын өмүр таржымалы, алардын кылган иштери, мамлекетибизге, элибизге сиңирген эмгеги, алардын акыл насааттары, ой пикирлери, элибиздин, жерибиздин өткөн тарыхы, маданияты, каада-салты, үрп-адаты, өткөөл мезгилдердеги оомал-төкмөл абалдар, азыркы учурдун көйгөйлүү маселелери, жаштарыбызга карата таалим-тарбиясы, азыркы жаштардын адеп-ахлагы жөнүндөгү асылзат насааттары мени эле эмес, көптөгөн адамдарды терең ынандырып өзүнө тартаары бышык. Бул жагдай да мени Балтагул Төрөгелдиевич тууралуу тарыхый баяндама жазуума түрткү болгону чындык.
Дегинкиси, кылым карыткан кыргыз элинин тарыхында байыртадан бүгүнкү күнгө чейинки мезгилде, ар түрдүү доорго, оомал-төкмөл замандарга таандык өз элинин, кыргыз мамлекетинин түптөлүүсүнө, өнүгүүсүндө өзгөчө роль ойноп, омоктуу ойлору, натыйжалуу иштери, келечектүү аракеттери менен орчундуу орунду ээлеп, өз элинин биримдигине, кыргыз мамлекетинин өсүп-өнүгүүсүнө өзгөчө салымын кошуп келген беделдүү, белгилүү инсандары көп эле болгон. Мындай инсандарыбыздын ар кимиси, кыргыз мамлекетинин, элинин ар түрдүү мезгилдеринде, ар кандай доорлорунда жана замандарында жашашса да, алардын түпкү максаты, мүдөөсү бир болгону шексиз. Алар кыргыз элинин, Ата Журтунун биримдигин, көз карандысыздыгын бекем сактоо менен кыргыз мамлекетинин аброюн жогорулатып, даңазалап, улуттук мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө, анын келечегине бүт өмүрүн жумшашкан жана алгылыктуу, натыйжалуу аракеттерге жетише алышкан. Ошондой кыргыз элинин тарыхый-саясий аренасында өзгөчө роль ойногон чыгаан инсандардын катарында кадимки бабаларыбыз Барс-бег, Мухаммед Кыргыз, Кубат бий, Ажы бий, Атаке бий, Алымбек датка, Нүзүп бий, Курманжан датка, Боромбай, Ормон хан, Шабдан, Полот хан, Кеңеш доорундагы мамлекеттик ишмерлер А.Орозбеков, А.Сыдыков, Ж.Абдрахманов, Б.Исакеев, И.Раззаков, Т.Усубалиев, А.Масалиев ж.б. атоого болот. Аталган инсандардын ар бири өз доорунун саясий, социалдык-экономикалык, маданий өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп, олуттуу өзгөрүүлөргө алып келишкен.
Биздин элде анча жакшы эмес бир адат бар, чыгаан инсан – десе дароо эле кептин тар маанисин эске алып, мамлекет башчыларын, олуттуу патиялардын көрүнүктүү жетекчилерин, биринчи катардагы мамлекеттик жана саясий ишмерлерди эске алышат. Көп учурда, баягы “Жоону чапсам мен чаптым, аты калды Манаска” дегендей эле болуп калат. Анткени дал ошол эле жогоруда аталаган чыгаан мамлекет башчыларынын негизги идеяларын турмушка ашырууга, көздөгөн максатына, ойлогон оюна жетүүгө көмөктөш болуп, аларга өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон, алардын үзөңгүлөштөрү, замандаштары, алардын мезгилиндеги элет жерин көтөргөн, жергиликтүү мамлекеттик, партиялык кызматтарды аркалаган, элет жеринин жоопкерчилигин алган, жер-жерлердин социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө өз салымдарын кошкон инсандар тууралуу маалыматтар көмүскөдө калып кетет. Дал ошондой кыргыз элинин мыкты уулдарынын бири, кадимки ХХ кылымдагы кыргыз элинин чыгаан уулу Исхак Раззаковдун мезгилинде, ал кишинин, ал аркылуу Өкмөт менен партиянын зор ишенимине ээ болуп, Жалал-Абад, Ош областтардын социалдык-экономикалык, маданий абалын көтөрүүгө зор салымын кошкон исандардын бири биз сөз кыла турган Төрөгелди Балтагулович Балтагулов болуп эсептелет. Анын жеке, өз колу менен толтурган документтерине таянсак өткөн жылы биздин каарамандын 100 жылдык мааракеси болмок экен. Бирок, бизде эле эмес, дүйнөдөгү пандемия, санитардык эпидемиологиялык шарттарга байланыштуу, анын мааракеси өтпөй калды дешет, ал кишинин жакындары. Ошондуктан жакшылыктан үмүт этип, быйылкы жылы Т.Б.Балтагуловду эскерүү иш чаралары өткөрүлмөк болуп турат.
