Menu

Коррупция

"Тазалык" ишканасында жумуштан кеткен жана чет өлкөдө жүргөн адамдарга эмгек акы ыйгарылып турган коррупциялык схема аныкталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаардык мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкери айлык акыны эсептөөдө кызмат абалынан пайдаланып, акча каражаттарын чыгарып кетүү үчүн коррупциялык схема түзгөнү аныкталганын маалымдады.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө муниципалдык ишканада иштебеген же жумуштан кеткен жана чет өлкөдө жүргөн адамдарга эмгек акы ыйгарылып турган схема иштеп турганы аныкталган. Ал аркылуу чыгарылып кеткен каражаттарды схеманын уюштуруучулары жеке кызыкчылыктарына колдонуп турганы расмий маалыматта айтылат.

УКМК ишкананын Ч.М аттуу кызматкери шектүү катары кармалып, тергөө жайына камалганын кабарлады. Атайын кызмат шектүү буга чейин ишканада нааразычылык акциясын уюштургандардын бири болгонун белгилейт. Тергөө иштери башталды.

Азырынча шектүүнүн жакындары же жактоочусу менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

11-августта “Тазалык” муниципалдык ишканасынын айрым кызматкерлери Бишкектин Биринчи Май районундагы таштанды чыгарууну жеке ишканага берүү тууралуу мэриянын чечимине каршы нааразылык акциясына чыгышкан. Алар ишкананын техникасын жакшыртуу менен шаардын тазалыгын камсыз кылууга болорун айтышкан.

7-августта Бишкек мэриясы Биринчи Май районунда чогулган акыр-чикирлерге байланыштуу тургундар арасындагы нааразылыктар жөнүндө билдирүү таратып, бул районду “Эко Проф” жеке компаниясы тазалап жатканын кабарлаган.

Акыркы кездери Бишкекте таштанды убагында тазаланбай калган деген нааразылыктар айтылууда. Мэриянын адистери иш жүрүп жатканын, таштанды челектер жуулуп турарын билдирүүдө. Бирок айрым тургундар жуулбаган, тазаланбаган жерлер көп экенин далилдеген сүрөттөрдү интернеттеги социалдык түйүндөргө жарыялап жатышат.

Буга чейин баш калаадагы таштандыларды чыгарып кетүүгө жооптуу “Тазалык” ишканасы шаардан күнүнө 500 тоннанын тегерегинде акыр-чикир чыгара турганы айтылган. Ишканада бир жарым миңдей адам эмгектенет.

Адам союп жүргөн хирургдун диплому жасалма экендиги аныкталып, аны жашыруу үчүн дарыгер УКМК кызматкерине $2000 пара берип жатканда кармалды

Кечээ, 28-июлда КР УКМК кызматкерине 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын пара катары берүүгө аракет кылып жаткан жеринен Кочкор-Ата шаардык жалпы медициналык практика борборунун үй-бүлөлүк дарыгери Т.Г.Х. кармалды.

Кармалган адам Бишкектеги Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин жогорку билими тууралуу жасалма дипломду пайдаланып, ага акт түзүп өз ыктыяры менен берүүсү аныкталган, бирок кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу амалында текшерүүнү токтотуу жана фактыны жашыруу үчүн КР УКМК кызматкерине пара сунуштаган.

Кармалган жаран мурда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айылындагы аймактык оорукананын филиалында хирург болуп иштеген.

Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгүндө (Пара берүү) каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш ишине катталган.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

УКМК: Билим берүү министрлиги менен ЖОЖ кызматкерлеринин абитуриенттерди кабыл алууда түзгөн коррупциялык бир схемасынын бети ачылды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан билим берүү системасындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, абитуриенттерди мамлекеттик гранттык орундарга мыйзамсыз кабыл алуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин кызмат адамдарынын, ошондой эле мамлекеттик ЖОЖдордун биринин кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иштери боюнча маалыматтар келип түшкөн.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, анын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин өкүлдөрүнүн катышуусунда ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, анын корутундусуна ылайык Билим берүү жана илим министрлигинин кызмат адамдары абитуриенттерди мыйзамсыз кабыл алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, жогорку окуу жайлары жаатындагы өкмөттөр аралык келишимди бузуу менен чет мамлекеттердин жарандары үчүн бөлүнгөн гранттык орундарга 50 абитуриентти кабыл алуу боюнча мыйзамсыз буйрук чыгарган. Бул буйрукту аткаруунун алкагында жогорку окуу жайдын кабыл алуу комиссиясынын жооптуу адамдары иштелип чыккан жобону аткаруу үчүн  Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан абитуриенттерди кабыл алышкан, бул өкмөттөр аралык келишимдин ченемдерине карама-каршы келет.

