Menu

Курманбек Бакиев

Беларус тарап Курманбек Бакиевди "саясий себептерден улам куугунтукка алынды" деп эсептеп, аны экстрадициялоодон дагы бир жолу баш тартты

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Беларустун башкы көзөмөл органына өлкөнүн качкын президенти Курманбек Бакиевге карата Аскердик соттун өкүмүн таануу жана аткаруу боюнча өтүнүч кат жолдоду.

Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, мурдагы президентти жоопко тартуу өтүнүчү менен Беларуска төрт өтүнүч жөнөтүлгөн. Беларус тарап Бакиевди “саясий себептерден улам куугунтукка алды” деп эсептеп, аны экстрадициялоодон дагы бир жолу баш тартты.

“Беларустун Жогорку соту арызды канааттандыруудан баш тартты. Алар анын соттолушун саясий себептерден улам куугунтук катары баалашкан”, – деп билдирди Кыргызстандын Башкы прокуратурасы.

Курманбек Бакиев 2005-жылдагы Март ыңкылабында бийликке келип, 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен. Өзү ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, анын жеке өзүнө жана жакындарына каршы онго жакын факты боюнча айып тагылган, мурдагы президент өзү сыртынан соттолуп, 30 жылга эркинен ажыратылган. Негизги айыптоо 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин Ала-Тоо аянтында адамдар өлтүрүлүп, жараат алгандар боюнча тагылган. Бир тууган иниси Жаныш Бакиев жана кенже уулу Максим Бакиев өмүрүнүн аягына чейин кесилген. Тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон. Бакиевдер коюлган айыптарды четке кагып келет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 15-июнда “Новые лица” басылмасына курган маегинде азыркы бийликтин Бакиевдерди реабилитация кылуу ою жок экенин билдирген, бирок мурдагы президенттерди “реабилитация кылгысы келсе эл гана качандыр бир кезде кыла алат” деп айткан. Июль айынын башында “Жаңы ордо” гезитине берген маегинде Бакиев өзүнө карата козголгон кылмыш иштери боюнча суроолорго онлайн жооп берүүгө даяр экенин билдирген.

Эмгек министрлиги Курманбек Бакиев менен Алмаз Атамбаевдин мамлекетке өткөн үйлөрүндө балдардын реабилитациялык борборлорун ачууга даярдыкты баштады

Кыргызстанда 200 миңдей майып жарандар жашайт, алардын ичинен 35 миңи – 18 жашка чейинки балдар. Бул тууралу Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ошол эле учурда, өлкөдө майыптыгы бар бардык жарандарды реабилитациялык кызматтар менен толук камсыз кылуу кыйынчылыгы бар.
Ошол себептен мамлекеттин карамагына өткөн Жибек  жолу проспектисинин 519 жана 521 дарегинде жайгашкан экс-Президент Бакиев Курманбек Салиевичтин жана Кой –Таш айылында жайгашкан экс-Президент Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин үйлөрүндө күнү-түнү иштей турган балдардын реабилитациялык борборлорун ачылуусу пландалып жатат.
Аларда нерв системасынын, таяныч–кыймыл аппаратынын же психикалык жана жүрүм-турум бузулуулары бар сезүү органдарынын майып оорулары бар балдар дарылана алышат.
Кичинекей бейтаптар физикалык жана психологиялык ден-соолукту калыбына келтиришет.

Болот Темиров Бакиевдин тушунда документтери толук текшерилгенин айтты

Temirov LIVE каналынын негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Болот Темиров анын паспортуна байланыштуу козголгон кылмыш ишине байланыштуу билдирүү жасады.

Ал мындан 16 жыл мурун иш жолун Коомдук биринчи каналда баштаганын, бирок журналист катары кесипкөйлүгү жетишчиз экенин билип кайра Москвага барып телевидениянын редактору деген диплом менен кайра кайтып келгенин билдирди. Ал Курманбек Бакиев президент болуп турганда аны Ак үйгө чакырышканын, президенттин катчылыгындагы маалымат бөлүмүнүн эксперти катары иштегенин белгиледи. Ошол маалда документтеринин баары толук текшерилгенине токтолду.

