Menu

Коррупция

УКМК: Чек арадан өтүп жаткан жарандарды пара берүүгө мажбур кылган 4 чек арачы кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР УКМКнын Чек ара кызматынын “Кайтпас” жана “Өтүкчү” көзөмөл-өткөрүү пунктуларында тинтүү иштери жүргүзүлгөн, анын натыйжасында айрым аскер кызматчылары кармалып, акча каражаты табылып алынды. Табылган акча каражаттарга алдын ала “пара” белгиси коюлган, бул КР УКМКнын Чек ара кызматынын айрым аскер кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз опузалап акча талап кылынгандыгын тастыкталган. 

КР УКМКнын Чек ара кызматынын “Кайтпас” жана “Өтүкчү” көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын аскер кызматчылары өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик кызматтын кызыкчылыгына каршы келип, мыйзамсыз түрдө материалдык пайда алуу максатында жана өз кызыкчылыктарын көздөп, арам ниетте өткөрмө бекеттеринен өтүп жаткан адамдарды атайылап ыңгайсыз абалга келтирип, Кыргыз-Өзбек мамлекетинин тилкесинен тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн жарандардан системалуу түрдө 50 сомдон 1000 сомго чейин мыйзамсыз акча талап кылышкан. 

Акча берүүдөн баш тарткан учурда аскер кызматкерлери ар кандай шылтоолор менен паспорттук текшерүүдөн өткөрбөй коюшуп, бул жарандарды чек арачылардын талаптарына баш ийип, керектүү сумманы берүүгө мажбур кылышкан.

Азыркы учурда КР УКМКнын Чек ара кызматынын 4 аскер кызматкери кармалып, Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди, аларга карата тиешелүү болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Ош облусундагы "Достук" постунда ишкерлерден коррупциялык жол менен акча чогулткан бажычылар кармалды

КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) менен каралган кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын «Достук» алдын ала бажы процедурасынын жеринин башчысы Н.А.Н., Ош темир жол башкармалыгынын башчысы К.Б.Ж. жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу «Достук» «Достук» алдын ала бажы процедурасынын жеринин кезектик башчысы Т.М.К. кармалышты.

Такталгандай, жогорудагы адамдар «Достук» АБПЖ постунда алдын ала бажы процедурасынын жери аркылуу өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жеке ишкерлерден акча каражаттарын чогултуу боюнча мыйзамсыз баюу максатында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкан.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

      Учурда тергөө иштери уланууда.

УКМК: Ысык-Көлдө “Рояль бич” мейманканасына 8,19 гектар жер тилкесин мыйзамсыз өткөрүп берген соттор аныкталды

 КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2015-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында жайгашкан “Рояль бич” мейманканасынын аймагындагы 8,19 гектар жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүүгө негиз болгон чечим чыгарылганы аныкталды.

Тактап айтканда, Мамлекеттик каттоо кызматынын каттоо делосунда Ысык-Көл райондук сотунун аталган токтому менен менчикке берилген жер тилкелеринин аянтында олуттуу айырмачылыктар (2,05 га) бар, б.а. сот бир иш боюнча материалдык пайда алуу максатында ар кандай өлчөмдөгү жер аянттары менен эки мыйзамсыз чечим кабыл алган.

Ысык-Көл облусунун сот органдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 42 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

УКМК: Чүй облусунун Жайыл райондук электр тармактарынын мурдагы башчысы жана башкы инженери кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР мамлекеттик мекемелериндеги коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө коррупциялык схеманы уюштурууга шектелип, КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча Чүй облусунун Жайыл РЭТнын мурдагы жетекчиси Т.А.Б. жана башкы инженери Ж.М.Т. кармалды.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө Жайыл РЭТнын жооптуу адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, жарандардан электр иштерин жүргүзүү үчүн системалуу түрдө ири суммадагы акча каражатын алып, жеке максаттарына пайдаланып, Жайыл РЭТнын негизги каражаттары жана инвентардык баалуулуктары негизсиз коротулганы аныкталды. 

Мурдагы жетекчи Т.А.Б. жана башкы инженери Ж.М.Т.нын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 1 032 197 сом ири зыян келтирилип, алар тарабынан толук өндүрүлдү.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында башка күнөөлүү адамдарды аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз саткандарды коргоп жардам кылгандыгы үчүн салык кызматкерлери кармалды

КР УКМК Мамлекеттик салык кызматкерлеринин көзөмөлү астында күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргыз Республикасынын аймагына милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөбөстөн ташып келүү жана сатуу боюнча коррупциялык схеманы аныкталды.

Такталгандай, Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБдеги сооданын алкагында эсепке алынбаган товарлар менен иштөө башкармалыгынын башчысы – “Б.Р.К.”, ошондой эле Ош, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча эсепке алынбаган товарлар жана товарларга байкоо жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы «Н.Д.О.», жеке баюу максатында, узак убакыт бою кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, республиканын аймагына күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып келүүчү жана сатуучу айрым ишкердик субъекттерге өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качууга көмөктөшүшкөн. Ошентип, республиканын түндүк облустарынан түштүк облустарына товарлардын ички өтүү шылтоосу менен жеке фирмалар салык органдарында эсепке алынбаган күйүүчү-майлоочу майларды сатуу менен алектенишкен. Ошол эле учурда аларга Мамлекеттик салык кызматынын «Сосновка» жана «Каракөл» көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу тоскоолдуксуз өтүү камсыздалган. Бул коррупциялык схемага колдоо көрсөткөндүгү үчүн Мамлекеттик салык кызматынын аталган кызматкерлери күйүүчү-майлоочу майдын ар бир литри үчүн 1 сомдон акча каражатын алып турушканы аныкталган.

