Menu

Казакстандагы тополоң

Алматыда 149 киши мерт болуп, 41 сөөк "уурдалганы" кабарланды

Казакстандын Алматы шаарынын полиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов жекшемби күнкү брифингде “Январь окуясында” калаада каза тапкандар жөнүндө маалымат берди.

“Жарандардан 149 адам каза болду. Укук коргоо органдарынын 11 кызматкери курман болду”, – деди Таймерденов.

Полиция башкармалыгынын жетекчиси каза болгондордун канчасы күч кызматкерлеринин огунан өлгөнүн тактаган жок.

Таймерденов өзгөчө абал режими учурунда “атайын даярдыктан өткөн” адамдар өлүкканалардан сөөктөрдү уурдоого аракет кылган жети учур катталганын маалымдады. Казак бийлиги мурдараак тополоңдордун жана кыйратуулардын артында “эл аралык террорчулардын бандасы” турганын билдирген эле.

“Чабуулдарды атайын даярдыктан өткөн, курал кармаганды жана согуш ыкмаларын мыкты билген адамдар жасаган. Ошол эле маалда алар өлгөндөрдү жана жараат алгандарды калтырбай, баарын өздөрү менен чогуу ала кетишкен. Бул күндөрү өлүкканага жети жолу чабуул болуп, 41 сөөктү белгисиз адамдар уурдап кетишкен”, – деди 16-январда Таймерденов.

15-январда Казакстандын Башкы прокуратурасынын кылмыш иштерди козгоо кызматынын башчысы Серик Шалабаев соңку нааразылык акцияларында жана тополоңдо каза тапкан 225 кишинин сөөгү өлүкканага жеткирилгенин маалымдаган. Ал “өлгөндөрдүн бир бөлүгү теракттарга катышкан, имараттар менен укук коргоо кызматкерлерине чабуул жасаган куралдуу бандиттер. Каза болгондордун ичинде 19 полиция жана аскер кызматкерлери бар”, – деп тактаган.

Шалабаев 225 адамдын канчасы жөн-жай тургундар, канчасы “бандит” деп сыпатталган адамдар экенин жана алар кандай шартта каза тапканын так айткан эмес. Прокуратура өкүлү билдиргендей, өлкөдөгү соңку окуяларда жалпысынан 4578 жабырлануучу аныкталды жана алардын 4353ү жаракат алган. Алардын ичинде 3393 киши укук коргоо органдарынын кызматкерлери.

Күч кызматтары маалыматтар такталып жатканын, дагы өзгөрүшү мүмкүн экенин эскертишти.

9-январда казак бийлиги 164 адам өлгөнүн “Телеграмга” жазган. Бирок кийинчерээк бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги четке каккан.

Коңшу өлкөдөгү соңку нааразылык толкуну 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер менен башталган. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматы шаарында ири башаламандык менен коштолгон.

13-январда Amnesty International эл аралык уюму Казакстандын бийлигин нааразылык учурунда каза болгон жайкын тургундардын жана андан бери кармалган адамдардын санын ачык айтууга үндөгөн. Уюм ошондой эле кармалгандардын арасындагы журналисттерди жана активисттерди бошотууга үндөгөн.

ИИМ: Закир Юбуров, Адан Хуров, Ильяс Мачо жана Абду-Рахим Джиншанло Алматыдагы абактан коё берилди

Бүгүн, 15-январь күнү Казахстан Республикасынын Алматы шаарында массалык баш аламандык учурунда кармалган төрт жарандарыбыз абактан кое берилди.
Кыргыз Республикасынын Казахстандагы Башкы консулдугунун, ИИМдин Казахстандагы Өкүлчүлүгүнүн жана УКМКнын бирдиктүү күч-аракетинин натыйжасында кое берүү тууралуу макулдашууга жетишишкен.
Азыркы учурда Закир Юбуров, Адан Хуров, Ильяс Мачо жана Абду-Рахим Джиншанло Алматыдан өз үйлөрүнө кое берилди. Аталган Кыргызстандын жарандары көп жылдар бою Алматы шаарында эмгектенип, иштеп жүргөндүктөрү белгилүү болгон. Ушул себептен, алар Казахстандын аймагында калышаарын билдиришкен.
Өз кезегинде кыргызстандыктар Казахстан Республикасынын ИИМнин Казакстандагы Өкүлчүлүгү жана Казахстан Республикасынын Башкы консулдугу дарегине ыраазычылык сөздөрүн билдиришти. “Дүйнө кайдыгер эмес, сезимтал, ар дайым жардам жана колдоо көрсөтүүгө даяр адамдарга кармалып турат. Сиздердин жардам өтө баалуу жана эч качан унутулбайт” – деп белгилешти.

Алматыда каза болгон кыргыз жараны Азиз Мусаевдин сөөгү туугандарына берилди

Казакстандагы тополоң учурунда Алматы шаарында каза болгон кыргызстандык жаран Азиз Мусаевдин сөөгүн апасы менен агасы Кыргызстанга алып кетти. Бул тууралуу Алматыдагы Кыргызстандын Башкы консулу Назарали Арипов билдирди.

