Menu

Коррупция

УКМК: Билим берүү министрлигинин системасына киргизилген электрондук күндөлүк программасынын негиздөөчүсү кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан санариптештирүүнү орто билим берүү мекемелерине жана аларга тиешелүү жеке ишканаларда киргизүүдө пайда болгон коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, 2023-жылдын 13-мартында окуучулардын жетишкендиктерин көзөмөлдөөчү программанын негиздөөчүсү Б.С.А. өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн жашыруу жана алдамчылык фактысы боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул программалык камсыздоонун башкы директору жана негиздөөчүсү материалдык жактан байуу максатында, кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алуу менен кош бухгалтерияны колдонуп, алынган кирешелер тууралуу жалган маалыматтарды берүү менен салыктарды төлөөдөн качкандыгы, натыйжада мамлекеттик бюджетке жылына 19 миллион сомдон ашык салык төлөмдөрү (КНС, СС) түшпөй калганы, жана ошондой эле ишенимге кирип, биргелешкен иштин кирешесинен түшкөн дивиденддерди убада кылып, алдоо жолу менен тең уюштуруучулардын акча каражаттарын өздөштүрүп алганы аныкталды.

Учурда бул окуяга тиешеси бар бардык кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

УКМК: 2 млн 600 миң сомду уурдап жеп алышкан Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери ал акча каражаттарын төлөп беришти

Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүндө коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын УКМК материалдарынын негизинде Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн бухгалтерия бөлүмүнүн кызматкерлерине карата текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ага ылайык, бухгалтерия бөлүмүнүн кызматкерлери 2016-жылдын орто ченинен бүгүнкү күнгө чейин райондун орто мектептеринин кээ бир мугалимдерине “Бай Түшүм” жана “РСК Банк” банктарынан эсеп ачып, алар аркылуу көрсөткөн кызматтарына акы төлөө деген шылтоо менен бюджеттик каражаттар чыгарылып турган.

Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүүнүн туруктуу схемасына бөгөт коюу максатында, КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР Финансы министрлигинин адистерин тартуу менен текшерүү иштери дайындалды. 

Азыркы учурда, жүргүзүлүп жаткан тергөө материалдары боюнча мамлекетке 2 миллион 600 миң сом кайтарылып, туруктуу схеманын башка катышуучуларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда. 

УКМК: Жумгалда көпүрө куруу үчүн бөлүнгөн 572 994 сомду кымырып алышкан айыл аймагынын башчысы менен “ЭКО-строймонтаж” ЖЧКсынын жетекчилерине кылмыш иши козголду

КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында, Кабак айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери “ЭКО-строймонтаж”  ЖЧКсы менен алдын ала сүйлөшүп алуу фактысы аныкталган. 

Тактап айтканда, 2020-жылдын 30-ноябрында аталган тараптардын ортосунда Жумгал районунун Кабак айыл аймагынын Кызыл-Коргон айылындагы Көкөмерен дарыясына сметалык баасы 572 994 сом болгон көпүрө куруу боюнча келишим түзүлгөн. Келишимге ылайык, объектти пайдаланууга берүү мөөнөтү 2021-жылдын 30-ноябрынан кечиктирилбей бүткөрүү болгон.

Бирок, Кабак айыл аймагынын башчысы жана “ЭКО-строймонтаж” ЖЧКсынын жооптуу адамдары жеке материалдык кызыкчылыкты көздөп, мамлекеттин кызыкчылыгына карама-каршы иш кылып, көпүрөнү куруу боюнча келишимди аткарбастан, бөлүнгөн акча каражатты өздөрүнө ыйгарып алышкан. Алардын мыйзамсыз аракеттеринен айыл округунун бюджетине 572 994 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Топтолгон материалдардын негизинде 2023-жылдын 28-февралында бул факты боюнча КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда иштин бардык жагдайларын объективдүү жана ар тараптуу иликтөө максатында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: IT жабдууларын сатып алууда 20.000.000 сом "жеп" койгон «Альфа Телеком» ЖАКнын мурдагы жетекчилеринин бири кармалды

КР УКМК тарабынан кылмыш иликтөө иштеринин алкагында, «Альфа Телеком» ЖАКна керектелген жабдыктардын жогорулатылган баада сатылып алынган фактысы аныкталды.

