Menu

Каракчылык

Өзбекстандан келип Ошто кытай жарандарын карактап жүргөн 3 өзбек жараны кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрь күнү Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмүнүн Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Кара-Суу шаарында каракчылык кылган жарандар кармалды. Бул тууралу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирет.

Иликтөө иштеринин натыйжасында 11-сентябрь  күнү бул ишке шектүү үч адам кармалды. Алар: Өзбекстан Республикасынын жарандары, Ош шаарынын убактылуу жашоочулары 25-жаштагы М.А., 29 жаштагы А.С., жана Кара-Суу районунун убактылуу жашоочусу 25 жаштагы Н.М., экендиги аныкталган. Кылмышка шектүүлөр Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бул факты Кара-Суу РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-берененин негизинде (Каракчылык) кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Бул кылмышка шектүүлөр төмөндөгү факты боюнча шектүү катары өтүп жатышат.
2022-жылдын 11-сентябрь күнү саат 07:00 чамасында Кара-Суу РИИБге кабар келип түшкөн, анда Кара-Суу шаарынын убактылуу жашоочулары Кытай Эл Республикасынын жараандары 1997-жылы туулган Л. Ц.,  жана 1991-жылы туулган  Л. Ж.,  жашап жаткан батирине бет капчан эки атуул колдоруна бычактары менен куралданып басытырып киршип, үйүнүн ичинен  1500 (бир миң беш жүз) АКШ долларын жана 50 000 (элүү миң) сом болгон акча каражаттарын карактап алып чыгып белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкендигин билдиришкен.
Учурда кылмышка шектүүлөр мындан башка да кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендиги текшерилүүдө. Тергөө ууланууда.

Жалгыз адамды шаардын сыртына алып чыгып сабап, акчасын карактап кеткен эки жаран кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 28-август күнү Сокулук районунун милиция бөлүмүнө Бишкек шаарынын Улуттук хирургия борборунан, 1995-жылы туулган К.М. денесинде жаракаттар менен келгени боюнча маалымат түшкөн. Бул тууралу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя боюнча, эки белгисиз адам түнкү убакытта 1995-жылы туулган К.М. автоунаага салып Сокулук районунун Кун-Туу айылына алып барып, ал жерден денесине залал келтирип, акча каражатын алып, алсыз абалында таштап кетишкени такталды.
Аталган окуя боюнча Сокулук РИИБнүн тергөө кызматында Кыргыз Республикасыынн КЖКнин 207-статьясында (каракчылык) көрсөтүлгөн курам менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында, бул кылмышты жасаган адамдар 1991-жылы туулган М.Д. жана и 1992-жылы туулган К.М. аныкталып, шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.
Тергөө уланып жатат.

УКМК: Кадырбек Досоновдун ("Дженго") кылмыштуу тобунун жана жихадчылар жамаатынын каракчылык жасап жүргөн мүчөсү кармалды

Бүгүн, 25-августта КР УКМКнын Баткен областык башкармалыгы  тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 3-бөлүмүндө каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 267 (Курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча Кызыл-Кыя шаарындагы жихадчылар жамаатынын 3 мүчөсү кармалган:

      – «Г.у.К», 1993-жылы туулган, «Абу Нур» каймана аты бар, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси боюнча соттолгон, жааматтын башчысы; 

      – «П.А.И.», 1981-жылы туулган, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 229-2 1-бөлүгү менен соттолгон, жамааттын руханий насаатчысы болуп саналат, маалыматтар боюнча С.Бурятскийдин террористтик аудио-видео материалдарын таратат («Кавказ Эмираты» ЭТУнун мүчөсү);

      – «К.Д.Р.»,1992-жылы туулган, Кызыл-Кыя шаарында туулган, мурда “Дженго” каймана аты бар К.Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон, жамааттын мүчөлөрүнүн күжүрмөн жана дене тарбия даярдыгы үчүн жооптуу.

      «Абу Нура» кылмыштуу тобу Сириядагы ЭТУнун шериктерине/согушкерлерине материалдык жардам көрсөтүү максатында бир нече жылдын ичинде бир катар каракчылык чабуулдарды жасаган.

      Жашаган жерлеринен тинтүү иштеринин натыйжасында РГД-5 системасынын 3 гранатасы, 7,62 мм калибрдеги – 49 даана, 5,45 мм. – 5 даана. жана 9мм. – 3 даана ок-дарылар, 3 бычак (муздак курал), ошондой эле көп сандагы электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттары жана диний адабияттар алынган. Баллистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен алынган ок-дарылар согуштук деп табылган.

      Кармалгандардын бири Баткен облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, анын эки шериги боюнча теологиялык экспертизанын корутундусу чыгарылып, анын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар көрүлөт.

      Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Ок атуучу курал колдонуп, бирөөнүн «Самсунг» үлгүсүндөгү телефонун, 17500 сом акчасын жана паспортун тоноп кеткен 2 кылмышкер кармалды

Ысык-Ата РИИБнө арыз менен 1982-жылы туулган Ж.Т. аттуу жаран кайрылып, 2022-жылдын 16-август күнү Ысык-Ата районундагы Карагай-Булак жайлоосунда, белгисиз эркек киши менен кыз, ок атуучу курал менен коркутушуп, «Самсунг» үлгүсүндөгү телефонун, 17500 сом акчасын жана өзүнө таандык болгон жарандык паспортун тартып алышып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткендерин билдирген.
Аталган окуя боюнча Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинде (каракчылык) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголуп, кылмыштын бети ачылбай жаткан.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтоо иштеринин натыйжасында, бул кылмышка шектүү болуп 1987-жылы туулган Д.А. жана 2001-жылы туулган А.Д. аттуу жарандар кармалып Ысык-Ата РИИБнүн убактылуу кармоо изоляторуна киргизилишти.
1987-жылы туулган Д.А. аттуу жарандан ок аталган атуучу курал /обрез/ алынды.
Тергөө уланып жатат.

Чүй облусунда ишкердин ири суммадагы акчасын куралдуу тоноп кетишкен УКТ мүчөлөрү кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 16-июнь күнү Ысык-Ата районунун ички иштер органдарына белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен 1989-жылы туулган А.Д. аттуу жаран кайрылган. Ал кайрылуусунда 2022-жылдын 14-июнунда саат 23:40тар чамасында медициналык бет кап кийген белгисиз адамдар тапанча менен кызматкерин коркутуп, Ивановка айылында жайгашкан кампалардын биринен акча каражаттарын ачык эле ээлеп, из жашырып кеткен жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн.
Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн, Чүй ОИИБдин тергөө кызматынын жана Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делип, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган  1993-жылы туулган Б.М., мурда соттолгон 1995-жылы туулган Ю.В., мурда да соттолгон 1996-жылы туулган А.Н., жана 1995-жылы туулган Э.О.  аттуу жарандар кармалышкан.
Учурда кылмышка шектүүлөрлөр  Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.

Аламүдүн районунда чет элдиктердин 3.000.000 сомун карактап кеткендер кармалды

Чүй облустук милициясынын кылмышкерлерди издөө башкармалыгынын жана Аламүдүн раймилициясынын кызматкерлери чет элдиктердин 3 млн сом акчасын карактар кеткен каракчыларды колго түшүрдү. Бул тууралу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Үстүбуздөгү жылдын 31-мартында түнкү саат 03:00 чамасында Аламүдүн раймилициясынын нөөмөт бөлүмүнө Лебединовка айылындагы түстүү металлдарды кабыл алуучу фирмага каракчылар кол салганы тууралу маалымат катталган.

Бул маалымат боюнча дароо раймилициянын ыкчам тергөө тобу кылмыш болгон жерге барган.

Милиция окуя болгон жерде чет элдик жарандар: 1980-жылы туулган Л.К. , 1991-жылы туулган М.Ж., 1994-жылы туулган В.Х. га белгисиз жарандар кол салып, күч колдонуу менен 3 млн сом акчасы бар темир сейф жана видеокөзөмөлдүн маалымат сактоочу дискин уурдап кетишкен.

Милициянын ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышты жасоого шектелип 5 кишиден турган топ кармалды:

-М.Д., 1994-жылы туулган, бул кылмыштын шыкакчысы жана уюштуруучусу.
-А.Н., 1995 -жылы туулган,
-А.Р., 1995 -жылы туулган,
-Г.М., 1995 -жылы туулган, мурун ушул фирмада котормочу болуп иштеп кеткен.
– Ю.Т., 1996 -жылы туулган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, М.Д. бул фирмадагы чет элдиктерге котормочу болуп иштеп жүрүп, аталган кылмышты достору менен пландап, бет каптарды кийишип, темир таяктар менен чет элдиктерди сабашып, акча сакталган сейф менен фирмадагы бардык кыймыл аракетти жазып турган видеокөзөмөлдүн дискин карактап кетишкен.
Азыр кармалгандар абакка алынып, экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Аламүдүн районунда күч колдонуп, бирөөнүн «Самсунг» телефонун тоноп кеткен жаран кармалды

Үстүбүздөгү жылдын май айында Аламүдүн РИИБге 2003-жылы туулган Н.Г. аттуу жаран кайрылган. Ал өз кайрылуусунда, 2022-жылдын 23-май күнү кечки  саат 23:00дөр чамасында,  белгисиз адам тарабынан күч колдонуп телефонун тартып алып качып кеткенин айтып, чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Аламүдүн РИИБнын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип 1999-жылы туулган А.А. кармалган.
Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде катталган.
Учурда ал адам убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Аламүдүн районунда бирөөнү "отвертка менен сайып кетебиз" деп коркутуп, тоноп кетишкен эки каракчы кармалды