Ошол эле учурда, тергөө тарабынан кабыл алуу процедурасы сырттан келген абитуриенттердин мүмкүнчүлүгүн чектегендигин аныкталды, муну гранттык орундарга ачык сынактын жарыяланбаганы жана өткөн студенттердин жалпы республикалык тестирлөөдө алган салыштырмалуу төмөн баллдары далилдеди. Мындан тышкары, бул гранттык орундарга кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бирдиктүү электрондук порталы аркылуу эмес, аталган жогорку окуу жайдын тандоо системасы аркылуу жүргүзүлүп, абитуриенттерди каттоо бир күн ичинде жүргүзүлгөн, бул өлкөнүн билим берүү тармагындагы мыйзамдарына карама-каршы келет.

Бул жагдайлар айрым студенттерди окууга кабыл алууга мүмкүнчүлүк берип, башка абитуриенттерди кабыл алуу үчүн бирдей шарттарды жокко чыгарат, ошондой эле республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнө негизсиз финансылык оорчулук келтирет.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул кылмышка тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

УКМК: Баткен облусунун Капиталдык курулуш башкармасынын жетекчилерине коррупция боюнча кылмыш иши козголду

Үстүбүздөгү жылдын 29-июнунда КР УКМК тарабынан Баткен облусунун Капиталдык курулуш башкармасынын жетекчилери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, республикалык бюджеттин каражаттарын максатсыз пайдалануу жана КР мыйзамдарын бузуу менен тендер өткөрүү түрүндөгү коррупциялык көрүнүштөр фактысы боюнча кылмыш иши козголду. 

2015-жылы Капиталдык курулуш башкармалыгы Баткен шаарында 250 орундуу поликлиниканы курууга тендер өткөргөн. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Баткен облусу боюнча Капиталдык курулуш башкармалыгынын айрым кызмат адамдары “Юг-Мак” ЖЧКсынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, поликлиниканы курууда материалдык пайда алуу максатында сатып алууларды жогорулатылган баада, жумуштун көлөмдөрүн жогорулатып көрсөткөнү, ошондой эле башка мыйзам бузууларга барганы аныкталды.

Азыркы учурда бул факты боюнча тиешелүү тергөө амалдары башталды.

Абакта олтурган Туйгуналы Абдраимов мамлекетке 15.000.000 сом, 11,2 гектар жерин, курорттогу конок үйүн өткөрүп берип, үй камагына чыкты

УКМК кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Т.Абдраимов КР БШКнын төрагасы болуп турганда, өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтык абалын жана саясий байланыштарын колдонуу менен мыйзамсыз баюу максатында, 2015-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алуу аркылуу муниципалдык жер тилкени таштанды таштоочу жай катары 95% акциясы Т.Абдраимовго тиешелүү “Кайнар” ЖАКка ижарага берүү боюнча иштерди жүргүзгөндүгүн белгилейт.

2022-жылдын 1-майында чогултулган далилдердин негизинде Т.Абдраимовго КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү менен айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Кылмыш ишин андан ары иликтөөнүн жүрүшүндө Т.Абдраимов өзүнүн мыйзамсыз аракеттерин түшүнүп, кылган ишине өкүнүп, жазасын жеңилдетүү максатында 11,2 гектар жер тилкесин (таштанды таштоочу жай) Чүй облусунун Ысык-Ата райондук администрациясынын балансына өткөрдү, иш боюнча белгиленген 15 300 000 сом зыяндын ордун толук толтурду, ошондой эле Ысык-Ата курортунун аймагында жайгашкан конок имаратын өз ыктыяры менен КР Кыргызстан профсоюздар федерациясынын балансына өткөрүп берди. Буга байланыштуу 2022-жылдын 29-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөөнүн өтүнүчү менен Т.Абдраимовдун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрттү.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен бул кылмыш иши сотко жөнөтүлөт.

УКМК: “Бишкек башкы архитектуранын” мурдагы жетекчиси, борбор калаанын башкы архитектору Канат Анарбеков кармалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, “Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып белгиленген нормаларды бузуп уруксаат берүүчү документтерди берүү фактысы аныкталды.

А.К.К. “Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик мекемесинин жетекчиси болуп турганда, өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы, жеке кызыкчылыгын көздөп, борбордогу көп кабаттуу үйлөрдү жана административдик имараттарды долбоорлоого жана курууга мыйзамсыз уруксаат бергени аныкталды.

А.К.К. курулуш уюмдары менен сүйлөшүп алып жасаган мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында, Бишкек шаарында коопсуздук эрежелерин сактабастан, архитектура жана шаар куруу нормаларын бузуу менен башаламан курулуштардын жүргүзүлүшү байкалууда. Ошондой эле, “Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдарынын жардамы менен курулуш уюмдары тарабынан жер тилкесин рейдерлик жол менен басып алуу фактылары да бар.

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча “Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси – А.К.К.  кармалып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан жогоруда аталган фактыларга кызмат адамдарынын жана башка адамдардын тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Транспорт министрлигинин битум кампасынын башчысы жеке баюу максатында 1 тонна мамлекеттик битумду 60.000. сомго сатып жаткан жеринен кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 27-июнунда КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгү (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мунай заттарын 60 000 (алтымыш миң) сом акча каражаттарына мыйзамсыз сатып жаткан жеринен Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлигинин №38 ДЭПинин битумдук чуңкурунун башчысы А.Т.Т. кармалды. Ал жеке баюу максатында мамлекеттин балансында турган битумду тынымсыз сатып келген.

КР УКМК 2022-жылдын 27-июнунда КР Транспорт министрлигинин Таш-Көмүр шаарындагы №38 ДЭПнын мамлекеттин балансында турган битумду мыйзамсыз саткан кызматкерлерине карата чараларды көрүү өтүнүчү менен Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын тургуну, КР Т.И.Д. аттуу жараны кайрылган. Кайрылуу учурунда А.Т.Т.  1 тонна битумду 60 000 сомго сатам деп Т.И.Д.ге  убада кылган. 

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 

Генпрокуратура: Ысык-Көлдөгү "Чыгыш электр" ишканасы чыгашалуу иштегенине карабай, 20 миллион сомду сыйлык катары жазып, кымтып алышкан

Ысык-Көл областтык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен “Чыгыш Электр” ачык акционердик коомунда олуттуу каржылык мыйзам бузуулар аныкталды.
Текшерүүдө, акционердик коомдун кызматкерлеринин эмгек маяналары жогору ѳлчѳмдѳ жана коомдун кѳрсѳткүчтѳрү чыгашалуу болгондугуна карабастан, кызматкерлерге эмгек маянадан тышкары ай сайын сый акы тѳлѳмдѳрү жүргүзүлүп, 2021-жылына карата бекитилген суммадан ашыкча 13 млн 601 миң 700 сом мыйзамсыз берилип кеткендиги тастыкталды.
Ошондой эле, негизги акционер болгон мамлекеттин кызыкчылыгы четке кагылып, коомдун бекитилген эмгек акы фондунда үнѳмдѳлгѳн акча каражаты жок болгондугуна карабастан, “Чыгыш электр” коомунун жетекчилигинин буйругу менен энергетиктердин майрамына карата 6 млн 890 миң сом дагы мыйзамсыз төлөнгөн.
Жыйынтыгында, аталган коомдун кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам, мамлекетке 20 млн 491 миң 700 сомдук ѳзгѳчѳ ири ѳлчѳмдѳ материалдык зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Ысык-Кѳл областтык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 245-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

УКМК: “Достук” көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери коррупция фактысы боюнча кармалды

КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) менен катталган кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “Достук” көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагында системалуу түрдө мыйзамсыз акча талап кылуу фактысы боюнча  “Достук” көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери А.Д.М., Д.М.Т., Х.Р.Р., КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Транспорттогу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун түштүк аймагы боюнча башкы дарыгеринин орун басарынын милдетин аткаруучу Н.С.Т., “Достук” санитардык карантин пунктунун мурдагы башчысы А.З.Ж., ошондой эле “Достук” көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагындагы кызмат адамдарынын мыйзамсыз акча өндүрүүсүнө тиешеси бар ортомчулар С.А.Ж., А.Б.Т. кармалды.

Жогорудагы адамдарга карата Ош шаардык соту тарабынан 2022-жылдын 24-июнуна чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

УКМК: Айыл чарба багытындагы жерлерди турак жай куруу үчүн сатуу фактысы боюнча 2 депутат, 1 айыл башчысы камакка алынды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында Ноокат районунун Он-Эки-Бел айылынын аймагынан жеке турак жай куруу үчүн 30 гектардан ашык айыл чарба жерлерин мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталган.

Аталган кылмыш ишинин алкагында 2022-жылдын 4-июнунда Он-Эки-Бел айыл аймагынын мурдагы башчысы Т.К.Э., жер маселелери боюнча мурдагы адис К.И.Э., Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин мурдагы спикери, учурдагы депутаты К.Д.Т., жана Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин мурдагы депутаты М.К.А. КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып коюлуп, ошол эле күнү Ош шаардык соту тарабынан 2022-жылдын 30-июнуна чейин КР УКМК тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Азыркы учурда бул кылмыш ишинин алкагында жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатуунун натыйжасында мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Меню