Menu

Кемпир-Абад суу сактагычы

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кемпир-Абаддын суусун кош башкаруу боюнча кыргыз-өзбек макулдашуусунун долбоорун жактырды

Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 31-октябрда көпчүлүк добуш менен жактырды.

Добуш берүү учурунда депутаттар Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков жана Нуржигит Кадырбеков маселенин каралышына каршылык көрсөтүп, жыйындан чыгып кетишти.

Комитеттин мүчөсү Адахан Мадумаров макулдашуунун долбоорунда Кыргызстанга Өзбекстан тараптан бир топ татаал шарттар коюлганын журналисттерге билдирди:

“Биз сууну камсыз кылып беришибиз керек экен. Сууну тазалап да беришибиз керек экен. 900-горизонталдан ашпайт деп атышпайбы, жок, форс-мажордук кырдаалдарда андан ашып кетүү ыктымалдыгы да айтылып жатат”.

Өкмөт, бийлик тараптан макулдашуу тууралуу комментарий бериле элек.

Долбоор комитетте жабык каралды. Документти комитеттин жыйынына Айыл чарба министрлиги алып келди. Долбоорду жабык кароого комитеттин он мүчөсүнүн үчөө – депутаттар Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков жана Нуржигит Кадырбеков каршы болушту.

Комитет 10-октябрда кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган. Комитеттин ошол кездеги төрагасы, депутат Чыңгыз Айдарбеков долбоорго каршы добуш берип, тиешелүү чечимге кол коюудан баш тарткан. Ал муну чек ара келишимине байланыштуу депутаттарга тиешелүү документтер толук берилбегени менен түшүндүргөн.

Көп өтпөй Айдарбеков комитет төрагалыгынан кетип, ордуна депутат Улан Примов шайланган. Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Чыңгыз Айдарбеков Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи дипломатиялык рангынан да ажыратылган.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан жыйырмадан ашуун адам өткөн аптада кармалып, азыр тергөө абактарында отурат.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.

Кемпир-Абад: абактагы айымдарды бошотууга чакырышууда

Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту 29-октябрда экс-депутат, жарандык активист Орозайым Нарматованын бөгөт чарасын карап, аны эки айга камакта калтырды.

Нарматованы кошкондо Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы пикир айтып кармалган аялдардын саны алтыга жетти.

Орозайым Нарматовага Кылмыш кодексинин 36-278-беренеси (массалык башаламандык уюштурууга даярдык) менен кылмыш иши козголгонун анын курбусу Назира Алибекова журналисттерге билдирди. Ал Нарматовага коюлган айыпты, кармалышын мыйзамсыз деп эсептерин айтты:

“Мен анын ар дайым жанында жүргөн жакын курбусу катары айта алам, Орозайым эч кандай чакырык жасаган эмес. Уюштуруу иштерине аралашкан эмес. Ал жөнүндө бир дагы сөз болгон эмес. Ал болгону өзүнүн жарандык позициясын билдирген. Конституцияга ылайык, ар бир адам жарандык позициясын билдирип, оюн эркин айтууга укуктуу. Орозайымга эл аралык издөө жарыялап, аны Орусиядан кармап кеткени туура эмес. Орусиянын күч органдары аны кармап кеткенде биз бул жактан дагы адвокат жалдаганбыз. Алар дагы анын мыйзамсыз кармалганын айтышты. Орозайымдын эч кандай күнөөсү жоктугун ишенимдүү айта алам жана бул саясий куугунтук экенин баса белгилейм”.

Нарматованы кошкондо Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы пикир айтып кармалган аялдардын саны алтыга жетти. Ал арада жарандык коомдун өкүлдөрү, укук коргоочулар жана активисттер баш болгон 80ден ашуун адам бийликке кайрылды.

“Биз Кемпир-Абадды коргоо комитетинин жыйынында катышуучулар тынчтык митинги тууралуу гана сөз кылганына ишенебиз. Тынчтык жыйындары зомбулук жана курал колдонуу максатын көздөбөйт. Мамлекеттик органдар чогулгандардын диний ишеними, саясий же башка көз карашына карабай, тынчтык жыйындарын сыйлап, аны уюштуруу укугун камсыз кылып, өткөрүүгө тоскоол болбошу керек. Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык ар бир адам кандайдыр бир бирикмелерге кошулууга, коомдук кызыкчылыкты коргоо үчүн өз ыктыяры менен комитет, союз ж.б. уюмдарды түзүүгө укугу бар”, – деп жазылган кайрылууда.

