Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү жана аны мамлекеттик бийликтин бардык деңгээлдериндеги кызмат адамдары менен биригүүсү боюнча тынымсыз чаралар көрүлүп жатат, бирок келип түшкөн маалыматтар көрүлгөн чаралардын жетишсиздигин көрсөтүүдө.
Уюшкан кылмыштуулук феномен катары экономиканын жана бүтүндөй мамлекеттик аппараттын динамикалуу өнүгүшүн камсыз кылуу зарылчылыгынын шартында өлкөнүн өнүгүүсүнө тоскоол болуп, улуттук коопсуздукка түздөн-түз коркунуч болуп калды.
Уюшкан кылмыштуулук феномен катары улуттук коопсуздукка түздөн-түз коркунуч келтире баштады, экономиканын жана бүтүндөй мамлекеттик аппараттын динамикалуу өнүгүшүн камсыз кылуу зарылчылыгынын шартында өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдук кылууда.
Коррупциялык компонент кылмышкерлердин мамлекеттик органдардын кызмат адамдары менен биригүүсүнүн негизи болуп, анын ичинде жооптуу кызматты ээлегендер, кее бир учурларда жеке кызыкчылык, ач көздүк, мыйзамсыз баюу мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору турат.
Бул контекстте криминалдык авторитет Камчы Асанбек менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Бакировдун ортосунда улуттук коопсуздук органдары тарабынан белгиленген байланышка өзгөчө көңүл бурууга татыктуу, себеби, Үстүбүздөгү жылдын 25-декабрында ал атайын Чолпон-Ата шаарына уюшкан кылмыштуу топтун лидери менен «Барс» спорттук-эс алуу комплексинде жашыруун жолугушуу үчүн келгендиги аныкталды, бул боюнча далилдүү фактылар бар.
Белгилей кетсек, кылмышкерлер менен мындай байланыштар бир гана чиновниктер эмес, өзгөчө эл өкүлдөрү, бийликти дискредитациялоого, элдин ишенимине доо кетирүүгө жана өлкөнүн жогорку жетекчилигинин экономиканы өнүктүрүүгө жана мамлекеттүүлүктү чыңдоого багытталган аракеттерин нейтралдаштыруу болуп саналат.
Ушуга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик кызматкерлерге, анын ичинде эл депутаттарына кылмыштуу элементтер менен байланышууга жол берилбестигин эскертет, бул алардын кылмыштуу аракеттерине шериктештик катары бааланат.
Үстүбүздөгү жылдын 16-ноябрында КР УКМК Ысык-Көл облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Кыргыз-Кытай чек арасына жакын жердеги (Жети-Өгүз району) “Булат-М” мергенчилик талаасынан кайтып келе жатканда “Карасай” чек ара пунктунан «мыйзамдагы ууру» деп аталган Камчы Асанбек жана анын жакын санаалаш 10 адамы кармалды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан тиешелүү уруксаттары жок чек ара аймагында жүргөндүгү аныкталды. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык К.Асанбек жана анын жанындагыларга карата административдик камакка алуу боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында 8 даана ок атуучу курал (4 «Сайга» карабини жана 4 даана «ПМ» жана «Глок» үлгүсүндөгү тапанча) табылып алынган.
Ошентип, К.Асанбектин жана анын жакын санаалаштарынын иш-аракеттеринде Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 429-беренесин (Мамлекеттик чек ара режимин, чек арага жакын аймактардагы чек ара режимин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу) боюнча кылмыш белгилери көрүнгөн.
Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Бүгүн, 5-сентябрда КР УКМК, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгүндө (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча каралып кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш иштин алкагында, кылмыштуу топту уюштуруп, алардын аракетинде кылмыштын белгилери байкалып, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын системалуу түрдө опузалап алуу боюнча, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү – 1984-жылы туулган Абдулдабеков Эдил Муратович, 1993-жылы туулган Дөөлөтбек уулу Бекзат, 1972-жылы туулган Лепихин Александр Александрович, 1972-жылы туулган Кирчанов Дмитрий Викторович, 1895-жылы туулган Токтакунов Кенешбек Шайлобекович, 2001-жылы туулган Тыныбек уулу Мээримбектер кармалышты.
Бүгүн, 5-сентябрда жогоруда аталган адамдар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул кылмыш иши боюнча тиешелүү атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп, «А.Э.М» таандык кылмыштуу тобунун башка мүчөлөрү аныкталууда.
Жогорудагы адамдардын аракеттеринен жабыр тарткандар болсо КР УКМКнын 0312640475 ишеним телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.
3-октябрда КР УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында, К.Асанбектин уюшулган кылмыштуу тобунун мүчөсү, 1958-жылы туулган «Ф.А.Г.» аттуу Казакстан Республикасынын жараны кармалды.
Кармалган «Ф.А.Г.» буга чейин баңгизат, курал -жарак, каракчылык иштери жана уюшкан кылмыштуу топту түзүү, ошондой эле Казакстан Республикасында, Кыргыз Республикасында жана башка КМШ өлкөлөрүнүн аймагында уурдалган кымбат баалуу унааларды сатууну көзөмөлдөө үчүн бир нече жолу соттолгону аныкталды.
«Ф.А.Г.» УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, анын Кыргыз Республикасынын аймагында башка да кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча атайын иш-чараларды улантууда.