Menu

Кемпир-Абад суу сактагычы

Садыр Жапаров: Биз кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чынында тарыхый окуя

«Бүгүн биз кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чынында эле тарыхый окуя. Биз чек ара маселелери боюнча диалогго жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө даяр экенибизди көрсөттүк.

Чек ара маселелерине чекит коюу менен биз келечек муундарыбыздын туруктуу, ишенимдүү өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү үчүн бекем пайдубалды түптөйбүз деп ишенем”,- деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-январда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен анын өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында, кеңири форматта жолугушуусунда баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Урматтуу Шавкат Миромонович,

Урматтуу Өзбекстан Республикасынын делегациясынын мүчөлөрү,

Дагы бир жолу Бишкекке кош келиңиздер. Меймандос кыргыз жергесине Сиздин мамлекеттик сапар менен келишиңиз бизге зор кубаныч тартуулайт.

Кыргызстан боордош Өзбекстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө ар дайым өзгөчө маани берет. Биз үчүн Өзбекстан ынак коңшу, чыныгы дос жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөш.

Муну салт болуп келгендей өз ара түшүнүшүү жана конструктивизм духунда абдан жылуу, ачык жана достук маанайда өткөн биздин бүгүнкү жолугушуубуз дагы бир жолу далилдейт.

Баарынан мурда бүгүнкү күндө биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер жогорку, стратегиялык деңгээлде экендигин дагы бир жолу абдан кубануу менен белгилегим келет.

Биздин мамлекеттердин ортосунда эч кандай саясий карама-каршылыктар жок. Биргелешкен күч-аракеттер менен биз достуктун, бир туугандыктын жана ынак коңшулуктун негизинде эки тараптуу кызматташтыктын бүткүл чөйрөсүн мындан ары да кеңейтүүнү камсыз кыла турганыбызды так түшүнүп турабыз.

Мамлекеттер аралык мамилелерде маанилүү роль ойногон эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштары барган сайын алдыга өнүгүүсүн улантууда.

Бүгүн биз кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чынында эле тарыхый окуя.

Биз чек ара маселелери боюнча диалогго жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө даяр экенибизди көрсөттүк.

Чек ара маселелерине чекит коюу менен биз келечек муундарыбыздын туруктуу, ишенимдүү өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү үчүн бекем пайдубалды түптөйбүз деп ишенем.

Урматтуу Шавкат Миромонович, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маанилүү маселелерди чечүүдө Сиздин баа жеткис ролуңузду белгилегим келет.

Өзгөчө көңүл бура турган нерсе – ушул мамлекеттик визиттин алкагында Келишимди ратификациялоо грамоталарын алмашуу менен бул маанилүү окуя бекемделет.

Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюу менен өз ара мамилелерибизди кызматташтыктын болуп көрбөгөндөй деңгээлине чыгарабыз.

Урматтуу Шавкат Миромонович,

Үстүбүздөгү жыл Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердеги мааракелик жыл катары өтөт. Тагыраагы келерки айда, 16-февралда биз өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилейбиз.

Мааракелик жылда союздаштык мамилелер жөнүндө Келишимге кол коюу менен мамлекеттер аралык мамилелердин статусун көтөрүүнү жана мамлекет башчыларынын деңгээлинде Жогорку мамлекеттер аралык кеңешти түзүү маанилүү деп эсептейм.

Тиешелүү документтерди даярдоону эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтерине тапшырууну сунуштайм.

Урматтуу Шавкат Миромонович,

Биз соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана эки тараптуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча биргелешкен ишибизди улантууну көздөп жатабыз.

Акыркы жылдары өз ара соодада оң динамика байкалууда. Ошону менен бирге биз бул жаатта бизде пайдаланылбай жаткан олуттуу потенциал бар экендигин моюнга алышыбыз керек.

Буга чейин жетишилген макулдашуулардын алкагында бүгүн биргелешкен ири инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүүнү караштырган эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Биздин өлкөлөрдүн Вице-премьер-министрлери баш болгон ыйгарым укуктуу органдар тоо-кен тармагында, өнөр жай кооперациясында, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүдө, энергетикада, курулушта, инфраструктурада жалпы суммасы бир жарым миллиарддан ашык АКШ долларына биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча чоң иштер аткарылды.