Каарманыбыз, Төрөгелди Балтагулович көптөгөн чыгаан тарыхый инсандардай эле өзүнүн жеке сапаттары – курч акыл-эси, бекем эрки, туруктуу максаты, көрөгөчтүгү, көпчүлүктү өзүнө тарта билүүсү, коомду башкарууга өзгөчө шыгы жана жөндөмү, мамлекеттик деңгээлдеги саясий, социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдөгү компетенттүүлүгү, ошол маселелерди чечүүнү чочулабай өз мойнуна алуу жоопкерчилиги, жол башчылык, жетекчилик жеке касиеттери, элди, коомду башкаруу жөндөмдүүлүктөрү менен өзү жетектеген мезгилдин жана ага караштуу болгон аймактын баардык элдерин, улуттарын жана социалдык катмарларын бириктирүү аракети, мамлекеттин, эмгекчи элдин кызыкчылыгын коргоп, колдоп, чоң саясий аренада өзүнүн саясий тажрыйбасы, артыкча жөндөмү, иштиктүүлүгү, көрөгөчтүгү менен айкалыштырып келген мыкты инсандардын бири болгону талашсыз факт.
Чыгаан инсандар, беделдүү ишмерлер конкреттүү бир элдин, мамлекеттин тарыхында өзгөчө ролду ойноп, өлкөнүн тарыхында олуттуу орунду ээлеп, өзгөчө ишмердүүлүгү менен из калтырып келишет. Көп убакта алардын мындай аракеттери коомдук-саясий турмушту кескин өзгөрүүлөргө алып келген. Кеңеш доорундагы кыргыз мамлекетинин, республикабыздын саясий, социалдык-экономикалык жана идеологиялык өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошкон бир катар чыгаан инсандар бар. Алар өздөрүн дасыккан саясатчы, айыл чарба, өнөр жай, көп тармактуу өндүрүш маселелерин ичинен билген жана терең өздөштүргөн, жетекчилик кызматтын баардык тепкичтерин басып өтүп, абдан такшалып, элет жериндеги кызматтардан баштап акырындык менен райондук, областтык, андан кийин гана республикалык масштабдагы кызматтарга барышкан. Мындай жолду биздин каарман Төрөгелди Балтагулович Балтагулов да басып өткөнүн, архивдерден алынган анын жеке баракчасы, Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитетинин мүнөздөмөлөрү, колдо бар ар түрдүү расмий документтери тастыктап турат.
Биздин каармандын дагы бир өзгөчөлүгү, илимдин тили менен айтканда, рационалдык-легалдык чыгаан инсандардын катарына кирген көрүнүктүү ишмерлердин бири экени талашсыз. Жөндөп айтканда, мындай чыгаандар коомдук-саясий турмуштагы өз абалдарына демократиялык жол, көпчүлүк элдин колдоосу менен жетишкен инсандар, тагыраак айтканда, элдин эрки, колдоосу менен тарыхый, саясий аренада ошондой абалга жетишкендер. Биздин элибизде мындайлардын катарына А.Орозбековду, А.Сыдыковду, Ж.Абдрахмановду, И.Раззаковду, А.Масалиевди, алардан кийинкилердин катарына Т.Балтагуловду кошууга болот.
Өмүр таржымалы жана ишмердүүлүгү
Төрөгелди Балтагулов алыскы Ала-Бука элинин кулуну, 1920-жылы андагы Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар районунун Кош-Алмурут айылында кедей дыйкандын үй бүлөсүндө туулган. Атасы Балтагулдун, апасы Сапанын, Төрөгелдиден башка дагы Нурдин, Добуталы, Атамырза аттуу уулдары Бул-Бул аттуу кызы болгон. Жаштайынан зирек, тири-карак болгон Т.Балтагулов 1938-40-жылдары мугалимдер институтунда сырттан окууну, айылдык мектептин мугалими катары эмгектенүү менен айкалыштырып, институтту ийгиликтүү аяктагандан кийин мектептин директору болуп эмгектенет. 1940-41-жылдары Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүнүн инспектору, Улуу Ата Мекендик согуш башталган 1941-42-жылдыры Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы болгон. Башка жаштардай эле Т.Балтагулов да Ата Мекенди коргоо үчүн фронтко барууга жулунуп, аракет жасаган. Бирок, жергиликтүү партиялык жана мамлекеттик уюмдар сенин фронтуң тылда, дал ошол туулган жериңде деп, жетекчилик кызматка калтырып коюшкан. Ошентип баалуу, жаш жана иш билги элеттик жетекчи катары согуш фронтторуна чакырылган эмес. Анын негизги милдети фронтту өнөр жай, айыл чарба продукциялары, кийим-кече, тамак-аш менен камсыз кылуу максатында тылда белсенип эмгектенүү, кайсы гана тармакта болбосун “баардыгы фронт үчүн, баардыгы жеңиш үчүн” ураанынын алдында иштеген. 1942-43-жылдары биз Т.Балтагуловду партиялык кызматка сунушталып, алгач жогорку райондук партиялык комитеттин инспектору, агитация, пропаганда жана жалпы бөлүмүнүн башчысы катары талыкпай эмгектенгенин көрөбүз. 1943-45-жылдары Т.Б.