Menu

Камчыбек Ташиев

Президент Садыр Жапаров улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта, Бишкек шаарында улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине батирлердин ачкычтарын тапшырды.

Чогулгандардын алдында сүйлөп жатып, Мамлекет башчысы улуттук коопсуздук органдары тартипти орнотууда, мамлекетте коопсуздукту жана жарандардын бейпил жашоосун камсыздоодо чоң рол ойноорун белгиледи.

“Сиздер терроризмге, экстремизмге каршы күрөшүүдө жана өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн сактоодо алдыӊкы катарда болуп келесиздер. Сиздерге коомдогу туруктуулук менен укуктук тартипти бекемдөө, коррупция, кылмыштуулук менен күрөшүү жоопкерчилиги да жүктөлгөн. Бул жаӊы мамилени, заманбап билимди жана чын ыкластан берилүүнү талап кылган ары татаал милдеттер”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтары, дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр чекисттерден өтө чоң жоопкерчиликти жана кесипкөйлүктү талап кыларын өзгөчө белгиледи.

“Мындай шартта өлкө коопсуздугун камсыздоодо атайын кызматтын кызматкерлерине өзгөчө суроо-талап коюлат, ишеним артылат! Аскер кызматкерлеринин социалдык маселелерин учурунда чечүү алардын жана жаш муундардын Ата Мекенди коргоого болгон умтулуусун арттырат”, – деди Мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров белгилегендей мамлекет аскер кызматкерлерин турак-жай менен камсыз кылуу программасын ишке ашырууда мындан ары да ырааттуу аракеттерди жүргүзөт.

“Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын тынчтыгын камсыздоодо болгон аракетиңиздерди күчөтүп, чекисттик салттарды бекем сактап, мамлекеттин, улуттун келечеги үчүн ар дайым өз салымыңыздарды мындан ары дагы кошосуздар деп терең ишенем!”, – деди Президент.

Ошондой эле, Мамлекет башчысы мугалимдер менен медиктерди жеңилдетилген шарттагы турак-жай менен камсыздоо боюнча пландары тууралуу айтып берди.

“Коомчулукта ар кандай сөздөр бар. “Эмне үчүн  ушул чекисттерге эле бере берет? Квартира дагы, кызматтык имарат дагы. Мугалимдерге, дарыгерлерге бербейби?” деген сөздөр. Биринчиден, өлкөнүн ички-тышкы коопсуздугу камсыз болбосо эч кимге батирдин деле кереги жок. Аны мына дүйнөдө болуп жаткан окуялардан көрүп, билип атабыз. Ошондуктан болгон күчүңөрдү, убактыңарды мамлекеттин ички-тышкы коопсуздугун камсыздоого жумшаса деп биринчи кезекте сиздерди камсыз кылып жатабыз.  Ушуну эсиңиздерге  алып койушуңуздар керек”, – деди Садыр Жапаров иш-чарага катышкандарга кайрылып.

Ал ошондой эле мамлекет мындан ары да мугалимдерди жана медицина кызматкерлерин жеңилдетилген турак-жай менен камсыздоого дыкат көңүл бурарын белгилеп, жакшыртылган ипотекалык программа бир жылга жакын убакыттан бери иштеп жатканын, анын алкагында тиешелүү мүмкүнчүлүк бар экенин эске салды.

Президент Садыр Жапаров жаңы үйдүн батирлерин көрүп чыгып, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин жаңы конуштуу болушу менен менен дагы бир жолу куттуктап, аларга чың ден соолук, иштерине ийгиликтерди жана Мекендин бакубаттулугу үчүн ак кызмат кылууну каалады.

Белгилей кетсек, бул турак жай 306 үй-бүлөгө эсептелген. Бир эле  учурда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн бул сыяктуу көп кабаттуу үй биринчи жолу пайдаланууга берилди. Ал болгону 1,5 жылдын ичинде курулган. Бир чарчы метринин баасы 300 АКШ долларын түзгөн.

УКМК: Бишкек шаарында УКМКга жана ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү үчүн жаңы имарат ачылды

Бүгүн, 18-августта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Кыдыршаевич Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Бишкек шаарында, КР УКМКнын жана ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү үчүн жаңы имараттын ачылышы болду. Ачылыш аземге КР УКМКнын жетекчилиги жана мекеменин өздүк курамы катышты.