Биздин өлкөлөр биргелешип ишке ашыра турган долбоорлордун акча суммасы таасир калтырат.

Пландаштырылган долбоорлор жакынкы аралыкта толугу менен ишке ашат деп ишенем.

Албетте, инвестициялык долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашыруу үчүн каржылоо талап кылынат. Бул багытта Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүктөрүн колдонсок болот.

Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун алкагында Жалал-Абад облусунда пахтаны кайра иштетүү, текстиль өндүрүшүн, соода-логистикалык борборлорду түзүү, анын ичинде Кызыл-Кыя шаарында, ошондой эле бир катар чакан ГЭСтерди куруу боюнча биргелешкен ишкананы каржылоонун маанилүүлүгүн белгилегим келет.

Фонд өлкөлөрүбүздүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетүү үчүн натыйжалуу аянтча болуп калат деп күтөбүз.

Биргелешкен долбоорлор биздин өлкөлөрдүн чек арага жакын аймактарынын калкынын жана өнөр жайынын керектөөлөрүн камсыздайт, ошону менен бирге логистикалык чынжырды өнүктүрүү жана башка тармактардын өнүгүү потенциалын ачуу менен эки тараптуу кызматташууга жаңы дем берет, деп ишенем.

Биз ошондой эле ишкерлер менен өлкөлөрүбүздүн аймактарынын ортосундагы түз бизнес байланыштарды кубаттайбыз.

Бир күн мурун, 26-январда биздин өлкөлөрдүн бизнес-коомчулугунун 200дөн ашык өкүлдөрүнүн катышуусунда “Кыргызстан-Өзбекстан” чоң бизнес-форуму өтүп, анда кызматташуу маселелери талкууланып, келечекке чоң милдеттер коюлду.

Ушуга байланыштуу мен Сардор Уктамович менен Акылбек Үсөнбековичтин бул форумга катышканы үчүн ыраазычылык билдиргим келет.

Кыргыз Республикасы өзбек ишкерлери үчүн ар дайым ачык жана алардын демилгелерин жана долбоорлорун ар тараптуу колдоого, аларды ишке ашырууга максималдуу жардам көрсөтүүгө жана инвестицияларды коргоого даяр.

Урматтуу Шавкат Миромонович,

Учурдагы дүйнөлүк тартиптин шарттарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн транспорттук-логистикалык инфраструктурасын глобалдык транспорттук түйүндөргө жана коридорлорго интеграциялоо үчүн күч-аракеттерди жумшоо өтө маанилүү.

Кыргызстан эл аралык маанидеги автомобиль жолдорун жакшыртуунун үстүндө иштеп жатат. Күн тартибинде өлкөнүн ичиндеги темир жолдорду реконструкциялоо жана трансконтиненталдык магистралдарга жеткирүү маселеси турат.

Муну айтуу менен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун биргелешип куруу боюнча биздин пландарыбыздын актуалдуулугун белгилегим келет.

Региондун өлкөлөрүн бириктирүүчү жаңы транспорттук-коммуникациялык коридорлорду түзүү – биздин мамлекеттердин региондук соода тармактарын деңиз жолдору менен дүйнөлүк соода рынокторуна туташтыруу жагынан мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Урматтуу Шавкат Миромонович,

Аймакта чек ара ортолук туризми популярдуу болуп жатканын да белгилей кетүү керек. Бул чет элдик туристтерге нукура жашоо образына сүңгүп, биздин өлкөлөрдүн калкынын маданиятын, улуттук табитин жана салттарын туюп-билүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берүүнүн эң мыкты жолу.

Бул максатта эс алуу зоналарын (Ысык-Көл, Жалал-Абад), ошондой эле кышкы (Чуңкурчак, Каракол) жана руханий туризмди (Самарканд, Бухара, Хива) өнүктүрүү жаатында биргелешкен туристтик продукцияларды жасоону сунуштайм.

Кыргыз тарап жаңы туристтик маршруттардын келечегин изилдөө үчүн биргелешкен экспедицияларды уюштуруу, бирдиктүү виза алуу, заманбап Улуу Жибек Жолунун боюнда биргелешкен туристтик продукцияларды жаратуу, геопарктарды түзүү сыяктуу биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жаатында кызматташууну өнүктүрүү – маанилүү деп эсептейт.
Урматтуу Шавкат Миромонович,

Маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыктын активдүү динамикасын канааттануу менен белгилегим келет .