“Мен анда документтеримдин баарын тапшыргам, тиешелүү органдар аны тыкыр иликтеп чыгышкан. Ошол 2008-жылы мен жаш адис катары иштеп жүргөндө Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Акылбек Жапаров жогорку кызматтарда отурушкан”,- деди Темиров.

Ал кандай кыйынчылык, тоскоолдук болсо дагы азыркы багытынан кайтпай турганын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров 25-апрелде “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде журналисти жасалма документтердин негизинде паспорт алган деп айыптаган.

“Бирөөнүн аскердик билетин уурдап алып, өзүнүн сүрөтүн чаптап, фамилиясын алмаштырып, ошол аскердик билеттин негизинде Өзгөндөн кыргыз паспортун алган экен. Өзү Орусиянын жараны болгон. Ал аскердик билеттин ээси дагы табылды. Болот Темиров кыргыз армиясында эч качан кызмат кылбаганын Коргоо министрлиги дагы тастыктады”,-деген Жапаров.

20-апрелде Темировго карата Жазык кодексинин 379-беренеси (“Документ жасалмалоо”), 378-беренеси (“Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) боюнча эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Темиров муну ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн.

Анын алдында журналист Улуттук коопсуздук комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерди утуп алганы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.

Быйыл жыл башында шаардык милиция Темировго карата Жазык кодексинин 283-беренеси (Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен иш козгогон. Анын алдында Темиров жемкорлук тууралуу иликтөө жарыялап, анда да Ташиевдин аты аталган. Ошол эле күнү УКМК төрагасы Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан. Бул иш боюнча тергөө уланууда.

Бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар жемкорлуктун бетин ачкан журналистке куугунтук жүрүп жатканын белгилешкен.

УКМК: Кумтөр долбоору боюнча өлкөнүн мурунку президенттери А.Акаев, К.Бакиев жана жогорку кызматтагы адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылышты

Ведомстволор аралык тергөө тобу “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун ар кандай этабындагы коррупциялык фактылар боюнча кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.

Тергөө тобу “Кумтөр” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасы менен канадалык инвесторлордун ортосундагы келишимди түзүүнүн жана реструктуризациялоонун жагдайларын аныктоого багытталган ири көлөмдөгү иштерди жүргүздү.

Бүгүнкү күнгө чейин тергөө иш-аракеттери топтолгон далилдер менен тастыкталган негиздүү тыянактарда, келишимдерди жана ар кандай толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду түзүүдө, «Камеко» жана «Центерра» компаниялары сунуш кылган канадалык инвесторлор менен кызматташууда ири коррупциянын белгиси бар экени, Кумтөр кенин иштетүү менен байланышкан жана алардын шарттары Кыргыз Республикасынын элинин негизги кызыкчылыктарына жооп берген эмес.

Ушуга байланыштуу, 1992-жылы Башкы келишимди түзүүдө жана ага 1994-жылы өзгөртүүлөрдү киргизүүдө экс-президент А.Акаев жана Реконструкциялоо жана экономикалык өнүгүү комитетинин  мурдагы төрагасы Б.Бирштейнге коррупция фактысы боюнча сыртынан кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөн,  жана экс-премьер-министрлер Т.Чынгышев, А.Джумагулов жана “Кыргызалтын” мамлекеттик концернинин мурдагы президенти Д.Сарыгуловго кылмыш жасагандыгы үчүн шектүү деп табылып эскертүү берилген.

Камеко компаниясы менен 2003-жылы түзүлгөн Башкы келишимди реструктуризациялоо учурундагы коррупция фактысы жөнүндө, анын натыйжасында Кыргыз Республикасынын “Центеррадагы” үлүшү 25,7% га (7,3 млрд. сом) төмөн бааланып,  мурдагы президент А.Акаев дагы сыртынан кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Ошондой эле, тергөө тарабынан 2009-жылы Кумтөр долбоорунун жаңы шарттары боюнча келишим түзүүдө коррупция фактысы боюнча юридикалык баа берилип, өлкөнүн жогорку кызмат адамдары 1992, 1994 жана 2003-жылдары түзүлгөн келишимдерде, улуттук кызыкчылыктардан “Центерранын” кызыкчылыктарын жогору коюуп, республиканын экологиясына жана экономикалык кызыкчылыктарына зыян келтирип, ушул компанияга атайылап чексиз мүмкүнчүлүктөрдү берген.