Балтагулов комсомолдук жетекчилик кызматка сунушталып, ал жылдары Кыргыз ССРинин комсомолунун Жалал-Абад областтык комитетинин катчысы, 1945-жылдын декабрынан 1948-жылдын декабрына чейин комсомолдун Жалал-Абад областык комитетинин биринчи катчысы болуп эмгектенет. Бул мезгил согуштан кийинки эл чарбасын калыбына келтирүү, элдин жашоо тиричилигин жакшыртуу, мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө ар тараптуу өбөлгө түзгөн убакыт эле. Дал ошол жылдары, т.а. 1945-жылы Кыргыз ССРинин Өкмүт башчысы болуп, кадимки Исхак Раззаковдун бекилип келиши, анын республикабызда жигердүү эмгектенүү мезгилине туш келет. Ошол кездеги коммунисттик партия менен Өкмөттүн чоң, ишенимдүү таянычы комсомол болгону талашсыз көрүнүш эле. Ал мезгилде комсомолдун Жалал-Абад областындагы жетекчиси Т.Б.Балтагулов, жаңы жетекчи И.Раззаковдун назарына түшүп, анын ишенимине, болочок мамлекеттик, партиялык ишмер катары, ал адамдын көңүл буруусуна арзыган десек болот. Исхак Раззаков Кыргыз ССРинин Өкмөт башчысы, 1950-жылдан баштап кыргыздардан чыккан алгачкы Кыргызстан компартиясынын биринчи катчысы катары республиканын көп тармактуу мамлекеттик, партиялык уюмдарынын жетекчилигине улуттук адистерди, айрыкча жаш адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бурган, кыргыз элинин улут лидери болгону талашсыз. Т.Балтагулов дал ошол саясаттын алкагында областтык жетекчиликке жеткен, келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш комсомолдук, партиялык жана мамлекеттик жетекчилерден эле.
Каарманыбыз 1948-жылдын декабрынан баштап Кыргызстан компартиясынын Жалал-Абад областтык комитетинин администрациялык бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалат. 28 жаштагы жигит үчүн бул зор жетишкендик, эбегейсиз жоопкерчилик, партиялык жооптуу кызматка олуттуу кадам эле. Андан да көп өтпөй эле 1949-52-жылдары ал Москва шаарындагы Жогорку партиялык мектептен өз билимин өркүндөтүп, СССРдин кезинде, анын борборунда жайгашкан КПССтин эң чоң, абройлуу, борбордук Жогорку партиялык мектебинен билим алып чыгат. Ал кезде аталган партиялык мектепте келечектүү жаштарды, улуттук республикалардын болочок саясий лидерлерин, партиялык ишмерлерин даярдашчу. Аталган мектепке жиберүүдөн мурда, ал жакка талапкерлерди жергиликтүү партиялык уюмдардын жана Кыргызстан КП БКнын катуу, катаал элегинен өткөрүп, андан кийин зор ишеним артуу менен жиберишчү. Чындыгында бул жогорку партиялык мектепте биздин эле эмес, баардык союздук республикалардын келечектеги партиялык элитасы, жогорку партиялык кызмат эгедерлери окуй турганын эстен чыгарбоо абзел.
Москвадан КПССтин Жогорку партиялык мектебин жаңыдан, ийгиликтүү бүтүрүп келген 32 жаштагы Төрөгелди Балтагуловду Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитети Ош обкомуна катчы кылып дайындашат. Эки жылдан кийин, 1954-55-жылдары ал Ош областтык аткаруу комитетинин төрагасы болуп эмгектенген. Ал эми 1955-59-жылдары ага зор ишеним көрсөтүлүп, Кыргызстан компартиясынын борбордук комитети Т.Балтагуловду Жалал-Абад обкомунун биринчи катчысы катары обкомдун Пленумунда жана Кыргызстан КП БК бюросунда бекитишет. Архивдик документтерге таянсак, 1955-жылдын декабарындагы областтык партиялык уюмдун конференциясында Т.Б.Балтагулов обкомдун мүчөсү, ал эми бир аз убакыттан кийинки Пленумда областтык партиялык уюмдун биринчи катчысы болуп шайланган. Албетте бул кызматка бекитүү КПСС БКнын борбордук комитетинин колдоосу жана бекитүүсү менен болгонун архивдик документтер таасын көрсөтүп турат. Дагы бир жагдай бул дайындоо ошол кездеги Кыргызстан компартиясынын жана Борбордук комитетинин биринчи катчысы Исхак Раззаковдун түздөн-түз сунушу жана ишеними аркылуу болгону талашсыз. Коңшулаш Өзбек ССРинин партиялык, мамлекеттик кызматтарында абдан такшалып келген, көрөгөч, даанышман, келечекке кеңири кадам таштаган И.Раззаковдун Кыргызстандын өзүнүн жаш мамлекеттик, партиялык адистеринин, болочок лидерлеринин өсүп чыгышына, ар түрдүү кызматтарда такшалып, кыргыз мамлекетинин келечегинде керегине жарай турган азаматтарды баамдап, аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүп, акыл, насаатын айтып, туура жолго багыттаганы да кеңири маалым. Дал ошондой адамдын назары түшүп, колдоосуна ээ болгон, элет жеринен суурулуп чыгып, эл, партия жана мамлекет үчүн чын дилинен берилип кызмат кылган ишмерлердин бири дал ушул Т.Б.Балтагулов болгонун тарых тастыктап турат.
