Menu

Коррупция

УКМК: Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасынын мурдагы директору кармалды

КР УКМК тарабынан Майлуу-Суу шаардык жылуулук менен жабдуу ишканасынын кызмат адамдарына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иши тергелип жатат.

2018-2020-жылдар аралыгында Майлуу-Суу шаардык жылуулук камсыздоо бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери Т.Т.М., жогоруда аталган ишкананын кээ бир жумушчулары менен алдын ала сүйлөшүп алышып, өзгөчө ири суммадагы мазут жана газды  мыйзамсыз эсептен чыгарып, мамлекеттик бюджетке 56 млн 237 миң 224 сом зыян келтирилгени аныкталган.

Аталган фактылардын негизинде 2022-жылдын 26-февралында Майлуу-Суу шаардык жылуулук менен жабдуу ишканасынын мурдагы директору Т.Т.М. кармалып, Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азырыкы учурда КР УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Мамлекеттик салык кызматындагы жана Транспорт министрлигиндеги коррупциялык схемага бөгөт коюлду

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы системалык коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кыргыз Республикасына товарларды тоскоолдуксуз ташып келүү (импорттоо) үчүн ишкердик субъекттеринен андан ары контролдоо жана салыктык чегерүүлөрдү администрациялоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын көзөмөл-өткөрүү пункттарынын жана “Ак-Тилек-авто жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун жанында жайгашкан салмак-габариттик контролдоонун ишинде коррупциялык схема аныкталды. Кээ бир учурларда ташылып келинген жүктөрдү каттоодо товарлардын наркы жана көлөмү төмөндөтүлүп көрсөтүлгөндүгү такталды.  

    Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызматкерлери ар бир жүк ташуучу унаадан ташылып келген товарга 3 миң сомдон 10 миң сомго чейин акча талап кылып турушкан. Өз кезегинде салмак-габариттик көзөмөл пунктунун кызматкерлери импорттолгон товарлардын түрүнө карабастан, ашыкча жүктөмдөрдү текшербестен, жүк ташуучу бир унаадан 1000-2000 сомдон акча талап кылышкан.

    2022-жылдын 25-февралында акча каражатынын 13 000 сом жана 12 000 сом өлчөмүндөгү бир бөлүгүн алууда салмак-габариттик контролдоо пунктунун кызматкерлери М.К.А. жана С.У.А., жана ошондой эле 5500 сом алып жаткан жеринен Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын кызматкери Х.У.Т. кармалды.

    Белгилей кетсек, коррупцияга аралашкан кызмат адамдарынын көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү кыскарууда. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилишти.

    Азыркы учурда тергөө уланууда.

УКМК: Ички иштер министрлигинин кызматкерлери $6 миң өлчөмүндө пара алып алып жаткан жеринен кармалышты

УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, УКМКга кылмыш ишине оң чечим чыгаруу үчүн 6 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылып жаткандыгы боюнча КР ИИМдин (Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын) кызматкерлерине карата чара көрүү өтүнүчү менен жаран кайрылган.  

Бул факты боюнча КР УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул факты тастыкталып, 2022-жылдын 22-февралында ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери Ш.У. жана А.У. пара алып жаткан жеринен кармалышты.

Азыркы учурда кармалгандар КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК: Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун директору “О.С.М.” кармалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети калктын саламаттыгын сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан талдоолордун алкагында, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын жана саламаттыкты сактоо тармагындагы башка ведомстволордун кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин абийирсиз аткаруусун жана коррупциялык көрүнүштөрүн аныктап таап чыкты.

УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Ош шаардык Оорулардын алдын алуу борборунун жана Мамлекеттик санэпидкөзөмөл кызмат адамдары тарабынан жеке ишкерликтин субъекттерине карата пайда көздөө максатында контролдук-көзөмөлдөө иш-милдеттери системалуу түрдө аткарылган эмес.

Ошол эле учурда, 2022-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кылмышка шектүү катары “О.С.М.” кармалып, Кыргыз Республикасынын  УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча керектүү тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМК: «Айыл-Банк» ААК бир катар жооптуу кызматкерлер кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирип, кредиттик каражаттарды максатсыз атайылап чыгаруудан турган (100% мамлекеттик үлүшү) «Айыл-Банк» АКК коррупциялык схемасы текшерилүүдө.

