Menu

Коррупция

5.000.000 жана 2.000.000 сом пара ("откат") алышкан мамлекеттик кызматкерлер коррупцияга шектелип кармалды

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруу бөлүмүндө жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Келтебек айылындагы СПАнын ички чарбалык ирригациялык системаны реабилитациялоого бөлүнгөн 57 365 524 сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттарды өздөштүрүүдө коррупциялык схема аныкталды.

Мында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Дүйнөлүк банк тарабынан башкарылуучу Айыл чарба жана азык – түлүк коопсуздугу боюнча глобалдык программадан “Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу” долбоору   боюнча чыгымдарды жабууга – № TFOA0645 грант түрүндө каражат алынган.

Долбоорду ишке ашыруу бөлүмү берилген ыйгарым укуктарга ылайык республиканын ички чарбалык ирригациялык системаларын реабилитациялоо боюнча мамлекеттик заказчы болуп саналат.

Кызматтын, Мамкурулуштун, айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары ортомчулар аркылуу материалдык байлыктарды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу, ошондой эле аларга бул жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды берүү максатында жогоруда аталган ички чарбалык ирригациялык системаны реабилитациялоо боюнча тендерде   жеңишти ыйгаруу үчүн “НТС” ЖЧКнын өкүлүнөн 5 736 500 сомдон 2 000 000 сом суммасында, т.а. тендердин суммасынан 10% өлчөмүндөгү өзгөчө ири сумманы “откат” катары алышкандыгы аныкталды.

Жооптуу кызмат адамдарынын мындай аракеттери ирригациялык системаларды сапатсыз куруу коркунучун жаратат, ошондой эле сапатсыз курулуш материалдарын колдонуу жана иштин көлөмүн жогорулатуудан улам  мамлекетке финансылык зыян келтирет.

Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси менен  (Коррупция) кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Генпрокуратура: Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 1,5 млрд сомдук коррупциялык факт менен кармалды

Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги, кээ бир кызмат адамдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин “Саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгын одоно бузуп, бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурушкандыгы аныкталды.

2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын сентябрына чейин Кыргызстанга эл аралык уюмдардан, Орусия, Кытай, Азербайжан жана Казахстандан бекер гуманитардык жардам иретинде 451 миң 560 доза вакцина келип түшүп, ошондой эле, Өлкө Президенти Кытай жана Орусиянын башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кошумча 6 млн. дозадан ашык вакциналарды акысыз гуманитардык жардам иретинде бериле тургандыгын макулдашылгандыгына карабастан, Саламаттык сактоо министри А.Бейшеналиевдин жеке тапшырмасы боюнча 2021-жылдын апрель, июнь, июль жана сентябрь айларында чет өлкөлүк менчик компанияларынан 1 млрд. 581 млн. 474 миң 315 сомдук 2 млн. 460 миң доза вакцинасын негизсиз сатылып алынган. Аталган акча каражаттар оффшордук аймакка которулгандыгы белгилүү болгон.

Натыйжада, көрсөтүлгөн мамлекеттерден гуманитардык жардам иретинде алынып келинген 3 млн. 147 миң  640 доза вакцина бар болуп туруп, кызмат адамдары жеке пайда табуу максатында ашыкча 2 млн. 460 миң доза вакцина сатып алышкандыгынан, ашыкча болгон вакциналардын сактоо мөөнөттөрү эскирип, колдонулбай 243 миң 223 доза керектен чыккан, калган ашыкча вакциналардын дагы колдонуу мөөнөттөрү өтүүдө.

Натыйжада мамлекетке 1 млрд. 581 млн. 474 миң 315 сом өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары Саламаттыкты сактоо министри жана башка кызмат адамдарынын үстүнөн 5 коррупциялык кылмыш иштери тергелүүдө.

УКМК: Контрабандист УКМК кызматкерине 200.000. сом пара берип жаткан жеринен КР жараны кармалды

КР УКМК аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, ушул жылдын 12-май күнү Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Р.Р.Ч. аттуу КР жаранынын башкаруусунда, коңшу мамлекеттен Кыргыз Республикасынын аймагына контрабандалык жол менен алынып келинген 25 тонна минералдык жер семирткич ташып бара жаткан оор жүк ташуучу унаа Кадамжай шаарынын аймагында кармалды.

Ошол эле учурда жүктүн ээси Ош облусунун Ноокат районундагы Бел айылынын тургуну Кыргыз Республикасынын жараны А.П. экендиги аныкталды.