Белгилүү болгондой 1939-жылкы администартивдик аймактык бөлүнүүгө жараша өз алдынча болгон Ош жана Жалал-Абад областтары, 1959-жылдын башында бириккендигине байланыштуу, биздин каарман кайрадан Ош областтык аткаруу комитетинин төрагасы катары өз вазыйпасын аткарган. 1960-жылдын февраль айынан баштап Т.Б.Балтагулов Ош обкомунун биринчи катчысы болуп Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитети тарабынан шайланат. Ал кезде баардык партиялык жетекчилик кызматтар демократиялык негизде, шайлоо жолу менен дайындала турган.
Көп узабай эле республикада болуп өткөн саясий оюндар, талыкпай иштеп жаткан Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы И.Раззаковдун күтүүсүздөн кызматтан алынышы, андан кийинки республикалык партиялык уюмда раззаковчулардан тазалоо жараяны Т.Балтагуловго да таасирин тийгизип, тез эле эми белсенип, Ош областынын социалдык-экономикалык, маданий турмушун жакшыртууга киришкен (андагы Ош областы азыркы Ош, Жалал-Абад, Баткен областарынын аймактарын камтыр эле – авт.), КПСС БКнын жана Кыргызстан КП БКнын резервинин алдыңкы катарындагы партиялык адисти кокусунан эле Кыргыз ССРинин республикалык профсоюздар Кеңешинин төрагалык кызматына сунушташып, тез эле бул кызматка бекитишкен. Албетте бул өсүп, жетилип, такшалып келе жаткан жаш партиялык кызматкер үчүн “жумшак саясий сүргүн” эле. Мүмкүн ал жакка кетишине себеп, анын И.Раззаковдун өстүргөн, Ош обкомуна дайындаган ишеними, партиялык резервдик адистердин эң алдыңкы катарындагы жоокери, республиканын болочок лидерлеринин бири катары эсептелиши, кийинки жетекчиликке анча ичи чыкпагандыгы да себеп болушу мүмкүн.




Мамлекеттик, партиялык ишмердүүлүгүнүн натыйжасы
Т.Б.Балтагуловдун мамлекеттик жана партиялык жетекчилик кызматты аркалап жүргөн кезинде, ал кишинин түздөн-түз кийлигишүүсү, жекечилиги менен ошол кездеги Ош, Жалал-Абад областарында жүздөгөн, миңдеген адамдарды жумуш менен камсыз кылган, бир катар өнөр жай ишканалары, калкты тейлөө максатындагы социалдык обьектилер ишке берилген. Ал кездеги бир эле Ош областы республиканын жалпы дүң продукциясынын үчтөн бир бөлүгүн бере турган. Эң негизгиси дал ушул аймакта республиканын калкынын көп бөлүгүг жайгашкан. Ошондуктан калктын социалдык-экономикалык абалын, турмуш-тиричилигин жакшыртуу, алардын ден-соолугу, билим алуусу, маданий жактан тейленүүсү ж.б. маселелерин чечүүдө областтык жетекчи катары камкордук менен көп маселелерди чечкени талашсыз. Мындан башка, абдан чоң, саясий, социалдык-экономикалык, административдик жана стратегиялык жактан маанилүү областы жетектөө вазыйпасы, мамлекетттик жана партиялык ишмер катары Т.Балтагуловго жүктөлгөнүн баамдоого болот. Анын жетекчилигинде Ош, Жалал-Абад, Өзгөн, Кара-Суу, Кызыл-Кыя, Майлуу-Сай, Сүлүктү ж.б. ири жана чакан шаарлар, стратегиялык маанидеги Ош-Ташкент, Ош-Хорог, Ош-Кызыл-Кыя-Исфана, Ош-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ош-Жалал-Абад-Ала-Бука ж.б. автожолдору, аларды бойлой калк жашаган чакан шаарлар, айыл-кыштактар болгону талашсыз. Чыгаан мамлекеттик жана партиялык ишмер Т.Б.Балтагулов жетектеген Ош, Жалал-Абад областарында калк жыш жашаган райондор, андагы эл кесип кылган пахтачылык, тамекичилик, бакчачылык, ири дыйканчылык жана мал чарбалары, бир катар олуттуу нефт, газ, көмүр кендери, кайра иштетүүчү заводдорун, фабрикаларын, түстүү метал заводдорун да жетекчи катары көзөмөлгө алып, жетекчилик кылган. Албетте мындай чоң, ар тараптуу, зор тармакты жетектөө оңойго турган эмес. Биздин каарман өзүнүн жетекчилик жөндөмүн, жоопкерчилигин жана компетентүүлүгүн көрсөтүп, партия менен Өкмөт ишенген Ош областын жетектеп, белсенип ишке киришип, көп иштерди турмушка ашырган. Ош областы негизинен агрардык жана өнөр жайлуу аймак болгондуктан Т.