Такталгандай, «Альфа Телеком» ЖАКтын IT-технология боюнча департаментинин жетекчилери жана башкы директорунун мурдагы орун басары П.М.А., жеке катышуучулар менен келишим түзүп, алар жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алышкан. 

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала 20 миллион сомго жакын зыян келтирилген.

Алынган далил материалдардын негизинде П.М.А. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен биригип алышып, коррупциялык схемаларды уюштурган Сокулук районунун “Кадастр” мекемесинин кызматкерлери кармалды

УКМК тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз берүү менен байланышкан коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Сокулук районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин филиалынын жооптуу кызматкерлери тарабынан кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу жана документтерди жасалмалоо фактылары аныкталган. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып,  кылмыш иши козголгон. Анын алкагында Сокулук районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын директорунун орун басары А.К.Ч, Сокулук районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин каттоо бөлүмүнүн кызматкери Т.у.Р жана ошондой эле, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Э.М.А менен А.К.А. кармалып, УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда бул кылмыштарга Сокулук районунун жооптуу жана кызмат адамдарынын жана кылмыштуу контингенттин өкүлдөрүнүн катыштыгы бар экендигин аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

УКМК: Сузак районунун архитектура жана шаар куруу бөлүмүнүн, "Кадастр" мекемесинин адистери айыл чарба жерлерин мыйзамсыз сатышкандыгы үчүн кармалды

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Сузак райондук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнүн адиси А.Н.Т., Сузак айыл өкмөтүнүн жер маселеси боюнча адиси О.С., “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук бөлүмүнүн адиси И.К. жана Сузак айыл өкмөтүнүн башчысынын мурдагы орун басары Х.У.Р., ошондой эле мыйзамсыз бүтүмдөрдү түзүүгө ортомчулук кылган Кыргыз Республикасынын жараны К.О.С. кармалды. 

Кармалгандар жасалма документтерди колдонуу менен Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен жеке турак-жай курууга айыл чарба өндүрүшүнө гана ылайыкталган жер тилкелерин мыйзамсыз сатышкандыгы аныкталган.

Жогорудагы кызмат адамдарынын жана жарандардын жашаган жеринде жана иштеген жеринде тинтүү иштеринин жүрүшүндө, Сузак районунун аймагындагы жер тилкелерине тиешелүү 500дөн ашык жасалма белгилери бар документтер табылып алынган.

Учурда жасалган кылмыштын бардык жагдайларын, ошондой эле кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мындан улам УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы Сузак районунун тургундарын жер тилкелери боюнча алдамчылык фактылар болсо, анын ичинде кызмат адамдары катышкан фактылар болсо Башкы башкармалыктын нөөмөт бөлүмүнүн: (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61 номерлери  аркылуу кайрылууну өтүнөт. 

Ошол эле учурда, Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы Сузак районунун тургундарына Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жана жайыт жерлерин жеке турак-жай куруу үчүн бөлүп берүү боюнча кабыл алынган токтомдор мыйзамсыз экенин маалымдайт.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундарын мурда алынган документтери менен УКМКнын облустук башкармалыгына келип, бул коррупциялык схемага тиешеси адамдарды жоопко тартуу боюнча тергөө иштерине көмөк көрсөтүүнү чакырат.

УКМК: Бишкек шаарынын эң баалуу муниципиалдык жер тилкелерин жалданма адамдарга жасалма документтер менен каттап алган "БишкекБашкыАрхитектуранын" адиси кармалды

КР УКМК тарабынан коррупциянын деңгээлин азайтуу жана жоюу иштеринин алкагында “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин  жана Аламүдүн райондук архитектура башкармалыгынын кызматкерлерине карата кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана документтерди жасалмалоо жолу менен муниципалдык менчиктен жерлерди чыгарып жана өздөштүрүү боюнча коррупциялык механизмин уюштургадыгы үчүн кылмыш иши козголду. 