Муну менен бирге, аталган А.П. аттуу жаран бул жүк контрабандалык жол менен ташылып келгендигин мойнуна алып, бул фактыны жашыруу жана кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында УКМК кызматкерине акчалай каражатты сунуштай баштаган. Жыйынтыгында, бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинде (Пара берүү) боюнча каралган кылмыштын негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери кылмыштардын реестрине катталган.

    Ошол эле күнү КР МУКК кызматкерине 200 миң сом акча каражатын берип жаткан учурда А.П. кармалды.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Коррупцияга шектелип Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы кармалды

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-берененин (Коррупция) негизинде кылмышка шектелип, Аламүдүн айыл өкмөт башчысы 1978-жылы туулган К.Н., кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Алдамчылык, документтерди жасалмалоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн тергелген материалдарынын негизинде, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча ички иштер органдарына бир
нече жарандар кайрылган. Алар Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысына карата чара көрүүнү суранышып, ал алдамчылык жол менен аталган айыл өкмөттүн башка кызматкерлери менен биргеликте жер тилкесин бөлүп берүүнү убада кылып, айрым учурларда акча каражаттарын, автоунааларды ээлеп алганы айтылган.
Бул факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Ошол эле учурда, мурда көрсөтүлгөн фактылар боюнча милиция кызматкерлери тарабынан  төмөнкүлөр кармалганын маалымдайбыз: Аламүдүн айылынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары 1974-жылы
туулган К.А., Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси 39-337-беренесинде каралган (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шериктеш болуу) жана 379-беренесинде (Документтерди жасалмалоо) жана 209-беренесинде (Алдамчылык) каралган кылмыштарга шектелип;
1963-жылы туулган Аламүдүн айылынын айыл өкмөтүнүн мурдагы кызматкери К.А., Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (Документтерди жасалмалоо) жана 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча 39-337 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шериктеш болуу) боюнча шектелип;
– Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы 1960-жылы туулган Д.Ю., дагы кылмышка шектүү делип Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 39-337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шериктеш болуу) боюнча кылмыш жасаган деп шектелүүдө.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн бул материалы боюнча милиция кызматкерлери тарабынан бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Кадамжайдагы Халмион айылында 34,5 га жер тилкеси “айыл чарба” категориясынан “калктуу конуштар” категориясына мыйзамсыз которулуп кеткен

2016-жылдын 27-апрелинде Баткен облусунун Кадамжай районунун акиминин буйругу менен Халмион айыл өкмөтүнө караган 34,5 га жер тилкеси жайыт” категориясынан “калктуу конуштар” категориясына которулган.

Бул буйруктун негизинде Халмион айыл өкмөтү тарабынан 2016-жылдан 2021-жылга чейин жеке турак-жай куруу үчүн «Ирелеш» конушунан жалпы 50 жер тилкеси бөлүнүп, «Кадастр» мамлекеттик мекемеси тарабынан бул тилкелерге жеке менчик укугуна мамлекеттик актылар берилген. 

«Кыргызмамжердолбоорло» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик экспедициясы МИнин мамлекеттик институтунун маалыматы боюнча Ирелес айылындагы 14,5 га жер «жайыт» деп көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 1-беренесинин 26-пунктуна ылайык жайыт жерлер айыл чарба багытындагы жерлерге кирет.

Мындан тышкары, ушул Кодекстин 20-беренесинин 12-пунктуна ылайык айыл чарба багытындагы жерлерди талаптарга ылайык башка категорияларга которуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирет.

Ошондой эле, ушул Кодекстин 15-беренесинин 82-пунктуна ылайык, айыл чарба багытындагы жерлер райондук мамлекеттик администрациялардын органдары тарабынан жерлердин башка категорияларына ылайык берилбейт. 

Аталган факты боюнча 2022-жылдын 18-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

“Манас” бажысы 13 миллион сомго декларацияланбаган 2 учакты аныкташты

ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражатарды мыйзамсыз өткөрүү фактыларына бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан товарларды жана транспорт каражаттарын, тактап айтканда аба кемесин декларациялабоо фактысын аныкташкан. 

2021-жылдын 26 жана 30-июлунда Кыргыз Республикасынын аймагына Пакистан-Бишкек маршруту боюнча рейстери менен “А.М.Э” ЖЧКсынын дарегине “AVRO 146 –RJ85” эки аба кемеси келгендиги анкыталган. Борттогу товарлардын наркы 12 971 063,27 сомду түзгөн. 