Жаңы курулган имарат кызматкерлер үчүн иштөө шарттарына талапка жооп бере турган, керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган.

КР УКМК төрагасы кызматкерлерге кызматтык тапшырмаларды так аткарууну эскертип,  ошондой эле коррупция менен күрөшүү, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү жана чек ара коопсуздугун камсыздоо чараларына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Садыр Жапаров досу Камчыбек Ташиев экөөсү бийликтин символу болгон камчыны бекем кармап түшкөн сүрөттөрүн фейсбукка жарыялады

Бүгүн, 24-июлда КР Президенти Садыр Жапаров өзүнүн досу, КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев экөөсү Түп районунун тоолорунда кыргызда бийликтин символу болгон камчыны бекем кармап түшүшкөн сүрөттөрүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялап “Ата конушуна барып, Куран окуп кайттык” деп жазды.

Жалпы жонунан 38 жаңы сүрөт жарыяланды.

 

 

Камчыбек Ташиев бир катар курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев ага ачык кайрылуу жолдогон бир катар курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолугушту.

Куруучулардын ачык кайрылуусу Бишкек шаарынын түштүк зонасында курулуш объектилерине техникалык шарттарды берүүнүн жана аларды туташтыруунун Тартиби жана шарттары жөнүндө жобону жокко чыгаруу сунушуна байланыштуу саналат.

Курулуш компанияларынын өкүлдөрү бул маселе үч жылдан бери чечилбей келе жаткандыгын, ошол эле учурда жүктөмдү эсептөө колдонуудагы нормаларга туура келбестигин жана андан он эсе жогору экендигин белгилешти.

Өз кезегинде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары тармактык мамлекеттик органдарга түзүлгөн кырдаалды иликтеп чыгууну тапшырды жана салыктарды ак ниет төлөгөн ишкерлерди колдоого алуу мамлекеттик саясаттагы артыкчылыктуу багыттардын бири экендигин баса белгиледи.

Камчыбек Ташиев Hardcore FC чемпиону Самат Абдрахмановду кабыл алды

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Hardcore fighting Championship муштум боюнча дүйнөнүн эң ири лигасынын чемпиону Самат Абдрахманов менен жолугушту. Жолугушууда мушкердин атасы Маматраим Абдрахманов да болду.   

Камчыбек Ташиев Самат Абдрахмановду финалдык беттеште Лендруш Акопянды  жеңиши, Hardcore FC чемпиондук курун утушу менен куттуктап,  өзүнүн сөзүндө мындай жеңиштер буткул Кыргызстандын эли үчүн маанилүү экенин белгиледи. “Дал ушундай жеңиштер Кыргызстанда спортту өнүктүрүп, жаштарыбызды өз жеринин чыныгы патриоту болууга үйрөтөт” – деди ал.

УКМК төрагасы К.Ташиев атаандашын ишенимдүү жеңген улуттук спортчунун чеберчилигинин жогорку даражасын, кайратынын күчтүүлүгүн жана күчтүү мүнөзүн баалады. Ошол эле учурда, УКМК башчысы бүтүндөй өлкө, жүз миңдеген жарандарыбыз С. Абдрахмановдун ийгиликтерине талыкпай көз салып, катуу колдоо көргөзүп жатканын белгиледи. Келечекте мындан да жогорку ийгиликтерге жетишип, спорттогу жаркыраган жетишкендиктериңизди бүткүл дүйнөгө көрсөтөрүңүзгө ишенебиз деп ишеним артты.

Өз кезегинде Самат Абдрахманов УКМК төрагасы К.Ташиевге жана жалпы кыргыз элине колдоо көрсөтүп, жылуу кабыл алгандыктары үчүн ыраазычылык билдирип, ал кайсы жерде чыкпасын, ага күч-кубат, жеңишке болгон ишенимди тартуулаган жердештеринин жылуу колдоосун дайыма сезээрин белгиледи. 

Ташиев УКМК "бардыгын көзөмөлдөп турганын" айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев “Новые лица” басылмасына берген маегинде айрым саясий күчтөрдүн өлкөдө “кандайдыр бир башалмандыктарды” уюшуруу каалоосу бар экенин айтты.