Алматыда каза болгон дагы бир кыргызстандык Бахтияр Базарбаевдин сөөгүн алып кетүүгө дагы уруксат берилди. Консулдун айтымында, Базарбаевдин жакын туугандары келгенден кийин сөөгү берилет.

Алматыдагы башкы консул камакта жаткан төрт кыргызстандыкты бошотуу боюнча иштер жүрүп жатканын, 14-январда дагы тийиштүү органдын адамдары менен жолуга турганын билдирди.

33 жаштагы Азис Мусаев Алматынын борбордук аянтында жараат алгандардын бирине көмөк көрсөтүп жатып окко учканы маалымдалган. Ал 2016-жылдан бери коңшу өлкөдө фитнес-машыктыруучу болуп иштеп жаткан. Ал эми Бактияр Базарбаев боюнча маалымат жокко эсе. Анын Казакстанда жүргүнчү ташып иштеп жүргөнү айтылып жатат.

Мындан тышкары казак бийлиги тополоңдорго шек санап 1990-жылкы Закир Юбуров, 1991-жылкы Адан Хуров, 1987-жылкы Ильяс Мачо жана 2001-жылкы Абду-Рахим Жиншанлону камаганы белгилүү. Алар азыркы учурда Алматынын убактылуу кармоочу жайында камакта.

Буга чейин Казакстанда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов кыргыз бийлигинин кийлигишүүсүнөн кийин бошотулуп, Кыргызстанга кайтарылган.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Казакстанда тополоңго байланыштуу кармалгандардын саны 10 миңге чамалады. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги алардын арасында дагы кыргыз жарандарынын бар же жогун текшерип жатат.

УКМК: Казакстандагы баш аламандык учурунда Кыргызстандын 5 жараны кармалып, 2 кыргызстандык каза болгондугу аныкталды

КР УКМК өлкөнүн күч органдары, Тышкы иштер министрлиги жана Ички иштер министрлигинен турган компетенттүү түзүмдөр тарабынан Казакстандык кесиптештер менен Казакстанда белгилүү болгон трагедиялуу окуяларга байланыштуу оор кырдаалга туш болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын санын тактоо маселеси боюнча тиешелүү эки тараптуу байланыштар уланып жатканын маалымдайт.

Үстүбүздөгү жылдын 10-январь кечине чейин укук коргоо органдарынын тергөө-процессуалдык иш-чараларынын жыйынтыгында баш аламандык учурунда Кыргыз Республикасынын 5 жараны кармалып, 2 кыргызстандык каза болгондугу аныкталды. Алардын жакындары менен байланышуу жүргүзүлдү.

Тараптардын компетенттүү түзүмдөрүнүн биргелешкен иликтөө иштеринин натыйжасында, Викрам Рузахунов бошотулуп, азыркы учурда КР тиешелүү мамлекеттик органынын кызматкеринин коштоосунда Кыргызстанга кайтып келе жатат.

Учурда республиканын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Ички иштер министрлиги жана Тышкы иштер министрлиги Казакстандын тиешелүү түзүмдөрү менен биргеликте жарандарга зарыл саясий-укуктук жана башка зарыл жардамдарды көрсөтүүнү улантууда. Кыргыз Республикасынын. Бул жагдай боюнча такай консультациялар, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына тиешелүү мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт.

Азыркы учурда Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан жарандар, анын ичинде Кыргызстандыктар да тиешелүү текшерүү иш-чараларына алынып, андан кийин бошотулууда, ошондуктан Казакстанда жүргөн мекендештерди сабырдуулукка чакырат.

Казакстанда жайкын тургундардын, анын ичинде балдардын өлүмү тууралуу маалыматтар көбөйүүдө

Алматыдагы башаламандыктар учурунда 11 жаштагы бала да каза болгон. Бул тууралуу 9-январда Казакстандын балдар акыйкатчысы Аружан Саинге шилтеме кылып “КазТАГ” жана “Интерфакс” агенттиктери кабарлашты.

Маалыматка караганда, балага 5-январда ата-энеси менен көчөдө сейилдеп жүргөндө ок тийген.

Акыйкатчынын айтымында, мындан тышкары Алматы ооруканасында 15 жаштагы өспүрүм оор абалда жатат. Аны менен чогуу ооруканага жаракат алган атасы да жеткирилген. Алар экөө тең автоунаада баратканда ок атылып, жарадар болушкан.

8-январда Jerusalem Post гезити Израилдин Тышкы иштер министрлигине шилтеме кылып, Алматыдагы башаламандыктарда 22 жаштагы израиль жараны каза болгонун кабарлаган.

Orda.kz сайты Телеграм-каналына Алматыдагы өлүкканада турган адамдардын айткандарына таянып, алардын жакындары октон көз жумганын, арасында төрт жаштагы кыз да бар экенин жазды.

Азырынча бул маалыматтар боюнча расмий төгүндөө да, ырастоо да жок.

