Menu

Кара-Кече» көмүр кени

Кумтөрдөн түшкөн акча маселеси парламентте көтөрүлдү

Кыргызстандын ири каржы булактарынын акчасынын максаттуу пайдаланылышы тууралуу маселе 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлдү.

Депутат Эмил Токтошев абанын булганышын алдын алуу долбоорун каржылоого мамлекеттен жардам керек болуп жатканын белгилеп, Кумтөрдүн акчасы боюнча айтты:

“Профессор Арстанбек Асанов үч-төрт жылдан бери долбоор көтөрүп жүрөт Кара-Кеченин көмүрүн байытып берейин, брикет кылалы, ошону сатсак газ чыкпайт деп. Ага көңүл бурган киши жок. Ошол заводдун 50 миң тонналык көмүргө эсептелген биринчи этабына болгону 3-4 миллион доллар акча керек экен. Мына, Кумтөрдүн акчасын эмне кылдык? “Улуу көчмөндөр мурасынын” миллиард сомунун изи чыкпай жатат. Улуттук банк валюта кармайм деп 500 миллион долларга чейин чачып жиберди. А биз ден соолук үчүн ушул 3-4 миллионду таппай жүрөбүз”.

Соңку күндөрү Бишкекте ыш маселеси кайра күчөп, борбор калаа дүйнөдөгү абасы булганган шаарлардын үчилтигине кирди.

Башкы прокуратура Кумтөр кениндеги иштерди быйыл август айында текшере баштап, үч кылмыш ишин козгогон жана мамлекетке 1 миллиард сомдук зыян келтирилгени маалымдалган. Ошондо 2021-жылы сатылган 19,2 тонна алтындын дайыны тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Кыргызстан алтынын кайсы убакта кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы тууралуу маалыматты ачыктабай турганын 27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров билдирген. Ал ар бир доллар, ар бир грамм алтын үчүн ишкана өзү жана “Кыргызалтын”, Улуттук банк керт башы менен жооп берерин, бул жагынан эл эч кам санабай эле койсо болорун айткан.

Президент Садыр Жапаров “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингин былтыр жыл аягында түзгөн, ал бир жылга жетпей жоюлду. Депутат Дастан Бекешев холдингдин айынан Кыргызстан 700 миллион сом чыгашага учураганын айтып чыкты. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул боюнча түшүндүрмө берип “Бул акчанын баары эле кайра биздин бюджетке келип түшөт” деп айтты.

«Кавак» улуттук компаниясы» ачык акционердик коому түзүлдү

«Кавак» улуттук компаниясы» ачык акционердик коому түзүлдү. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

«Кавак» улуттук компаниясы» ачык акционердик коому Кара-Кече жана Миң-Куш кендерин натыйжалуу иштетүү тутумун уюштуруу максатында түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд уставдык капиталы 1 000 000 (бир миллион) сом өлчөмүндө аныкталган «Кавак» улуттук компаниясы» ААКтын уюштуруучусу катары саналат.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна төмөнкүлөр тапшырылды:

«Кавак» улуттук компаниясы» ААКтын уставын бекитсин жана «Кавак» улуттук компаниясы» ААКты Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоо жүргүзсүн;

– баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда «Кавак» улуттук компаниясы» ААКтын уюмдаштыруу чыгарылыштагы акцияларынын мамлекеттик каттоосун камсыз кылсын.

УКМК: Кара-Кечеде айдоочулардын кезектешүүсүнөн улам үчүнчү күчтөр тараптан эки жакты кагылыштыруу максатында чагымчылдык аракеттер уюштурулган

Кечээ, 22-декабрда Жумгал районунда орун алган “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Кара-Кече” көмүр филиалынан көмүр алуу кезегин күтүп жаткан айдоочулар арасында чагымчыл адамдардын иш аракеттеринин натыйжасында келишпестиктер болуп, КР УКМК “Атайын кызматтын” кызматкерлери айдоочулар ортосунда болгон жаңжалды жөнгө салган.

Ошол эле күнү жергиликтүү бийлик жана күч органдары тарабынан айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүү учурунда, айдоочулар “Атайын кызматтын” кызматкерлеринин коопсуздукту сактоо ишин улантышын суранышты.

Азыр абал турукташып, “Кара-Кече” көмүр филиалынан көмүр алуу иштери жүрүүдө.

“Кыргызкөмүр” МИнын “Кара-Кече көмүр” филиалынан көмүр алүү кезегин күтүп жатышкан айдоочулар менен КР УКМКнын “Атайын кызматтын” кызматкерлери чырдашып кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Айдоочулардын кезектешүүсүнөн улам үчүнчү күчтөр тараптан эки жакты кагылыштыруу максатында чагымчылдык аракеттер уюштурулган.

Учурда абал туруктуу. Жеринде укук коргоо органдары бул иш боюнча иш алып барып жатат.

«Кара-Кече» кенинен жылына 600 млн сомдон ашык көмүр уурдап жүрүшкөн "Кыргызкөмүр" ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев камакка алынды

Кыргыз Республикасынын УКМК Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы менен биргеликте “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасында көмүрдү өндүрүүнүн көлөмүн аз көрсөтүү менен көмүрдү уурдоо коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги пайда көрүү максатында “Кара-Кече” кенинен казылган көмүрдү сатууда туруктуу коррупциялык схеманы түзүшкөнү аныкталды. Кийинчерээк чийки заттар көзөмөлдөгү компаниялар аркылуу ар кандай керектөөчүлөр, анын ичинде Бишкектеги ЖЭБге сатылган.

Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция жүргүзгөн экспертизанын жыйынтыгына ылайык, мамлекеттик ишкана тарабынан казылган көмүрдүн көлөмү жылына болжол менен 600 млн. сомдук 370 миң тоннадан ашык аз көрсөтүлгөнү аныкталган.

2021-жылдын 03-августунда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директору “А.К.Ы.” жана “Кара-Кече” филиалынын бухгалтери “Д.Р.Э.” кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Меню