Ушуга байланыштуу, ушул эпизод боюнча, кылмышка шектүү деген билдирүү өлкөнүн мурдагы премьер-министри И.Чудиновго жана «Кыргызалтын» ААКнын мурунку башкармалыгынын төрагасы А.Жакыповго, жана Госгеологиянын мурдагы директору К.Курманалиевге, директорлор кеңешинин төрагасы А.Елисеевге, инвесторлордун өкүлү А.Сазановго, мурдагы президент Курманбек Бакиевге жана анын уулу Максим Бакиевге издөө жарыяланды.

Тергөө тарабынан аныкталган коррупциялык фактыларды жана Кыргыз Республикасынын элинин кызыкчылыгына жооп бербеген канадалык инвесторлор менен түзүлгөн келишимдердин шарттарын эске алуу менен, тергөө, республиканын Башкы прокуратурасы менен биргеликте «Кумтөр»   долбоору боюнча келишимдерди денонсациялоо процессин баштаган.

Ошентип, 1992-2009-жылдардагы эпизоддор боюнча тергөө иштери акыркы баскычта турат. Ошол эле учурда, 2017-жылы Кумтөр долбоору боюнча кийинки келишимдерди түзүү боюнча иликтөө улантылууда, жыйынтыгы боюнча соттолуучуларга юридикалык баа берилип, ал жөнүндө УКМК коомчулукка кошумча маалымдайт.

Ташиев: Бакиев менен Атамбаевге иш козголуп, Акаевге издөө жарыяланды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлдагы маалымат жыйында “Кумтөр ишине” байланыштуу мурдагы президенттер Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевге иш козголуп, Аскар Акаевге издөө жарыяланганын билдирди.

“Тергөөнүн жыйынтыгында Бакиевге иш козгодук, Атамбаевге иш козгоп атабыз, Акаевге издөө жарыяладык. Жээнбековго азырынча эч нерсе жок. Эгерде бир нерсе чыга турган болсо, аны дагы жоопко тартабыз”.

Ташиев “Кумтөр ишине” байланыштуу камалгандардын кылмыш ишинде мамлекетке чыгым 1 млрд. сом деп эсептелгенин кошумчалады.

УКМК Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерди иликтеп жатат. 31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалган.

2-июнда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев камакка алынган. 9-июнда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Алмазбек Баатырбеков, 17-июнда мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалган. Аларга Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду. Кийинчерээк Талант Узакбаев менен Алмазбек Баатырбеков үй камагына чыккан.

Мындан тышкары Кумтөр ишине байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Игорь Чудинов, Темир Сариев, ЖК депутаты Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров жана башкалар күбө катары көрсөтмө берген.

Кумтөр – Кыргызстандагы эң ири алтын кени. Аны канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштетет. Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

Кыргыз тарап “Центерра Голд” компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизген.

Светлана Тихановская: "Беларустун өзүндө эмне болуп жаткандыгын эске алсак, менимче көп адамдар Бакиев жөнүндө ойлонушпайт деле"

Беларус оппозициясынын лидери, мурдагы президенттикке талапкер Светлана Тихановская “Азаттык” радиосунун журналисти берген Кыргызстандын бозгундагы мурдагы президентинин Минскте жүргөндүгү тууралуу суроого жооп берди.

“Беларустун өзүндө эмне болуп жаткандыгын эске алсак, менимче көп адамдар бул жөнүндө ойлонушпайт. Себеби буга чейин Лукашенконун кыймыл аракеттеринин бардыгы кадыресе көрүнүш катары кабыл алынып, эч ким буга туруштук бере алам деп ойлогон эмес. Былтыр гана эл көтөрүлүп чыгып, ким экендигин көрсөтө алды. Азыр гана бул маселе беларустуктардын арасында талкуулана баштагандыр”.

Светлана Тихановская 8-июнда “Эркин Европанын” Прагадагы кеңсесинде болуп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню