Menu

Кыргызстан-АКШ

АКШнын Коргоо министрлиги Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жеке коргонуу каражаттарын тапшырды

БИШКЕК – Бүгүн, 26-августта Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Башкы кеңсесинде АКШнын Коргоо министрлигинин жана АКШнын Борбордук командачылыгынын атынан Кыргызстандагы АКШнын элчилиги жалпы суммасы 3750000 сомдук жеке коргонуу каражаттары (ЖКК) тапшырды. Бет каптар, желдетилген көз айнектер жана толук денени жапкан костюмдар сыяктуу ЖККлар өз милдеттерин аткарып жаткан ӨКМдүн кызматкерлерине COVID-19дан коргонууга жардам берет.

Каражаттарды тапшыруу аземине АКШ элчилигинин коргоо маселелер боюнча улук өкүлү подполковник Кейт Макки менен бирге Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Акматов Урматбек мырза жана башка кыргыз расмийлери катышты. Подполковник Макки бул ЖККлардын жеткирилиши Кыргыз Республикасына COVID-19га каршы жалпы беш миллион доллардан ашык жардамына кошумча болоорун белгилеп, мындай деди: “Биз келечекте Кыргыз Республикасындагы шериктерибиз менен биргеликте машыгып, чогуу иштешкенге умтулабыз”.

ӨКМ министрдин орун басары Калыс Ахматов АКШ тарабына жеке коргонуу каражаттарды бергени үчүн ыраазычылыгын билдирип, мындай деди: “Буга чейин министрлик менен АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин кызматташтыгынын алкагында табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу жана кыргыз куткаруучуларынын кесиптүүлүгүн жогорулатуу жаатында бир катар олуттуу жетишкендиктер болгон. Жарандык коргонуу системасы өнүккөн чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы куткаруучуларыбыздын кесиптик ишмердүүлүгүнүн жогорулатуу, жалпы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин потенциалын жогорулатуу үчүн биз үчүн ар дайым кызыктуу. Ошол себептен, биз эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө абдан кызыкдарбыз”.  

АКШ менен Кыргызстандын коопсуздук тармактагы кызматташтыгы 30 жылдан бери уланып, табигый кырсыктарга даярдык көрүү, трансулуттук коркунучтарга каршы туруу жана башка ар түрлүү маселелерди чечкенге багытталат. 

Элчи Бактыбек Аманбаев кыргыз мектептеринде англис тилин терең окутуу маселесин талкуулады

2021-жылдын 4-августунда Кыргыз Республикасынын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бактыбек Аманбаев АКШнын Тынчтык корпусунун директорунун милдетин аткаруучу Кэрол Спан менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык, тактап айтканда, Тынчтык корпусунун Кыргызстандагы ишмердүүлүгү боюнча ар тараптуу пикир алмашуу болду.

Б.Аманбаев Тынчтык корпусунун 30 жылга жакын убакыттан бери Кыргызстанда мектеп окуучуларын, мугалимдерди англис тилине окутууга багытталган ишмердүүлүгүн жогору баалап, алардын ишмердүүлүгүн мындан ары жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштарын ортого салды.

К.Спан айым өз сөзүндө COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда Тынчтык корпусунун ыктыярчыларынын ишмердүүлүгү токтоп калгандыгына карабастан, алардын айрымдары виртуалдуу форматта иштеп жаткандыгын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тыгыз жумушчу байланыштарды улантуу тууралуу макулдашышты.

Садыр Жапаров Министрлер Кабинетине АКШнын “Жалпы артыкчылыктар тутуму” (General System of Preferences”) программасы аркылуу топоз этин, тоо балын, чычырканак суусундугун, жаңгактарды экспорттону тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Мариповго Кыргызстан менен АКШнын эки тараптуу карым-катнашын чыңдоо жана ошондой эле кыргызстандык ишкерлерге мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүү максатында АКШнын “Жалпы артыкчылыктар тутуму” (General System of Preferences”) программасын колдонууну тапшырды.

Аталган программанын (“Жалпы артыкчылыктар тутуму”) алкагында өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жалпысы 5000ге чейин ар кандай товарларды эч кандай бажы төлөмү жок АКШга экспорттоого уруксат берилген. Бул программа Кыргызстанда өндүрүлгөн сейрек кездешүүчү сапаттуу айыл-чарба товарларын (кыргыз тоо балы, чычырканак кошулмалуу суусундук, кара өрүк, жер жаңгак жана топоз өңдүү башка жандыктардын эттери, форель ж.б.) АКШга экспорттого мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Азыркы учурда кыргыз ишкерлеринин АКШнын аталган программасын толук колдонуусу үчүн мамлекеттик деңгээлде бардык шарттарды түзүп берүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен иш башталды.