Президент Садыр Жапаров жана анын администрациясы бул кайрылууга азырынча үн ката элек.

Кайрылууга кол койгондордун бири, Бириккен демократиялык кыймылдын өкүлү Сапар Аргынбаев Кемпир-Абадды коргоо комитетинин жыйынына байланыштуу камоолорду сынга алды.

“Айтылган сөз үчүн эле камай берсе анда “Биз Түркмөнстандан дагы, Түндүк Кореядан дагы ашып кеттик”деп айтышы керек. Айткан сөзүнө байланыштуу камоо Конституцияга дагы, элдин мүнөзүнө дагы туура келбейт. Коркутуу ыкмаларынан алыс болуу керек эле. Аялдар эле эмес, камалгандардын баарына боштондук берилиши керек. Эгер бийлик жерибизди коргойбуз деп чыккандарды, элди ушундай ыкмалар менен жалтак кылабыз дешсе анда терең жаңылышат”, – деди Аргынбаев.

Президент Садыр Жапаров жапырт камакка алынган саясатчыларга жана активисттерге байланыштуу 24-октябрда комментарий берген.

“Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде ал саясатчылар жана активисттер менен буга чейин да сүйлөшкөнүн, Кемпир-Абадга байланыштуу маселени түшүндүрүп бергенине карабай, майнап чыкпаганын билдирген. Президент камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот коерун айткан.

Деген менен талдоочу Төлөгөн Келдибаев камалгандарга коюлган айыпты сотто далилдөө үчүн ынанымдуу далилдер керек болоруна токтолду.

“Юрист катары айта турган болсом аларды камоого негиз болгон далилдер жетишпейт. Кылмыш иши козголгону менен ал иштер сотто далилденбей калышы мүмкүн. Камагандан мурда күч органдары, УКМК Азимбек Бекназаров баш болгон саясатчыларга, аялдарга, эркектерге деле эскертүү берип, ошону менен гана чектелиши керек эле. Бөгөт чарадагы эң акыркы вариант – бул камоо, бул чара өтө оор кылмышкерлерге, качып кетиши мүмкүн болгондорго, мурда бир канча жолу соттолгондорго колдонулат. Тергөө маалында үй камагына эле кое берип койсо болмок. Сот адилеттиги бар болсо анда камакка албоо чарасы тандалып алынат эле”.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчылар жана активисттер 23-24-октябрда камалган.

Жогорку Кеңеш 23 адамдын жапырт камалышы боюнча ИИМдин маалыматын угат

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Бишкекте башаламандык уюштурууга шек саналып кармалып, 23 адамдын жапырт камалышы боюнча маселени отурумда кезексиз кароону талап кылды:

“Өкмөт суранып жатат, президент айтып жатат” деген негиз менен маанилүү-маанисиз көп эле маселелерди кезексиз карап жүрөбүз. 23 адам камалды, алардын артында 23 үй-бүлө турат. Эл аралык уюмдар кабатырланып, билдирүү кылып жатат. Биз түбүндө туруп, карабай, унчукпай койгонубуз таптакыр туура эмес”, – деди Мадумаров.

Депутаттын сунушун айрым кесиптештери четке кагып, маселе 25-октябрда тармактык комитетте каралганы жетиштүү болорун айтып чыгышты. Натыйжада жапыр камоолор боюнча күч түзүмдөрүнүн маалыматы бүгүн, 26-октябрда угууну чечишти.

Башаламандыкка шек саналып жапырт кармоо боюнча 25-октябрда Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети Ички иштер министрлигинин жана Башкы прокуратуранын маалыматын уккан. Анда ИИМ кармалгандардын баары айыбы болгону үчүн камалышканын, тергөө жүрүп жатканын айткан.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар акыркы күндөрү “Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы” болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кармалгандар башаламандык уюштурууга камынганы тууралуу аудио интернетке тараган.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Ошто ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай талап менен митинг өттү. Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларында бийликтин саясатын колдогон акция уюштурулду.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 23 саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алган чечим чыгарган.