14-апрелде Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмчөсүнө 1973-жылы туулган Д.А., арыз менен кайрылган. Ал Ак-Жар конушундагы көчөлөрдүн биринде кимдир бирөөлөр күч колдонуп, отвертка менен коркутууга алып жанындагы 6000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын жана айдоочулук күбөлүгүн тартып алганын айтып чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Аталган факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан 1986-жылы туулган Д.А., жана 1984-жылы туулган О.Ж. бул кылмышты жасаган деген шек менен кармалышкан.
Учурда кылмышка шектүүлөр Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Сокулукта бир үй бүлөнү сабап, 1 млн 200 миң сом акчасын карактап кеткендер кармалышты

Үстүбүздөгү жылдын 10-январында Сокулук РИИБүнө болжол менен саат 22:45 чамаларында Сокулук районунундагы айылдардын биринде каракчылык фактысы болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.
Көрсөтүлгөн дарекке дароо Сокулук РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан.
Териштирүү учурунда 33 жаштагы Е.Н. жана 50 жаштагы М.С. аттуу жарандын үйүнө белгисиз бет капчан адамдар киришип, жыгач таяк менен урушуп, дене жаракатарын келтиришип,  1 200 000 сом акчасын алышып, белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдиришкен.
Бул факты Сокулук РИИБү тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 26 жаштагы Ш.А., 44 жаштагы Х.Р. жана Ю.И. аттуулар кармалышкан.
Шектүүлөрдүн биринин жашаган үйүнө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда 551 миң сом ал эми экинчи шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда 85 миң акча каражаттар табылып алынган.
Териштирүү иштери улантылууда.

Видео - Чүй облустук милициясы бир нече каракчылыкка шектелген жарандарды кармашты

2021-жылдын 5-ноябрь күнү Аламүдүн РИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, Лебединовка айылында каракчылык фактысы болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге дароо Аламүдүн РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Анда 2021-жылдын 5-ноябрь күнү болжол менен таңкы саат 04:20 чамаларында үй ээсинин баласы дааратканага
баратып, экинчи кабатка чыкчу тепкичтен бир нече адамдын көлөкөсүн байкаган. Ал дароо атасын ойготуу үчүн алар жаткан бөлмөгө жөнөгөндө белгисиз адамдар ок атуучу куралдан балага карата ок чыгарышканы маалым
болгон. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде, белгисиз адамдар ашкананын терезеси аркылуу үйгө киргени аныкталган.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, “Коопсуз шаар”, “Таза шаар” долбоорлорунун видео камералары боюнча кароо
жүргүзүлүп, жыйынтыгында шектүүлөрдүн жүргөн автоунаасы аныкталган.
Чүй ОИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1972-жылы туулган М.Э., 1974-жылы туулган Р.И., 1999-жылы туулган А.Ф. жана 1997-жылы туулган Ш.В. аттуулар кармалышкан.
Шектүүлөрдүн бири 1972-жылы туулган М.Э. Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринен кармалып, автоунаасын кароо учурунда кара-куурай жыты менен зат табылган. Андан сырткары жашаган үйүнө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда, кол кап, бет кап, диний китептер,  флеш-карта жана сим карталар алынган.
Дагы шектүү катары кармалган 1974-жылы туулган И.Р. аттуу жарандын жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, “Юнкер-2” үлгүсүндөгү 4,5 калибрлүү курал, кичи калибрлүү мылтык, газ тапанча, “Револьверь” үлгүсүндөгү
белги берүүчү тапанча, бычактар, бет кап, кол кап, дүрбү,  диний багыттагы китептер жана баракчалар, флеш-карталар, ноутбук, 2 даана жасалма чач, газ куюлган баллончо алынган.
Дагы, белгилеп кетүүчү жагдай, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө  амалдарынын натыйжасында, шектүүлөр Аламүдүн районунун Лебединовка айылында дагы ушул сыяктуу каракчылык фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган. Анда үстүбүздөгү жылдын 26-август күнү таң эрте Т.Б. аттуу жарандын үйүнө бейтааныш адамдар киришип, анын колу-бутун скотч менен байлашып, белгисиз үлгүдөгү курал такап, акча талап кылышып, кийин анын короосунда токтоп турган «Хонда СРВ» үлгүсүндөгү автоунаасын айдап кетишкен. Ал автоунаа кийин Бишкек шаарынын аймагынан табылган.
Кармалган жарандардын Аламүдүн районунун аймагындагы эки каракчылык фактысынан сырткары дагы үч каракчылык фактысына тиешеси бар экендиги такталган. Алардын эки фактысы Бишкек шаарынын аймагында болсо, Жалал-Абад облусунда бир каракчылык фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган. Булардан сырткары Бишкек шаарынын аймагында 3 уурулук фактысына тиешеси бар экендиги такталган.
Шектүүлөрдүн дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүүлүдө.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

Меню