    2017-жылы “Айыл-Банк” ААКсы «Россиф» ЖЧК жеке ишканасына мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирип, күрөөнү жасалма түрдө көбөйтүү менен 3,5 млн АКШ доллары (295,7 млн сом) өлчөмүндө насыя берилген. 

    “Россиф” ЖЧКсы тарабынан банкка күрөөгө койгон 348,5 миллион сомдук мүлк Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын баасы боюнча болгону 271,8 миллион сомду түзүп, ортодогу айырма 76,6 миллион сом болгону аныкталды.

    Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде, 2022-жылдын 8-февралында УКМК тарабынан насыяларды берүүдө коммерциялык субъектилердин кызыкчылыктарын лоббирлөө боюнча туруктуу коррупциялык схеманы түзгөн “Айыл-Банк” ААКнын бир катар жооптуу кызматкерлери – “Ш.У.Ж.”, “С.М.А.” жана “А.Ж.А.” аттуу жарандар кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

    Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, тергөө амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында процессуалдык чечимдер кабыл алынат, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери улантылууда.

УКМК: Опузалап пара алуу фактысы боюнча Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкери кармалды

Кечээ, 8-февралда КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган (Опузалап пара алуу) кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүнтүн алкагында, пара алып жаткан жеринен КР Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын 47-ТМ улук ыкчам кызматкери, аскер бөлүгүнүн капитаны “О.И.К.” кармалды.

“О.И.К.” кызмат абалынан пайдаланып, коркутуу жолу менен КР ЮМ караштуу ЖАКнын 47-ТМде жазасын өтөп жаткан соттолгон “А.А.Х.” акча талап кылганы аныкталган.

Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, кармалган “О.И.К.” соттолгондун эркине каршы башка түзөтүү мекемесине өткөрүп берем деп коркутуу менен жана жогоруда аталган түзөтүү мекемеде жазасын өтөп жаткан терс көз караштагы соттолгондордун мүмкүнчүлүктөрү аркылуу 2021-жылдын апрелинен 2022-жылдын 28-январына чейин соттолгондон акча каражатын алып турган.

Кармалган жаран КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК: Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө акча каражатын уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды

КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүмү (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө акча каражатын уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды. 

“Бишкек жашыл чарба” МИнин башкы бухгалтери “А.Э.О.” жана бухгалтер “А.А.” белгиленген нормадан ашыкча эмгек акыны мыйзамсыз чегерүү максатында бухгалтердик документтерди (коштоочу каттарды, эмгек акынын ведомостторун ж.б.) системалуу түрдө жасалмалап, анын негизинде мамлекеттик бюджетке 800 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгени тастыкталды.

Бул факты боюнча КР УКМК кылмыш ишин козгоп, тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы мыйзамсыз аракеттер документтештирилип, кылмышка тиешеси бар жаран “А.Э.О.” күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Ошондой эле, жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алкагында келтирилген зыян күнөөлүү адамдар тарабынан толугу менен толтурулган.

Азыркы убакта сот органдарына өткөрүп берүү үчүн тергөө иштери аяктап жатат.

УКМК: 2010-жылы майда улутташтырылган «Ысык-Көл-Аврора» санаторийинин аймагындагы 56 батир, 27 коттедж, 10 гектар жер тилкеси ошол кездеги Президенттик аппараттын, Жогорку соттун кызматкерлери катышкан коррупциялык схемалар аркылуу жеке менчикке өтүп кеткен

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, бизнес өкүлдөрүнүн мамлекеттик жана сот органдарынын айрым кызмат адамдары менен кылмыштуу макулдашуусу боюнча фактылар аныкталды.

2010-жылдын май айында «Ысык-Көл-Аврора» санаторийинин аймагында жайгашкан 97 бирдик кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар 10 гектар жер тилкеси мамлекеттин кирешесине алынган.