Козголгон кылмыш ишинин алкагында шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык башкармалыктардын биринин башчысынын орун басары К.Б.К. жана “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин адиси А.Н.М. тарабынан жеке кызыкчылыктары үчүн  Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү эң баалуу муниципалдык жер тилкелерин жалданма адамдарга катталганы аныкталган. Ошону менен иш жүзүндө муниципалдык менчикти басып алышкан.     

2023-жылдын 6-мартында бул адамдар кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда коррупциялык схеманын бардык катышуучуларын аныктоо жана ушул сыяктуу фактыларды тактоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетчү нерсе, шаар куруу жана архитектура кызматтарынын айрым кызматкерлеринин мындай мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында имараттардын архитектуралык ансамбли бузулуп, материалдык гана зыян келтирбестен, борбордун эстетикалык көрүнүшү да бузулууда.

УКМК: Талас райондук ооруканасынын жетекчилери кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, 2,2 млн сомду кошумча айлык катары чегерип алышкан

КР УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча Талас районунун Жалпы дарыгердик практика борборунун   администрация жана бухгалтериясына карата тергелип жаткан кылмыш иши аяктады. 

Тергөөнүн жүрүшүндө 2020-жылдын январь айынан тарта Талас районунун Жалпы дарыгердик практика борборунун кызматкерлерине эмгекке катышуу коэффициенти (ЭКТ) түрүндөгү эмгек акысына кошумча акы төлөнбөй келгени аныкталган, себебин медициналык кызматкерлердин негизги эмгек акысына коэффициент кошулган деп билдиришкен.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Талас районунун Жалпы дарыгердик практика борборунун жооптуу адамдары кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, административдик-башкаруучу персоналга жана бухгалтерияга негизсиз түрдө эмгек акы фондунун үнөмдөлгөн каражаттарынан эмгек акы өндүрүп жүрүшкөнү аныкталды. 

Жалпысынан 2020-2021-жылдар аралыгында аталган Жалпы дарыгердик практика борборунун административдик-башкаруучу персоналы жана бухгалтериясы тарабынан мамлекетке 2 миллион 181 миң 260 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген. 

Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучулар тарабынан келтирилген зыяндын орду толук толтурулган.

Кылмыш иши тергөөнүн аякташы менен кароо үчүн сотко жиберилет.

Мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерин ижарага берүүдө коррупциялык схема түзгөн Талас мэриясынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

КР УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Талас шаарынын мэриясынын ММБда муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүүдө коррупциялык схема аныкталган.

Бул кылмыш ишинин алкагында айыпталуучулардын кошумча 3 миллион сомун мамлекеттин кирешесине кайтарды, ал буга чейин мурда мамлекеттин кирешесине 5 миллион сом кайтарылган болчу.

Кылмыш иши боюнча айыпталуучуларга айып тагылып, кылмыш иши андан ары кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлөт.

Учурда кылмыш ишинин алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Базар-Коргон районунун эки мамлекеттик кызматкери ишкерди опузалап, 200.000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Үстүбуздөгү жылдын 6-февралында КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде (Опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында, акча каражаттарынын бир бөлүгүн берип жаткан учурда Базар-Коргон райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башкы бухгалтери К.Т.И. жана Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын архитектура-курулуш көзөмөлүнүн башкы инспектору Д.А.К. кармалды.

Аталган кызмат адамдары алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, жеке ишкерден коммерциялык объектти курууга уруксаат берүү үчүн 200 000 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Кармалгандар КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренеси боюнча КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда КР УКМКнын Башкы башкармалыгы тарабынан бул кылмышты жасоого катышкандардын бардыгын аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Меню