Балтагулов айрыкча айыл чарбасына көңүл буруп, жерди иштетүүнүн жаңы ыкмаларын, илимий негизделген технологияларын колдонууну, өндүрүштү индустриализациялоону, мелиорация жана химизациялоону, мал чарбасында сүт, эт багытындагы асыл тукум малдарды көбөйтүүнү, алардын натыйжасында өндүрүштүн, чарбалардын сапаттык өнүмдүүлүгүнө жетише алганы талашсыз. Айрыкча пахтачылыкка өзгөчө көңүл буруп, ошол кездеги жер иштетүүнүн жаңы ыкмаларын – төрт бурчтук уя сыяктуу (квадратно-гнездовой сев) жер колдонуу ыкмасын, алдыңкы агротехникалык жетишкендиктерди, жаңы жерлерди колдонуп, аларды кеңири жайылтып, пахта, тамеки, дан эгиндерин өндүрүүнүн жаңы ийгиликтерине жетишкен. Алардын натыйжасында “ак алтынды” дүң өндүрүү 1960-жылы 1957-жылга салыштырмалуу 13-15% өскөн болсо, 1965-жылга пахтанын өнүмдүүлүгү 35-40% жеткен. Албетте пахта өндүрүүдөгү мындай ийгиктерге жетишүүгө област жетекчиси Т.Б.Балтагуловдун салымы зор экени талашсыз. Бул тууралуу ал кезектеги партиялык жыйында, өз сөзүндө кеңири токтолгон жери бар.
Ал мезгилдин талабы ошондой эле. Албете Т.Б.Балтагулов ошол чоң аймактын жетекчиси катары жер-жерлердеги жаш адистердин, мыкты жетекчилердин өсүп чыгышына, жетекчилик сапаттарынын калыптанышына, алар аркылуу элет жеринин, чакан шаарлардын, жумушчу поселоктордун, айыл-кыштактардын социалдык-экономикалык жана маданий өсүп-өнүгүүсүнө өзгөчө салымын кошкон десек ашыкча болбойт. Бул өз мезгилинин талабы болгону да талашсыз.


И.Раззаков менен Т.Балтагулов делегаттар арасында.
Каарманыбыз жетектеген жылдары Ош, Жалал-Абад областында, Исхак Раззаков жетектеген Кыргыз ССРинде бир катар өнөр жай, кайра иштетүү ишканалары, ГЭСтер, комбинаттар, калкты тейлөө максатындагы социалдык обьектилер курулуп, ишке берилген. Алардын көбү республикалык масштабда болсо, көбү чоң болбогону менен, жергиликтүү калктын социалдык-экономикалык талаптарын канааттандырган ишканалар болгону талашсыз. Ал эми кээ бир обьектилер областтык, республикалык деңгээлдеги стратегиялык маанилүү ишканалар болгону да талашсыз. Сөзүбүз курук болбосун үчүн алардын кээ бирлерин атай кетели:
- Жалал-Абадда «Кыргызнефть» өнөр жай биримдигинин түзүлгөн (1955-ж.).
- Үч-Коргон ГЭСинин курулушунун башталган (1956-ж.).
- Майлуу-Сай ТЭЦи курулуп, ишке киргизилген (1956-ж.).
- Майлуу-Сайдын шаар статусуна ээ болуп, алгачкы шаардык оорукана жана «Октябрь» кинотеатрынын курулуп, ишке берилген (1956-57-жж.).
- 1956-жылы 22-августта СССР Министрлер кеңешинин атайын чечимине ылайык Фрунзе-Суусамыр-Ош автожолун куруу чечимин кабыл алган. Аталган жоду куруу үч башкармалыкка – Сосновка, Токтогул жана Таш-Көмүргө бөлүнүп, жол куруу иштери 1957-жылы башталган.
- Шамалды-Сай шаар тибиндеги поселок түзүлүп, шахтерлор үчүн «Шахтер» санаторий-профилакторий ачылган (1957-58-ж.).
- Кок-Жаңгак шаарынын генералдык планынын бекитилген (1958-ж.).
- “1 май” атындагы Ош ГЭСи ишке киргизилген (1958-ж.).
- Жалал-Абад областындагы Избаскент, Майлуу-Суу нефти казуучу жайдын ачылышы болгон.
- Джалал-Абад мөмө-жемиш комбинатынын курулуп, ишке берилген.
- Жалал-Абад областында теле-радиоберүү башталган (1959-60-жж.).
- Сары-Челек биосфералык токой чарбасынын негизделген (1959-ж.).
- Ошто алгачкы «Киргизпромпроект» долбоордук институтунун бөлүмү ачылып, АТС түзүлгөн, Ош телеграфтык-телефондук станция жумушка киргизилген (1959-60-жж.).