Быйылкы жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын маданият күндөрүн өткөрүү пландалып, бул өлкөлөр ортосундагы гуманитардык байланыштарды чыңдоого чоң салым кошот.

Жакынкы арада Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыка-драма театрынын 100 жылдыгына карата капиталдык оңдоо иштери аяктайт.

Анын ачылышын биздин өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулганынын 30 жылдыгын майрамдоого карата ылайыкташтыра алабыз.

Учурдан пайдаланып Кыргызстандын Баткен облусунда эки орто мектептин курулушу аяктагандыгына байланыштуу Сизге ыраазычылык билдирем .

Бул мектептердин курулушу – биздин элдерибиздин достугунун жана ынак кошуналыктын ачык-айкын далили, муну Кыргызстандын туштүк аймагынын жашоочулары чоң ыраазылык менен кабыл алышты.

Мындай социалдык маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу биздин элдерибиздин ортосундагы достукту жана жалпы эле кыргыз-өзбек мамилелерин чыңдоого жардам берет деп ишенем.

Урматтуу Шавкат Миромонович,

Сөзүмдүн аягында эки өлкөнүн элдеринин ортосунда калыптанып калган, жалпы тарыхка жана маданиятка, өз ара түшүнүшүүгө жана ишенимге негизделген достук жана боордоштук байланыштар биздин алдыга, жалпы максатка — элдерибиздин өсүп-өнүгүшүнө жана жыргалчылыгына карай биргелешип жылууга жардам берерине терең ишенгенимди билдиргим келет.

Көңүл бурганыңыздарга рахмат!».

Адвокат: Кемпир-Абад боюнча камалгандардын ишине "жашыруун" макамы берилди

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандардын кылмыш ишине “жашыруун” деген макам берилгенин 18-январда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын адвокаты Гуляна Убалиева билдирди.

Жактоочу ишке мындай макам берүүгө негиз жок болгонун, кармалгандардын да, алардын адвокаттарынын да укугу бузулуп жатканын белгиледи.

“Тергөө тобунун башчысы ишке жашыруун деген макам берилгенин жарыялады. Азырынча ал токтомду көрө элекпиз, жакынкы күндөрү көрсөтөбүз дешти. Албетте, биздин укугубуз бузулууда. Жашыруун кылууга негиз жок болчу”, – деди Убалиева.

Ишти тергеп жаткан ички иштер органдары азырынча бул тууралуу комментарий бере элек.

Былтыр октябрда Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразылык билдиргендердин жыйыны өтүп, натыйжада курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын отузга жакыны камакка алынган. Баары тең азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө. Ошол эле маалда камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну бийликти сындаганы үчүн саясий куугунтук деп атап жатышат.

Биринчи Май райондук сотунун аларды февраль айынын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

“Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров аталган иш боюнча камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен” деп айткан.

Акылбек Жапаров 2022-жылдагы үч маанилүү окуяны атады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде өткөн жылдагы маанилүү үч окуя катары Кумтөрдүн мамлекетке алынышын, Кемпир-Абад жана Баткендеги чек ара маселелерин атады.

Ал Кумтөрдүн толугу менен мамлекетке өтүшү экономикалык эле эмес, руханий жактан да утуш болгонун, муну “элдин мүлкүн басып алган тышкы душманды гана эмес, ички душманды да – өз коркуусу, өз күчүнө ишенбөөчүлүк менен жеңүү” деп баалаган.

Кемпир-Абад боюнча да туура чечим кабыл алынганын, бул маселени шылтоо кылып, бийликке келүүнү көздөгөндөр болгонун айткан.

“Баткен аскердик конфликт катары эл, мамлекет үчүн чоң жана чыгашалуу сыноо болду. Биз андан татыктуу өттүк. Жабыркагандарга жардам берүү үчүн мамлекет керектүү каражаттарды табууга жетишти”, – деди Акылбек Жапаров Баткен тууралуу айтып жатып.

Ал былтыр бюджеттин кирешеси көбөйгөнүн, куралдуу күчтөрдү күчтөндүрүү иштерин жана айлык, пенсиялардын жогорулаганын өкмөттүн жетишкендиги катары белгилеген.

  • Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.
  • Президент Садыр Жапаров 29-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычын чогуу пайдалануу тууралуу эки мыйзамга кол койгон. Суу сактагычтын жеринин берилишине каршы чыккан 20дан ашуун адам ушу тушта “төңкөрүш жасоого аракеттенген” деген жүйө менен камакта отурат.
  • Былтыр 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы масштабдуу жаңжал ондогон адамдын өмүрүн алган. Эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган окуядан Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылып, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Эки тараптан тең кагылышуудан каза тапкандар арасында балдар бар

Ачкачылык жарыялаган абактагы аялдар кайрылуу жолдошту

Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, жапырт кармалган активист аялдар Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Перизат Суранова, Орозайым Нарматова 14-декабрдан тарта ачкачылык жарыялап, эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочуларга, уюмдарга кайрылуу жолдошту.

“Бизди ачкачылык акциясын баштоого түрткөн негизги себеп – саясатчылардын, активисттердин, журналисттердин жана блогерлердин кеңири чөйрөсүнө карата жасалган массалык саясий репрессиялар, негизсиз кылмыш иштерин козгоо, адилетсиздик жана мыйзамсыздык. 2022-жылдын 23-октябрынан бери биз куугунтуктоо максатында ашынган, оор кылмыш – массалык башаламандык уюштурууга даярданган деген айыптын негизинде абакта отурабыз. Сөз эркиндигине, биригүү эркиндигине, тынч чогулуштарды өткөрүү эркиндигине болгон укукту мыйзамдуу түрдө ишке ашыруу тергөө органдары тарабынан кылмыштуу аракет катары таанылып, ошол эле учурда 23-октябрдан бери тергөө органдары айыпталуучуларга карата эч кандай тергөө амалдарын жүргүзбөгөнү, кылмыш ишинини негизсиз экенин ачык эле тастыктап турат. Ага карабастан Биринчи май райондук соту бизди камакта калтырууну 2023-жылдын 22-февралына чейин узартты. Кыргызстандын жетекчилиги биздин укуктарыбыз менен эркиндигибизди басмырлоого, саясий оппозицияны куугунтуктоо менен Кыргыз мамлекетинин демократиялык негиздерин системдүү түрдө талкалап жатканын, биздин республикада президенттик авторитаризм эле орноп калбастан, анын эң жаман көрүнүшү – террористик ыкмаларга таянган залимдик формасы орун алууда”, – деп жазылган кайрылууда.

Камалгандар ушул тапта жалпыга таандык демократиялык баалуулуктар жана мыйзамдын үстөмдүгү үчүн күрөшүүнүн жалгыз, акыркы мүмкүнчүлүгү катары ачкачылык жарыялоону туура көрүп жатышканын билдиришкен. Алар ачкачылыктан келип чыкчу кесепеттерге президент Садыр Жапаров, УКМКнын Төрагасы Камчыбек Ташиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, башкы прокурор Курманкул Зулушев, бир катар тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор жооптуу болорун эскертишти.

13-декабрда камактагы саясатчы Бектур Асанов камактагылар жапырт ачкачылык жарыялаша турганын айткан. Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-13-декабрда “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан 20дан ашык саясатчы, блогер, активисттердин камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты.
Камакта отургандардын бир тобу сотто суракта Кемпир-Абад боюнча эмес, мамлекеттик төңкөрүш аракети тууралуу соболдор берилип жатканын айтып чыгышты.

Камактагы мөөнөтү узартылган 20дан ашык кишинин арасында алты аял бар. Алардын баарын 23-28-октябрь аралыгында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жапырт кармап, эки айга тергөө абагына камакка алган.
ИИМ мунун себебин “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде түшүндүргөн. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.
Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин камалгандарды бошотууга, сөз эркиндигине куугунтукту токтотууга чакырып келет.

АКШ Мамкатчысы кыргыз-өзбек чек ара келишимин кубаттады

Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 12-декабрда Вашингтондо Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алып, кыргыз-өзбек чек арасындагы макулдашылган келишимди кубаттай турганын айтты.