Бирок кийинчерээк бул объекттердин ичинен 13 гана батир иш жүзүндө мамлекеттин менчигине өтүп, ал эми калган 56 батир жана 27 коттедж Ысык-Көл районунун жана облусунун, Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын райондор аралык сотторунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын, ошондой эле Президенттин Аппаратынын, Мамлекеттик мүлк фондунун жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлеринин катышуусу менен татаал коррупциялык схемаларды түзүү жолу менен мыйзамсыз түрдө жеке менчик структуралардын менчигине чыгарылып кеткен.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кыймылсыз мүлктү мамлекеттин карамагынан чыгаруунун уюштуруучусу болуп “А-А ПМК” ЖАКнын мурдагы башкы директору “Ч.В.Ю.”, ошондой эле анын жактоочусу жана ал менен аффилиацияланган башка адамдар экендиги аныкталды.

Бул топ өздөрүнүн кылмыштуу оюн ишке ашыруу үчүн мамлекеттик, укук коргоо жана сот органдарынын жогорку кызматтагы адамдарына акча жана кыймылсыз мүлктөрдү өткөрүп берүү жолу менен колдоо тапканы тууралуу тергөө тиешелүү далилдерди тапты.

Мындан тышкары, 2022-жылдын 5-февралында аталган адамдардын тобуна кыймылсыз мүлк объектилеринин бир бөлүгүн легалдаштырууда жасалма жарандык-укуктук келишимдерди түзүү жолу менен түздөн-түз көмөк көрсөткөн “СКД” ЖЧКсынын жетекчиси – “К.А.В.” кармалып, 2022-жылдын 7-февралында ага карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан тергөө учурунда камакка алуу түрүндө чечим кабыл алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул коррупциялык схеманы түзүүнүн натыйжасында мамлекеттин кызыкчылыгына өзгөчө ири өлчөмдөгү Ысык-Көл облусунун рекреациялык зонасында жайгашкан кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарып алуу түрүндөгү зыян келтирилгенин белгилейт.

Учурда иш боюнча жогорудагы схеманын 4 катышуучусу кылмыш жоопкерчилигине тартылып, анын ичинен 3 адам камакта, тергөө амалдары жүрүп жатат жана жакынкы арада кылмыш иши боюнча башка айыпталуучуларга карата, кимдин аракетинде кылмыштын курамы аныкталса, тиешелүү процессуалдык чечимдер чыгарылат.

УКМК: Ат-Башы айылынын жооптуу кызматкерлери менен "Авангард-Строй" курулуш компаниясынын жетекчиси 13 млн сомду уурдоого шектелип кармалышты

Кыргыз Республикасынын УКМК мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын, анын ичинде социалдык билим берүү объектилерин каржылоону жана курууну контролдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, 2022-жылдын 26-январында сотко чейинки өндүрүштүн негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери “Ч.К.Ч.”, “Ж.Т.Д.” жана “Авангард-Строй” курулуш компаниясынын жетекчиси “Т.Т.С.” кармалышты.

Аталган мамлекеттик кызматкерлер үчүнчү жактардын кызыкчылыгын көздөп, курулуш иштерин бүтүргөндүгү тууралуу тиешелүү тастыктоочу документтери жок эле, аталган жеке уюмдун эсебине 20 607 669 сомду негизсиз которгондугу аныкталды.

Тиешелүү компетенттүү мамлекеттик органдардын корутундусуна ылайык, мамлекеттин финансылык кызыкчылыгына 13 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Кармалган “Ч.К.Ч.”, “Ж.Т.Д.” жана “Т.Т.С.” Нарын шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Азыркы учурда колдонуудагы мыйзамдардын алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

УКМК: Сокулук райондук Социалдык фонд башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында, 2022-жылдын 19-январында Чүй облусунун Сокулук райондук Социалдык фонд башкармалыгынын жетектөөчү адиси “З.Э.З.” пара алып жаткан жеринен кармалды.

2022-жылдын 17-январында Сокулук районунун тургуну Социалдык фонд башкармалыгынын «З.Э.З.» аттуу кызматкерине акыркы 10 жылда төлөнгөн социалдык чегерүүлөр боюнча көчүрмө алуу боюнча кайрылган. Өз кезегинде “З.Э.З.” буга чейинки социалдык чегерүүлөр боюнча маалымат менен таанышып чыгып, анын айрым бир мыйзам бузуулары бар экенин айтып, буга байланыштуу ал акчалай сыйлык үчүн анын маселесин оң жагына чечип берүүнү сунуштаганы сотко чейинки өндүрүштө аныкталган.

Азыркы учурда кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Меню