ЕАЭБдин мыйзамдарына ылайык, товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштыруу менен байланыштуу бажы операцияларын жүргүзүү каралган. Аталган аба кемелерине карата келген учурдан баштап кандайдыр бир бажы операциялары жүргүзүлгөн эмес. 

Бул факт КБР АМС МЭЖге катталган, материалдар ведомстволугуна караштуулугу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына берилген.

УКМК: Чек ара кызматынын кызматкерлери айдоочулардан системалуу түрдө опузалап пара алуу фактылары боюнча кармалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле бажы чек арасы аркылуу товарларды эркин алып өтүүгө тоскоолдук кылган мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз иш-аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Республиканын Чек ара кызматынын системасындагы коррупция боюнча маалыматтар алынган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура тарабынан УКМК жана Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрүнөн турган ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлгөн. 

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Баткен районунун Кадамжай шаарынын Пүлгөн айылында жайгашкан «Кадамжай-авто жол» постунун кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш аракеттерине бөгөт коюлду.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган өткөрмө посттун Чек ара кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу элге керектүү товарларды ташууга катышкан автоунаа айдоочуларынан системалуу түрдө опузалап, пара алуу менен алектенгени аныкталган.

Иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде жогоруда аталган Чек ара кызматынын өткөрмө постунун көзөмөлдөөчулөрү «А.Б.», «А.Н.», «А.Ж.», «А.Ж.» жана нөөмөт башчысы «О.Э.», ошондой эле бул коррупциялык схемага аралашкан ортомчу «Ж.А.» кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Кармалгандарга тиешелүү кылмыш иши козголуп, Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

УКМК тарабынан Аскер прокуратурасы менен биргеликте бул кылмыш ишин иликтөөнү улантып, анын алкагында аныкталган кылмыштарды жасоого тиешеси бар бардык кызмат адамдарынын бетин ачууга жана жоопкерчиликке тартууга багытталган комплекстүү чаралар көрүлөт.

УКМК: Бишкектин Октябрь районунун прокурорунун жардамчысы Т.Н.Ж. опузалап $30 миң талап кылгандыгы үчүн кармалды

2022-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын УКМК Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Тергөө башкармалыгы менен биргеликте ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде белгиленген кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун жардамчысы Т.Н.Ж. кармалды.

Кармалган адам Л.Р. аттуу жарандын ага болгон карызы үчүн У.С. аттуу жарандын 35 миң АКШ долларынан ашык болгон жүк ташуучу унаасын мыйзамсыз колдонуудан чыгарып алып, 30 миң АКШ долларын берүүсүн же кыймылсыз мүлкүн жакын туугандарына каттатып берүүсүн талап кылганы аныкталган. Тинтүү иштеринин натыйжасында У.С. аттуу жарандын жеке үйүнүн кайра каттоодон Т.Н.Ж. жакын тууганына өткөндүгү тууралуу документалдуу далилдер алынган.

Аталган Т.Н.Ж. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 97-беренесине ылайык кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Абхазиядан келген «Лексус GX-470» унаасын Россиядан келген деп каттап берген «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык бөлүмүнүн адиси А.М.М. кармалды

КР УКМК Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча КБР АМС  катталган кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык бөлүмүнүн адиси А.М.М. кармалды.

КР ИИМ «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан Абхазиядан келген, тиешелүү бажы жол-жоболорунан өтпөгөн «Лексус GX-470» үлгүсүндөгү унаага Россия Федерациясынан келген делген жасалма документтердин негизинде автотранспорт каражатына каттоо күбөлүгүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик номурун каттап бергендиги аныкталды, натыйжада мамлекетке 1 млн 870 миң 586 сом өлчөмүндө зыян келтирилген. 

2022-жылдын 24-мартында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык башкармалыгынын адиси А.М.М. Кыргыз Республикасынын кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган кылмышка шектүү катары кармалып, Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

 

УКМК: “Манас” аэропортунун чек ара көзөмөл-өткөрүү пунктунун ага адиси, ага лейтенант К.К.К. кармалды

Кечээ, 17-мартта Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (Опузалап пара алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарында Кытай эл Республикасынын КЭР жаранынан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып 3000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылып, 100 000 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен чек ара кызматынын кызматкери, ага лейтенант К.К.К. кармалды.

Кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Меню