“Мен ар дайым АКШ Өзбекстандын аймактык бүтүндүгү менен эгемендигин кубаттай турганын билдирем. Чындап эле Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасын демаркациялоого жетишкени үчүн кол чапкым келет. Бул аймактагы башка өлкөлөргө чек ара маселесин дипломатиялык жол менен чечүү мүмкүн деген күчтүү сигналды берет. Диний ишенимге эркиндик, мажбурлап иштетүүнү токтотуу боюнча Өзбекстан жүргүзүп жаткан реформаларды баалайм, Ооганстан тууралуу да талкуулай турган маселелер көп”, – деди Блинкен.

12-14-декабрда Владимир Норов АКШга барып, Өзбекстан менен АКШнын стратегиялык өнөктөштүк диалогу аттуу жыйынга катышат.

Буга чейин Кыргызстандын жана Өзбекстандын президенттери кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга кол коюшкан.

Процедурага ылайык, мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Ратификациялоо маселеси Жогорку Кеңеште 17-ноябрда дароо үч окууда каралып, кабыл алынган. 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берген.

Өзбек парламенти – Олий Мажлистин Сенаты келишим менен макулдашууну 18-ноябрда жактырган. Документке 100 сенатордун баары бир добуштан макул болушкан.

Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу “жапырт башаламандык уюштурууга даярданды” деген шек менен 30дай адам камакка алынган. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу “чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын” билдирип келет. Укук коргоочулар жана эл аралык коомчулук кармалгандарды бошотууга үндөп жатат.

Кемпир-Абад иши: Айбек Бузурманкулов менен Али Шабдандын камактагы мөөнөтү узарды

“Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан активист Али Шабдан жана Талас облусунун мурдагы губернатору Айбек Бузурманкулов 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырылды.

Мындай чечимди 12-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын соттун басма сөз кызматы билдирди.

Ушул эле күнү райондук сот активисттер Илгиз Сарылдык уулунун (Шаменов), Чыңгыз Капаровдун, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевдин, журналист Айданбек Акматовдун камактагы мөөнөтүн кийинки жылдын 20-февралына чейин узарткан.

Ушул эле иш боюнча Нурлан Асанбеков 20-февралга чейин үй камагында калган.

9-декабрда саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү 23-февралга, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жарандык активист Орозайым Нарматованын мөөнөтү 20-февралга чейин узарган.

23-28-октябрь күндөрү Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 30га жакын адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

Жогорку Кеңеш депутат Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышын мыйзамсыз деп тапты

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнө байланыштуу маселени караган депутаттык комиссия ишин жыйынтыктап, анын корутундусун бүгүн 1-декабрда парламент жабык талкуулады.

Натыйжада кабыл алынган токтомдо Министрлер кабинетинин төрагасына президенттин Иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Усенованы иштен алуу маселесин кароо сунушталды.

Ошону менен катар Иш башкармалыгынын жетекчилери Өмүрбек Бакировдун депутаттык кол тийбестигин одоно бузгандыгы белгиленип, Башкы прокуратурага аларга карата жазык мыйзамдарына ылайык катуу чара көрүү тапшырмасы берилди.

Бакировдун өзү журналисттерге “Бул жерде маселе кабинетте эмес, депутаттын жеке иш бөлмөсүнө мыйзамсыз кирген адамда болуп жатканында” деп, токтом тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:

“Анда менин кабинетиме мыйзамсыз кирип, кагаздарымды чыгарып салган адамга укуктук баа берилсин деп жазылды. Менин иш бөлмөмдү алууга эч кимдин укугу жок. 2021-жылы декабрда келгенибизде депутаттык комиссия түзүлүп, бөлмөлөр фракция лидерлерине бөлүнүп берилген. Фракция лидерлери бизге, депутаттарга бөлүп берген. Чечим бүгүнкү күндө күчүндө”.

Депутат анын иш бөлмөсүнө башка депутат киргени тууралуу маалыматты төгүндөп, “Кабинет жабык турат. Буюмдарымдын жарымы ошол жакта, жарымы кайсы кабинетте экенин билбейм. Азыр кесиптештеримдин иш бөлмөсүндө иштеп жатам” деп айтты.

Бакировдун Ак үйдүн 7-кабатындагы кызматтык бөлмөсү өткөн аптада алмашкан. Анын алдында Элмира Усенованын колу коюлган кат жарыяланып, анда “Жогорку Кеңештин ишин оптималдаштыруу жана жумуш орундарын иретке салуу максатында 7-кабаттагы 705-бөлмөнү 18-ноябрда саат 13:00гө чейин бошотууңузду өтүнөм” деп жазылган. Катта эл өкүлүнө башка бөлмө берилери да көрсөтүлгөн.