- Мурдагы Ош литейно-механикалык жана моторемонттук заводдун негизинде, тереңдиктен суу чыгаруучу Ош насос заводу ишке киргизилген (1959-ж.).
- Кара-Суу шаар статусуна ээ болгон (1960-ж.).
- «Кызыл-Кыя» аэропорту ачылып, ишке берилген.
- Тоолу Бадахшан автономиялуу областына Ош шаары аркылуу тынымсыз автожолу толук камсыз болгон (1960-61-жж.).
- Кийинчерээк бүткүл союзга даңкы чыккан атактуу Ош пахта кагаз комбинатынын (ХБК) курулушу башталган.
- Ошто «Южводстрой» трести уюштурулган, Кызыл-Кыяда «Дружба» кинотеатры курулуп, ишке берилген (1961-ж.).
- Үч-Коргон ГЭСинин 1-агрегаты ишке киргизилген (1961-ж.)
- Майлуу-Сай медициналык окуу жайы ачылган (1961-62-жж.).
- Базар-Коргон суу сактагычы курулган, Ош асфальт-бетон заводу ишке киргизилген (1961-62-жж.).
- Токтогул ГЭСинин каскадынын курулушу башталган (1962-ж.).
- Ош областында биринчи ири панелдүү үй куруу заводу ишке киргизилген (1962-ж.).
- Кара-Көл энергетиктердин посёлогуна шаар тибиндеги посёлок статусу ыйгарылган (1962-ж.).
- Майлы-Сай электроизоляциялоо заводу курулуп, ишке киргизилгени маалым (1962-ж.).
Т.Б.Балтагулов Ош, Жалал-Абад областарынын аткаруу комитетинин катчысы, областтык партиялык комитеттердин биринчи катчысы катары дал ушул стратегиялык жана жергиликтүү социалдык-экономикалык обьектилерди курууга, ишке киргизүүгө, алар аркылуу кыргыз ССРинин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымын кошкону маалым.
Ал эми профсоюздар уюмунун жетекчиси катары эмгекчилердин жеке, коллективдик укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо, алардын эмгектенүү шарттарын жакшыртууда, эмгек акыларын көбөйтүүдө, эс алуусун уюштурууда, эмгекчилер, алардын балдарына керектүү социалдык, маданий обьектилердин курулушуна жана ишке берилишине, республикада профсоюздук кыймылдын өнүгүшүнө, профсоюздардын эл аралык мамилелерин чыңдоого өз салымын кошкону талашсыз көрүнүш.

Т.Балтагулов Кыргыз ССРинин жана Казах ССРинин пахта өндүрүүчүлөрдүн сьездинде. Кремль, Георгиев залы.
Мамлекеттик сыйлыктары
Төрөгелди Балтагулов кыска, нуска өмүрүндө, олуттуу жана натыйжалуу иште-ри, жетекчилик кызматындагы ийгиликтени үчүн бир катар мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон. Алар бир катар Ардак Грамоталар, Кыргыз ССРинин 20 жылдыгын утурлай “Эмгектеги күжүрмөндүгү” (1946-ж.), 1941-45-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде, тылдагы “Каарман эмгеги үчүн” (1946-ж., жеке баракчасында бир жылда эки медаль алганы, өз колу менен жазылыптыр) медалы, областы ийгиликтүү жетектегени үчүн “Ардак белгиси” ордени (1947-ж.), ВЛКСМдин 30 жылдык маракесине карата экинчи “Ардак белгиси” ордени (1948-ж.) менен сыйланган. СССР Жогорку Кеңешинин жарлыгына ылайык 1957-жылы Кыргыз ССРи “Ленин” ордени менен сыйланган. Ошол кезде Т.Б.Балтагулов жетектеген Жалал-Абад областынан 9 айыл чарба ишмерлери Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын алышкан, бардыгы болуп республика боюнча 52 адам аталган жогорку сыйлыкка ээ болгон. Дал ошол жылы Т.Б.Балтагулов “Ленин” ордени менен сыйланган (Кыргызстан. Улуттук энциклопедия. –Бишкек, 2007. -54-55-бб.).
Дагы бир баса белгилей кетчү жагдай, эл ишенимине ээ болгон Т.Б.Балтагулов 1955-59-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин 2,4-чакырылыштагы депутаты, 1958-1966-жылдары СССР Жогорку Кеңешинин 5-6-чакырылыштагы эки жолку депутаты болуп шайланып, ошол жогорку даражадагы кызматта да өз элине, мамлекетине зор эмгек сиңирген мамлекеттик жана партиялык ишмер болгону маалым. Партиялык ишмер катары Кыргызстан Компартиясынын VIII сьездинен баштап Т.Б.Балтагулов республикалык партиялык уюмдун Борбордук комитетинин мүчөсү, 1963-жылдан баштап Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин Президиумунун мүчөсү болгон.