Буга чейин Казакстандын Ички иштер министрлиги күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери жана 26 “куралчан адам” өлтүрүлгөнүн, 748 киши жаракат алганын билдирген.

Өлкөдө 6-январдан бери “антитеррористтик операция” жүрүүдө. Токаев ага катышып жаткан күч түзүмдөрүнө “эскертүүсүз ок атууга” буйрук бергенин билдирген. Ага чейин Алматыда тополоң башталып, белгисиз адамдардын тобу мэриянын имаратына жана аба майданга кирип барган. Интернетке шаар акимчилигинин имараты өрттөнүп жатканы тартылган видеолор жарыяланып, ондогон соода түйүндөр, дүкөндөр жана банктар тонолгону кабарланган. Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынында бул башаламандыктарга “террористтик топторду” айыптаган. Бирок ал айткан “террористтик топтордун” өлкөдө 2-январда башталган нааразылык акцияларга катышы бар экени тууралуу так далилдер жок.

Алматыда Республика аянтында пулемёттон ок атылды, өлгөндөр жана жаракат алгандар бар

Алматынын Республика аянтында турган куралсыз адамдарга аскерлер пулемёттон ок атты. Аянтта мурда ар кыл акцияларга катышып жүргөн активисттер турган. Бул тууралуу казак журналисттери жеринен кабарлады.

Журналист Ануар Данияровдун айтымында, Алматы убактысы менен 18:43төн баштап ок атыла баштаган. Пулемётту ал жерге брондолгон машинелер менен келген аскерлер атышкан. Ок атылып жатканын активисттер Марат Турымбетов менен Айгерим Төлөуданова да ырастады. Ок атылган тушта алар аянтта болушкан.

Данияров кеминде бир адам каза болгонун кабарлады: журналисттин жанындагы жигиттин өпкө тушуна ок тийген. Ал ооруканага жетпей каза болгон. Маркум 18-20 жашта болгон.

Аянтка жаштар чогулган. Алар бийликтен ЖККУнун аскерлерин киргизбөөнү, толук кызматтан кетүүнү, жарандык коомдон убактылуу өкмөт курууну талап кылышкан. Нааразы топтун колунда “Токаев, ок атпа! Биз террорчу эмеспиз!” деген чоң плакаттар болгон.

Аянтта кулак тундуруучу гранаталардын добуштары угулуп турган. Марат Турымбетовдун айтышынча, жаракат алган беш кишини жарандар ооруканаларга алып кетишкен.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. Бул акцияларда социалдык талаптардан тышкары саясий чакырыктар да айтылды. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланган.

Негизги нааразылык Алматы шаарында өтүп жатат. 5-январда мэриянын, прокуратуранын жана бийлик партиясынын имараттары өрттөлгөн. Кийин бийлик “антитеррордук операция” жүргүзүп, тополоңго катышып жаткан бир нече жаран жок кылынганын маалымдаган. Натыйжада ондогон адам каза тапканы кабарланды. Ушул тапта Алматы шаарында Интернет жана байланыш жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргыз өкмөтү Казакстанга аскер жөнөтүүгө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды

Министрлер кабинети кыргызстандыктарга жана коомдук-саясий күчтөргө Казакстанга аскерлерди жөнөтүү чечимине түшүнүү жана толук жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырган кайрылуу таратты.

Анда Кыргызстан Казакстандын жакын коңшусу жана стратегиялык өнөктөшү катары мыйзамдуу бийликтин жардам берүү чакырыгын четке кагууга укугу жок экени жана Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун алкагында өз милдеттерин керектүү деңгээлде аткарары айтылган.

Кайрылууда Министрлер кабинети акыркы учурга чейин Казакстандын эли жана жетекчилиги ички маселелерди өз алдынча чече аларына ишенгени айтылат.

6-январга караган түнү Бишкекке Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевден ЖККУнун алкагында колдоо көрсөтүү боюнча расмий кайрылуу келип түшкөн. Кеңешүүлөрдөн кийин президент Садыр Жапаров ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясына катышуу мандаты менен куралдуу күчтөрдүн чектелген контингентин Казакстанга жөнөтүү маселесин парламенттин кароосуна коюуну чечкен.

“Ошол эле учурда Кыргызстандын аскер бөлүгүнүн ролу стратегиялык объектилерди коргоо менен гана чектелип, карапайым калк менен эч кандай өз ара аракеттенүүнү же коомдук тартипти камсыз кылуу жоопкерчилигин камтыбашы керек”, – деп айтылат кайрылууда.

Жогорку Кеңештин Казакстанга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин жөнөтүү маселеси боюнча чукул жыйыны кворумдун жоктугунан 7-январга жылды.

Кворум болуш үчүн 90 депутаттын 46сы катышуусу керек, бирок каттоодон 39 гана депутат өттү.

Баш мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн Кыргызстандын аймагынан тышкары жиберүү чечими Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Парламенттин алдында кыргыз аскерлерин Казакстанга жиберүүгө каршы жарандардын пикети өттү.

Меню