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө депутаттын кызматтык бөлмөсүнөн буюм-тайымдары сыртка чыгарылып койгону тартылган видеолор, бул окуя Бакиров 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасы талкууланып жатканда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткенден кийин болуп жатканы тууралуу комментарийлер жарыяланган.

Жогорку Кеңеште эки күндүк кызуу талаш-талкуудан кийин 24-ноябрда Бакировдун иш бөлмөсү алмашкан окуяны иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Элвира Сурабалдиева чек ара келишимин колдобогон депутаттарга кысым башталганын билдирди

Жогорку Кеңештин 24-ноябрдагы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева кыргыз-өзбек чек ара келишимине каршы добуш берген депутаттарга коркутуу, кысым башталганын айтып чыкты. Ал спикер Нурланбек Шакиевге кайрылып, парламент өкүлдөрүн коргой албай жатканын сынга алды.

“Кемпир-Абаддын берилишине каршы добуш берген депутаттарга корутуп-үркүтүү болуп жатат. Бизди коргой албасаңыз, анда биз сизди эмнеге шайладык? Баса, кечээ менин туулган күнүм болду, урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич (Ташиев), белегиңизди эч качан унутпайм. Менин инимди “иш козгойм” деп коркуткан УКМКнын кызматкерлерин да унутпайм. Кечээ каршы добуш берген депутаттардын баары менен сүйлөшсөм, баарынын мамлекеттик кызматта иштеген туугандарын, жакындарын жумуштан алып жатыптыр. Менин жакын туугандарымдын арасында мамлекеттик кызматта иштегендери жок, бирок алыскы туугандарымды иштен алып жатыптыр. УКМК ушуга чейин барсаңар, оокатыңарды, бизнесиңерди тартып алам десеңер, бул Бакиевдердин тушунда да болгон эмес. УКМК менин туугандарымдын бизнестерине келип, “ал кызды тыйынсыз калтырам, талаада калтырам” деп коркутуп жатыптыр. Баарыңар табакташ болуп отуруп алып, бизди бир-бирден атып эле салбайсыңарбы?”,-деди Сурабалдиева.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алган. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берди.
Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишим да колдоо тапкан.
Процедурага ылайык, мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Келишимге ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар – мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.
Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы, активисттер “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакка алынды. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.

Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялады

Жогорку Кеңеш 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алды. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берди.

Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишим да колдоо тапты.

Процедурага ылайык, мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Жыйынга президент Садыр Жапаров катышып: “Эч коркпоңуздар. Биз туура жолдо кетип баратабыз. Жер берип жаткан жокпуз. Тескерисинче, мурдагылар берип жиберген жерлерди кайтарып алуудабыз”,- деп айтты.

Келишимге каршы пикирин билдирген депутат Адахан Мадумаров он мүнөт сөз берүүнү өтүнүп, колунда үч томдук архивдик документтер бар экенин айтты.

“Сабаттуу деген Усубалиев, Сүйүнбаев, Разаков бир да жер бербегенин далилдеген документтер турат… Алардын баарын катып коюп, көзүңүзгө көрсөтпөй жатышат да, урматтуу кесиптештер”, – деди Мадумаров. Бирок ага сөз берилген жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кооптонууга негиз жок экенин, чек араны тактоо иши жеңил болбогонун айтып, келишимге кол коюлса Кыргызстандын аянты 15,5 миң гектарга көбөйөрүн билдирди.

Келишимге ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар – мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.

Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы, активисттер “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакка алынды. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.

Бишкекте Кемпир-Абад боюнча нааразылык акция өтүүдө

17-ноябрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы нааразылык акция өтүп жатат.

Жыйырма чакты киши Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрбөөгө чакырышты.

Ушундай эле талап коюлган акция Ош облусунун Өзгөн районунун акимчилигинин алдында да өтүп жатат.

Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун карап жатат.

Президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев Өзбекстан менен чек араны тактоодо Кыргызстан утушта экенин айтышты.

Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.

Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы, активисттер “массалык башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакка алынды. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.

Меню