Menu

ККМ

Кыргызстанда бизнестин айрым түрлөрүн салыктан бошотуу каралууда

Үй-бүлө мүчөлөрү чогуу жүргүзгөн чакан жана орто бизнестин жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго жетпеген өкүлдөрүн салык төлөөдөн бошотуу каралууда.

Мындай чечим көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) системасын киргизүү маселесин талкуулоо үчүн түзүлгөн жумуш тобунун Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышкан жыйынында кабыл алынганын өкмөттүн басма сөз кызматы 26-июнда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, анда ККМ боюнча талап коюу менен катар ишкерлер үчүн эң ийкемдүү шарттар түзүлөрү, алардын арасында маалымдап түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги, себеби көпчүлүгү аппараттарды кантип иштетүүнү түшүнбөй жатышканы айтылды.

Акылбек Жапаров алкоголдук ичимдиктерди, курамында алтыны бар продукцияларды, мунай азыктарын сатуу менен алектенген ишкерлер ККМ аппаратын сөзсүз колдонушу жана эсеп-фактура менен иштөөсү керек болорун баса белгиледи.

Өкмөт ККМ системасын милдеттүү түрдө киргизүү аракетин көрүүдө. Бирок буга каршы ишкерлер бир топтон бери түрдүү нааразылык акцияларын өткөрүп келе жатышат. Алардын талаптарын талкуулоо үчүн курамына Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын жана ККМди милдеттүү түрдө киргизүүгө каршы чыккан ишкерлердин өкүлдөрү кирген жумуш тобу түзүлгөн. Топтун кезектеги жыйыны бир жумадан кийин өтөрү кабарланды.

Өкмөт үйүнүн алдында ККМге каршы акция өтүүдө

Бүгүн 30-майда Өкмөт үйүнүн алдында ишкерлердин көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) колдонууга каршы акциясы өтүп жатат. Алар колуна “ККМге каршыбыз”, “Счет-фактурага каршыбыз”, “Патент калсын” деген жазууларды кармап турушат. Журналисттер жеринен маалымдагандай, акцияга жүздөй адам катышууда.

Салык боюнча жаңы мыйзамга ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикеттерди өткөрүшкөн. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтышкан.

Президент Садыр Жапаров 8-февралда Бишкектеги “Дордой” жана “Ош” базарларына барып, ишкерлерге ККМди ишке киргизүү максатын түшүндүргөн. Ал Кыргызстанда экономиканын 40% көмүскөдө калганын, ошону алып чыгуу аракети көрүлүп жатканын, кичи жана орто бизнес жабыркабасын деген аракет көрүлөрүн айткан.

Экономика жана коммерция министрлиги базарда ККМ колдонбоого уруксат берүү маселесин атайын түзүлгөн жумуш тобу талкуулап жатканын, алар үчүн салыктын өзүнчө түрүн киргизүү маселеси караларын, чечим кабыл алына электигин 18-майда билдирген.

Данияр Амангелдиев, экономика министри: Коррупция менен күрөшүү үчүн ККМди киргизүү зарыл

Кыргызстанда көмүскө сооданы ачыкка чыгарып, жемкорлукту азайтуу үчүн көзөмөл кассалык аппараттарды киргизүү зарыл. Бул тууралуу экономика министри Данияр Амангелдиев Өкмөт үйүнүн алдына жаңы Салык кодексине каршы чыккан ишкерлер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, жаңы кодекс элге каршы багытталган эмес, ачыктыкты камсыз кылып, коррупцияны жоюу максатын көздөйт.

“Азыр элибиз коррупцияны жок кылып, ачык-айкындыкты талап кылып жатпайбы. Көзөмөл кассалык аппараттарды киргизүү – дал ушул коррупция менен күрөшүү үчүн. Бул аппарат коюлган соң салык кызматкери базарга барып, соодагер менен карым-катнаш кылып, акча суроого муктаждык болбойт. Ачык-айкын бир борбордон гана башкарууга шарт түзүлөт”,-деди министр.

Амангелдиев Салык кодексинин жаңы редакциясы боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөрүн кошумчалады. Ал соодагерлер менен сүйлөшкөндөн кийин суроо жараткан айрым жагдайлар такталарын билдирди.

Кыргызстанда 2022-жылдан тарта жаңы Салык кодекси ишке киргени турат. Анын алкагында, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субьекттеринде жапырт көзөмөл кассалык аппараттарды киргизүү чечими кабыл алынган. Буга чейин кассалык аппараттарды киргизүүгө каршы өлкө ири базарлардын соодагерлери, ишкерлер каршылык акцияларын өткөрүүдө.

27-декабрда Өкмөт үйүнүн алдына чыккан айрым ишкерлер жаңы Салык кодексин чакыртып алуу боюнча өкмөткө эки күндүк мөөнөт берерин билдиришкен.

“Дордой” базарынын соодагерлери ККМге каршы акция өткөрүп жатат

“Дордой” базарында соодагерлер менен Экономика министрлигинин өкүлдөрү, салык кызматынын адистери жаңы Салык кодексин талкуулашууда.

Анда ишкерлер контролдук кассалык машиналарды орнотууга каршы экенин билдиришти.

“Бул кодекске азыр ишкерлер даяр эмес, анткени коронавирус болуп, көп чыгымдарга учурадык, ишибиз солгундады. Ушундай маалда ККМди киргизүү туура эмес. Балким кийинчерээк өтсөк болот, бирок азыр эмес. Жаңы кодекске ылайык, текшерүүчүлөр ар бир айда келет экен, бул коррупцияга жол ачат”, – дешти соодагерлер.

Алар менен жолуккан экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев ККМди киргизүүнү жылдыруу өтүнүчү менен өкмөткө кайрылуу жасоо туура болорун, контролдук кассалык машиналарды колдоно электе каршылык көрсөтүү туура эмес экенин айтты.

Расмий маалыматта “Дордой” базарында 40 миңдей соода жайы, 55 миңге жакын жумушчу оруну бар экени айтылып келет.

22-декабрда Бишкек шаарындагы “Таатан” соода борборунун соодагерлери Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгып, контролдук кассалык машинаны (ККМ) колдонууга каршы экенин билдиришкен.

Меню