Ага ылайык, 22 адам Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта болот. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

Садыр Жапаров 24-декабрда улуттук “Кабар” агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот кое турганын айтты.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.

HRW кыргыз бийлигин активисттерди бошотууга чакырды

Эл аралык Human Rights Watch уюму Кыргызстанда саясатчыларды жана активисттерди жапырт кармалгандарды бошотууга чакырган билдирүүсүн жарыялады.

“Бийлик кармалгандардын баарын кое берип, алардын укугу, анын ичинде тергөөдө жана соттук териштирүүлөр учурунда да.корголушун камсыз кылышы керек”, – деп жазылган анда.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрга караган түнү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20 саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алган чечим чыгарган.
Ага ылайык, кармалгандар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында 20-декабрга чейин камакта болот. Арасында саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү 23-декабрга чейин, Рита Карасартованын камак мөөнөтү 21-декабрга чейин деп белгиленди.
Жалпысынан 20 кишинин бөгөт чарасы аныкталып, чечим чыкты. Сот ишин таңкы саат бешке чейин улантты.
Чечим чыккандар:
1.Азимбек Бекназаров
2.Асия Сасыкбаева
3.Али Шабдан
4.Рита Карасартова
5.Айданбек Акматов
6.Равшан Жээнбеков
7.Кубанычбек Кадыров
8.Чыңгыз Капаров
9.Перизат Суранова
10.Кеңешбек Дүйшөбаев
11.Нурлан Асанбаев
12.Эрлан Бекчоро уулу
13.Айбек Бусурманкулов
14.Таалайбек Мадаминов
15.Улукбек Маматаев
16.Гүлнара Журабаева
17.Клара Сооронкулова
18.Бектур Асанов
19.Талант Эшалиев
20.Жеңиш Молдокматов.
Бүгүн, 25-октябрда активист Атай Бейшенбек менен Акыл Айтбаевдин бөгөт чарасы каралары кабарланган.
23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар акыркы күндөрү “Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы” болуп келаткан.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.
Кармалгандар башаламандык уюштурууга камынганы тууралуу аудио интернетке тараган.
24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Ошто да ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай талап менен митинг өттү. Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларында бийликтин саясатын колдогон акция уюштурулду.
Садыр Жапаров ушул күнү улуттук “Кабар” агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот кое турганын айтты.
Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.

Садыр Жапаров: "Жарым жыл мурда Адахан Мадумаровду үйүмө конокко чакырып, ал "достошуп" кетти эле, бир апта өтпөй кайра эле кыйкырып чыкты"

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген кезектеги чакан маегинде акыркы окуяларга байланыштуу комментарий берди.

— Саламатсызбы урматтуу Садыр Нургожоевич!

— Жыйырмадан ашык активисттер, саясатчылар камакка алынды. Арасында өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун тарапкерлери бар экен. Алар акыркы убакта “Кемпир Абад” суу сактагычына байланыштуу маселени көтөрүп жүрүшкөнү белгилүү. Кармалгандардын массалык митингдерди уюштуруу, ар кандай акцияларга чыгуу пландары тууралуу аудио-жазуулары интернетке тарады. Бирок күч түзүмдөрүнүн акыркы аракеттерине, башкача айтканда, тинтүүгө, камакка алууга жеткирбей эле үй камагына чыгарып коюп, диалогго барып, “ийри отуруп, түз кеңешүүгө” болбойт беле?

— Эки жылдан бери баары менен “ийри олтуруп, түз кеңешип” келе жатам. Быйыл жазда иш бөлмөмө ондон ашуун бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн кабыл алып, үч саат бою пикир алыштым. Суроолоруна толук жооп бердим. “Жакшы иштер жасалып жаткан экен” деп ынангандай эле болуп кетишкен.

Кемпир-Абад маселеси азыркыдай коомчулукка кеңири чыга электе эле бир катар депутаттарды, анын ичинде Адахан Мадумаровду да Өкмөт үйүнө чакырып, аталган маселени ийне-жибине чейин түшүндүрүп бергем.