Жаш, иштесе ишке тойбой турган кезинде каза болгон Төрөгелди Балтагуловду Ала-Бука эли эсинде сактап, аны сыйлап, урматтап ал кишинин атынан Төрөгелди Балтагулов айыл аймагын, аталган райондо №1 орто мектепке Т.Балтагуловдун атын ыйгарышкан. Райондо “Төрөгелди Балтагулов атындагы коомдук фонд” өз ишин улантууда. Бул да болсо биздин каармандын эл эсинде калганынын, урпактардын, жаш муундардын сыймыгы болгондугунун белгиси.
Үй-бүлөсү
Биз ушул чакан макалабызда каарманыбыздын үй-бүлөсү тууралуу учкай кеп козгой кетүүнү туура көрдүк. Тагдырдын жазмышына айла жок болуп, Төрөгелди Балтагулович эки жолу турмуш курган экен. Биринчи жубайы Гүлкан эже экөө өрнөктүү өмүр сүрүп, Амангелди аттуу уулду, Мөөркан – Галя атуу кыздуу болгондон кийин 1948-жылы, ал адам жарык дүйнөдөн өткөн экен.


Бул маалыматты 1949-ж. өз колу менен толтурулган жетекчи адистердин жеке баракчасында Төрөгелди Балтагулович өзү да тастыктайт. Кийин Гүлсүн эже менен баш кошуп, андан Акылбек, Асылбек, Жалалбек аттуу үч уулду болгон. Албетте балдардын тарбиясы толугу менен ал кишинин жубайынын мойнунда болгонун да белгилей кетүү абзел. Ошентип 46 жылдык өмүрүндө, каарманыбыз 4 уулдуу, 1 кыздуу болгон. Тилекке каршы алардын чоңоюп, турмуш жолунан өз ордун таап кетишкенин өзү көрбөй калды. Учурда Төрөгелди Балтагуловичтин 4 уул, бир кыздан тараган урпактары 8 небереге, 11 чебереге жетти. Булардын баары даңктуу, барктуу чоң аталары, бабасы менен сыймыктанышат.
Дал ушундай адам, күч-кубатка толуп, көп иштерге көзү жетип, ар түрдүү жетекчилик кызматта такшалып, мамлекеттик, партиялык ишмер катары толук калыптанып, андан кийин Кыргыз ССРнин республикалык профсоюздар Кеңешинин төрагасы болуп жигердүү эмгектенип жаткан Төрөгелди Балтагулович, капысынан 46 жашында, 1966-жылдын 16-февралында каза болгон.
Биз кыргыз элинин дагы бир өткөн кылымдын ортосунда, аттын кашкасындай таанымал болуп, мамлекеттик, пратиялык кызматтардын баардык тепкичтеринен өтө баштап, КПСС жана Кыргызстан КП БКнын партиялык адистик резервинин алдынкы сабында турган, келечектен көптү үмүттөндүргөн Т.Балтагуловдун бейнесине кээ бир сүртүмдөрдү даярдап жатып, ал инсандын бир топ артыкчылыктары болгонун баамдадык. Биздин баамыбызда алар төмөнкүлөр:
Биринчиси, Төрөгелди Балтагулович жаштыгына карабай эл, жерине, мамлекетине чын дилден берилип талыкпастан кызмат өтөп келген эл уулу болуп калганы тастыкталды. Ошол кездин талаптарына жараша, кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө туулуп, өсүп, Кеңеш өкмөтүнүн тарбиясында чоңоюп, билимин алып, жетилген чыгаан мамлекеттик жана партиялык ишмер болгон. Ала-Бука, Жала-Абад эле эмес, Кыргызстан жана Москвадагы партиялык уюмдардын Борбордук комитетинде жакшы сапаттагы таанымал болгон, болочоктон көптү үмүттөндүргөн партиялык ишмер болгону аныкталды
Экинчиси, Төрөгелди Балтагулович ата-энесинин мыкты тарбиясын алып, кандай мезгил, абал, заман болбосун ата баркын, улуулардын салтын сактаган, ак эмгекти барктаган, адилеттик, акыйкатты жактаган, калыстыктан жазбаган, эл кызматынан кайтпаган, журт ишенимин актаган, улуу сапат адамгерчиликти даңктаган инсандык сапатка жетише алганы байкалып турат. Ошондой таалим-тарбия алган Төрөгелди Балтагулович, кийинчерээк кандай адам, кайсы социалдык катмардын өкүлү болбосун, аларга жөнөкөй, адамгерчиликтүү, сылык-сыпаа мамиле кылып, келген маселелерин туура чечип берүүгө ааркет кылган экен. Партиялык, мамлекеттик ишмерлердин арасында мындай сапат ар бир адамдын эле колунан келе бербейт.
