Menu

Контрабанда

УКМК: Тажикстандын 500.000 сомдук электр зымдарын Кыргызстанга контрабандалык жол менен алып келе жаткан кыргыз жараны кармалды

КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана КР УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери  тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, 7-март күнү КР С.М.С. аттуу жаранынын башкаруусундагы ак түстөгү “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Текшерүү учурунда унаанын ичинен жалпы баасы 500 миң сомдон ашык, Тажикстан Республикасынан чыгарылган электр зымдары түрүндөгү контрабандалык жүк табылган. Ал Лейлек районунан чыгып Кыргыз Республикасынын аймагына тереңдеп кирип келе жаткан.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жогорудагы жарандын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилип, унаасы жана жүктөрү унаа токтотуучу жайга, сактоого коюлду.

Бул факты боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Баткенде 30 тонна минералдык жер семирткичти контрабандалык жол менен коңшу өлкөгө алып өтүүгө аракет кылган аткезчилер кармалды

КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, И.Акыбаевдин башкаруусунда 08KG155AKT мамлекеттик номурлуу «Volvo FH» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа 30 тонна (карбамид) минералдык жер семирткич менен коңшу тарапка алып өтүүгө аракет кылган учурда кармалган.

  Айдоочунун айтымында, ал бул жүктү Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарында жайгашкан кампалардын биринен Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылына алып келген.

  Жүктү таразага тартууда «Кольцо» транспорттук контролдоо пунктунун кызматкерлерине ашыкча салмагы үчүн 113 миң 500 сом айып салынды.

  Көрсөтүлгөн жүктүн чыныгы ээси – Кулунду айылынын тургуну жана аткезчилик менен алектенген Жолчиев Артык Бакирдинович экендиги аныкталды.

  Аталган факты Автоматташтырылган маалымат системаларынын маалымат журналына катталып, ишти аныктоо боюнча тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тажикстандан Кыргызстанга 2 млн 750 миң АКШ долларын аткезчилик менен ташып келе жаткандар кармалды

5-октябрда Баткен районунун Кара-Бак айылында экономикалык контрабанданы аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айылында туулган (аткезчиликке тиешеси бар адам катары белгилүү), КР жараны 1981-жылы туулган Т.А.М. башкаруусундагы мамлекеттик номуру О9240AG «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Унааны тинтүү учурунда жүк салгычынан, желим баштыктарга тангакталып жана скотч менен оролгон 6 брикет, Тажикстан Республикасынан контрабандалык жол менен кирген 2 млн 750 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты табылып алынган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар болушу мүмкүн болгон 4 Кыргыз Республикасынын жараны кармалып, Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Топтолгон материалдардын негизинде КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси 4-бөлүмүндө (Экономикалык контрабанда) боюнча каралган кылмыштын негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери козголгон.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө жана ыкчам аракеттер көрүлүүдө.

Өзбекстандан контрабандалык коон ташыган «Форд Транзит» автоунаасы мамлекетке конфискацияланды

Баткен райондук сотунун чечими менен буга чейин Өзбекстандын «Чоң-Гара» анклавынан КР ЕАЭБ аймагына чыгууда кармалган «Форд Транзит» үлгүсүндөгү унаа мамлекеттин кирешесине конфискацияланды.

Эске салсак, «Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери КР УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте КР жараны «К.У.О.» башкаруусундагы ««Ford Transit» үлгүсүндөгү унаасы кармалган.

Автоунаанын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда жалпы салмагы 1200 кг, баасы 30 000 сомду түзгөн коондор табылган. «К.У.О. » Өзбекстан Республикасынан КРдагы ЕАЭБдин аймагына бажы көзөмөлүнөн тышкары мыйзамсыз түрдө ташып келүүгө аракет кылган.

Автоунаа кармалып, жагдайлар такталганга чейин унаа Баткен шаардык терминалынын аймагына жеткирилген. Бул факты КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Оперативдүү бажы Кыргыз «К.У.О.» жаранга карата Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 372-1-беренесинин алкагында 60 миң сом айып салынган. Товар 7400 сом өлчөмүндө эки эселенген бажы төлөмдөрүн алуу менен товарлар бажылык жактан таризделди.

Контрабандалык товарларды ташып баратып колго түшкөн машина да конфискацияланат. Жаңы мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 18-майында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам аткезчиликке, мыйзамсыз товар ташуу жана өткөрүү, белгиленген башка жерлерден тышкары товарларды жана транспорттук каражаттарды мыйзамсыз ташып келүүгө жана алып чыгууга каршы күрөштү күчөтүүгө, ошондой эле жогоруда аталган мыйзамсыз аракеттерди жасагандыгы үчүн натыйжалуу, пропорционалдуу жана бөгөт коюучу жаза чараларын белгилөөгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде жогоруда аталган жолдор менен аткезчилик буюмдарды ташууда пайдаланылган транспорт каражаттары конфискацияланууга тийиш деген норма киргизилген.

УКМК: Кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде баасы 1 млн сомдук 6000 даана энергетикалык суусундукту аткезчилик менен ташып бараткандар кармалды

КР УКМК аткезчилике каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, 2022-жылдын 8-майында Баткен районунун Жаңы-Жер айылынын аймагында, Сох анклавына жакын жерде, КР УКМК ЧК кызматкерлери менен биргеликте жалпы баасы 1 миллион сомдон ашык болгон 6060 банка энергетикалык суусундуктарды ташып бара жаткан “Мерседес Бенц Спринтер” жана “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү  автоуналардын айдоочулары Б.Н. жана С.М. менен кармалган.

Бул факты маалыматтарды каттоо журналына катталып, азыркы учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

УКМК: 19 тоннадан ашык контрабандалык иштер аныкталып ага бөгөт коюлду

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында аткезчилик иш-аракеттердин алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралар улантылып жатат.

Ушул жылдын 12-январынан 15-февралына чейинки аралыкта Кыргыз контрабандалык иштерди кылуу максатында Республикасынын мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, 19 тоннадан ашык жүк кармалды.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул иштерге тиешеси бар делип КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер бөлүктөрүнүн биринин аскер кызматкерлери прапорщик “И.Н.” жана сержант “Э.М.” экени аныкталган.

Азыркы учурда бул фактылар боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын УКМК мамлекеттик чек арада контрабандага каршы күрөшүү боюнча тиешелүү иштерди улантууда. Ошол эле учурда, алдын алуу иш-чараларынын алкагында, товарларды мыйзамсыз ташуу боюнча, жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, мыйзамсыз айыл чарба продукцияларын ташып келүүгө жол бербөө жана каналдарды токтотууга көмөктөшүү үчүн жергиликтүү калк арасында тиешелүү түшүндүрүү жана укуктук чаралар көрүлүүдө.

Меню