Жарым жыл мурда өзүн үйүмө конокко да чакырып: “Адахан мырза, Кыргызстан бирөө эле, ынтымакташалы, мага колуңардан келсе жардам бергиле. Жеңилимди жерден, оорумду колдон алып бергиле”, – дегем. Айтылган ойлорго муюп, ынангандай болуп, эки саат олтуруп, “достошуп” кетти эле. Бир апта өтүп-өтпөй кайра эле кыйкырып чыкты.

Кыскасы менден кеткен жок. Баары менен диалогго барып атам.

Өзгөнгө барып эл менен жолугуп келдим. Баткенден баштап Чаткал, Ала-Букага чейин жергиликтүү тургундардан үч жүздөй кишини Бишкекке алдырып, Өкмөт үйүндө баарлаштым. Кемпир-Абадда “курултай” уюштургандардын бардыгын бөлүп-жарбай чакырдым. Жети саат тынбай сүйлөштүк, диалог кылдык. Түшүнүп эле кеткендей болушат, анан мындай чыгып эле түз кетип жаткан иштерди бурмалаганга өтүп жатышпайбы.

Ток этер жерин айтсам, буларды “Кемпир-Абад” маселеси деле кызыктырбайт, ал жөн эле шылтоо экен. “Эптеп бир нерсе болуп кетсе, кайра бийликтин бир жерине илинип калсам” дегендер. Камалгандардын көпчүлүгү менен да жекеме-жеке диалог кылгам. Баары эле кызмат сурашат. Мамлекеттик кызмат чоё бергидей резина эмес да. Баарына жетпейт экен.

Ар кандай кызмат орундарын ачып, баарына кызмат жеткирсең деле болот. Бирок мамлекеттин ар бир тыйыны менин мойнумда да. Кантип ысырап кылам. 7 миллион элдин алдында ар бир тыйын үчүн жооп беришим керек. Коркок болсом, балким мурдагылардай – 2010-жылдагыдай кылып, пайда-батасы жок министрликтерди ача коюп, “мына сага, министр бол!” деп тынчытып койсом деле болмок. Бирок мен андайга барбайм! Анткени мен корккудай ууру кылган жокмун. Бийликте олтурганда ар бир жасаган ишимди 10 жылдан кийин болобу, же 100 жылдан кийин болобу, эл алкыш айткандай кылып жасап кетем.

Кемпир-Абад жана чек ара маселелери боюнча да ошондой болот, буюрса. Убакыт керек. Көпчүлүк элдин ишеними болсо болду. Калганын мага койгула.

Ал эми камалгандар боюнча мен кийлигише албайм. Укук коргоо органдары бар. Мамлекеттин, элдин коопсуздугун камсыз кылуу – алардын түздөн-түз милдети. Алар өз ишин так аткарып атышат. Акыркы чекитти сот коет. Ошондон кийин гана мага кайрылышса, ырайым берип камактан чыгарууга укугум болот. Мыйзамдуу жолу ушундай.

— Чоң рахмат Садыр Нургожоевич. Иштериңизге ийгилик!

— Чоң рахмат, сиздерге да ийгилик каалайм.

Булак: Kabar

Бишкекте акцияга чыккандар президентке кайрылуу жолдошту

Бишкекте массалык кармоолорго каршы 24-октябрда уюштурулган акциянын катышуучулары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Алар камалгандарды бошотууга чакырган кайрылууга Ала-Тоо аянтында кол коюп, тарай башташты.

Темир жол бекетинен Ала-Тоо аянтын көздөй жүрүшкө чыккандар “Кемпир-Абад” суу сактагычынын жерин Өзбекстанга бербөөнү, бул жаатта пикирин эркин айтып чыккан саясатчыларды, активисттерди камактан бошотууга үндөштү.

Уюштуруучулар акцияга 500дөй киши катышканын билдиришти.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камалышкан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

Президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасында чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген.

Жогорку Кеңештин бир нече депутаты активисттердин кармалышын сындап чыкты

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Тазабек Икрамов, Исхак Масалиев, Дастан Бекешев жана Мирлан Самыйкожо саясатчылар менен активисттердин үйүн тинтип, кармоону кескин сындашты.

Депутат Жанар Акаев эркин пикирин айткан жарандардын кармалышын айыптап, бийликти жана милициянын жетекчилерин аларды бошотууга чакырды.