Ошондой эле, Мамлекеттик салык кызматынын Панфилов районундагы башкармалыктын өзгөчө режим бөлүмүнүн башчысы «А.Т.М. жана Чүй облусунун Мамлекеттик салык кызматынын Жайыл району боюнча башкармалыктын салыктык текшерүү бөлүмүнүн улук инспектору «М.у.Б.», жасалма жөнөтүү документтерин жасашып, атап айтканда, жасалма Электрондук товар-транспорттук баракчаларга штамптарды чаптап, түштүк аймактарга күйүүчү-майлоочу майларды жөнөтүү жана сатуу үчүн атайын пломбаларды тапшырышкан. Бул кызмат көрсөткөндөрү үчүн Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ар биринен 5 миң сомдон алганы аныкталган.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка мамлекеттик кызматкерлерди аныктоого багытталган тергөө амалдары жүрүп жатат, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз алып келген, сактаган жана контрабандалык жол менен ташып келген фирмаларга салыктык текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

УКМК: “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Кара-Буура-Манас секторунун мурдагы башчысы жана адиси кармалды

КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМге караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Талас регионалдык бөлүмүнүн Манас Кара-Буура секторунун кызмат адамдарынын жана А.Кошонов атындагы Кара-Буура райондук унаамектебинин мугалимдеринин коррупциялык схемасы аныкталды.

Кара-Буура районундагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери жана унаамектептин айрым мугалимдери акчалай сыйлык үчүн кээ бир жарандарга жол кыймылынын эрежелерин билүүсү боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүүгө электрондук суроолорго туура жооп берүүгө көмөк көрсөткөндүгү аныкталды. 

Жогорудагы факты боюнча “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Кара-Буура Манас секторунун мурдагы башчысы А.Т.М., жана адиси Д.Н.Д. кармалды. 

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ошто кармалган бажычылардын арасында депутат Надира Нарматованын уулу бар экени кабарланды

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекетинде иштеген үч бажы кызматкери коррупцияга шектелип кармалганы кабарланды. Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы шектүүлөр 22-майга чейин абакка камалганын ырастады.

Бир катар ЖМКлар өз булактарына таянып, коррупцияга шектелип кармалгандардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын уулу Азатбек Нурдинов экенин жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, Азатбек Нурдинов Ош бажысында эмгектенет.

Бул боюнча депутат Нарматова жана анын жакындары комментарий бере элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок. Мекеменин басма сөз кызматы журналисттердин суроосуна “комментарий берилбейт” деп жооп берди.

Буга чейин УКМК 18-мартта Бажы кызматынын алты жооптуу кызматкери жана жеке компаниянын үч өкүлү коррупцияга шек саналып кармалганын билдирген. Атайын кызмат тараткан маалыматта алар “Кытайдан эл керектеген товарларды мыйзамсыз ташып келген туруктуу канал уюштуруп алганы” жазылган. Мекеменин башчысы Камчыбек Ташиев кармалгандардын бири – баш прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси экенин билдирген.

УКМК: Сокулук райондук милициянын тергөөчүсү $5000 пара талап кылып, анын 100.000 сомун алып жатканда кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында КР ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Сокулук РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Чүй облусунун Сокулук РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Д.К.Д. КР М.Д.О. аттуу жаранынан алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн 5 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылганы аныкталды.

Бул факты боюнча КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси («Опузалап пара алуу») менен кылмыш иши козголду.

Азыркы учурда бул факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Коррупцияга шектелип 10 салык кызматкери кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Салык кызматынын он кызматкерине коррупция айыбы тагылып, камакка алынганын билдирди.

УКМКнын маалыматына караганда, кармалган салыкчылар ишкерлер менен сүйлөшүп алып, алардын 100 миллион сомдон ашкан салыгын атайылап төмөндөтүп жазганы аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Сот салык кызматкерлеринин бөгөт чарасын карап, баарын тең камакка алуу чечимин кабыл алды.

УКМК учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар бардык адамдарды жана мамлекетке келтирилген так зыянды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Өкмөт өлкөдөгү көмүскө экономиканы азайтуу жана ишкерлердин ачык-айкын иштеши үчүн салык эрежелерин өзгөрткөн. Кассалык-көзөмөл машиналардын жана товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн ишке киргизүүгө каршы чыгып, нааразылык акциясына чыккандар да болгон.

Кыргыз өкмөтү электрондук кагаз толтурууга өткөндөн тартып көмүскө соода азайып, салык көп чогулуп жатканын жүйө келтирүүдө.

Былтыр 208 миллиард сомго жакын салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогулган. Өкмөт бул белгиленген пландан 3,7 миллиард сомго ашык аткарылганын, мурдагы жылга караганда 63,8 млрд. сомго көп экенин билдирген.

УКМК: ЕРӨБ берген 6.000.000 евронун бир бөлүгүн "жеп" алышкан Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жана “Суу-Канал” ишканасынын жетекчилерине кылмыш иши козголду

КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, шаардын суу түтүктөрүн жаңылоо долбоорун ишке ашырууда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жана “Суу-Канал” МИнын кызмат адамдарынын кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды 

Көрүлгөн тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө, Кызыл-Кыя шаарынын суу менен камсыздоо системасын жаңылоо долбооруна 2017-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан бөлүнгөн жалпы 6 000 000 евро суммасындагы ишти жүзөгө ашырууда сапатсыз аткарылганы жана аткарылган иштердин көлөмү ашыкча бааланганы аныкталды. 

Азыркы учурда тиешелүү экспертизаларды дайындоо жана тергөө амалдарын жүргүзүү менен келтирилген материалдык чыгымды так аныктоо иштери жүрүп жатат.

Жогорудагы факты боюнча КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Меню