АКШ Кыргызстанда COVID-19га каршы күрөшүү үчүн 1 млн долларлык медициналык жабдууларды берди

Бишкек, Кыргызстан – АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Бишкек, Чүй жана Ош облустарындагы беш ооруканага жана үч үй-бүлөлүк медицина борборуна медициналык жабдууларды тапшырды. Кычкылтек концентраторлору, мобилдик рентген аппараттары, тоңдургучтар жана башка жабдуулар орнотулуп, негизги “кызыл зоналардагы” COVID-19 бейтаптарын диагностикалоо жана дарылоо үчүн колдонулуп жатат. Жабдуунун жалпы баасы болжол менен 1,1 миллион АКШ долларын түздү.

Жалпысынан Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы, ССМ Улуттук госпиталы, №1 Бишкек шаардык ооруканасы, Чүй облустук ооруканасы, Ош шаардык клиникалык ооруканасы, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти жана үч үй-бүлөлүк медицина борбору дээрлик 500 даана жабдуу жана коштоочу шаймандарды алышты. Алардын арасында ларингоскоптор, мобилдик санарип рентген аппараттары, өтө төмөн температурадагы тоңдургучтар, жогорку көлөмдөгү кычкылтек концентраторлор, автоклавдар, центрифугалар жана башка маанилүү жабдуулар бар.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин милдедит аткаруучусу Токтобай Маанаевдин айтымында, айрым жабдуулар, медициналык кызматкерлерге жана бейтаптарга биринчи жолу жеткиликтүү болуп жатат. “Биринчи жолу мобилдик рентген сатылып алынып, орнотулду. Ал оорулууну жылдырбай, палатасынан эле өпкөсүн рентген аркылуу текшерүүгө өбөлгө түздү”, – деди Токтобай Маанаев.

Бул жабдууларды орнотуу үчүн сегиз медуюм Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана ооруканалар менен кеңешүү аркылуу, бейтаптардын максималдуу санына жардам көрсөтүү максатында тандалып алынган.

Расмий тапшыруу аземинде USAIDдин Кыргыз Республикасында башчысынын милдетин аткаруучу Кит Симмонс Улуттук госпиталдын дарыгерлерине жана кызматкерлерине талыкпас мээнети үчүн ыраазычылык билдирди. “Биз сизди колдоп, ушул шаймандарды бергенибизге кубанычтабыз, бирок алар сиздин чеберчилигиңиз жана берилгендигиңиз менен гана иштейт”,- деди Кит Симмонс.

2020-жылдын март айында Кыргыз Республикасында COVID-19 пандемиясы башталгандан бери, USAID 4 млн доллардан ашуун колдоо көрсөттү. Бул акча жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лобораторияларды жаңыртууга, ден-соолукка байланыштуу маалыматтык тутумдарды өркүндөтүүгө жана 4 миңден ашуун медициналык адистерди окутууга жумшалды. USAID ошондой эле COVID-19 жөнүндө мифтерди жана жалган маалыматтарды жоккө чыгаруу үчүн маалымат кампанияларын да колдоду.

АКШ элчилиги Кыргызстандын чек ара коопсуздугун бекемдөө үчүн жабдууларды жеткирип берди

8-июль, 2021-жыл – БИШКЕК – Бүгүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматында (МЧК) өткөн салтанат учурунда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги АКШнын Энергетика министрлигинин Улуттук ядролук коопсуздук, өзөктүк контрабанданы табуу жана токтотуу боюнча администрациясынын (NSDD) атынан, жалпы акчалай наркы 170,000 доллардан ашкан радиацияны аныктоочу жана идентификациялоочу кол жабдыктарын тапшырды. Бул жабдыктар чек ара кызматкерлерине өлкөнүн чек араларында радиоактивдүү материалдардын мыйзамсыз айлануусун оңойлук менен аныктоого жана токтотууга мүмкүндүк берет.

Салтанаттуу иш-чарага АКШнын элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Брайан Стиммлер МЧКнын төрагасынын орун басары полковник Даниар Сатимов, Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Руслан Бокоев жана башка кыргыз мамлекеттик кызматкерлер катышты. Убактылуу ишенимдүү өкүл Стиммлер бул кадам эки мамлекеттин өзөктүк коопсуздук жаатындагы кызматташтыгындагы жаңы баскыч экендигин белгилеп: “Коопсуз чек аралар коопсуз дүйнөнү сактайт, жана Америка Кошмо Штаттары кыргыз чек араларын, бардыгыбызга таасирин тийгизген адам сатуу, өзөктүк материалдардын контрабандасы, глобалдык пандемия жана эл аралык терроризм сыяктуу глобалдык коркунучтардан сактап калуу үчүн Кыргыз Республикасын колдоого милдеттенет,” – деди.

АКШ менен Кыргызстандын өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча кызматташтыгы он жылдан ашуун убакыттан бери созулуп келе жатат. Бишкекте 2008-жылы август айында АКШнын Энергетика министрлигинин Улуттук ядролук коопсуздук, өзөктүк контрабанданы табуу жана токтотуу боюнча администрациясынын (NSDD) жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын ортосунда 2015-жылы аяктаган 16 чек ара бекетинде радиацияны аныктоочу тутумдарды орнотуу боюнча кызматташтыкты орноткон өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Меню