“Бүгүнкү камоолор акылга сыйгыс көрүнүш, милиция жарандык активисттерди, саясатчыларды, блогерлерди, баарын тез арада бошотсун. Бул өтүнүч эмес, талап. Мыйзамды одоно бузбагыла”, – деди Акаев.

Депутат Тазабек Икрамов Фейсбук баракчасына “саясий кысымга алуу, үйүн тинтүү коомдун активдүү катмары менен бийлик ортосундагы ачык диалог болуусуна кедергисин тийгизет жана өлкөдөгү саясий-социалдык кырдаалдын курчушуна алып келет” деп жазды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов оппозициялык саясатчылардын жана активисттердин үйү тинтилип жатканы боюнча видео билдирүүсүн Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырды. Анда Байсалов күч органдарынан тергөөнүн жыйынтыгын күтүү керек экенин айтып, өлкөдө демократиянын принциптери менен шайланган президент, парламент мыйзамдуу иш алып барып жатканын белгиледи. Ошондой эле ал элди бийлик жетекчилеринин чечимдерин колдоого чакырды.

23-октябрда Бишкекте жыйырмага жакын оппозициялык саясатчы менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын маалыматына караганда, саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдакматов, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов активисттер Эрлан Бекчоро, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Гулнара Журабаева, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, журналист Айданбек Акмат уулу 48 саатка кармалды.

Абдирасулова саясатчы Канат Исаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынганын билдирди. Азырынча бул маалыматты райондук соттон тактоого мүмкүн болбоду. Исаевдин кайсы ишке шектелип жатканы тууралуу маалымат жок.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Милиция атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө айрым жарандардын массалык башаламандык уюштурууга, бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынганын билдирүүдө. ИИМ кылмышка шектүүлөрдүн жашаган үйлөрү тинтилип, Жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.

22-октябрда бир катар саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзүшкөнүн жарыялаган. Анын алдында Ош облусунун Өзгөн районунда жөө жүрүш өткөн.

22-октябрда президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, анда кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берген. Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелерге кеңири токтолуп, чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген. Президент келишимдер Жогорку Кеңеште ачык караларын айтып, андан кийин элдин 99% келишимди колдой турганына ишенерин айткан. Мамлекет башчы жөө жүрүш, митингдерди кимдер атайын уюштуруп жатканын билерин да белгилеген.

Ондон ашык саясатчы, активист 48 саатка камалды

Саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдакматов, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, активисттер Эрлан Бекчоро, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Гулнара Журабаева, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, журналист Айданбек Акмат уулу 48 саатка камалды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, саясатчы Канат Исаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынды. Азырынча бул маалыматты райондук соттон тактоого мүмкүн болбоду. Исаевдин кайсы ишке шектелип жатканы тууралуу маалымат жок.

23-октябрда Бишкекте жыйырмага жакын оппозициялык саясатчы менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган. Абдирасулова алардын жакындары жана адвокаттары менен такай байланышта болууда. Күндүз журналист Канышай Мамыркулова да милицияга сурак берип чыкканы кабарланган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Милиция атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө айрым жарандардын массалык башаламандык уюштурууга, бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынганын билдирүүдө. ИИМ кылмышка шектүүлөрдүн жашаган үйлөрү тинтилип, Жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.

22-октябрда бир катар саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзүшкөнүн жарыялаган. Анын алдында Ош облусунун Өзгөн районунда жөө жүрүш өткөн.

22-октябрда президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, анда кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берген. Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелерге кеңири токтолуп, чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген. Президент келишимдер Жогорку Кеңеште ачык караларын айтып, андан кийин элдин 99% келишимди колдой турганына ишенерин айткан. Мамлекет башчы жөө жүрүш, митингдерди кимдер атайын уюштуруп жатканын билерин да белгилеген.

Чынгыз Айдарбеков Кыргызстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангынан ажыратылды

Бүгүн, 22-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Айдарбеков Чингиз Азаматович Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангынан ажыратылды.
Бул чечим Айдарбеков Кыргыз Республикасынын жакынкы бир катар чет өлкөлөрдөгү чет өлкө мекемелеринин (элчиликтердин) кызматкери кезинде дипломат деген жогорку наамды дискредитациялаган жагдайлар ачылгандыгына байланыштуу кабыл алынган.