Үчүнчүсү, Төрөгелди Балтагулович ар дайым эл-журтуна кызмат кылууну жогорку жоопкерчилик, адамдык парз, кызматчылык сапат катары кароого аракет кылганын баамдоого болот. Ал адам ар намыстуу элдин, жердин, кулуну катары кыргыз мамлекетине белсенип, жан аябай кызмат кылганы байкалып турат. Элибизде «ыймандуу адам адептүү, адептүү адам маданияттуу» – дегендей ал адам ыйманды ыйык туткан, жогорку маданияттуу, сылык, адептүү, кичипейил инсан болгон экен. Кандай гана кызматты аркалабасын анын маданиятсыздыгына эч ким күбө болгон эмес. Дайыма сылык, жөнөкөй, токтоо, ар тарапты чыдамдуулук, токтоолук менен угуп, кандай маселе болбосун жети өлчөп бир кесип, маселени туура багытта чечүүгө аракет кылган саясий маданиятка ээ. Чынын айтканда ал ошол өз мезгилиндеги кыргыз элинин улуттук элитасынын чыныгы өкүлү болгону да талашсыз.
Төртүнчүсү, Төрөгелди Балтагулович жаштайынан талыкпай эмгектенүүгө, элге-журтка кызмат кылууга белсенип киришкен. Кайсы гана кызматтарда иштебесин, анын артында наалат сөз, начар пикир калган эмес. Ал эми жетекчилик жөндөмү мектептин директорлугунан баштап, райкомдун, обкомдун биринчи катчысы, Кыргыз ССРинин, СССРдин Жогорку Кеңешинин 5-6-чакырылыштагы депутаты, сыяктуу жооптуу кызматтарда өзүн дасыккан жетекчи катары көрсөтө алды. Ал жетишкендиктердин баары Төрөгелди Балтагуловичтин жеке өзүнө гана тандык сапаттарына байланыштуу болду. Кызматтык карьерада баскан жолу анын өзүнө таандык мыкты жетекчилик сапаттары, өзүнчө көз карашы, тунук акылы, бекем эрки, жоопкерчилиги, жетекчилик компетенттүүлүгү жана жөндөмү менен айырмаланып, кыргыз калкына кенен таанымал болгону талашсыз.
Бешинчиси, Төрөгелди Балтагулович Кеңеш доорундагы кыргыз мамлеке-тинин, улуу Ата Мекендик согуштун жылдарындагы кыргыз элинин катаал жана татаал мезгилдеринде өлкөбүздүн саясий, социалдык-экономикалык, маданий өсүп-өнүгүшүнө зор салымын кошкон, кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири катары аты калды десек болот. Ошол кездерде ал инсан бүт өмүрүн жергебиздин, элибиздин, мамлекетибиздин туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга жумшаганын, анын эмгек жолу тастыктап турат.
Алтынчысы, биздин баамымыбызда каарманыбыздын дагы бир артыкчылыгы, кайсы кызматта иштебесин, өз тармагынын негизги багыттарын ачык-айкын көрүп, аларды жалпы республиканын өнүгүүсүнүн бир тармагы катары карап, анын приоритеттүү багыттарына өзгөчө маани берген мамлекеттик, партиялык ишмер болгон. Ал киши чыныгы коммунист катары азыркыдай алдым-жуттумдугу жоктугу, кызматта тууганчылыкка, жердешчиликке берилбестиги, паракорлукка, коррупцияга аралашпагандыгы менен айырмаланганын баамдоого болот. Мүмкүн бул жагынан ага кадимки Исхак Раззаковдун жеке сапаттары үлгү болгондур деп да боолголоп калдык. Негизи мындай сапат көптөгөн ошол кездеги партиялык, мамлекеттик ишмерлерге мүнөздүү болгону да талашсыз көрүнүш. Ал инсан баардык кызматтарда сөз менен эмес, иш менен натыйжа берген олуттуу да, омоктуу да мамлекеттик, саясий жана партиялык ишмер болгонун турмуш көрсөттү.
Жетинчиси, Төрөгелди Балтагулович мезгил талабына жараша компартиянын идеяларына, анын келечегине, болочокто коммунизмдин курулушуна, партиянын саясий, социалдык-экономикалык, маданий, идеологиялык багыттарына терең ишеним арткан, бөркүндөй ынанган, бүт дили менен партиянын саясатын, жолдомо, нускамаларын, көрсөтмөлөрүн турмушка ашырууга аракет кылган чыныгы коммунист болгон. Атактуу жазуучубуз, Чынгыз Айтматовдун тили менен айтканда, Дүйшөндөр, Танабайлар, кайсы гана мезгил болбосун коммунист боюнча калат дегендей эле, Т.Балтагулов да чыныгы коммунист боюнча калды.
Аттиң, ушундай адамдын өмүрү кыска болгонун карбайсызбы. Кыргызда жакшы “туйгундун тууру, түнөгү бийик болот” деген сөз бар. Мүмкүн ал киши узагыраак жашаганда, кыргыз эли, мамлекети, анын дагы көп эмгектеринин үзүрүн көрүп, эл, журттун ишенимин актаган инсан болот беле. Ошентсе да биз ал инсан-дын бейнесине кээ бир штрихтерди даярдап, ал кишинин мааракесине өз салымыбызды коштук деген ойдобуз. Макалабыз канчалык деңгээлде болгонуна, Сиздер урматтуу окурмандар баа бересиздер деген пикирибиз бар.
Абытов Б.К.,тарых илимдеринин доктору, профессор
Макаланын уландысы бар.