Menu

Июнь 2010-жыл

Президент Садыр Жапаров 2010-жылдагы июнь коогалаңы боюнча генпрокуратурада суракка алынды

Президент Садыр Жапаров дагы июнь коогасына байланыштуу күбө катары 27-апрелде Башкы прокуратурага сурак берип чыкты. Бул тууралуу башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров 2010-жылы Апрель ыңкылабына чейин Мамлекеттик кадр кызматына караштуу Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттиктин директору болуп турган.

Башкы көзөмөлдөөчү орган 26-апрелде 2010-жылдагы июнь коогасына байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергөө уланып жатканын билдирген. Ага ылайык, кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти, экс-депутат, маркум Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан чыгып кетишинен улам “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси менен козголгон.

Бүгүнкү күнгө карата ошол маалда жетекчилик кызматтарда турган, иликтеп-териштирүүгө катышкан 15 адам сурак берген.

Алар: Жалал-Абад облусунун мурдагы губернаторлору Бектур Асанов менен Жумагүл Эгембердиева; Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров жана аны уулу Руслан Бекназаров; Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев; Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев; Апрель-июнь окуяларын иликтеген Жогорку Кеӊештин убактылуу комиссиясынын төрагасы Токон Мамытов; ички иштер министринин мурдагы орун басарлары Бакыт Алымбеков менен Сүйүн Өмүрзаков; Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов; Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков; Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри Максатбек Жээнбеков; Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев жана атайын кызматтын Жалал-Абад обласундагы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Жаныбек Жоробаев.

Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага 25-апрелде күбө катары суракка кирип чыккан.

Ал башкы көзөмөлдөөчү органдан чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ошол кездеги Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн аракетин сындаган жана Батыровдун өлкөдөн чыгып кеткен жагдайы иликтенип, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек экенин билдирген. .

Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү Ташиевдин дооматтарын четке кагып жатат.

2010-жылы Июнь коогасы маалында Ташиев Жалал-Абад облусунда жүргөн, ошол жылы күзүндө парламенттик шайлоодо “Ата Журт” партиясынын тизмеси менен депутат болгон.

УКМК туура бир жыл мурда 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Анда кылмыш иши Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган.

Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган.

Расмий маалыматка ылайык, коогада 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай деңгээлде жараат алган. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у ушул күнгө чейин табыла элек.

2011-жылы Абдыганы Эркебаев башында турган Улуттук комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жүргүзүп, “куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөр, качкын президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары жана кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар сырткы күчтөр себепкер болду” деген корутунду чыгарган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2010-жылдагы июнь коогалаңы боюнча сурак берет

Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев 2010-жылдагы июнь коогасына байланыштуу Башкы прокуратурага күбө катары сурак берет. Бул тууралуу башкы прокуратурадан билдиришти. Ташиев качан суракка барары азырынча белгисиз.

2010-жылы июнь коогасы маалында Ташиев Жалал-Абад облусунда жүргөн, ошол жылы күзүндө парламенттик шайлоодо “Ата-Журт” партиясынын тизмеси менен депутат болгон.

УКМК туура бир жыл мурда 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Анда кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган.

Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган.

Расмий маалыматка ылайык, июнь коогасында 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай деңгээлде жараат алган. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у ушул күнгө чейин табыла элек.

2011-жылы Абдыганы Эркебаев башчылык кылган Улуттук комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жүргүзүп, “куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөр, качкын президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары жана кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар сырткы күчтөр себепкер болду”, – деген корутунду чыгарган.

Базар-Коргондо улуттар аралык ынтымакты бекемдѳѳгѳ багытталган кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

2010-жылы июнь окуясында кызмат ѳтѳѳ учурунда каза тапкан милициянын майору Мыктыбек Сулаймановдун жаркын элесине арналып, улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Иш-чара учурунда Мыктыбек Сулаймановдун кызмат учурунда жасаган эрдиги, кызматтагы ѳзгѳчѳлүктѳрү, жѳнѳкѳйлүгү жана атына жараша мыкты инсан экендиги айтылды.

Кичи футболго Базар-Коргон районунун аймагындагы 9 айыл аймактардын командалары активдүү катышып, биринчилик үчүн күч сынашышты. Жыйынтыгында жеңүүчү командага кубок, баалуу белектер, Базар-Коргон РИИБдин дипломдору тапшырылды.

Иш-чара учурунда милиция кызматкерлери келген конокторду спорттук таймаш аркылуу достукка чакырышты. Район аймагында улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Президент Садыр Жапаровдун Июнь окуясынын 11 жылдыгына карата кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Июнь окуясынын 11 жылдыгына карата кайрылуу жасады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

2010-жылдын июнь айында болгон каргашалуу окуяларга он бир жыл толду. Бүгүн биз ошол апаатта набыт болгондордун арбагына таазим этип, дайынсыз жоголгондорду эскерип отурабыз. Андай апаат, бир тууган элдерди кырды бычак түшүргөн андай каргаша экинчи кайталанбасын деп тилек кылабыз. Жалпыны сабырдуулукка үндөгөн, жабыр тарткандарга кол сунуп, жардам берген акылман жана айкөл элибизге өзгөчө алкыш айткым келет. Бизге ар тараптан колдоо көрсөткөн эл аралык коомчулукка дагы бир жолу ыраазычылык билдирем.

Июнь окуялары баарыбыз үчүн чоң сабак болууга тийиш. Тарыхтын бул кайгылуу сыноосу бабалардан мураска калган сүйүктүү Кыргызстаныбыздын келечеги үчүн ынтымагыбызды арттырып, биримдигибизди бекемдөө зарыл экенин дагы бир жолу ырастады.

«Ынтымагы бар элдин ырыскысы мол болот» деп бекеринен айтылбаса керек. Бүгүн биз биримдикти чыңдоо менен, бир эл, бир өлкө катары келечекке багыт алуубуз зарыл. Бири-бирибизге болгон сый-урмат, жардам, ишеним аркылуу биз чон-чоң ийгиликтерди жаратып жатабыз. Биздин күч— биримдикте!

Ош, Жалал-Абад — көп этностуу облустар. Көп түрдүүлүк — бул биздин байлыгыбыз. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө 80ден ашык этностордун өкүлдөрү бар. Ар бир этностук топ өзүнүн маданиятын, тилин, каада-салттарын сактоо менен мекенибиз Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө өз салымын кошуп келе жатышат.

Урматтуу мекендештер!

Биз — ынтымактуу, эмгекчил жана меймандос калкы бар ачык өлкөбүз. Биздин өнүгүүбүз региондогу коңшулар менен достукка, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен өз ара пайдалуу кызматташтыкка багытталган.

Июнь окуясында шейит кеткендердин элеси дайыма жүрѳгүбүздѳ сакталат. Жаткан жерлери жайлуу, топурактары торко болсун.

Ылайым, көп улуттуу өлкөбүздө ынтымак, тынчтык болсун!».

2021-жыл 10-июнь
Меню