Ошол эле маалда Ташиев атайын кызмат өлкөдө башаламандыктар, анын ичинде төңкөрүш болбошу үчүн бардык чараларды көрүп жатканын белгиледи.

“Эмнеге? Анткени коомчулук, ойлонгон кишилердин баары кезектеги революция жакшы эч нерсеге алып барбасын түшүнүп турушат. Биз өнүгүшүбүз керек. Биз бардык саясий күчтөр менен, анын ичинде революция жасоону каалагандар менен да мунаса табышыбыз керек. Мен баарын чакырам: “Келгиле! Революциянын эмне кереги бар силерге?”, – деди Ташиев.

Анын айтымында, УКМКга революция жасоону каалаган өтө көп киши келүүдө. “Биз аларды эсине келтирип жатабыз. Алар өз идеяларынан баш тартууда. Мындан тышкары азыр Интернеттин, техникалык прогресстин заманы. Биз бардык нерсени көзөмөлдөп турабыз”, – деди ал.

УКМК башчысы “атайын кызмат жарандардын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшап жатабы?” деген журналисттин суроосуна “мекеме бардыгын толугу менен көзөмөлдөп турганын” айтты.

“Биз буга чейинкидей революция жасоо үчүн курал-жарак менен аянтка чогулуп, Ак үйгө барганга чейин карап турбайбыз. Ал күчтөрдү жана алардын умтулуусун токтотуу үчүн алдын ала мыйзамдуу чараларды көрүп жатабыз. Ошондуктан биз бул жерде турганда эч кандай революция болбойт деп ишенимдүү айта алам! Революция кылам дегендерге карата катаал, мыйзамдуу чараларды көрөбүз”, – деди Ташиев.

Камчыбек Ташиев, КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК тѳрагасы: «Элдин байлыгын, мамлекеттин акчасын уурдагандарды мындан ары аябайбыз!»

УКМК тѳрагасы Камчыбек Ташиев менен капыл тапыл жолугуп калдык. Учурдан пайдаланып, Мелис Аспековго байланыштуу сурообузга жооп алууга үлгүрдүк.

– Камчыбек Кыдыршаевич, камакта жаткан Мелис Аспеков «эч күнѳѳм жок эле камап коюшту. Мен Дашковдон 250 миң доллар алган эмесмин. Улан Жураев деген дос балам алыптыр», деп сотто айтып чыкты. Чын эле күнѳѳсүз камакта жатабы?
– Ушунча болду, анда мен сизге тѳкпѳй чачпай окуянын кандай болгонун айтып берейин.
Мелис Аспеков 2020-жылкы президенттик шайлоодо “Садыр Жапаровдун Чүй облусу боюнча штабын башкарып жатам, Садыр Жапаров сурап жатат, жардам бергиле”- деп бизнесмендерден акча топтой баштаган. Чындыгында штаб башчысы болгон эмес.
Ошондо эле биздин кызматкерлер мыйзамсыз иштери боюнча маалымат беришкен. Биз албетте, президентке жеткиргенбиз. Менин билишимче, президент Мелис Аспековко бир эмес, үч жолу: “…андай аферисттик иштериңди токтот. Мени уят кылып жатасын”,- деп эскерткен. Ошондон кийин да токтобостон ошо кездеги “Кыргыз темир жолдору” АК башчысына барып, “Садыр Жапаров сурап жатат, 250 миң доллар шайлоого жардам беришиңиз керек”, – деп «Кыргыз темир жолу» ишканасынын (мамлекеттин) акчасын алып кеткен. Биз маалыматты алгандан кийин дароо эле 7-8 адамды камакка алдык. Арасында Мелис Аспеков дагы бар болчу. Ѳзү эле эмес, жанындагы дос баласы экѳѳ тең камалышкан. Сурак маалында болсо Мелис Аспеков “250 миң долларды мен алган эмесмин, Улан Жураев деген дос балам алыптыр”- деген шылтоого ѳттү. Ал эми Улан Жураев деген досу Мелис Аспеков ѳзү алганын кѳзмѳ кѳз жолугушууда бетине коюп берди. Биз аны камактан чыгардык. Мелис Аспековко мамлекеттин акчасын кайтарып берип, камактан чыга бер деп айтып эле келатабыз. Эгер мамлекеттин акчасын кайтарып берсе, соттон анын жоопкерчилигин жеңилдетүүнү жана чыгарууну сурайбыз. Акчаны мамлекетке кайтарып берип коюп, эркиндикке чыга берсин. Бул жерде эч кандай саясат жок. Акчаны досу Улан Жураев кайтарабы, же ѳзү кайтарабы, айырмасы жок. Мындан сырткары, башка дагы бир топ бизнесмендерден алдамчылык жол менен акчаларды алган экен. Алар баштан кѳздѳн садага дешип, Аспековдун үстүнѳн арыз жазышкан жок.
Дашковдордун мойнунда болсо он миллиондон ашык доллар бар. Темир жолдон уурдалган акчалар. Алар да мамлекеттин акчасы.
Дашков ѳзү бүгүнкү күндѳ ден-соолугуна байланыштуу үй камагында олтурат. Ал дагы мамлекеттин эсебинен уурдаган акчаны казынага кайтарып, жазадан кутулсун. Биз эч кимди абакта кармагыбыз келбейт. Мындан ары кимде ким мамлекеттин казынасынан акча уурдаса, уурдагандарын жүз эсе кылып кайтарышып, анан кутулушат. Канчалаган адамдар уурдаган акчаларын мамлекеттик казынага кайтарышып, темир тордон кутулуп жатышат. Аны баарыңар эле кѳрүп, билип жатасыңар. Уурдаган акчаларын кайтарбаса, анда темир тор артына барат. Элдин байлыгын, мамлекеттин акчасын уурдагандарды мындан ары аябайбыз!