Садыр Жапаров: Кемпир-Абадды биз берген жокпуз. Тетирисинче, алып атабыз. Биз бир күндү эмес, 100 жылды алдын ала көрө билип атабыз

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берди.

— Саламатсызбы урматтуу Садыр Нургожоевич!

— Өзгөндө Кемпир-Абаддын өзбек тарапка берилишине каршылык билдирип, жөө жүрүш өттү. Дегиле, ушул суу сактагыч боюнча чечим кандай болгон атат? Кемпир-Абад толугу менен өзбек тарапка өтүп кетет деген кооптонуулар канчалык негиздүү?

Биринчиден, Кемпир-Абадды биз берген жокпуз. Тетирисинче, алып атабыз.

60-жылдардан бери плотинаны алар башкарып келишти. Эми мындан ары плотинаны башкарууда 50/50 пайыз кылып биргелешкен ишкана түзүп, чогуу башкарабыз деп келиштик. Суунун деңгээли 900 горизонттон өйдө көтөрүлүп кетпешин көзөмөлдөп туралы дедик. Көлдөн насос менен айылдарга суу тартып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Буга чейин мындай мүмкүнчүлүк жок эле.

Эми тарыхий- архивдик кагаздарга таянсак, 1965-жылы плотинаны өзбек тарап курган. Биз бир тыйын акча салган эмеспиз. Суу басып калган жерибиз үчүн ошол эле 1965-жылы 4127 гектар жерди чек аралаш жерлерден Баткенден, Оштон, Жалал-Абаддан кылып өзбектер өз жерлерин беришкен. Ошондо азыркы суу басып жаткан 4127 гектар жер ошол мезгилде эле өзбектерге өтүп жатпайбы. Чагымчылдар биз бүгүн берип жаткандай кылып кыйкырып атышат.

Биз кыргыз тарап ал жерлерди үй салып, талаачылык кылып азыркыга чейин иштетип келе жатабыз. Буга архивдик документтер күбө.

Мисалы, алар берген жерлерге кайсы айылдарыбыз курулганын айтып берейин.

-Кадамжай районунун Көк-Талаа айылы 758 гектар жерге курулган.

-Пылдырак айылы 255 гектар жерге курулган.

-Араван районундагы Найман айылы 148 гектар жерге курулган.

-Ноокен районунун Достук айылы 1088 гектар жерге курулган.

-Аксы районунда аэропорт 446 гектар жерге курулган.

-Жетиген айылы 75 гектар жерге курулган.

-Падыша-Ата-Сай 5 гектар жерди ээлеп турат.

-Кара-Дөбө 45 гектар жерге салынган.

-Ала-Букадагы Ажек-Тоого 1307 гектар жер берилген.

Кыскасы, жалпысынан 4127 гектар жерди Өзбекстан тарап 1965-жылы бизге беришкен. Эки өлкөнүн ортосундагы келишимдери, карталары жана башка бизге өткөрүп берген бардык архивдик документтери турат.

Мына бүгүн ошол өзбектер берген жерлерди биздин жогоруда аталган айылдар ээлеп турат. Анан эле азыр саясат кылып, “Кемпир-Абадды берип жиберип атышат” деп, биз бүгүн берип жаткандай кылып айтып жатышат. Бул – акмакчылык.

Биз азыр эмне кылдык? 1965-жылы суунун горизонту 908 деп бекиген экен. Эгер бүгүн суунун деңгээлин 908 горизонтко чыгарып алышса, анда 5731 гектар жерди суу басып калат. Биз суунун гоизонтун 900 гө түшүрдүк. Эми 5731 гектар жерди эмес 4400 гектардан ашыгыраак жерди суу басат. Кошуналар 4127 гектар жерди 1965-жылы беришти да. Ошондо ортодо дагы 300 гектардан ашыгыраак жер айырма болуп калды. Биз бүгүн ушул 300 гектар жер үчүн 1000 гектар жер алып атабыз. 500 гектар Өзгөндүн аймагынан, 500 гектар Сузактын аймагынан. Мындан сырткары, суу тартылганда жээгинен 1246 гектар жер бошоп толугу менен бизге өтүп жатат.

Калган талаш болуп келген жерлердин дээрлик баары бизге өттү. Муну азырынча мен айтпай турайын. Жогорку Кеңеште карала баштаганда күбө болосуздар. Ачык каралат. Түз эфир болот. Ошондо азыркы бир күндүк жеке кызыкчылыгы үчүн өзүн пиар кылып жүргөндөр катуу уят болушат. Элдин 99,9 пайызы бизди колдооруна мен бөркүмдөй ишенем. Бир күндү эмес, 50-100 жылды алдын ала көрө билип, туура жол менен кетип бара жатканыбызга күбө болосуздар. Биз бир эле Өзгөн менен чек ара маселесин чечип жатканыбыз жок. Эки өлкөнүн ортосундагы 1400 километрден ашык узундуктагы чек арабызды чечип атабыз. Биринчи орунда жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы туруш керек.

Чагымчылдар ушуну түшүнүп туруп эле элди тескери жака бурганга аракет жасап жүрүшөт. Канча жолу аларга түшүндүрдүк, түшүнүп туруп эле түшүнгүсү келбейт экен. Аларга эптеп эле чыр чыгарып, өлкөгө бүлүк салыш максат экен. Биз андайга жол бербейбиз. Демократия десе эле аша чаап бара жатышат.

Тобо дешибиз керек. Элибиз чагымчылдарды ээрчип кетпей баарын туура түшүнүп турушат. Митингдерди, кечээгидей жөө жүрүштөрдү уюштурууга кайдан, кимден акча каражат алып келип жаткандарын дагы билебиз.

Ушул жерден дагы бир нерсени баса белгилей кетейин. Чагымчылдар айласы кеткенде акыркы бир сунуш айтып атпайбы. “Суу кургап кетсе, суунун астындагы жер бизге калыш керек. Келишимге ошентип жаздырып койгула” дешет. Антип жаздырып койсок, биз келечек муунду илинчекке илип коюп кеткен болобуз. Азыркы тактап жаткан келишимдер кайра бузулуп, бүгүнкү акыбалга кайтып келет. Накта чыр ошондо чыгат. Ошондуктан, чагымчылдардын жетегине алдырбай, жаңылыштык кетирбей бүгүнкү келишим менен чек араларыбызга чекитти коюп алышыбыз керек. Биз бир күндү эмес, 100 жылды алдын ала көрө билип атабыз.

Ал жерди 70 жылдан бери суу басып жатат. Дагы 100 жыл басат. Суу түгөнсө адамзаттын жашоосу дагы түгөнөт. Макул 100 жылдан кийин суу кургап кетип жер бошоду дейли. Ошондо деле суу астынан бошогон 4000 гектар жерди өзгөндүктөр алгысы келсе башка жерден 4000 гектар берип теңме-тең алмашып алсак болот, айланайын деп эле алмашат. Себеби суу астында жаткан кум менен таш баскан сайдан көрө ким болбосун түз жерди алууну каалайт да. Дагы кандай түшүндүрүшүм керек?

Биз кошуналарыбыз менен ынтымакта жашашыбыз керек.

Түбөлүк ынтымакта, достукта жашайлы, бири-бирибизге керек болгон учурда жардам беришели деп Чолпон-Ата саммитинде келишимге кол коюштук. Биздин жакшы мамилелерибиз түбөлүк сакталыш керек. Анткени түбөлүк кошуна жашайбыз. Чек арага чекитти коюп алсак, достугубуз түбөлүк сакталат. Кандай гана маселелер болбосун бири-бирибиз менен сүйлөшүүлөр, макулдашуулар жолу менен гана эки тараптуу маселелер чечилип турат.

Чек араларыбыздын такталбагандыгынын кесепетинен чек арада кичине эле чыр чыкса, аскерлерибиз, жөнөкөй жарандарыбыз каза болуп кетип жатышат. Масштабдуу болуп кеткенден Кудай өзү сактасын. Ошондуктан, чек арага чекит коюшубуз керек!

Өзбекстан менен бүткөндөн кийин, Тажикстан менен дагы сүйлөшүү жолдору менен чек ара маселесин бүтүрөбүз.

— Чоң рахмат Садыр Нургожоевич. Иштериңизге ийгилик!

— Чоң рахмат, сиздерге да ийгилик каалайм.

Булак: Kabar.kg

Меню