Булак: Kyrgyztoday.kg

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өзбекстандын Мамлекеттик Коопсуздук Кызматынын төрагасы Абдусалом Азизов чек арадагы макулдашыла элек Гавасай участкасын тик учак менен кыдырышты

Бүгүн, 2022-жылдын 17-майында, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев менен Өзбек Республикасынын Мамлекеттик Коопсуздук Кызматынын төрагасы генерал-лейтенант Абдусалом Азизов жолугушту. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Эки өлкөнүн атайын кызматынын төрагалары биргеликте Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы чек ара тилкесиндеги макулдашыла элек Гавасай участкасын тик учак менен кыдырышты.

Тараптар тийиштүү маселелер боюнча өз ара пикир алмашты. Жолугушуу жылуу достук маанайда өттү жана тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2010-жылдагы июнь коогалаңы боюнча сурак берет

Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев 2010-жылдагы июнь коогасына байланыштуу Башкы прокуратурага күбө катары сурак берет. Бул тууралуу башкы прокуратурадан билдиришти. Ташиев качан суракка барары азырынча белгисиз.

2010-жылы июнь коогасы маалында Ташиев Жалал-Абад облусунда жүргөн, ошол жылы күзүндө парламенттик шайлоодо “Ата-Журт” партиясынын тизмеси менен депутат болгон.

УКМК туура бир жыл мурда 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Анда кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган.

Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган.

Расмий маалыматка ылайык, июнь коогасында 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай деңгээлде жараат алган. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у ушул күнгө чейин табыла элек.

2011-жылы Абдыганы Эркебаев башчылык кылган Улуттук комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жүргүзүп, “куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөр, качкын президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары жана кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар сырткы күчтөр себепкер болду”, – деген корутунду чыгарган.

УКМК: КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы ири суммадагы пара алып жаткан жеринен кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 11-мартында КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, T.Б.T.  аттуу жеке ишкерден 90 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен Кыргыз Республикасынын жараны И.А.К. жана Сузак районунун Таш-Булак а/а кызматкери Б.А.И. кармалды. 

И.А.К. КР УКМК төрагасы К.Ташиевдин өкүл баласы болуп туруп, үй-бүлөлүк мамиленин артына жашынып, Сузак районунун Таш-Булак а/а кызматкери Б.А.И. менен сүйлөшүү жолуу аркылуу жеке ишкерден коркутуу жолу менен 120 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталган.

Кармалган жарандар КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 101-беренесине ылайык Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүрүүдө.

Меню